Кыргыз кино өнөрүнүн жаңы доору, жаңы ооматы

kyrkino

1-макала

СССР ыдырап, завод-фабрикаларыбыздын станоктору шак токтогон сыяктуу эле рухий жааттагы кризистик абалдан чыгуунун жолунда кыргыз кино өнөрүнөн башка чыгармачыл тармактар өмгөктөп келди. Азыр деле өмгөктөп жатат. Албетте, кино өнөрүнө деле өкмөттөн чеке жылытаарлык колдоолор болуп келген жок, бирок адабият, театр жаатындагыларга салыштырмалуу жетим өз киндигин кескендей болуп үркөр топ киночуларыбыз кол куушуруп отуруп калбады. Алар кандайдыр бир жолун таап, каражат издөө менен жараткан көркөм тасмалары эларалык кинофестивалдардагы ийгиликтери менен «кыргыз керемети» атанган көчтү улап келет. Арийне кандай көркөм табылга, көркөм шөкөттөр менен эларалык абыройлуу кино фестивалдарда ийгиликтерге жетишип келишти, – бул туурасында ооз ачкан кино адистерибиз болгон жок. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарында жаңылык деңгээлинен ашпаган гана кептер уланып келет. Андан ашса, артисттер же режиссерлор тарткан түйшүктөр туурасында гана маек, макалалар жарыяланганы болбосо, бизде искусство тармагы боюнча «бөдөнөнү сойчу» касапчылар дегеле жок экен. Жок үчүн бүгүн кино «сынчылар» массалык түрдө жайнап кетти. Ошол сынчыларыбыздын коргогону эле бүгүн улуттук намыс. Эмнеге мынча улут үчүн намыскөйбүз? Эмнеге биз муштаган жер силкинип кетпейт?

Айрыкча Актан Арым Кубаттын соңку фильмдеринин бири «Свет акедеги» «элибизди шылдыңдаган», «маскаралаган» делген төө чечмей «улуттук намысыбызды» негедир катуу козгоду. Кээси белгилүү кинорежиссерубуз Батыштын акчасына кино тартып кыргызды түздөн-түз шылдыңдоодо деген эмоцияга алдыргандан мурда: аталган фильмге тереңден үңүлгөн болсо, автор ал жерде эмнени айткысы келгенин аңдоого анчалык деле терең акылдын кереги жок. Тескерисинче, режиссер бу жерде улуттук намысты бийлик өкүлдөрү тебелеп, аны карапайым элдин өкүлү Свет аке коргогон үчүн өзү акыры кордук көрөт. Фильмде улуттук каада-салттын деталы аркылуу кыргыз коомундагы саясый элитанын жүзү көрсөтүлгөн тасмадагы чындык – бул бүгүнкү реалдуулук. Төө чечмейде кытай инвесторлоруна салынып берилген кыргыз кызын мен метафора ыкмасындагы Жер Эне деп түшүндүм. Үзөңгү-Куушту эстечи, кыргыз! Же болбосо бүгүн тоо-таштарыбыздын арасындагы кен байлыктарга жортуулдап жүрбөгөн четөлкөлүктөр жокпу?! Же бүгүн кыздарыбызды эле эмес, жерибиздин кен байлыктарын жеңичинен соодалаган саясатчы-бизнесмендерибиз жокпу?!

Бул жерде болгону публицистиканын курч тили менен да дадил жеткире албас ойду режиссер кино искусствосунун тили аркылуу берип отурат. Башка кеп: эгерде төө чечмейди кытай бизнесмендерине шоу катары тартуулаган картинада Свет аке мансап үчүн баарына даяр каармандар менен кошо көңүл ачып отурса. Жок, антпейт. Протест көрсөтүп, ал кайра «силер эмне кылып атасыңар» деп эротикалык сценаны кытай бизнесмендерине тартуулаган аткаминер эрендерибиздин жосунуна каршылык көрсөткөнү чагылдырылган. Ушул сюжеттеги окуяга келсек, көчөнүн бир башын чаңызгытып эшектер оонап жатса, көчөнүн бир башын чаңызгытып айыл өкмөтүнүн жетекчиси «Нива» менен келип Свет акени кытай инвесторлоруна апарат. Окуянын түйүнү эми ушул жерде. Татынакай бозүй ичи. Анда шарактаган аткаминерлер төрдөгү меймандарга кошомат кылып жүргөнүн көргөн Свет аке босогодо башын жерге салып отурат. Ыгайсыз абалда кайсалактайт. Бир убакта төө чечмей оюну көрсөтүлмөй болгондо Свет аке безге сайгандай ордунан секирип туруп, тигил эрендер көрсөтөр шоуну бузуп таштаганы үчүн ур-токмокко кабылат.

Ушул окуядан кийин режиссер эмне себептен караңгы түндөгү (эмне үчүн жарыкта эмес?) айгыр эшектин ургаачы эшекке секиргенин көрсөткүсү келди? Бул ошол жогорку эшелондогу чоңдорубуздун айбан сыяктуу каратүнөк иштерин чагылдыргандагысы болуп жүрбөсүн… Мүмкүн биз искусство арсеналдарынан түшүнүгүбүз жок калк үчүн баарын эле улуттук менталитетке такап, режиссердун адам менен айбан мүнөзүн окшоштуруу (антропоморфизм) ыкмасын кабыл алууга даяр эместирбиз… Бүгүнкү саясый элитабыздын бетпардасын айбандардын кумары аркылуу ассоциациялаштарып аткан жокпу?..

Дегеле фильмдин аталышы эмнеге «Свет аке» экенине келсек, тасманын башкы каарманы Свет аке – акыркы жыйырма жылдагы коомдогу көрүнүштөрдүн бирден-бир символу. Свет аке – Акаев+Бакиев доорундагы элдин электр жарыгы гана эмес, керек болсо бүтүндөй бир улуттун аң-сезиминдеги, көөдөнүндөгү жарык да өчүп калбасын үчүн далбастаган бир бечара! Колунан жаратмандык келет, бирок колдоочусу жок. Акыры аны колдой турган, түшүнө турган колунда бар бирөөсү чыгат, арийне анысы да шайлоо учурунда эптеп эл сүймөнчүлүгүнө айланыш үчүн эле далбастаган шылуун экени көрүнөт. Муруту майланышкан ал саясатчы жадагалса шайлоо учурунда бирөө өлүп калган жерден элге дасторкон жайып, элдин көңүлүн алгысы келгенин түшүнгөн Свет акенин кекиртегине сөөк же боорсок такалып калгандай кадрды режиссёр кокусунан тарткан деп ойлобойм. Режиссёрдун эрдиги – эл башындагылардын жосунун кинонун «дудук» тили менен жеткиргени… Фильмдин бул жерин миң сөз менен да туюнтуп бералгыс кадр аркылуу чечкен. Дал ушул картина аталган тасманын көркөмдүк коэффиценти жогору фильм экенинен кабар берет. Себеби дасторкон тегерегинде жайдары мүнөздө отургандарды бийликтин дүжүр чалдары деп да кабыл алууга болот. Алар сырттан келген шылуунга төр бошотуп, сыйлуу устакан саналган койдун башын тилип жээр аны көргөн Свет аке же чыгып кеталбай, же кирерге жер таппай ойдолоктоп турганы – көкүрөктө уяты ойгоо, намысы бар адамдын ишаратын туюндурат.

Свет акени бүгүнкүнүн символу дегенимдин даа бир себеби – ал өтө тартынчаак, мокок, жалтак мүнөздүү каарман, бирок колунан иш келген адам. Эгер Свет аке болбосо элдин баары жарыксыз калаарын баары жакшы билет. Арийне Свет аке мунусуна эч качан көкүрөк муштабаган, жулкунбаган жан. Чын-чынында бүгүн министр же депутат болгондун баары элдин ичи-койнуна заматта кирип чыгаар шылуундар. Алардын сөзү элге да өтүмдүү, алар элден эч бир тартынганды, уялганды билбейт. Ал эми билимдүүлөр Свет акеге окшоп өтүмсүз, тилдери кыска, чечкинсиз болгон үчүн бийлик, байлык данкеселердин колунда!

Аталган фильмдин көркөм эстетикалык өзгөчөлүктөрүнө гезиттин кийинки санында мындан да терең үңүлүп, сценарийдин авторлошу Талип Ибраимов менен Актан Арым Кубат кыргыз коомуна эмне айткылары келгенин чечмелөөгө аракет кылам. Азыр кептун тузу башкада… Тек гана биз бүгүн чындыктын тили менен сүйлөгөндү үйрөнбөгөн эл болдук ко. Мейли дейли, кинорежиссерлорубуз Батыштын акчасына нарктуу элибизди шылдыңдаткан фильмдерди жаратып атыптыр. Ал эми Кыргызстан өз эгемендигине ээ болгондон бери журт башыларыбыз кайдан гана акча алган жок, мамлекет жерпайын түптөө үчүн? Биз бүгүн чындыктын тили менен сүйлөгөндү гана эмес, кас-кас туруп келаткан саамалыктарды да тай-тайлаганга үйрөнбөдүк…

САНДАН САПАТКА ӨСҮШ

Учурда тартылып жаткан тасмалардын баарынын эле көркөмдүк деңгээли ойдогудай эместигин кино тармагы менен алышып жүргөндүн баары моюнга алганына көп жолу күбө болдум. Алардын кээси менен илгертен коюн-колтук аралашып жүргөн киши катары бүгүн кино өнөрүнүн күнгөй-тескейи туурасында кеп баштагым келди.

Туура, саны көп, сапаты жок фильмдер арбын тартылууда. Бул табигый процесс. Бирок ошол табигый процессти алдыга өнүктүрүүнүн механизмдери иштейби бизде? Иштей баштады. Айтсак, кино жаатында эмгектенген үркөрдөй топ сапатка көңүл буруу үчүн ушул жылдын башында «Ракурс» деген аталыштагы сынакты жарыялап, маалымат каражаттары аркылуу учурдагы кыргыз кино өнөрүнүн оош-кыйыштары туурасында сын макалалар жарык көрүп, жыйынтыгында татыктуу авторлор өз сыйлыктарын алышты. Бул бир. Андан маанилүүсү, мындан үч жыл мурда Артык Сүйүндүков, Актан Арым Кубат, Садык Шер-Нияз, Эрнис Абдыжапаров, Таалай Кулмендеев жана Нурлан Абдыкадыров баш болгон үркөр топ курамдагы режиссерлордун чечими менен Улуттук «Ак Илбирс» сыйлыгы; «Айтыш-фильм» киностудиясы уюштурган «Кыргызстан – кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү» аттуу эларалык фестивалдын алкагындагы иштер кино жаатын өстүрүүдөгү бирден-бир стимул. Келечегинде бул система кино өндүрүшүн кадыресе калыптандырат. Алиги «улут намысын» коргоп жер сабагандардын ач айкырык, кур сүрөөнүнө караганда, бул үч долбоор алгылыктуу иш экенин убакыт өткөн соң түшүнөрбүз. Себеби чыгармачылык атаандаштык менен сын болгон жерде гана изденүү башталат. Профессионал кино адистеринин сынынан өткөн татыктуу тасманын ээлери биринен-бири сабак алат.

Бул фестивалдар үч жылдан бери жылдын эң мыкты тасмасын гана аныктабастан, төмөндөгү номинациялар аркылуу: мыкты режиссер, мыкты сценарист, оператор, сүрөтчү, монтажер, үн оператор, композиторлорду аныктап, өнөр адамдарына эргүү берер саамалыкка айланып калды. Ушунун өзү жылдан жылга сандан сапатка өсүүгө алып барат.

Олжобай ШАКИР

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.