Хордун искусстводогу ролу зор

shygyr

Эзелтеден эле элибизде хор (шыгыр) өнөрү да айтылып келген. Бул өнөр Совет доорунда кесипкөй деңгээлге көтөрүлүп, коомубуздун руханий дүйнөсүнүн калыптанышына салымын кошту. Айрыкча бул багытта республикабызда жападан жалгыз профессионал жамаат болгон камералык хордун орду баа жеткис. Камералык хор – өлкөбүздөгү бийик кесипкөй музыкалык жамааттардын бири. Жамааттын 40 жылдан бери элге жасаган эмгеги нар көтөргүс. Элдик обондуу ырлардан тартып, кыргыз композиторлорунун, ошондой эле дүйнөлүк классикалык шыгыр музыкасынын мыкты үлгүлөрү менен радионун алтын казынасын байытты.

Мамлекеттик чоң чараларда көлөмдүү хордук чыгармаларды аткарууда чет жерден чакырылган хор жамааттары бир эле келиши менен бир жылдык чоң жамааттын айлык акысын алып кетишчү. Кыргыз композиторлорунун оркестр үчүн жазылган гимн, кантата, оратория сыяктуу чыгармаларын жазууда да хор керек экендиги айкын. Муну түшүнүү менен 1974–жылы Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин чечими боюнча, улуттук телерадио берүү корпорациясынын алдында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик камералык хору ачылып, Кыргызстандын музыкалык искусствосунун тарыхына жаңы барак кошулду.

Адегенде аны хормейстер Кеңеш Алиев жетектеп келген. Ал камералык хордун пайдубалын түптөө менен жамааттын аткаруучулук чеберчилигин жогорку деңгээлге жеткирген. Эки жылдан кийин Валерий Гумбин жетектеп, ал тарабынан хор үчүн иштелген чыгармалардан тартып кантаталарга чейин аткарылып, Кыргыз радиосунун казынасына чыгармалар, грамплас­тинкалар жазылган. 1987-жылы шыгыр жамаатынын эмгеги бааланып, Жаштар сыйлыгынын лауреаты болгон жана Ардак грамота менен сыйланган.

1992-1994-жылдары хордун жетекчиси болуп К.Нурматов дайындалат. Нурматов кыргыз радиосунун фондуна кыргыз композиторлорунун жана обончулардын чыгармаларын жаздырат. Кыргыз аялдарынан туңгуч хормейстер, Кыргыз Рес­публикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эл аралык жана бүткүл союздук, респуб­лика­лык конкурстардын жана фестивалдардын лауреаты, профессор, таланттуу музыкант Гүлбара Маматова ушул жамаатты 2002-жылдан бери жетектеп келүүдө. Гүлбара Казакбековнанын дүйнөлүк классикалык чыгармалардан башка, элдик жана кыргыз обончулары менен композиторлорунун далай чыгармаларын радио­нун алтын казынасына жазууда, аларды радио уктуруу менен теле көрсөтүүдө, борборубуздун жана жергебиздин айыл-кыштак, шаарларыбыздын концерттик залдарында пропагандалоодогу эмгеги баа жеткис.

Адам баласынын добушундай кооз үн берген музыкалык аспапты адам өзү азырынча ойлоп таба элек. Ошондуктан хордо ал өнөрдү жанындай көргөн гана ырчылар иштей алат. Хордо мыкты артисттер Жапаров Орузбай, Дүйшөналиев Чолпонбек, Мухуддинова Махбуба, Бөкөтаев Кенжебек, Ыбыкеев Бакытбек, Исмаилова Кызбурак, Ырсалиева Айгүл, Чоткараева Гүлнара, Кускаков Кайынбек, Мусуралиев Асан, Урмамбетова Сыяпат, Бейшебаева Үпөл, Жакшылыкова Гүлбарчын, Бокоева Бактыгүл, Жолдошева Гүлмира сыяктуулардын эмгеги зор. Алар ырчылык милдеттерин гана аткарышпастан, чың ыкластан өз­дөрүнүн кесиптик тажрыйбаларын жаштар менен бөлүшүп, иштин ийгилигине дайыма өбөлгө болушууда. Алардын жолун жолдоп Эрназаров Нурмамбет, Мусаев Данияр, Садыкова Гуля, Рыскулова Чынара, Абакирова Кенже, Керималиев Алмазбек, Койчуманов Жолдош, Асанбекова Фарида, Сартов Алтынбек, Тилегенова Анара сыяктуулар бул өнөрдүн учугун татыктуу улап  келишүүдө.

2007-жылы хордун жамааты Казак Республикасынын Ак-Төбө шаарында өткөн «Жубанов көктөмү – 2007» хор искусствосунун эл аралык фестиваль-конкурсунун лау-реаты болгон. Ага катышкан бир топ аттуу-баштуу эл аралык хор искусствосунун адистери, музыка таануучулар, композиторлор хормейстер Гүлбара Маматованын дирижерлук чеберчилигине жогорку баа беришти.

Алтынай АКИМЖАН, КРнын композиторлор союзунун мүчөсү,
“Кыргыз Туусу”, 15.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.