Чындык үчүн кылыч болуп чабылган, / Чарт үзүлүп жерге түштү чагылган…

jigitov_s

Өз заманынан ат чабым алга кеткен ак жүрөк инсандар турмушта чанда кездешет шекилдүү. Айрыкча улуттун кызыкчылыгын жеке керт баштын кызыкчылыгынан өйдө коюп, калкынын тамчыдай төгүлгөн ары менен камчыдай өрүлгөн намысын, бир күндүк азабы менен бир кылымдык тозогун, күн чыккандан кийинки турмушу менен күн баткандан кийинки тагдырын жан дүйнөсү аркылуу сезип, караӊгыда көз табалбай карайлап турган көрпенделерге ар убак шам-чырак болуп берчү асыл адамдар жүз жылда бир жаралат тура. Тилекке каршы, кызыр даарыган андай акылы тунук кишилер көбүнесе тирүү кезинде бааланбай, көзү өткөн соӊ «эсил кайран» деп эскерилип жүргөнүн эч ким танбас. Атүгүл, андай көкүрөгү жарык көсөмдөрдүн ачуу чындыктан тайсалдабай, туӊгуюк туманда калгандарды көзгө сайып, акыйкаттан алыстагандарды безге сайып ойготуп тургандыгы үчүн көпчүлүк учурда ыраазычылык сөз уккандын ордуна, тескерисинче, айрым «көзү кежигесинде жайгашкан» кемпайлардын насыя ур-токмогу менен кээ бир туура жолго түшкүсү келбеген түркөйлөрдүн төө бастысына туш болгондугун карт тарых далилдеп келатпайбы… «Колдо бар алтындын баркы жок» деген кыргыз макалы ошон үчүн айтылып калса керек. Менимче, азыр биз эски адатыбыз боюнча, көзү барда баалай албай, о дүйнө салган соӊ «эсил кайран» деп эскерип олтурган «сары алтыныбыз» жогорудагы макалга эӊ сонун далил болчудай …

«Кыргыз эли, кыргыз коомчулугу дагы бир ирет чындык менен таланттын, акыл менен сулуулуктун сөзүн укпай калды. Анткени, кыргыз журтчулугу акыл жылдызындай өзгөчө таланттуу адамы, кайталангыс илимпозу Салижан Жигитовдон айрылды» ( С. Эралиев). Албетте, мындай болорун ким билиптир. Анткени, адал эмгеги, кара кылды как жарган калыстыгы, чындык үчүн кылыч болуп чабылган курч акылы менен калыӊ элдин катмарына сиӊген кадыр-барктуу инсандарды эч качан өлүмгө ыраа көрбөйт эмессиӊби: «Салижанды мен өлүм деген түшүнүккө эч ыраа көрбөй шаабайым сууп отурам. Ишенгим келбейт. Ал айтылуу тамашасын баштап: «Өпкөмдү силерге чаап жүрүп, жарадар кылып алыпмын. Чындыкты айтсам чычаладыӊар, акыл айтсам аӊдабадыӊар…Чарчадым…Саал эс алып алайынчы…» дегенсип, убактылуу уйкуга кирип, бир маалда, өзү айтмакчы, «менсиз өтө көӊүлсүз болуп кеттиӊер го» деп «жарк» этип кайра келчүдөй сезилет» (И. Абдуразаков). Бирок канткен менен, өлүм деген өлүм! Ал эч кимди аябайт. Каардуулугу менен дүйнөнү титиреткен падышаларыӊды да, өӊ-келбети менен көргөндөрдү суктандырган сулууларыӊды да, алмадай баштын ичиндеги акылы менен ааламды башкарган акылмандарыӊды да, жолборстой күркүрөгөн эр жүрөк баатырларыӊды да чөк түшүрчү нерсе – бул өлүм, азуусу курч ажал тура:

«Айрылып канчасынан жарык күндө,
айрылып канчасынан көгүш түндө,
айныбай бир чындыкка жетти көзүм;
өлбөгөн эч нерсе жок жер үстүндө».
(С. Жигитов)

Мусулман калктарында момундай бир жөрөлгө бар: маркумду жайга коюп жаткан кезде имам топурак салганы келген адамдарга кайрылып: «Бул кандай инсан эле?» – деп сурайт. Анда айланада тургандар бир ооздон «жакшы киши эле» деп жооп кайтарышат…

«Салижан агай биздин коомдон алдыга озуп кеткен адам эле. Кыргыз интеллигенттери а кишинин деӊгээлине жетип, агай сыяктуу ойлонгонду үйрөнгөнчө көп жылдар талап кылынат. Ошон үчүн агайга суктангандар көп болгон. Ошол себептен агайды жаман көргөндөр да аз эмес болчу» ( И. Жумабаев). Анткени, «Күлкү, какшык, тамаша сөз керт башындагы, өӊгөлөрдүн башындагы жанга жагымсыз жосундарга, кемчиликтерге каршы кармаган Салижандын куралы болчу. Ошо куралы менен кыргызды оӊдогусу келчү. Кээде аша чаап да кетчү…Ал мүнөзүн түшүнгөндөр болду, түшүнбөгөндөр да болду. Эми көзү өткөндөн кийин, мүмкүн, түшүнүшөр?..» (Б. Жакиев).

Ким билет, балким, Салижан агай өзү тамашалагандай, «кыргызга орусча айтпасаӊ» чындап эле түшүнбөстүр. Анан калса, чындык сөзгө чычалабай, ага туруштук берчү кыргыз сейрек кездешет окшойт. «Сакем чала жасалган сапатсыз ишке жийиркенип, калп сөздөргө кыжыры келчү. Чындык менен жашабаган элде кут болбойт деген ишеними күч болгондуктан, чындыкты бетке айтып жүрүп көп адамга жакпай да жүрдү» (И. Абдуразаков). Анан калса, Салижан агай тек гана кыргыздарды, кыргыз калемгерлерин сындабастан, өзүнүн жеке чыгармачылыгы менен өзүн да катыра сындачу. «Атам өзүн да сындай билчү. 30-40 жыл мурун жараткан ырларын да оӊдоп олтурчу. Атам кыргыздарды оӊолсун, алдыга жылсын деген мааниде сындачу. Бирок, муну жакын адамдары гана түшүнбөсө, көпчүлүгү кабыл алалган жок» (Салима Жигитова).

Бирок канткен менен, Салижан Жигитов деген атактуу ысымдын чордонунда алмаз таштай жаркыраган табылгыс кенч жаткандыгын кыргыз коомчулугу жакшы билет. «Ооба…Ал бирөөнө элчи, бирөөнө агай, бирөөнө адабиятчы, бирөөнө сынчы, да бирине акын, котормочу, канча бирлерине каткырыгы таш жарган айтым тамашачы, кандос, жароокер жар, адабият менен эгерим бир иши жок… жаш адамдарга, тек, «Тамашалуу баянына» ак эткенден так эттирип суусаткан «ит икаячы» эле» (Ч. Өмүралиев).

Чындыгында, төрт тарабы төп келген көп кырдуу таланттар жер үстүндө, булбулдардын тукуму сыяктуу, өтө сейрек учурайт. Андай кайталангыс таланттар өз улутунун бактысы үчүн жаралат. Алар өз улутунун ийгиликтери менен кемчиликтерин болгонун болгондой даана чагылдырып турган күзгү сымал. «С. Жигитов ырды да, макаланы да, аӊгеме, повесттерин да кемелине келтирип, кыйналып, кысталбай эркин жазчу. Ал чечен, мыкты оозеки аӊгемечи болгон. Кээде али жаза элек чыгармаларын, аӊгемесиби же повести болобу, окуясын төкпөй-чачпай, өзү да каткырып, башкалардын да боору катканча күлдүрүп толук айтар эле» (К. Жусупов).

Зирек окурман үчүн канча кылымдык акыл ээлеринин торко элегинен өткөн кыргыздын «курама темир курч болот» деген макалы Салижан Жигитовдун бейнесин сүрөттөп берчү эӊ сонун курал болчудай. Башкача айтканда, «Ал кыргыз элине, баарынан мурда, ар тараптуу таланттын ээси – ыймандай сырын ачкан накта акын, күлкү менен ыйды жуурулуштурган кара сөзчү, түп нускаларына төп келтирген котормочу, талдоолорунун тактыгы жана тереӊдиги менен тамшандырган сынчы жана адабиятчы эле. Бул аз келгенсип, Салижан агай маданият, кино, театр, атүгүл, музыка өнөрү тууралуу да жазып калчу» (А. Эркебаев). Айрыкча жамаат ичинде турганда тегерегиндегилердин бардыгын өзүнө магниттей тартып алып, куудулдук жана артисттик өнөрү менен боорду ботко кылчу Салижан агайдын журналисттерден да колу бошочу эмес. «Салижан Жигитов журналисттер менен маек уюштуруунун да устаты эле, мейли көгүлтүр экранда болсун, мейли гезит бетинде болсун, ал жөн гана бир интервью, сукбаттары менен элди арбап алчу жана ошол чыгуулары менен басылмалардын нускаларын көбөйтүп турчу» (А. Муратов).

Аргасыздан собол туулат, жогорудагы аттуу-баштуу адамдардын купулуна толорлук касиет, сапаттарга ээ болуп, адал эмгеги менен элге жаккан Салижан Жигитов кандайча чыгып калды?

Балким, Сакем өзү айтмакчы, болочоктогу залкар инсан белгилүү себептерден улам төрөлбөй да калышы мүмкүн эле:

«Бир туруп мамындай бир ойго батам:
«билимге» жетсе кокус кайран апам,
ким билет, мен шордууну өз боюнан
Алдырып салат беле алда качан?»

Бирок, жараткандын буйругу менен, кыргыз калкынын, кыргыз адабиятынын бактысы үчүн «сакадай бою сары алтын, сүйлөгөн сөзү баары алтын» Салижан Жигитов деген талант дүйнөгө келиптир. «Салижан агай пендечилигинде эч кимден айырмаланбады. Балалыгы согуш аяктагандан кийинки өлкөнүн кыйраган чарбасын калыбына келтирүү аракети менен жашаган советтик доорго туура келди. Ошол идеяны жетекчилигине алып чоӊойду. Советтик жаттама окуудан билим алса да, өз замандаштарына караганда айырмаланып турду. Ушул көз караш анда кайсы мезгилден башталгандыгы азыр… табышмак бойдон турат» ( Б. Акматов).

Чындыгында, куру кыял, жалган иллюзиядан кутулуп, өз алдынча ойлонууга жетишүү ар бир эле инсандын колунан келе берчү оӊой-олтоӊ иш эмес. Мындай шыбагага эмнегедир Салижан агай кез келиптир:

«Кол жууп кур кыялдын көйнөгүнөн,
тартайган жыпжылаӊач дүйнөнү мен
так ошол турушунча кабыл алып,
жашаймын жалтайлабай сүлдөрүнөн»!
(С. Жигитов)

Салижан агайдын бул жөнүндө дагы бир минтип айтканы бар: «Менин өз алдымча ойлонуп калганым – тарыхты, аны-муну сын көз менен караганым. Өкмөттүн, чоӊдордун айткандарына ишенбей, гезиттердин жазгандары менен радионун айткандары башка, жүрүп жаткан турмуш башка экенин көп кыргыздарга караганда эрте ажыраттым. Чынын айтсам, орусча китептерди окуй баштагандан көзүм ачылды».

Ырас, Жигитовдун замандаш, каламдаш жана жакын санаалаштарынын айтымында, болочоктогу сынчынын жаш кезинен баштап эле окубаган китеби калбаптыр. Салижан агайдын жубайы Кимия Токтосунова бул жөнүндө көп эскерчү: «Кичинесинен эле китепти көп окуптур. Өзүнүн айтуусу боюнча, 5-класста эле Көлдүк айылынын китепканасындагы китептин баарын окуп койгон. «Көлдүк боюнча вундеркинд болуп чыкпадымбы» деп күлүп калчу».

Көрсө, дүйнөнү өзгөлөрдөн өзгөчө кабыл алып, башкалар байкабаган жалган элес, жалган көрүнүштөр көмүскөдө жашырып турган дырдай жылаӊач чындыкты дал өзүндөй көрүү кызылдай мээнеттин аркасы менен жүзөгө ашат экен. Андан сырткары, атанын каны, эненин сүтү менен келчү табийгый талант, акыл-эс, жөндөм да керек:

«Табиятка акым жок таарынгыдай:
Талант, зээн, мээримдин баарын кудай
Ушу мага бүкүлү берген экен
Упуратпай майдалап таарындыдай».
(С.Жигитов)

Табиятынан турмушка сын көз менен карап, өз алдынча ойлонуу бактысына туш болгон Салижан Жигитов кудай тартуулаган бүкүлү талант-жөндөмүн өз учурунда байкап, ал талант-шыкты билим менен айкалыштырганда гана өзү эӊсеген бийиктиктерди багындырарына эртелеп көзү жеткен. «Табийгат да айрым адамга өзгөчө мээримин төгүп берешендик кылат турбайбы. Сакеме ал тунук акыл-парасат, устарадай курч талант берген экен…» (И. Абдуразаков).

Сыртынан караган адамга жөнөкөй жана жупуну көрүнгөнү менен, өзөгүндө чындыктын чырагы жанып турган Салижан агай ар бир сөзүндө, ой жүгүртүүсүндө жаӊылык ачып сүйлөчү: «С. Жигитов дээринен сезимтал, зирек өскөн, өзүн-өзү чыйрак тарбиялаган, өмүрүн куру кыялга жетектетпеген, тилек-максаттарын алыска мелжеген, чаалыкпас эмгекчил, акылгөй жана жашоого кайраткер жан болгон. Адам катары ал коркоктуктан, азгырыктардан эрте кутулган. Ал турган турпаты менен пенделик бийик деӊгээлге, өзүнүн кара эмгегине таянып, рухий шатынын ар баскычын өжөрлөнүп, улам өйдө чыгып олтуруп, акыры туу чокусуна жетти» (К. Жусупов). Бирок, улам өрдөн­-өрдү ашып, чыгармачылыктын бийик секисине чыккан сайын, жөнөкөйлүгүнөн жазбаган Салижан Жигитов дээр байлап, манчыркап кетпеди. Өзүнө да, өзгөлөргө да сын көз менен карап, өмүрүнүн аягына дейре атак-даӊк, байлык, бийликке умтулган жок: «Атам Акаевге кеӊешчи болуп жүргөндө «Ата, бизге жерди менчиктештирип бер, ак үйдө иштеп жатасыӊ го», – десек, «Жок, жер түгөнүп калыптыр», – дей берчү. Учурунда ичип-жеп калайын дегенди билчү эмес. Кызматтын артынан чуркачу эмес» (Салима Жигитова). Ал тургай, Салижан агай башкаларчылап илимдин сересине эртелеп ашыкпастан, өзүнүн талант-дарамети бышып жетилип, илимий-практикалык камылгасы көкүрөк тээп, көөдөн чапчыган кезде гана кандидаттык, докторлук даражаларды багындырганга далалат жасады. «Ырас, убактысынан кечигип, сары тиш болгонуӊузда доктор болдуӊуз. Убакытка салып өлчөп көрүп биз, жаштар, ошол мезгилде айрымдарга салыштырмалуу сиздин билимиӊизди төмөн сыяктуу элестетип, ал эми ошол мезгилде доктор аталган айрымдарды билими ашып-ташыгандай таасирленип жүрдүк. Кимдин орду кайда экендигин мезгил көрсөттү. Кимдин илимий көз карашы акыйкатка жакын экендигин да мезгил аныктап берди» (Б. Акматов). Анткени, чыныгы илимпоз эч качан өкмөт тарабынан берилчү жасалма наам-даражага сук артып, көз кызартпайт. Мезгил сынына туруштук бералбаган ошол утурумдук даража-наам, көз байлачу сый-ургаалга алданбайт. Андайларга сыйлык, наамды, даража, чинди эӊ адилет мезгил сыны менен кара кылды как жарган калыӊ эл ыйгарат: «Сакем өкмөттүк бийик наам алган жок. Илимий иштеринин сапаты жогору, мааниси тереӊ болсо да, академияга мүчө кылышпады. Азыр ойлосом, бир жагынан туура кылышкан экен: татыксыз топтун бири болгуча, кашкайып өзүнчө турганы дурустур. Сакем өзүнчө турганы менен бийик! Бирок, аны эл өзү баалап алды. Тирүү кезинде легендага айланып, «Салижан Жигитов айткандай»…деген тамаша, учкул сөздөр тарап кетти» (И. Абдуразаков).

Өкмөттүк бийик наам алмак тургай, чындыкты айткандыгы үчүн, саясий идеологиянын рамкасына сыйбаган өзүнө гана таандык көз карашка чыланган илимий эмгектерин жазгандыгы үчүн Салижан агай кезегинде Кеӊеш өкмөтүнүн «келтегин» жегенге үлгүрдү. Жарык дүйнөгө келери менен Совет өкмөтүнүн “сары майын оозанып”, саясий барабанчыга айланган айрым кыргыз жазмакерлери жөнүндө эскерип келип, Салижан агай өзү жөнүндө да кээде минтип айтчу: «Сексенинчи жылдардын баш ченинде бир илимий эмгек жазсам, «кайдагы националист, улутчулдарды даӊазалап жатасыӊ» дешип, мени аябай «согушкан». Бирок, мен аларга моюн бербей, көгөрүп жаза бердим. Негизи кыргыздар өзү коркок эл да, адилет күрөшкөндөрү абдан сейрек, аларды бир эле согуп койсо, шаабайы сууп олтуруп калат».

Бирок, көркөм чыгармалар менен илимий эмгектерди эстетикалык маани-маӊызына эмес, саясий идеологиянын чен­-өлчөм, сенек калыбына салып баалаган кээ бир окумуштуу сөрөйлөрдүн ур-токмогуна кабылган Салижан Жигитов эч убакта аларга тизе бүгүп, моюн сунган жок. Тескерисинче, башын баталгага байлап коюп, атып салат деп коркпой, камап салат деп бүшүркөбөй, ошол кезде кооптуу деп эсептелген «кара сандыктагы» эч ким батынып баралбаган кыргыз адабиятынын карлыгачтары К. Тыныстанов менен С. Карачевдердин бейнесин эӊ сонун ачып бербедиби.

Бир сөз менен айтканда, Салижан агай: акындарга өзүнүн ийгиликтүү чыккан жаркын ырлары; жазуучуларга бүйүр кызыткан кызыктуу аӊгемелери; котормочуларга түп нускасынан ашыра которгон өрнөктүү котормолору; илимпоздорго кемелине келтире иштеген илимий эмгектери; ал эми сынчыларга сабаттуу жазылган макала, көркөм тексттери менен үлгү көрсөтө алды. Демек, өз учурунда адамдык парзын татыктуу аткарып кеткен устатым САЛИЖАН ЖИГИТОВДУН жогоруда санап өткөн «асыл мурастары» менен кыргыз кыйырын «жөө тумандай» каптаган аския кеп, учкул сөздөрү анын экинчи өмүрү катары түбөлүккө жашай берет.

Алтынбек Исмаилов,
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин
түркология факультетинин магистранты,
“Шоокум” журналы

Соц тармактар:

One thought on “Чындык үчүн кылыч болуп чабылган, / Чарт үзүлүп жерге түштү чагылган…

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.