Тойлорго миллиарддаган акча чачкан Кыргызстан кедейби?

limuzin

Кыргызстанда ырым-жырымдарга, каада-салттарга жылына 2 млрд АКШ долларга жакын сарпталып, ашыкча чыгымга, ысырапкорчулукка жол берилет экен.

Күркүрөгөн күз келе жатат, жуманын ар бир күнүндө республиканын аймагындагы кафе-ресторандарда күндө майрам, күндө той. Анын үстүнө жакында Улуу рамазан айы болуп, ушул отуз күн аралыгында той-топурлардын саны да кичине кыскарып, баягы жык жыйма болгон кафе-ресторандар да бошоп, күздү күтүп калышкан эле.

Үйлөнүү үлпөтүнө миллиарддар кетет!

Орозо аяктаары менен эле тойлордун шааниси күч алды. Азыр борбордогу кээ бир атактуу кафе-ресторандар ноябрь-декабрга чейин алдын-ала брондолгон. “Аш көп болсо каада көп” болот дегендей Кыргызстан жакыр мамлекеттердин катарына кошулса да той берүү жагынан эч кимге ат салдырбайт. Атайын социологдордун иликтөөсү боюнча Кыргызстанда ырым-жырымдарга, каада-салттарга жылына 2 млрд АКШ доллары сарпталып, ашыкча чыгымга, ысырапкорчулукка жол берилет экен. Ал эми алты дубандын бирөөсүндө эле бир жылда үйлөнүү үлпөтүнө төрт млрд 195 млн 500 миң сом чыгымдалат экен. Бул көрсөткүч республикабыздын баардык аймактарында кездешет. Мисалы, өткөн жылы бир дубанда 3 811 нике тою болуп, ар бир тойду өткөрүү орточо эсеп менен 3 миң доллардан кеткенин эсептегенде эле 1 млрд 28 млн сомду түзгөн.

Үйлөнүү үлпөтүнөн тышкары ар кандай мааракелер, маркумдун жылдык ашын, сүннөт, үй, машине, тушоо кесүү ж. б. сыяктуу шаан-шөкөттөр бар. Атайын социалдык изилдөө адистери тойлорго болгон чыгым жылына 12 млрд сомду түзөөрүн көтөрүп чыгышкан. Бул каражаттын көпчүлүгү Орусиядан келет.

Коңшу Тажикстан менен Өзбекстанда ашыкча чыгымдарды ооздуктоо үчүн атайын чаралар көрүлүлүп катуу тыюу салынган. Мисалы, Тажикстанда той өткөрүү үчүн жергиликтүү өкмөт башчыларынын уруксааты керек. Ал жакта маараке өткөрмөй, иш учурунда тойлоп жүрүү деген акыркы кезде жоголуп калган. Шаан-шөкөт, той-тамашалар азайгандыктан карапайым элдин да жашоо-шарты оңоло баштаган экен. Албетте, колунда бар байлар өтө престиждүү, атагы чыккан ресторандарда той өткөрүшөт. Мындай ресторандардын тамак-ашы, кызмат көрсөтүүсү да өтө жогорку деңгээлде. Тойдүн түрлөрү көп, ошолордун ичинен үйлөнүү үлпөтүнө кетчү чыгымдарды эсептейли.

“Кыз узатуу” шаан-шөкөтү модада

“Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт” демекчи үйлөнүү үлпөтү акыркы кезде кыргыздын илгерки каада-салттары эмес, батыштан келген менталитеттерге таянып, өтө ашыкча чыгымды талап кылганы жашыруун деле болбой калды. Мурда келин алган тарап, ресторанда дүркүрөтө той берсе, эми кыз берген тарап да “кыз узатуу” аземи деген шаан-шөкөттү ойлоп табышты. Кыз тарап колунда каражаты азбы-көппү көпчүлүгү “кыз узатуу” аземин кафе-ресторандарда өткөрүү модага айланды.

Тойго келгендерди тойгузам десең…

Үйлөнүү үлпөтү өтө турган кафе-ресторандардын келчү коноктордун киши башына эсептелчү чыгымдары ар кандай. Эң кымбат ресторанда киши башына 200 доллардан төлөгөндөр бар. Жогорку кеңештин бир депутаты Бишкектин так ортосунда жайгашкан чоң ресторанга уулун үйлөнтүп арак-шарап, эти, боорсок, конфет, суусундуктан тышкары ресторандан биринчи,экинчи ысык тамагы жана закүскөлөрүнө эле 200 доллардан төлөгөнү уламыш болуп айтылып келет. Ошондо орто эсеп менен ар бир кишиге 250 доллардын тегерегин чапчыган. Бул сумманы сомго которсо ар бир кишиге 15 миң сомдун тегерегие чыгымдалган.

Албетте, мындай сумманы олигарх же капчыгы калыңдар эле төлөп, дүркүрөтө той бербесе, калктын негизги катмары жогорудагыдай өтө бай, же өтө эле жакыр эмес, орточо. Андыктан орточо байлыгы бар адамдардын үйлөнүү үлпөтүнө кетчү орточо чыгымды карайлы.

Кафе-ресторанга тойго келген ар бир адамга 1500-2200 сомго чейин төлөнөт. Анын ичинде суммасына жараша закүскө, биринчи, экинчи ысык тамагы болот. Андан тышкары суусундук, арак шарабы, бодо малдын эти, боорсок, конфет, жер-жемиштерди той өткөрчүлөр өздөрү алып келишет. Ошондо орто эсеп менен дасторконго кеткен чыгым ар бир келген адамга 2300-2500 сомго чыгат.

Той шаан-шөкөттүү, көңүлдүү болсун десең…

Албетте ырчы-тамадасыз да той өтмөк беле. Азыр а деп оозун ачкан тамада эң арзан алып бардым дегенде эле 150 доллардан кем албайт. Бул 150 долларлык тамадалардын тажрыйбасы жок, жаңы аралашкандар. Негизи тамадалар тажрыйбасына жараша 150-1000 долларга чейин бир тойду алып барышат. Албетте, арзандын тузу татыбайт дегендей, арзан тажрыйбасы жок тамадалар тойду башкара албай кыйналышат. Ошондуктан өтө кымбат же өтө арзан эмес, 300-700 долларлык тамаданы тандашат көпчүлүк. Мындай тамадалардын кээси өздөрүнүн музыкалык аппараты менен ырдагандыктан ага кошумча дагы 200 долларды сурашат.

Кафе-ресторан, дасторкон кооз болгонун кааласаң…

Андан тышкары той өтчү кафенин жасалгалары. Күйөө бала менен келиндин төрдөгү аттары жазылган шар. Ар бир столдун ортосуна коюлган вазадагы гүл, тепкичтерди, отургучтарды кооздочу жасалгаларды да атайын фирмалар колго алышкан. Алар сапатына жараша кызмат көрсөтүшөт. Мисалы, дасторконго коюлган вазадагы гүлдүн ар бири 250 сомдон кем эмес экен. Эгер ал гүл жасалма эмес, тирүү болсо андан да кымбат. Негизи, ушул жасалгалардын баары кафенин көлөмүнө жана келген элдин санына, коюлган столго жараша 3000-12000 сомго чейинки каражатты камтыйт.

Тойдун шааниси ырчыларда…

Ал эми тойдун көркүн, шаңын ачкан ырчылардын да баасы ар кандай. Мисалы, жаңы чыгып келе жаткан ырчылар 3-4 ырына 100 доллар алса, өзүн жылдыз сезгендер бир эле ырына 300-700 долларга чейин сурайт. Албетте, той ээлеринин капчыгына жараша болот. Бирок, көпчүлүгү орточо баадагы ырчыларды чакырышат. Кээси жалаң ырчылар үчүн деп 1000 долларды бөлүп коюшат экен.

Үйлөнүү үлпөтүн эстеликке калтыруу үчүн тойдун башынан аягына чейин видеого, сүрөткө тартып, атүгүл кээде фото-слайд жасашат. Ушул кызматтын деле операторлордун тажрыйбалуулугу, сапаттуулугуна жараша баасы бычылат. Негизи булар деле 200-500 доллардын тегерегинде сурашат.

Мыкты ырдаганга белек, приз!..

Андан тышкары тойго келгендер зерикпей ырдап-бийлеп отуруусу үчүн ар кандай приздер коюлат. Колунда байлыгы барлар эң чоң призге эки камералуу муздаткыч, түстүү телевизор сыяктуу буюмдарды коюшат. Ал эми калктын орточо катмарындагылар 10-20 миң сомдун тегерегиндеги каражатка атайын приз алышат.

Келиндин сулуулугу

Булардан тышкары жаңы келиндин үлпөт көйнөгү, фатасы менен 200-1200 долларга чейин ижарага алышат. Жаш келиндин макияжы, чачынын жасалгасы, ж.б.у.с. чыгымдары да бар. Алар он миң сомдон ашат.

“Лимузинге” мингиңиз келсе

Ар бир үйлөнгөн жаш жубайлар унаа тандаганда “Лимузинге” отургулары келишет. Бирок, бул узун унаанын бир сааты эле 50 доллардан жогору турат. Албетте, капчыгы калыңдар ага деле кайыл, эртеден-кечке чубалжыган окшош машинелерди айдашат.

Жалпы чыгым миллиондон ашат!

Ошондо жалпы тойго кеткен чыгымды орточо эсептеп көрөлү:

Ар бир кишинин тамак-ашына кеткен кафедеги чыгым 2500-3000 сом. Ал эми тойго орто эсеп менен 150-450 киши келет. Алардын тамагына эле кеткен сумманы эсептеңиз.

Кафенин жасалгасы 7000 сом,

Тамада орто эсеп менен 500 доллар

Ырчылар 500 доллар

Приздер 20 миң сом

Сүрөт, видео тасма, фото слайд- 500 доллар.

Мындан башка да чыгымдарын эсептегенде орто эсеп менен 10 миң доллардан жогору каражатка үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрсө болот. Бирок, бул чыгым кыздын калыңы, кийит, андан башка да ырым-жырымдандан тышкары. Эгер булардын баарын кошкондо бул сумма андан да жогорулайт.

Назгүл Калмамбетова, «Кабар ордо», 11.08.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.