Ыр берметтери

Калича Жакыпова

ӨКҮТ

Сиз бар жерге баралбай, каччу болдум,
Сиз жүрбөгөн көчөдөн басчу болдум.
Сырдаша албай, чечилип мурункудай,
Сырларымды ырыма жазчу болдум.

Көргөнүмдө, көз жашым тамбасын дейм,
Көп элести көңүлгө салбасын дейм.
Ордун таппай, сиз дагы, шайыр кыздын,
Оор үшкүрүп, муңайып, албасын дейм

Өзгөрүүмдү туйсаңыз, туйгандырсыз,
Өзүнчө бир башка ой, кургандырсыз.
Аңдабаган болсонуз арга барбы?
Азап чегип жашаарын, курган бир кыз.

Келсе дагы сүйлөшкүм, мурункудай,
Кейитемин, өзүмдү куру кыйнай.
Кайра-кайра азгырат, сүйкүм элес,
Калгандыктан, жадымда унутулбай.

Сиз бар жерге барчу элем, дилгирленип,
Сансыз күндөр өтүптүр, бир билгеним.
Сүйөөрүмдү жашырдым, жүрөк даабай,
Сезимимди айтпадым, билдирбедим.
Сүйсөм дагы эзилип, жан дүйнөмдө,
Сезимиди эх бирок, билдирбедим…

 

Зайырбек Ажыматов

***

Жолуң кокус чатышса,
Жашоо сага ашыкча…
Күн көрүнүп чыгыштан,
Батат кайра батышка.

Кагып тагдыр суулуктан,
Кайран көңүл уулуккан.
Бугу мүйүз жолдордо,
Булут менмин буулуккан.

Сан жыл өмүр базарын,
Сенсиз куру жашадым.
Алкымыңдан жыттабай,
Арып бара жатамын.

Жайдын эзип аптабы,
Жаз – көз жашты кактады…
Күздө ташып сагыныч,
Кышта жүрөк какшады.

Көңүл муздап ашыккан,
Көөдөй ойлор басынткан.
Мууну бош бир жан болдум,
Муңдуу обон жашыткан.

Жолуң кокус чатышса,
Жашоо сага ашыкча…
Күн көрүнүп чыгыштан,
Батат кайра батышка…
21. 07. 2014

 

Мелис Маматжанов

СҮЙҮҮ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮ

Келчи сүйүү, сүйлөшөлү кол сунчу,
Кесем бопбош кебиң менен толтурчу.
Сыртыңдагы чечип салып сырынды,
Сезим эмес адам болуп олтурчу.

Аягың жок, илеп эмес үтүр дейм,
Айт сөзүңдү маегимди бүтүрбөйм.
Бирде уяң, бирде таш боор немесин,
Физиксиңби, тилчисиңби түшүнбөйм…

Жашайт канча жандар бизде кеч гүлдөп,
Жүрөктөрдө жамгыр эмес өткүн көп.
Эгер сүйсө сүйүү мендей бирөөнү,
Сүйүү болуп калганына өкүнмөк!!!

Көтөралбай сөздү жашың актыбы,
Кетип калдын кошо алып бактымы.
Билем, билем сүйүү жалгыз эмессин,
Бир тууганың: жакшы көрүү, жактыруу…

Басылсам да муң-азаптын жүгүнө,
Башкалардан башкачамын бүгүн, ээ.
Менде калган элесинен күч топтоп,
Мен сүйүүнүн жетем бир күн түбүнө!!!

Колун шилтеп кетип калган карабай,
Мен сүйүүнүн жетем бир күн түбүнө!!!

 

Жыпар Исабаева

***

Сени эстесем…
билбеймин эмне себеп,
Селт этет да,
сезимдер сергектенет.
Себеленип
дүйнөм эх, ырга айланып,
Калемсаптын
учунда берметтенет…

Сени эстесем
серпилип аламын да,
Сезимге мас,
эх ошол абалымда,
сен тарапка
кылчактап карап коюп,
жетеленип
мезгилге барамын да…

Жаңы чыккан “Бир үзүм от” китебинен. Китепти сатып алгысы келгендер 0555 664393, 0779 482429 номерлерине кайрылсаңыздар болот.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.