Жеңижок менен Эсенамандын айтышы

esenaman_jenijok

Таласта төрт дубан эл чакырылган чоң той болот, тойдун ээси Ташкара болуш. Ушул жерде, бир аз чегинүү жасоого туура келип атыры. Анда тестиер Өтө- Жеңижок ушул Ташкаранын жакын тууганы, ата-энесинен эрте ажырап, томолой жетим калып, көрүнгөндүн эшигинде тентиреп жүрүп калат. Күз айынын бир күнүндө Ташкара чакан той берет. Кара курсактын камын жеп, тестиер Өтө да кемегенин жаныңда от жаккандар-
га аралашып жургөнүн Ташкара байкап, бир жигитин чакырып: «Тээтиги, Өтөнү, эмне кемегенин жанына жолотосуңар? «Ала» менен ооруп кетиптир го! Оорусу элге жугат, бир көк жетим менен таластык көбөйбөйт да азайбайт, алып барып, мойнуна таш байлап, Кара-Бууранын суусуна салып ийгиле! Жообун мен берем!» дейт. Эки жигит тестиер Өтөнү Кара-Бууранын жээгине алып келип, эми «жайлаганы» калышканда Өтө:
«Жанымды аман койгула, акелер, Аксыдагы таякелериме качып кетейин», деп жалынып жиберет. Эки жигит макул болуп: «Экинчи көзгө көрүнбөгүн!» деп, Аксыга барчу жолду көрсөтүп, качырып ийип, Кара-Бууранын суусуна салып жибердик! деп Ташкарага жооп берип коюшат. Ташкара ишенип, ошол бойдон унутуп да калат. Арадан жылдар өтүп, Жеңижоктун ырчылык атагы Таласка да угула баштайт. Ошентип, жогоруда айтылган, боло турган чоң тонго, Ташкара камынып, төрт дубан элге тойго чакырык кат жиберип, чабарман кабарчыларды чаптырат. Аксыдан болсо Аксынын белгилүү манаптарын, бийлерин: «Сулайманкул датканы, Осмонбек, Бекмурат болуштарды, Баялы, Осмон, Субан бийлерди, Алишер казыны айтып, анан Жеңижок деген ырчыңарды ала келгиле!» дейт экен. Белгиленген күнү Аксыдан Таласка жогорудагы аты аталган адамдарга кошо далысы жерге тийбеген балбандар, эр сайышка түшчүлөр, эр эңишчүлөр, дубан жарган күлүк, жорголору менен жөнөшөт. Ашуу ашып, Ташкара болуштун айылына жакын калганда Сулайманкул датка: «Жеңижок, балам, туулган жериңе, тууган элиңе келдиң! Ырыңды башта!» дейт.

Ошондо Жеңижок ырын баштайт экен:

ЖЕҢИЖОК:

Айтпай кантип коёюн,
Туулган жерим Таласты.
Бадышанын улугу,
Атабыз айкөл Манасты!
Куу турмуш сенин айыңдан,
Алтын баш элден адашты.
Бадыша Манас жүргөн жер,
Барк алып эли күткөн жер.
Акылман Бакай жүргөн жер,
Айкырып жоону сүргөн жер.
Каныкей энем келген жер,
Калкыма шилен берген жер.
Семетей жары Айчүрөк,
Ак куу кебин кийинип,
Ак чынарга конгон жер.
Арзып жүргөн экөөнүн,
Ак тилеги болгон жер.
Жоргонун-Белин карачы,
Кыргыздын кымбат жери бу.
Айдың-Көл, Беш-Таш, Ор-Казган,
Табылгыты көлү бу.
Кушчу, Саруу, көп кытай,
Жайлап көнгөн жери бу.
Үч-Кошой, Ак-Таш келишкен,
Жайкысын жайлаар төрү бу.
Агын суусу көк кашка,
Атпай жерден бир башка.
Көк ирим суусу бир башка,
Көп эле жерден бир башка.
Ою бүткөн бетеге,
Оттосо малы жетеби.
Кагылайын Таласым,
Оюмдан чыны кетеби?
Кыры кызыл бетеге,
Кызыккан малы жетеби.
Атабыз Манас жүргөн жер,
Кызыгы эстен кетеби?
Ак тереги шаңданган,
Ар кайыбы камданган.
Кайыңдары шаңданган,
Кайберени камданган.
Шаа тереги гүлдөгөн,
Шагында булбул үндөгөн.
Ор коёну ойногон,
Кабыланы камышта,
Калтары кумда сойлогон.
Кызыл чаар жолборсу,
Качырганын койбогон.
Этегинен бөлүнгөн.
Элигинин кулагы,
Эрменинен көрүнгөн.
Кыргоолдун корозу,
Тагынгандай мойнуна,
Кызылдан бермет шуруну.
Камыш ичин жайлаган,
Кышын-жайын туругу.
Кылтак коюп кыргандан,
Калбай барат уругу.
Кекилиги сайраган,
Керүүдө гүлү жайнаган.
Кирген суусу кем эмес,
Күркүрөгөн дайрадан.
Күкүктөрү таңшыган,
Гүлү кооз аңкыган.
Кышында суук тийбеген,
Жайында салкын күйбөгөн.
Кырында марал оттогон,
Курбуда теке токтогон,
Оюнда бугу оттогон,
Ой, кырда кийик токтогон.
Жаныбар, булагын ичсең бал татыйт.
Алты миң түркүн гүлүнөн,
Адамдын көөнүн көтөрүп,
Атырдын нагыз жыты аңкыйт.
Аяк-башы керилген,
Таластын кеңдигинен көз кайкыйт!..
Жети атам өткөн жер эле»
Жердеген кыргыз эли эле.
Жетим калып жашымдан,
Кысымынан манаптын,
Таштап кеткен болучум.
Карагаттай көзүмдү,
Жаштап кеткен болучум.
Болотойду ээрчитип,
Карындашым Каракыз,
Баштап кеткен болучум.
Катар ашуу белдерди,
Ашып кеткен болучум.
Өз жеримден аргасыз,
Качып кеткен болучум.
Кагылайын, кең Талас,
Туулган жерим сен элең,
Туу кылып, сени чоңойгон,
Тутунган жетим мен элем!
Туурунан адашкан,
Туугандан тузум кем белем!..

Эми, баштап келдим элиме,
Туулуп өскөн жериме,
Таяке, журт-тагамды.
Дүйнөнү түрө кыдырсам,
Дүйнөдөн сендей табамбы?
Тагдырдын жолу болбосо,
Туугандан качып барамбы?
Кагылайын, тууган эл.
Караңды көрүп турамын,
Кабыл алгын, саламды!
Калкынан кеткен бөлүнүп,
Таанып ал, Жеңижок-Өтө балаңды?!.
Киндигимди кескен жер,
“Кичинемде өскөн жер.
Ай менен Күндү көргөн жер,
Айланып көңүл бөлгөн жер.
Тай, кунанды минген жер,
Талашып, ойноп күлгөн жер.
Торпокту кармап минген жер,
Тойпоңдоп ойноп күлгөн жер,
Жериме келип турамын!..

Жеңижоктун ырынын кызыгы менен убакыттын кандай өткөнү билинбей, Ташкара болуштун айылына кирип келишет. Жеңижок аттан түшпөй дагы чай кайнамдай ыр төгөт экен! Ташкара өзү Жеңижокту аттан колтуктап түшүрүп, коноктор менен бирге ак өргөөгө кийирип, даткалар менен амандашып, жөн-жай сурашып, болгондон кийин, Жеңижокко карап: «Бу, сен, өзүң аксылык Жеңижок болсоң, анан «элиме келдим, жериме келдим» деп ырдаганыңдын жөнү кандай, айтчы? дейт. Жеңижок: «Мен өзүм ушул таластыкмын, Сиздин тууганыңыз Көкө абаңыздын Өтө деген уулу боломун. Илгери ооруп калганымда Сиздин тоюңузда жүрсөм, бир жигит келип, «ооруң жугуштуу экен» деп, Аксыга качырып ийген болучу деп, нар жагын ачык айтпай, туюгунан жооп берет экен. Ошондо Ташкара болуштун башы шылк эте түшүп, «баягы жосунсуз буйругу эсине түшүп, ичинен бармагын тиштеп, өкүнүп, башын чайкап, бирок сыр бербей: «Эми, балам, Жеңижок, аз айып, көп күнөөм болсо кечирип кой! Мына, бүгүн той башталды. Азыртан баштап, сен ушул тойдун жарчысысың!» деп астына аргымак ат тартып, үстүнө тон жаап, келген элге жар чакыртып жиберет экен! Жеңижок ырын дагы баштайт.

Ушул тапта коңшу ак өргөөдө атактуу жерлик акын Эсенаман менен казактан келген Майкөт акын сыйда олтурушкаң экен, «Тойдун жарчылыгын биз ээлейбиз» дешип. Жеңижоктун тойго жарчы болуп, ырдап жүргөнүн уккан Эсенаман нааразы боло кейийт: «Бу Ташкаранын эмне кылганы казактан чоң акын Майкөттү, мени атайын тойго чакыртып, анан кайдагы тентип жүргөн Жеңижокту тойго жарчы кылганы эмнеси?» деп.

Ушул сөз бир жигит аркылуу ырдап жаткан Жеңижокко жетет. Жеңижок ырын токтотуп, жарчылыкты суранбаганын, ага, Ташкаранын өзү дайындаганын айтып, «мени Эсенамандар олтурган өргөөгө баштап бар, бул жарчылыктын башын ачып алалы!» деп, аттан түшүп, бирөөгө кармата коюп, жигитти ээрчий Эсенамандар олтурган ак өргөөгө жөнөп калат. Бирөө-жарымы айтканбы, же өзү байкап турганбы, айтор, Ташкара болуш Жеңижоктон мурун ак өргөөгө жетип, өргөөнүн эшигин өзү ачып, Жеңижокту биринчи кийирип, артынан өзү кирет экен. Жеңижок салам айтып, төр талаша Эcенаман менен Майкөттүн ортосунан орун алат. Айтыш болорун сезген эл ак өргөөнү ороп калышат. Аксылыктар да өргөөнун ичине жайланышат. Майкөт акын шектенгендей, Ташкара болушту карап: «ой бай, Таскара, мынау балаң эсиктен кирип, өр таласты, өрдөн соң төр таласты сумдук кой, жайын айтшы?» деп калат. Ташкара: «Өзүңүздөр уккан Жеңижок иниңиз ушул!» дейт. Анда Майкөт: «Баса, десең Жеңижок, карагым, сөзүң болсо такалмай сөйлөй отыр, шамаң жетсе Эсенаман экөмизди кабаты менен жөйлөй отыр» деп компоёт. Анда Жеңижок: «Жакшы болот, адамдын билгенинен билбегени көп, көргөнүнөн көрбөгөнү көп» деген алымча айтып көрөйүн, катасы болсо кечирип койгула, улуулук кылып деп, комузун күүлөп киргеңде, бир кылы чырт үзүлүп кетет. Жан чөнтөгүнөн жаңы кыл алып, таккычакты араң олтурган Эсенаман акын: «Майкөттүн жемесинен кутулайын» деген ой менен өз тарабын көтөрө чалып, Жеңижок тарапты кордогондой ырдайт. Өзгөчө, Майкөттүн сыймыгын урматтап, Жеңижокту экинчи ооз ачып ырдагыс кылайын деп каптап кирет.

ЭСЕНАМАН:

Аманбы, балам, Жеңижок?
Абаңдын сенден кеми жок.
Ак калпактуу кыргыздан,
Айтыштарга теңи жок.
Айлымда ырчы көп жүрөт,
Балам, айтканынын эби жок!..
Эсенби, балам, Жеңижок?
Эсеңдин сенден кеми жок.
Эки жаактуу пендеден,
Эрегишер теңи жок.
Элимде ырчы көп жүрөт,
Балам, эки ооз кепке эби жок!..
Кандайсың, балам, Жеңижок,
Картаңдын сенден кеми жок.
* Кара жаак пендеден,
Каяша кылар теңи жок.
Калкымда ырчы көп жүрөт,
Калжырай берген эби жок!..
Өзгө сөзгө токтобой,
Өзүмдөн кабар берейин.
Өкүнчүң болор, карагым,
Өзүң тапкын дебейин.
Жалпы сөзгө токтобой,
Жайымдан кабар берейин.
Таарынчың болор, карагым,
Таап алгын дебейин!
Үч-Кошой менен кең Талас,
Жерим ошол, Жеңижок.
Калың кытай уругу,
Элим ошол, Жеңижок.
Киндигим кесип бууган жер,
Киримди чайкап жууган жер.
Абалтан бери жай кылып,
Ата-бабам турган жер.
Улуулардан кеп уктум,
Уламалап көп уктум.
Ушул жерде туулган,
Сенин да уругуң кытай деп уктум!
Карылардан кеп уктум,
Кабарыңды көп уктум.
Калың кытай элинен,
Качып кеткен деп уктум!
Тегин таштап тентиреп,
Тентип кете берген дейт.
Уругу Сол, Каратал,
Ушул жердик элден дейт.
Беш уруу Солдон адашып,
Кайда бардың, Жеңижок?
Берими жок, жат өскөн,
Жайга бардың, Жеңижок.
Берекелүү эл болот,
Биздин байга баргын, Жеңижок!
Алты уруу Солду унутуп,
Кайда жүрдүң, Жеңижок?
Алымы жок, жат өскөн,
Жайда жүрдүң, Жеңижок.
Айдап тогуз мал берген,
Биздин байга жүргүн, Жеңижок.
Бул жерден кардың тойбосо,
Кайра баргын, Жеңижок?..
Убайым тартсаң алыңды,
Сураарың айтчы, Жеңижок?
Асирет, арман, арзыңды,
Угарың айтчы, Жеңижок?
Алты атаң Сол, Каратал,
Арбагын айтчы, Жеңижок?
Аксыга качып Таластан,
Барганың айтчы, Жеңижок?
Андагы тарткан көп кордук,
Тартканың айтчы, Жеңижок?
Аксылыкты билемин,
Ала көөдөк эл болот.
Баарысын байкап көргөмүн,
Марттыгы бизден кем болот!
Алты күнү ырдасаң,
Алеки чапан кийгизет,
А деген жерде биздин эл,
Аргымак тандап мингизет!
Жети күнү ырдасаң,
Желеки чапан кийгизет.
Жеткен жерде биздин эл,
Жээрдени тандап мингизет!
Айылга келип ырдасан,
Алтының ашып карк болот.
Ат мингизип чыгармак,
Бизде абалтан берки нарк болот!
Эсенаман эскимин,
Эл куруткан кескимин.
Элдир-селдир ырчынын,
Элдешпей тилин кесчимин!..
Чоң ырчы менен айтышкам,
Чоң атасын тааныткам.
Көп ырчы менен айтышкам,
Көптө байге бербеген,
Көкжалдыгым тааныткам! .
Сайратсам кызыл тилим бар,
Салпайбай, балам, тилимди ал.
Санда жок сендей ырчыны,
Сандалтып кубар жөнүм бар!.
Мындан мурун аныктап,
Көрдүн бекен, көзүмдү?
Уламалап, иликтеп,
Уктуң бекен, сөзүмдү?
Уга элек болсоң, карагым,
Убара кылып издетпей,
Учуратты кезиңди!..
Таасындап айтып мен сага,
Таанытайын өзүмдү.
Кереметим көрүп ал,
Келтирди, балам, кезиңди!..
Эсенаман эски атым,
Эл кыдырган кески атым.
Күкүктөй күндө күүлөнткөн,
Күндүр-түндүр сүйлөткөн,
Кош көмөкөй тил катым!
Акын болсоң жооп бер,
Айтам сөздүн кыйбатын.
Акындыгың жок болсо,
А да болсо зыйнатың!..
Үч-Кошой менен кен Талас,
Өз атаң жердеп өлгөн жер.
Өөктөп жатып чогулуп,
Өкүрүп тууган көмгөн жер.
Өзөнүн бойлоп башынан,
Өмүрүң өсүп, өнгөн жер.
Өзгө жерде өкүнбөй,
Өз элиңе көчүп кел!..
Чоң атаң жердеп өлгөн жер,
Чогулуп тууган көмгөн жер.
Чоочун жерде өкүнбөй,
Чоюлган журтка көчүп кел?
Калкың менен болбосоң,
Кайрат айтып не кылам.
Сөөлүм бар тилимде,
Сөздөн кантип жаңылам!..
Кабыл алсаң айтканды,
Кайта келгин Таласка.
Өлсөң ыйлап көмүүчү,
Өз элиңден адашпа.
Жалдырап барып көзүңдү,
Жат элдин көзүн каратпа!..
Бирөөнүн жери жер болбойт,
Бирөөнүн эли эл болбойт.
Туурасын айтсам, мен сага,
Туугандуу адам кем болбойт.
Башканын жери жер болбойт,
Башканын эли эл болбойт.
Артын ойлоп карагын,
Айылдуу адам кем болбойт.
Эсиңди жыйып, элиң тап,
Эзелки Талас жериң тап!
Акылың жыйып, эсиң тап,
Абалкы Талас жериң тап!..
Карап тургун, карагым,
Калыстык кептен сүйлөйлү.
Калкынан азып жүргөн бар,
Кайгырышып жүрбөйбү.
Калкыңа эми келбесең,
«Калкынан качкан акмак» деп,
Кайдигер тили тийбейби!
Кайрылып келсең кадырлап,
Балам, калдайган журтуң сүйбөйбү!.
Капилет жерден доо болсо,
Кара өзгөй, жалаа, доо болсо.
«Каңгырап жүргөн акмак» деп,
Катаалдын тили тийбейби.
Каралашар тууган жок,
Кармап минер буудан жок,
Кайгырып ичиң күйбөйбү.
Кайрылып элге кошулсаң,
Балам, каалап калкың сүйбөйбү!..
Теңдигиң айтар тууган жок,
Теминип минер буудан жок.
Телмирип ичиң күйбөйбү.
Тентибей элге кошулсаң,
Балам, теңтуштар сени сүйбөйбү!..
Өзүнө айтам, карагым,
Өрнөктүү сөздөн сүйлөйлү.
Өзгө жерден келген көп,
Өкүнүшүп жүрбөйбү.
Өзү башка калктан деп,
Сага бир өжөрдүн тили тийбейби.
Өбөк кылар тууган жок,
Өмөчтөп минер буудан жок,
Өрттөнүп ичиң күйбөйбү.
Өз элиңе кошулсаң,
Балам, өнтөлөп элиң сүйбөйбү!..
Карысы жаштай жыргаган,
Жаштары жаагын жаный ырдаган.
Калың кытай биздин эл,
Кара башың маң кылбай,
Кайрылып балам, мында кел!..
Баргандардан кеп уктум,
Баарысын байкап мен уктум.
Бакылдаган көйрөң эл,
Сенин баркыңды билбейт деп уктум!.
Каттагандан кеп уктум,
Кабарыңды мен уктум.
Кажылдаган калдас эл,
Сенин кадырың билбейт деп уктум!..
Өчүгүп калган жоо болсо,
Өзүңө жалаа, доо болсо,
Өмгөгүн салар жаныңда,
Жакшың жок дейт, Жеңижок!
Өзөгүңдү дарт чалса,
Өпкө чабар жаныңда,
Бакшың жок дейт, Жеңижок!..
Каршыгып калган жоо болсо,
Каймана жалган доо болсо,
Жакшың жок дент, Жеңижок.
Кабыргаңды дарт чалса,
Кара болор жаныңда,
Бакшың жок дейт, Жеңижок!..
Жангарачтын Осмонбек,
Жакырыраак жакшы дейт.
Ажынын уулу Сулайман,
Алабарман бакшы дейт.
Бир мүнөзү кармаса,
Бой бербеген жинди дейт.
Антсе дагы башкарып,
Аксынын ичин билди дейт.
Алибектин беш торпок,
Айылдагы ашка орток.
Торпокту бука сүзбөйбү!
Бактысыз болуп жат элде,
Башыңа кайгы түшпөйбү.
Туулган жерин таштаган,
Акылсыз көрдүм сендейди!.
Айсыз бир кара түн болсо,
Ала тополоң күн болсо,
Адашып өлсө мейли деп,
Артыңдан киши издейби?
Таарынбагын, Жеңижок,
Табалбассың биздейди!..
Алда кимден туулду деп,
Атасыз, тексиз, кулбу деп,
Ар ким айтып артыңдан,
Айың, ушак кеп кылат.
Азапка салып жаныңды,
Акыры сени жеп тынат!..
Аргымак элем арыдым,
Азамат элем карыдым.
Айыкпайт тийсе этиңе,
Ажыдаардын заарымын.
Анча-мынча жин тийсе,
Айыктырчу дарымын.
Калдайган калың журтума,
Касиеттүү карымын.
Кашыңда Майкөт пириңди,
Көзүңдү ачып тааныгын!..
Арка, Талас бай болот,
Жегени куйрук май болот.
Таласка келип ырдасаң,
Алтының ашып карк болот.
Ат мингизип чыгармак,
Бизде, абалтан берки салт болот.
Асили кедей Аксылык,
Ичкени куру чай болот!..
Жай мезгили бир кызык,
Жайнап жылдыз, Ай чыгат.
Кеңешип чукул, жарышса,
Тап берген жерден тай чыгат.
Тамандары кызыса,
Сары таман ат чыгат.
Эл ичине келгенде,
Элирип сайрап олтурсам,
Эсекеңдин оозунан,
Эчен сабак кат чыгат!..
Какылдап ырдап олтурсам,
Калкы-журтум жактырат.
Карысам да жаш балам,
Каалап тонду жаптырат.
Алты ооз мактап, ырдасам,
Алдыма ат тарттырат.
Жетеси жок, Жеңижок,
Жете албайсың чапкылап!..
Таамай элдин ичинде,
Таптымбы, балам, эбиңди.
Кыйынсынган Женижок,
Карыган чалдан жеңилди!
Улуулар менен айтышып,
Угузба, балам, кебиңди.
Айтышаар болсоң үн катып,
Азыр басам демиңди.
Чыйраксынган Жеңижок,
Чыгарам болгон желиңди!
Көпчүлүк элдин ичинде,
Күйүгүп, балам, асылба.
Курчтук кылып, басылба.
Өтө наалат кеп угуп,
Өспөй калба жашыңда.
Таасын күлүк тулпарга,
Тай жетеби жакында!..
Кары да болсом кадырлайт,
Кушчу, Саруу талашып.
Торгойдой сайрап олтурсам,
Топтолгон элге жарашып.
Атымды уккан агайин,
Алдымдан тосуп каалашып.
Жеңижок сендей акындар,
Жете албай калат адашып!..
Таамай ырчы сен болсоң,
Таңшыт кызыл тилиңди.
Таластан келип жолуктуң,
Таанып ал, Майкөт пириңди!
Чындап туруп, Жеңижок,
Чыгарып көрчү, үнүңдү!..
Кайрылып качан табасың,
Кадимки Талас конушту.
Токтолбостон, Жеңижок,
Толгоп көрчү, комузду.
Улуу-кичүү баарына,
Угузуп көр добушту.
Каяша кылбай тилимди ал,
Кашыңда Майкөт пириң бар,
Кайда качып барасың,
Каршы алдыңдан жолукту!..
Жигиттик жаштын кийни деп,
Жеңижок колго тийди деп.
Эсекеңдин айтканын,
Элдин баары сүйдү деп.
Арттан ушак болбосун,
Ак жеринен күйдү деп.
Калың жыйын сөз кылсын,
Карыган Эсең алды деп.
Бышыксынган баланы,
Бир сүйлөтпөй салды деп!
Толгой кармап капшыра,
Толорсуктан чалды деп.
Жеткилең күлүк Эсеңе,
Жеңижок жетпей калды деп!
Арышын кере жүгүрүп,
Алдыңкы буту бүгүлүп,
Адырдуу жерден сүрүлүп,
Аргымак келди, жол бергин!
Атактуу Майкөт пириңе,
Айыпкер болбой кол бергин!..
Күнчүлүк жерден жүгүрүп,
Күүлөнсө буту бүгүлүп,
Күдүрдүү жерден сүрүлүп,
Казанат келди, жол бергин!
Кашыңда Майкөт пириңе,
Күнөкөр болбой кол бергин!..
Эргий-эргий жүгүрүп,
Эликтей буту бүгүлүп,
Эңиштүү жерден сүрүлүп,
Эсекең келди, жол бергин!
Эсилиң Майкөт пириңе,
Эңкейип барып, кол бергин?!..
Айткан сөзгө кулак сал,
Акырекке түйүп ал
Абайлагын, карагым,
Алдыңда Майкөт пириң бар!
Коп сөзүмө кулак сал,
Көкүрөккө түйүп ал.
Көтөрүлбөй байкагын,
Көрдүңбү, Майкөт, пириң бар! .
Жаркырап шоола тийгизген,
Күнүң ушул, Жеңижок
Кошуп айтсам шарыят,
Диниң ушул, Женижок
Сыйынуучу нак мазар,
Пириң ушул, Жеңижок.
Күүлөнтүп күндө сүйлөткөн,
Тилиң ушул, Жеңижок!
Майкөт сага пир болот,
Пирине тийген ким болот?
Сендей-сендей ырчылар,
Төрт чекене жин болот.
Тааныбасаң, карагым,
Таанытайын пириңди
Каяша кылсаң кайрылып,
Кагайын болгон жиниңди
Көпчүлүк элдин көзүнчө,
Балам, кескендей кылам тилиңди!.
Сырты болом суусардын,
Дарчысы болом ордонун.
Тазаланып жуунган,
Даараты болом молдонун.
Угуту болом бозонун,
Чигити болом гозонун
Карысам да Жеңижок,
Казыр сенден озомун.
Кайда качсаң куткарбай,
Каршы алдыңдан тосомун!..
Талыкпай жолго салдырчу,
Таманы болом жоргонун.
Жаактууга жай бербес,
Жаалымды ойлогун.
Пириң Майкөт алдыңда,
Пейилиң, балам, оңдогун!..
Мөмөсү болом дарактын,
Шишеси болом арактын.
Жакасы болом, Жеңижок,
Торкосу алтын манаттын.
Тобокел кылчу көрөйүн,
Тоорулуп кайда бараттың? .
Тамырын жайып тараткан,
Сабагы болом санаттын.
Чабыттап эргип учарга,
Чалгыны болом канаттын.
Каяша кылчы көрөйүн,
Каңгырап кайда бараттың?!.
Асылы болом жылкынын,
Артыгы болом ырчынын.
Айчылыкта той болсо,
Алкынып ырдап турчумун.
Айтышамын дегенди,
Айттырбай тилин буучумун.
Ары жок сендей ырчыны,
Алкымдап тойдон куучумун!.
Торусу болом жылкынын,
Торгою болом ырчынын.
Топ жыйындын ичинде,
Торгойдой сайрап турчумун.
Томпойдой болгон жетимдин,
Токмоктоп тилин буучумун.
Тогонек берчи, көрөйүн,
Тобумдан алыс куучумун!..
Күлүгү болом жылкынын,
Күкүгү болом ырчынын.
Күлдү журттун ичинде,
Күкүктөй сайрап турчумун.
Күүлөнүп келген ырчынын,
Күрмөлтпөй тилин буучумун.
Күүлөнгөн сендей жетимди,
Күнөөлөп топтон куучумун!
Бууданы болом жылкынын,
Булбулу болом ырчынын.
Бурулушта той болсо,
Буйдалбай сайрап турчумун.
Булкунган сендей ырчынын,
Буйдалтпай тилин буучумун.
Кетсе да жашым картайып,
Кете элек мизи курчумун!..
Аргымак аттай жулкунуп,
Арышты мен да керейин.
Мөөнөтү келген сөзүмдү,
Мөндүрдөй төгүп, себейин.
Жайы жок жамсак күлүктү,
Жаныма кантип теңейин,
Айтып көрчү, Жеңижок,
Акындыгың ченейин.
Айтканыма жооп бер,
Андан башка не дейин.
Чыгарып көр, үнүңдү,
Андан башка не дейин?!..

деп Эсенаман ырын токтотуп, жайланып олтуруп калат. Элдин баары тунжурап, үн каткан киши жок. Ошондо бир аксакал: «Балам, Жеңижок, сен айтар деле сөз калган жок, бардыгын Эсекең айтып бүттү окшойт. Эсекеңе каяша айтам деп, назарыңды сындырып, өзүңдү-өзүң аксатып албагын!» дейт. Анда Майкөт акын: «Олай эмес, карыя! Эсекең картайып калганба, көп жаңылыс кетирди. Эсеңдин катесин тауп айтсаң, жеңетин кезек сеники, токтолмай сок, карагым Жеңижок!» деп обдулуп коёт. Жеңижок: «Сөздү сөз келгенде айтпаса сөздүн атасы өлөт» деген элибиздин нуска кеби бар эмеспи!

Бул жерде сөздүн атасы гана эмес, менин да өлгөнүм эмеспи! Эсенаман мага Майкөттү олуя, пир туткузуп, мени сыйынтып жатпайбы! Эсенаманды Майкөт, олуя, пирине кошоктоп алып, жылаңачтап, тозоктун төрүн көздөй айдап жөнөйүн» деп жооп берип турган жери:

ЖЕҢИЖОК:

Он сегиз миң Ааламды,
Бир жараткан эмеспи.
Эң биринчи дүйнөгө,
Нур жараткан эмеспи.
Суук кыштын булутун,
Сур жараткан эмеспи.
Эмгексизди энчиден,
Кур жараткан эмеспи!
Аалам жашап турсун деп,
Күн жараткан эмеспи.
Алмаштырып Күн менен,
Түн жараткан эмеспи.
Буруксуган атырдай,
Гүл жараткан эмеспи.
Булбулдарга шайырдык,
Үн жараткан эмеспи.
Көз кумарын кандырган,
Түр жараткан эмеспи.
Жети кабат бейишке,
Үр жараткан эмеспи.
Баатырларга ылайык,
Сүр жараткан эмеспи!
Бардык жанга насипти,
Бир жараткан эмеспи!
Алтын нурун төгүлтүп,
Ай жараткан эмеспи.
Жылдыздарын жайнатып,
Шай жараткан эмеспи.
Асман, Жердин арасын,
Кең жараткан эмеспи.
Адамзаттын баарысын,
Тең жараткан эмеспи,
Жайда салкын болсун деп,
Жел жараткан эмеспи.
Түркүн гүлүн жайнатып,
Бел жараткан эмеспи.
Жерден берип ырыскы,
Эл жараткан эмеспи.
Көл бойлотуп учуруп,
Куу жараткан эмеспи.
Чөл жашарып күлсүн деп,
Суу жараткан эмеспи.
Бирин дары, бирөөбүн,
Уу жараткан эмеспи!
Бирин момун, бирөөбүн,
Куу жараткан эмеспи!..
Өрдөк, чүрөк, каздарды,
Көлдө кылган эмеспи.
Өлгөндөрдүн баарысын,
Көрдө кылган эмеспи.
Кайберендей күлүктү,
Төрдө кылган эмеспи.
Курт-кумурска жайларын,
Чөлдө кылган эмеспи.
Берекенин баарысын,
Жерде кылган эмеспи.
Жер дүйнөнүн туткасын,
Элде кылган эмеспи.
Өмүрдү чак жаратып,
Пенде кылган эмеспи!
Жердин үстүн жайнатып,
Бак жараткан эмеспи.
Кээ бир жанды көбөйтпөй,
Так жараткан эмеспи.
Ар жанга ажал, өмүрдү,
Ак жараткан эмеспи.
Казак Майкөт пирим деп,
Жиндептирсиң, Эсеке.
Карыганча пириңди,
Билбептирсиң, Эсеке.
Ооздун көркү отуз тиш,
Тил жараткан, Эсеке.
Тил сүйлөтпөй айбанды,
Тим жараткан, Эсеке!..
Карыганча Майкөттү,
Мазар кылып кармапсың.
Эл чогулган мечитке,
Эч бир басып барбапсың.
Сапка туруп, башыңды,
Сеждеге түк салбапсың.
Тантып ырдап отуруп,
Шайтандарга кошулуп,
Ырас айтсам, Эсеке,
Ыйманыңды жалмапсың!..
Эми, Эсеке, анык ук,
Айтканымдын баарын ук.
Алжып кетпей бекерге,
Кулагыңды салып ук!
Анык туулган башында,
Ата-энебиз Адамдан.
Ай, Ааламдын жүзүнө,
Адам өсүп таралган.
Күндүн алтын нурунун,
Күчү менен жаралган.
Албаптырсың эч кабар,
Адал менен арамдан!..
Эми, өрдөктөй учуп келейин,
Өзүмдөн кабар берейин.
Өзүңөр байкап көргүлө,
Өнөрүм ашса жеңейин.
Өнөрүм сенден кем болсо,
Өлөрман экен дебейин!..
Каздай учуп калкылдап,
Калкымдан кабар берейин.
Калыстык кылып көргүлө,
^Кадырым ашса жеңейин,
“Кадыры сөзүм кем болсо,
Карыган экен дебейин!..
Ата-бабам баарысы,
Таласта болгон уругу.
Уругум Солдон, Каратал,
Калың кытай уругу.
Жан болуп, жаңы жаралып,
Жаркырап шамым жанган жер.
Келгенимди белгилеп,
Киндик каным тамган жер.
Ата-энем күлүп кубанып,
Алдейлеп сүйүп алган жер.
Аксарбашыл кой союп,
Ак түлөөсүн чалган жер.
Баарысын, билем, эсимде,
Калдайган кытай биздин эл.
Аргасыздан мен кетип,
Алыс болуп калган жер.
Балалык кезде жүргөн жер,
Бар, жокту билбей каткырып.
Туугандан кетмек бөлүнүп,
Турмуштун тузу жат кылып.
Өмүрдүн жолу ар түрдүү,
Бурула берет турбайбы.
Ар нерсеге кезигип,
Уруна берет турбайбы.
Дүйнөдө жоктон бар болуп,
Туула берет турбайбы.
Кайрадан бардан жок болуп,
Кубула берет турбайбы.
Ар жерден буйруп, туз, насип,
Татыла берет турбайбы.
Аракет кылса ырыскы,
Чачыла берет турбайбы.
Атам өлүп жашымда,
Айламды таппай башында.
Арка болчу ага жок,
Айланып турчу кашымда!
Энем өлүп жашымда,
Эсимди таппай башында.
Эрмек кылар иним жок,
Имерилчү кашымда!
Урматташат баарысы,
Улуу, кичүү, карысы.
«Аламан эл» деп айтасың,
Алардын ыраакка кеткен арышы!.
Ызат кылат баарысы,
Ырыстуу элдин карысы.
«Ылайыксыз эл» дейсиң,
Алардын ыраакка кеткен арышы!.
Арканын эли бай дедиң,
Жегени куйрук, май дедиң.
Аксынын эли жарды деп,
Ичкени куру чай дедиң.
Алтын казык Аксы дейт,
Аркыты менен жакшы дейт.
Алжыганың эмеспи,
Айтаар сөзүң билбедиң!
Баятан бери аңшаңдап,
Балаңа кезек бербедиң.
Жеңип кетчү акындай,
Жээлигип колун сермедиң.
Майкөттү кылып колдоочу,
Курган чал мынча дегдедиң?!.
Кутурасың мактанып,
Курсагыңдын тогунан.
Кулак салып угуп тур,
Кутулайын жообуман.
Балапан, түлөк жаш кезде,
Басынтып кырсык тооруган.
Күнгүрөнүп ыйлагам,
Күйөрүмдүн жогунан.
Эне-атасыз жетимдин,
Эмне келмек колунан?..
Арка кылар ага жок,
Азып кеттим Аксыга.
Ашуусу бийик бел ашып,
Басып кеттим Аксыга.
Ак никелеп жарымды,
Алган жерим Аксыда.
Тээк кылар ини жок,
Тентип кеттим Аксыга.
Тегеректен жай таппай,
Минтип кеттим Аксыга.
Үй-жай күтүп үйлөнүп,
Ушинтип жүрөм Аксыда.
Каралап баргам ал жерге,
Таякемди-тагамды.
Арка кылып эркелеп,
Ата-эне кылдым аларды.
Туурлай турган жер болсо,
Эсеке, туугандан качып барамбы?!.
Жетимдин ашын ичирбей,
Жемелеп сөзүн тийгизбей.
Жетелеп багып чоңойтту,
Жаман кийим кийгизбей.
Алар менен кеңешпей,
Эсеке, кантип келем билгизбей?!..
«Баркыңды билбейт» деп айтып,
Басынткансып сүйлөдүң.
Бардык эл сыйлап баркташат,
Баамды, чалым, билбедиң!
Кадырыңды билбейт деп,
Каймана кепти сүйлөдүң.
Калкымдын баары каалашат,
Кадырды, чалым, билбедиң!..
Жергемден кеткем бөлүнүп,
Жетимдик менен оорудан!..
Ала качып жанымды,
Барган жерим Аксыда.
Аман сактап өлүмдөн,
Калган жерим Аксыда.
Алтын боолуу Ак туйгун,
Салган жерим Аксыда.
Айтканымды жок дебес,
Алган жарым Аксыда.
Алтын жака, кыйбат тон,
Кийген жерим Аксыда.
Ата-энемдей ардактап,
Сүйгөн жерим Аксыда.
Бакыт шамы жаркырап,
Күйгөн жерим Аксыда.
Аргымак минип алчактап,
Жүргөн жерим Аксыда.
Көңүл ачып, шаттанып,
Күлгөн жерим Аксыда.
Анык жыргал дооронду,
Сүргөн жерим Аксыда!..
Качырышар жоо болсо,
Карөзгөй, жалаа, доо болсо,
Каралашар элим бар.
Кабыргамды дарт чалса,
Кара болчу белим бар!
Өчүгүшөр жоо болсо,
Өзгөчө жалаа, доо болсо,
Өзгөчө күйөр элим бар.
Өзөгүмдү дарт чалса,
Өбөк болчу белим бар! .
Өчүгүп калган жоо болсо,
Өзгөчө жалаа, доо болсо,
Өзөгүн үзүп мен үчүн,
Өмгөгүн салчу жанымда,
Осмонбек болуш жакшым бар.
Өзөгүмдү дарт чалса,
Өпкө чабар жанымда,
Ажымат ата бакшым бар!..
Каршыгып калган жоо болсо,
Каймана жалган доо болсо,
Каралашар жанымда,
Кан Сулайман даткам бар!
Караан болчу арстан бар.
Кайрылышып турушкан,
Кайрыбай кебим угушкан,
Каралашар жакшым бар.
Кабыргамды дарт чалса,
Калпалардын башчысы,
Калыбай, Шаке бакшым бар!..
Аңдагын, Эсе, сөзүмдү,
Айнектей ачам көзүңдү.
Абышка болгон кезиңде,
Адашып айттың сөзүңдү.
Баарысын айтып нетейии,
Башка сөзгө өтөйүн.
Баятан койгон сурооңо,
Баяндап жооп берейин:
Жангарачтын Осмонбек,
Жакшы султан болгон бек.
Ой багып, акыл имерип,
Орду-ордуна койгон бек.
Буга Ташкендин беги кол берген,
Талашы жок жол берген.
Кокондун каны кол берген,
Кокую жок жол берген.
Аксы менен Наменген,
Айтканындай бийлеген.
Ар сөзү алтын дем берген,
Ак калпак элдин багына,
Арстандан болот бир келген!..
Талаш жок, Талас биздин жер,
Тартышат элек ким менен?
Тартышып мүйүз чыккан жок,
Түбүбүз болот бир элден.
Таалайы элдин ынтымак,
Таамайлап айтсам, бүгүн мен!..
Ажынын уулу Сулайман,
Даткам ушул болучу.
Акыл менен кеңешти,
Тапкан ушул болучу.
Башым ооруйт дегенде,
Садаганы торпоктон,
Чапкан ушул болучу!..
Ушуну алабарман бакшы деп,
Айныптырсың, Эсеке.
Акыл жактан жетишпей,
Калыптырсың, Эсеке!
«Бир мүнөзүн карматса,
Бой бербеген жинди деп.
Антсе дагы башкарып,
Аксынын ичин билди» деп.
Жинди адам элди бийлейби?
Акынсынган Эсекем,
Адеби менен жүрбөйбү.
Аксакал болгон чагында,
Адашып кепти сүйлөйбү?
Койбосоң болгон сөзүңдү,
Кузгундай болгон курган чал,
Кусуруң калкка тийбейби!..
«Алибектин беш торпок,
Айылдагы ашка орток,
Торпокту бука сүзбөйбү,
Бактысыз болуп жат элде,
Башыңа кайгы түшпөйбү!»
Деп айтып тантып турасын,
Торпокко теңеп кайдагы,
Топуксуз кепти айтабы?
Букага теңеп кайдагы,
Бузуку кепти айтабы?
Алибектин беш берен,
Аңдыган душман жетпеген.
Периштеси башында,
Бешөөбү беш дубанды беттеген.
Бешөөбүн бир күн айтсам да,
Мен бүтүрө албайм кеп менен.
Турмуштун булар туткасы,
Эсеке, түшүнтүп айтсак чек менен!
Молдокенин Алишер,
Момундай болот анык шер.
Баялы бийдей кимиң бар,
Баянын болсо айтып бер?..
Эми мөмөсү болсоң дарактын,
Айылдан балдар келбейби.
Ары-бери имерип,
Акылын таап илбейби.
Арка этектеп теришип,
Ар кайсы жерге жебейби.
Данегиң чирип кык болор,
Кабыгын сынып жок болор.
Өмүрүңдүн акыры,
Ушундай болуп токтоолор!..
Шишеси болсоң арактын,
Мас адам сени сыйлайбы?
Таамайлап кармап мойнуңдан,
Ташка чаап урбайбы.
Тамтыгы кетип быркырап,
Талкаланып сынбайбы!
Койкойгон мойнуң жоголуп,
Кокуй чал, жаның тынбайбы!..
Абайлагын, Эсеке,
Арагы анын уу болот.
Ичегиңди күйгүзүп,
Ичиңе барса уу болот.
Көрүнгөнгө жулунтуп,
Көпчүлүккө чуу болот.
«Эсекең жинди болду» деп,
Эл ичинде дуу болот!..
Аракеч болсоң мас болуп,
Агайин менен кас болуп.
Ажалың жетип сен өлсөң,
Балдарың базар барбайбы.
Олуя-Ата тараптан,
Айтылуу шарап, арактан.
Аябай арбын албайбы.
Бейитиңе бүт атап,
Балдарың арак бербейби.
А дүйнө жайга барганда,
Абышкам, арактан азап көрбөйбү!..
Жанкүр-нүңкүр периште,
Жетимиш батман күрсү алып,
Жаныңа басып келбейби.
«Рабиң кимдер?» дегенде,
Келмеге тилиң келбесе,
Күрсү менен бир коюп,
Сазайыңды бербейби?!.
Ойлонбой туруп айтылган,
Оозуңда жаман кеп турат.
Эсекең каапыр болду деп,
Эл айтып ушак кеп кылат.
Күүлөнүп буудан чуркаса,
Сендей, күлүктөр баспай тек турат!.
Сырты болсоң суусардын,
Эссиз бала кийбейби.
Эңкейип алса кокустап,
Жалынга башы тийбейби.
Кылканы күйүп бырыксып,
Кыйноого жаның кирбейби.
Көркүң кетип күйүнүп,
Көргөн адам күлбөйбү!..
Жакасы болсоң манаттын,
Бүркүткө сени алдырар.
Кызыл түлкү экен деп,
Жака кылып салдырар.
Кийинчерээк эскирип,
Кылы сынаар кырчылып.
Тыбыты түшөр тытылып.
Каларсың, чалым, калдырап,
Жаргак болуп жышылып!
Угуту болсоң бозонун,
Ородо сасып өнбөйбү,
Ары жок сендей куу чалдын,
Ажалы жетип өлбөйбү.
Алакан жайып дубага,
Агайин-тууган келбейби.
Шибер угут өндүрөр,
Сокуга салып чакалап,
Сокбилек менен талкалап,
Көрбөгөндү көргөзөр.
Таруу шакка коштуруп,
Ботко кылып кайнатаар.
Челекке куюп ачытып,
Бозокорго тандатар.
Калтадан сүзүп өткөрүп,
Калганын уйга чайнатаар.
Өзгөрүп улам олтуруп,
Мурунку кейпи жок болуп.
Акырында сыгылып,
Алжыган, чалым, топ болуп.
Күрөң уй аймап бүтүрүп,
Көйрөң чал калар жок болуп!.
Бозокор болсоң бостойтуп,
Эки көзүң тостойтуп.
Токтотпой айдап өзүңдү,
Тозокко түртө салбайбы.
Чапчакка бозо калтырып,
Чаңкаса суусун кандырып.
Батага келген элдерге,
Балдарың бозо бербейби.
Бозо салып бербесе,
Булу ордуна келбесе,
Шааниси жок деп сендейди,
Шайтандар жаман көрбөйбү!..
Сабагы болсоң санаттын,
Өзүн-өзү күүлөйбү.
Омуроолоп орунсуз,
Обу жок сөздү сүйлөйбү?
Салабаттуу жакшы адам,
Салттуу сөзгө кирбейби!..
Чалгыны болсоң канаттын,
Чабыттарсың, учарсың.
Чамаң жетпей калганча,
Чар тарапка сызарсың.
Чамаң кетип бир кезде,
Чарчап акыр тынарсың.
Чалгының калар тытылып,
Чар каргалар чокуп жеп,
Чар тарапка жыларсың!..
Чарылдак, чалым, жоголуп,
Чатак болуп турарсың!.
Чигити болсоң гозонун,
Астына чоң таш жаткырып,
Үстүнөн дагы бастырып.
Баш-аягын бекитип,
Баскыч салып кысылтып.
Азабың берип колуңа,
Агызар майың сызылтып!..
Даараты болсоң молдонун,
Кумганга суу куюлар.
Колуна алып койкойтуп,
Кожо, молдо жуунар.
Карап көрсөң даарат суу,
Каякка барып буюрар?
Көп нерсенин жолу бар,
Карап көрсөң, Эсеке,
Кандайча мунун оңу бар?!.
Алтымыштан ашканда,
Арып калган экенсиң.
Акыл менен эсиңден,
Танып калган экенсиң.
Карууң кетип шылкылдап,
Карып калган экенсиң.
Азабы көп тозокко,
Барып калган экенсиң.
Жаратканды унутуп,
Жаныңдагы Майкөттү,
Мазар кылып, пир тутуп,
Жарып калган экенсиң!..
Таманы болсоң жоргонун,
Такыратып таш басар.
Туягыңды түгөтүп,
Таманыңдан аксатар
Темтеңдеп баспай жүгүнтүп,
Теминсе көзүң жаш басар!..
Күлүгү болсоң жылкынын,
Күнүгө тойго минбейби.
Күкүгү болсоң ырчынын,
Күүлөнсө кыргый илбейби.
Күкүгү болом деп жүрүп,
Көптөн алдап жеп жүрүп,
Күнөөгө башың кирбейби?!..
Бууданы болсоң жылкынын,
Булкунтуп тойго минбейби.
Булбулу болсоң ырчынын,
Бурулуп кыргый илбейби.
Булбулу болом деп жүрүп,
Мындан-андан жеп жүрүп,
Бузуктукка кирбейби?!.
Торусу болсоң жылкынын,
Токмоктоп тойго минбейби!
Торгою болсоң ырчынын,
Тоо турумтай илбейби.
Торгою болом деп жүрүп,
Топтон алдап жеп жүрүп,
Тозокко башың кирбейби?!.
Асылы болсоң жылкынын,
Алкынтып тойго минбейби.
Акыны болсоң ырчынын,
Алжыган сөздү сүйлөйбү!
Акыны болом деп жүрүп,
Андан-мындан жеп жүрүп,
Азапка башың кирбейби!..
Жаак-чачың алдырбай,
Жүндүү болгон экенсиң.
Жаратканың унутуп,
Жинди болгон экенсиң.
Жабдык салып шайтанга,
Минги болгон экенсиң.
Жаннат турса, тозокко,
Кирги болгон экенсиң.
Желке чачың алдырбай,
Жүндүү болгон экенсиң.
Жыйылган топко каркылдап,
Үндүү болгон экенсиң!
Жетелеп Майкөт жүргүдөй,
Минги болгон экенсиң!
Баарын безип, жатыркап,
Пир болду Майкөт казагың.
Карыганча билбепсиң,
Ким экенин мазарың?
Анык, Майкөт пир болсоң,
Ашкан кыйын эр болсоң,
Карыганча казагым,
Канча киши жасадың?!..
Баатырсынып, Эсеке,
Байлыгыңа мактанбай.
Бүт баарынан безипсиң,
Бир Майкөттү тапканга!..
Баятан берки айтканың,
Мааниси жок ыр болду.
Бүтүн качып баарынан,
Майкөт сага пир болду.
Айтканыңды аңдасам,
Аябаган чыр болду.
Жети атаңды унутуп,
Жолоочуну пир тутуп,
Сандырактап, Эсеке,
Сага кандай сыр болду?!..
Арышын кере жүгүрүп,
Алдыңкы буту бүгүлүп.
Адырлуу жерден сүрүлүп,
Аргымак келсе, жол бербейм!
Атактуу Майкөт пириңе,
Айыпкер болуп, кол бербейм!..
Күнчүлүк жерден жүгүрүп,
Күүлөнсө буту бүгүлүп,
Капталдуу жерден сүрүлүп,
Казанат келсе, жол бербейм!
Кашыңда Майкөт пириңе,
Күнөөкөр болуп, кол бербейм?!.
Эргий-эргий жүгүрүп,
Эликтей буту бүгүлүп,
Эңиштүү жерден сүрүлүп,
Эсекең келсе, жол бербейм!
Эсилиң Майкөт пириңе,
Эңкейип барып, кол бербейм!..
Эскирип кеткен, казагым,
Эзелки өткөн сөздөн чач.
Эшендигиң бар болсо,
Эсекеңдин көзүн ач!
Эшендигиң жок болсо,
Эшектен болбой нары кач?!.
Картайып кеткен казагым,
Кадимки өткөн сөздөн чач.
Калпалыгың бар болсо,
Карыяңдын көзүн ач!
Калпалыгың жок болсо,
Качырдай болбой нары кач?!..
Адал эмгек динибиз,
Ата-баба пирибиз.
Көпчүлүктөн адашсак,
Кандай болот күнүбүз?
Тантырактап адашпай,
Таза жолго жүрүңүз!
Жол көрсөтүп отурган,
Жеңижок мен, иниңиз!
Эс, акылдан адашпай,
Элдин салтын билиңиз.
Билип алсаң бир тууган,
Бирге болот түбүбүз.
Ала кетем Аксыга,
Ар кылбастан жүрүңүз?!..
Ойдогунун баарысын,
Орду менен кам кылган.
Эзелкиден калган иш,
Эл-журт үчүн жам кылган.
Карманаарың пир болсо,
Каалаганың дин болсо,
Арстанбапта кожо бар,
Ажымат ата ошо бар,
Арманда калбай кошо бар?
Билип сөздү так айтып,
Пейилиңди агартып,
Пирим дебей Майкөттү,
Пикириңди оңдоп ал!..
Ай кыярып баркырап,
Баткан жайы кайда экен?
Ата-бабаң чогулуп,
Жаткан жайы кайда экен?
Азезилди таш менен,
Аткан жайы кайда экен?
Күн кыярып баркырап,
Баткан жайы кайда экен?
Күлдү пенде жыйылып,
Жаткан жайы кайда экен?
Күнөөлүүнү таш менен,
Аткан жайы кайда экен?..
Таңкы Сары жылдыздын,
Баткан жайы кайда экен?
Топ олуя биригип,
Жаткан жайы кайда?
Учсуз-түпсүз Ааламга,
Ырыс менен насипти,
Чачкан жайы кайда экен?
Айтчы, бейиш эшигин,
Ачкан жайы кайда экен?
Олуялар байыстап,
Турган жери кайда экен?
Азезилди таш менен,
Урган жайы кайда экен?
Кесирленип унуттуң,
Келеер сөздүн кезегин.
Жети атамды бүт билем,
Жерим Талас экенин.
Аксыга жүр мен менен,
Айыкканча кеселиң!
Талашы жок эч кимдин,
Талас туулган Мекеним!
Болбосун десең маскара,
Бер уруксат, Ташкара!
Соолугуп келгин дартыңдан,
-Сооп үчүн ала кетемин?!..

деп Жеңижок ырдап бүтүп, оңдонуп отурат. Жүз баштуу ак өргөөнүн ичи толгон эл туурдуктарын каңтарып, туштан тыңшап турушкандар андан көп. Жеңижоктун ырдаганына калың эл таң калат. Майкөт адегенде элге карап: «Бали, балам, Жеңижок! Жумыры басты, кызыл тилди адамда сенден аскан акын болмас, ракмет!»дейт да Эсенаманга кайрылып: «Мен сага кашан «Аулемин», Мазарыңмын», «пириңмин» деп айткан эдим?! Өзүң көгерип уруп жыгып, төрт аягымды буып бердиң! Балаң бауздамастан тирилей теримди тескери сыйрып салды! Энди айтар не сөз калды?

Ырахмет, балам Жеңижок, мен айтыспай ак жеңилдим!» деген экен.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.