Кыргыздын таштык бет каптары

Хакасиядагы Уйбат чаатасындагы бейиттен
Хакасиядагы Уйбат чаатасындагы бейиттен

Учурда кыргыздар Борбор Азиядагы эң байыркы элдерден. Мындай далил тууралуу замандашта­рыбыз биле бербесе керек. Кыргыз жери, эли өз башынан эмнелерди гана кечирген жок? Аларды изилдөөгө чарабыз келбей, күнүмдүк оокат менен алпурушуп жашап келебиз. Өзүнүн кыргыз болгонуна өкүнгөн жаштар дагы жок эмес. “Аттиң, ушундан көрө Америка же Европада төрөлсөм эмне” – деген жаштарыбызды сын алгыдан көрбөдүкпү. Бирок, кудайдын кулагы сүйүнсүн өзүн, өз элин тааныганга аракет кылган жаштар жок эмес.

Көөнө кыргыз тарыхы узак жолду басты. Кыргыздар канчалаган жер которду. Биздин байыркы ме­кенибиз болгон жерлердин бири азыркы Енисей дарыясынын өрөөнү. Кыргыздар ал аймакты байыр­лап турганда климат шарты туура келип, ооматы келгенби? Кыргыз маданиятынын жана мамлекеттүүлүгүнүн гүлдөгөн убагы болду.

Орус тарых илиминде “таштык маданияты” атка конгон кайсы бир этноско (элге) таандык маданият бар. Тарых илиминде эгерде архео­логиялык табылгалар кайсы элге таандык экени так маалымат эмес болсо, ага “баланча маданияты” деген ат берилет жана кайсы бир маданиятты бир этноско таандык кылуу оор.

Таштык маданияты Түштүк Сибирде биздин заманга чейин II кылымдан баштап биздин заман­дын V кылымына чейин жашаган. Таштык маданиятын Чаа-Тас маданияты алмаштырат. Бул мада­ният болсо кыргыздарга тиеше­лүү. Хакас тилинен Чаа-согуш, Тас болсо таш маанисинде которулат. Эми окурман, таштык менен Чаа- Тас маданияттарынын ортосунда айырмачылыктар анча чоң эмес.

Болгону “погребальный ограда” деп аталган, маркумдун өрттөл­гөндөн кийинки калган күлү коюлчу атайын жердин, анча- мынча узун-туурасынын айыр­масы жана башка майда-барат айырмасы бар. Таштык маданиятын башка, аты белгисиз этнос­ко таандык кылган изилдөөчүлөр кыргыздын тарыхын жакшы билбей туруп тыянак чыгара беришкен. Негизги изилдөөчүлөрдүн арасында кыргыздар жок. Анан кандайча кыргызды билбей туруп ушул жыйынтыкка келишкен? Таштык маданиятын жараткандар башка жакка көчүп же толугу менен кырылып кал­ган да эмес.

С. В. Киселёва жана Л. Р. Кызласов аттуу окумуштуулар Таштык маданиятын байыркы кыргыздарга же гяньгундарга таандык деп эсептешкен. Байыр­кы доордо кытайлыктар тилдик транскрипцияга жараша бизди ушундай аташкан. Азыр дагы кытай тилинде “р” тыбышы бол­богондуктан, алар бизди “Жиа жы сы Го” дешет.

Так ушул Таштык мадания­тынын өзгөчөлүгү болгон бет каптар окумуштууларды ойлондуруп келүүдө. Таштык бет каптарынын максаты дагы эле белгисиз бойдон калууда. Алар эмне үчүн жасалган? Кандай максатта? Өлгөн адамдын бет түзү­лүшүн береби? Же аны наркы дүйнөдө коргой турган нерсеби? Кай бир окумуштуулар тобу бул бет каптарда маркумдун жаны сакталат деген ишеним болгон дешсе, кай бирлери бул өзгөчө ата-бабаларга болгон табынуу болгон дешет.

Бет каптар гипстен жасалган жана боёлгон. Оюм чийимдер көбүн эсе бизге чейин жетпей калган. Кээде бет кап эмес эле, адамдын келбетинде жасалган бет каптардын маңдайында көбүнчө спираль түрүндөгү оюм, ал эми эки бетине башка оюм- чийимдер түшүрүлгөн.

Антропологиялык жактан өз­гөчө Урал расасына таандык, ал расада европид жана монголоид элементтери кездешет. Бир караган киши азыркы кыргыздын деле жүзүн көрө алат. Азыркы кыргыздар өзүнчө Түштүк Си­бирь расасына кирет.

Ар бир бет кап уникалдуу, кайталанган бет каптар такыр кездешпейт. Ал эми боёктордон кызыл, кара, жашыл жана көк түстөр колдонулган. Түстөр дагы мүмкүн табышмактуу жагдайды чечүүдө бизге жардам берер?

Азыркы кыргыз баласынан сурасаңыз Таштык бет каптары жөнүндө дегеле маалыматы жок. Аттиң булардын баарын биздин ата-бабаларыбыз жөн жерден жа­саган жок да. Биз бара-бара баа­рын ушинтип унута беребизби? Мындай бет каптар дүйнө элинин биринде да кездешпейт. Керек болсо ушул жагынан дагы биздин байыркы жана өзгөчө элден боло­рубузду далилдесек болот.

Аскат РЫСПАЕВ, «Туран»

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.