Узакбай Абдукаимов жана Турдубүбү Тыныстанова: машакаттуу махабат

abdukaimov

Узакбай Абдукаимов, атактуу “Майдан” романынын автору, А.С. Пушкиндин эң мыкты котормочусу, акын жана драматург, 1941-45-жылдардагы кан майдандын катышуучусу 50 жылдай башта каза тапса да, ар качандан бир качан кыргыз окурмандарын таң калтырып келет. Маселен, аз жазса да, саз жазганы менен. Айрыкча кыргыз прозасындагы убагында бааланбай, кийин гана такталган маанилүү ачылгалары менен. Сыңар гана роман жазса да, дүйнөлүк адабияттын ошол кездеги мыкты деген чыгармаларына тең ата боло алгандыгы менен.

“Мекеним мейкин, күндүн нуру төгүлгөн,
Тоолору бийик, бүркүт учуп, жел жүргөн…” – деген мурунку муундар жадыбалдай жатка билген саптар дал ошол Абдукаимовдун калемине таандык эмеспи. “Балыкчы жана балык тууралуу жомоктун” улуттук  классикага айланган таржымасы, 60-жылдардагы эл эң эле сүйүп окуган А. Фадеевдин “Жаш гвардиясынын” кыргызчасы да ушул калемгердики. Андан тышкары Гоголь, Мольер…

Ал эми Чынгыз Айтматов ар дайым Узакбай Абдукаимовдун “Майданын” төл адабиятыбыздын зор чыгармаларынын бири катары санап, ага келиштирип баш сөз жазып, орусча Москвадан чыгышына жакындан жардам этип келгенин айтып отурбайлы. Баса, ал киши Чыкебизди эч ким таанып-биле элек чагында жанына имере тартып, “контрдун”, “эл душманынын” баласы деп четке какпай, чыгармаларын басмадан чыгарганга нечен жардам кылганы тарыхтан белгилүү.

Мына эми күтүлбөгөн жерден ошол Узакбай Абдукаимовдун “Күндөлүктөрү” (“Дневники”) табылып отурат. Биринчиден, орусча жазылыптыр. Болгондо да так жана таамай орустун мыкты тилинде. Экинчиден, согуш жөнүндө, анын чыныгы анатомиясы, жексур жүзү, антигумандык табияты тууралуу ошол кездеги эң мыкты деген ойчулдардын жана гуманисттердин, тагыраак айтсак Э. Хемингуэйдин, Э.М. Ремарктын же В. Гроссмандын деңгээлинде ой жүгүрткөнүчү…

Советтик армия Кенигсбергге жетип, Чыгыш Европаны эми аралаганда Узакбай Абдукаимов биздин аскерлердин жергиликтүү элге жырткычча мамиле кылганына кейип, мындай дейт:  “Мы своим поведением, отношением иной раз не можем показать образец высокой культуры тем, кто на нас смотрит с явным любопытством. Майор, капитан, младший лейтенант рассказывают, что не только изнасиловали девушку, но застрелили мать, отца, сына. Их приговорили к расстрелу. Другой просто обокрал доверчивую хозяйку. Русский офицер должен серьезным образом думать о своем воспитании. Он должен блистать во всем. Ведь Европа не должна разочароваться нами. В нас должны видеть не только людей с хорошей думой, но и высокого сознания, культуры и умения”.

Айрыкча кыргыз жазуучусунун согуш жана тынчтык тууралуу жазган философиялык реминисценциялары өзүнүн тереңдиги жана чыныгы гуманизми менен таң калтырат.

“Шли днем и ночью. Эти дни и ночи казались бесконечными. В обезлюденных деревнях Западной Двины престарелые старики и старушки провожали нас с каким-то тупым, молчаливым, то ли жалеющим, то ли проклинающим взглядом.

В этом молчании было собрано все то благородное, которое имеет человек, идя на тяжелый путь, даже зная свою обреченность. В этом молчании была та злоба, та безобидная злоба на невзгоды похода, которую имеет каждый из нас, которую имел и я тогда. В этом молчании было то упорство русского человека, которое не раз приходило ему на помощь, не раз удивило мир, но уже обогащенное, облагороженное упорством нового человека, дальновидного, терпеливого, по следам которого следовала масса.

В этом молчании таился голос будущего, вера в будущее, будущее всего того светлого, которое замерло в ожидании своей судьбы, о предрешенности которой враг торжественно кричал.

Это было Великое молчание в вере своему правому делу, которое все же должно было взять вверх”.

Ошондой болсо да, “Күндөлүктөрдөгү” дагы бир таңгалычтуу нерсе – У. Абдукаимовдун ички дүйнөсү, эч ким билбеген жан сырлары, чиеленишкен жеке драмасы жана трагедиясы. Дароо эле айта кетели: ал драма – Узакбай Абдукаимовдун Турдубүбү Тыныстановага (кадимки эле Касым Тыныстановдун жесири) болгон сүйүүсү, ал сүйүү бирде муз болуп селейип, бирде от болуп жалбырттап, бирде мөндүрдөй жааган октун астында Узакбайга ажал тилеткени, бул турмуштан кечип кеткенге чейин жеткиргени  эле.

“8.11.44. Закончил «Гамлет». (автор бул чыгарманын котормосун бүтүргөнү тууралуу айтып жатат О.И.) Получил письмо моей Биры. Неужели теперь она не моя! Неужели? О, проклятая Тоня!”. Тоня – Турдубүбү эжебиздин аты, Узакбай ага аны ушинтип эркелетчү экен. Ал эми Бира болсо Турдубүбү менен Касым Тыныстановдун кызы, аны Абдукаимов багып алып, жанындай көргөн.

“Сегодня я получил знаменитое письмо Тони, похожее на обвинительный акт, – деп жазат У. Абдукаимов в 1944-жылы, Кенигсбергде согушта жүрүп. –  Ее доводы похожи на доводы немецких листовок, и чтобы не путаться в них, надо быть на голову выше и иметь свои контрдоводы, свои требования, свой жизненный интерес, взгляды на настоящее, на будущее. Она в этом письме так же горда, как и прежде, доходящая до надменности. Это облегчает мое положение, ибо я слез боюсь, становится невыносимо тяжело, начинает меркнуть пламя гнева, пламя мятежа”.

Айтор, Узакбай менен Турдубүбүнүн махабаты бара-бара чыныгы машакатка айланып, экөө согуш убагында кат аркылуу чоң философиялык талашка түшүшөт; өз ара пикир келишпестик алардын бири-бирине болгон сүйүүсүн өчүрмөк түгүл, ого бетер өрчүтүп, иш жүзүндө чоң руханий драмага, керек болсо өмүрдү кыскарткан трагедияга айланат (У.Абдукаимов 52 жашында катуу оорудан каза тапкан). “Я живу не по своей натуре. Что мне покой? Тем более покой в армейских условиях, когда в душе все грохочет, так же как и орудийный грохот, которого заставляю молчать в тихом покое. Нет. Или-или! Или жизнь, или смерть…”

Бул аркылуу эмнени айтмакчыбыз? Сыягы, чоң таланттын жаралышы, чоң чыгармачыл инсандын жанар тоо сыңары жанып чыгышы ар дайым ички драманын, азап менен тозоктун,  руханий турмуштун миң кыл, миң сыр торко элегинен өтмөйүнчө жаралбайт белем. Буга мисал – Узакбай Абдукаимовдун чыгармачыл мурасы, инсан катары бейнеси, Турдубүбү Тыныстанова менен болгон машакаттуу махабаты.

Осмонакун Ибраимов, “Азаттык”, 05.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.