Ш.Дүйшеев. Агындылар

(Уландысы. Башы)

РЕДАКТОР МУСАЕВ

Табият ыроологон шыгы менен басма сөздө иштеп, жүрө-жүрө агездеги баш гезит болгон «Советтик Кыргызстандын» Нарын облусу боюнча өз кабарчылыгына жетип, Тянь-Шандын түтүнүн түрө кыдырып, элдин да, жердин да шартына карыгып жөө турмушка жедеп бышып алган неме кайран ЦКанын «кан-жин» агызып кирип турган маалында аны көздөй гезитинин сүрсөөлөтүнө таянып, таянганда да мыктап таянып, колхоз башкармасынан тартып райкомдун катчысына чейин түгүн чыгара үшүн алып, мезгил каякка жалт берсе жалт берген жагына жабышып, тоголонсо кошо тоголонуп, таскактаса кошо таскактап, уруп-согуп фельетон жазып, уруп- согуп макала жазып, жазганынан эмес, чыкканынан ырахат алып, бирок, замандын түпкү маңызын түшүнүүгө келгенде такыр эле тоң моюндук кылып, көпчүлүк кыргыздардай эле өз алдынча окуп-чокугандан, жаңылык издегенден жаа бою качып, өзү айткандай «ойдо жок жерден» облгезитке редактор болуп калган Дүйшөнбай Мусаев жөнүндө, мейли аны башкалар кандай деп айтышпасын, жүрөгүндө адамга кылдай арамдыгы жок, согор-сокмоксон болуп турган желге эмес, шамалга окшогон, күйөр-күймөксөн болуп турган отко эмес, өрткө окшогон, өр тартып бараткан жашына карабастан ойдо жок иштерди жасап жибермей оендугу бар, айтпачу сөздөрдү айтып жибермей алгырдыгы бар, бөйрөгүн күнгө кактап жаткан көпчүлүктүн бырын-чырынын чыгарып жиберген баланын ташына окшогон шоктугу бар, өзү да баладай тентек, баладай таза киши катары өмүр бою эсимде калды.

***

Мусаев азыркы урук-туугандын учётун ала элек ошол кезде эле чынжырлуу жолборстун нак өзү болгон Ормон хандын тукуму экенине жонун кактап, сыймыктанып алар эле. Илгери кыргыздар да башкаларды туурап орозо кармап, анысы айланып олтуруп жай чилдеге туш келип, жайдын ысыгы менен узагына чыдай албаган эл «орозону жылдырып бериңиз» деп Ормонго кайрылганда: -Орозо кышында кармалсын!-деп орозону өзү эле кыш мезгилине котортуп салганын ушул кезде да аңыз кылып айтып жүргөндөр толтура. Ушунусу менен эле Ормон оңой эмес көкжал экенин далилдеп турбайбы!

***

Дагы бир көйгөй, тынч кезде эч качан бир максатка бирикпеген, тынч кезде акылдуу, агымы терең сөздөргө караганда акылсыз, бузуку, ала коюп бирөөлөрдү маңдайга шилтеп жибере тургандай «ташы көрүнгөн» тайыз сөздөргө көбүрөөк ыктаган кыргыз, жаны кашайганда, жалпы калктын башына күн түшкөндө гана арстан болуп, жоосун талкалап, жай-жайына тараар замат кайрадан «ит менен мышыкка» айланган кыргыз кыргындан сактап калган, кыргыз хандыгын түзгүсү келген Ормонго да бирикпей койгон. Анын жакшылыгын да бат унуткан.
***

Мусаев да бабасы Ормондон кем эмес көкжалдардын бири болчу.

НАРЫНГА КЕЛГЕНДЕ

КМУну бүткөндөн кийин шаардын гезиттеринде иштеп калсам деген тилегимден эч нерсе чыкпады. Жадагалса корректорлукка да алышпады. Бир-эки күндөй бозала боло түшүп жазылдым да, дипломду чөнтөккө урган бойдон, кайдасың Нарын деп, киндик кан тамган жерге жөнөп кеттим. Облустук редакцияга эртеси келдим. Короонун күн түшкөн бетинде төрт-беш киши чылым чегип турган экен. Салам айткыча болбой эле, чачын чалкасынан тарап койгон, мурдунун жылгасынан көк тамыры көрүнгөн, тунук көз айнекчен кызгылт сары киши тобунан озунуп, сөөмөйү менен мени мээлеп, ыкшып коё берди: –Тетиги немени карасаңар, телтейип темир тагынып келатканын? Күлө турган эчтеке таппай, эми таап алгансып, жанындагыларынын да жаагы жалжая берди. Көз айнекчен сары, ошол шаардын майда чымындууларына кадыресе таасири бар, өзү да аңгеме-саңгеме жаза коюп, обулгезитке тынбай жарыялай калып жүргөн, партшколду бүтүрүп, аспирантурада да окуп жаткан, нарындыктар үчүн бир топ эле билимдүү деп эсептелген, редактордун орунбасары Асанкадыр Эсенканов эле. Ал менин жакамдагы значогума күлүп жатыптыр. Шылдыңды унчукпай көтөрүп, Дүйшөнбайды сурадым. Обкомдун саясый агартуу үйүндөгү жыйналышта экендигин айтышты.

«МЕНИ АЙТТЫ ДЕП ИШТЕЙ БЕР»

Мен барганда жыйындан жаңы эле тарап, чыгып келаткан экен. Ошол кезде өңчөй чоңдор гана кийе турган адеми шляпачан, кара сур плащ, чарчы бойлуу, ак саргыл кишинин маңдайында турдум. Эмнегедир ушул адам канчалык чыштай кийинип алса дагы менин көзүмө чогулуш үчүн эле атайылап бирөө зордоп кийгизгенсип, кийгенде да өзүнүкүн эмес, бөлөк бирөөнүкүн кийип алгансып, муунта байланган галстуктан бошоналбай аткансып сезилип кетти. Анан күтүлбөгөн жерден:

–Иттин каргысындай болгон энеңди урайындыкы!-деди да, мойнундагы галстугун ой-боюна койбой чечип алып, чөнтөгүнө урду. Анан мени тиктеп: –Ии, жол болсун баатыр? -деди.

– Сизде орун болсо ишке орношоюн дедим эле.

–О, ромбигиң бар турбайбы. Ромбигиң бурамабы же төөнөгүчпү?- деди, жакамдагы значокту суктануу менен карап.

–Бурама, – дедим. –Мыктысын беришкен экен, мыкты бүткөнсүң го?- деди да:

–Ким жиберди?- деп кошумчалады.

–Эч ким жиберген жок. Өзүм келдим.

Фамилияң ким?

–Дүйшеев.

–Деги эле… Жаман иттин аты-бөрүбасар… Совмин Дүйшеевдин бирдемелеринен болсоң темселеп мага келет белең, түз эле обкомдон түшө калбайт белең. Баса, көкжалдардын баары шаарда калчу эле, эмне үчүн шаарда калган жоксуң?- деди. –Таанышым жок, эч ким албай койду,-дедим. –Эч ким албаса мен алам, бар, Сагын Жуматаев деген ответсекретарь бар, ошого барып мени айтты деп приказ чыгартып иштей бер,-деп басып кетти.

БУЛ ЭМНЕ ДЕГЕН КИШИ?

Ошентип, ишке баш-отум менен кирип, тытынып макала жазып, басмакананын кара боёк сиңген үстөлүндө үргүлөп гезит чыгарып, редакциянын турмушуна билинбей аралашып кеттим. Ички иштерибиздин баары эле редактордун эки орун басарлары аркылуу бүткөндүктөн, Дүйшөнбай Мусаев деген кандай киши экенин, ким деген киши экенин билүүгө такыр эле буямам келбей жүрдү. Анан калса качан көрсөң эле, ак «Волгасын» алкынтып, «обком ополдомоч кылып койду» деп эле аягы сай таппай турчу. Кокус командировкасы түгөй түшсө же редакцияны сагынып калабы же карамагында канча киши барынын эсеп-кысабын алып коёюн дейби, түтөктөтүп эле планерка өткөрүп жатып калчу. Анын ким экендиги ошондо чындап билинер эле.

БИРИНЧИ ЧОГУЛУШ ЖЕ КАТЫНДЫН КАТЫ

Мусаев планерканы адегенде өзү төрдөн орун алып, эки тарабына эки орунбасарын, жанына жооптуу катчысын жайгаштырып алып, анан корректорлорду, айныкейи кармаса машбюродогу машинисткалар менен уборщица катындардан бери жыйып келип өтөр эле. Бир жолу:

–Жолдоштор! Маселе өтө опурталдуу, республиканын атактуу чабаны, жүзүндө 198ден төл алган Совет Сакыбаевдин катынынан кат түштү, -деп сөзүн баштады да, күбүрөп окуп келатып эле:

–Оңбогон катын, өзү чабандын катыны болуп туруп, орусча жазганы эмнеси, ме түшүндүрүп берчи?- деп катты жооптуу катчыга сунду. Кат чын эле орусча жазылыптыр. Анда «Дүйшеев деген кабарчыңар келип, биздин төлдүн төрт жылдык орточо көрсөткүчүн төмөндөтүп гезитке жазган, фактыны «искажать» эткен, ошон үчүн кабарчыга чара көрүүңүздү сурайбыз?» деген мааниде экен. О, агезде чабандар «кутуруп», совет өкмөтүнө кудайдын балдарындай эле эркелеп, «тү» деген түкүрүктөрү жерге түшпөй, айткан-дегендери эки болбой турган чагы. Аты-жөнүм аталары менен ошол кездин эрежеси боюнча ордумдан турдум. Мен Сакыбаевдин короосуна барбаганымды, редакциянын тапшырмасы боюнча Кочкор райкомунун 1-секретары, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровго кирип, анын макаласын уюштуруп келгенимди, Сакыбаевдин катыны айткан цифраларды биринчинин өзүнөн, «Труд» гезитине даярдатып жаткан макаласынын бир «копиясынан» алганымды, ал боюнча далилдерим да бар экенин айткан сөздөрүм суу кечпей калды. Мусаев омуроолоп кирди:

–Мойнуңа ал,- деди.

–Албайм,- дедим.

–Эй, бул жөн кат эмес, катындын каты, анын үстүнө орусча жазылган кат, алгын!- деди.

–Албайм,- дедим.

–Азыр эле алдырабыз, -деди да, жооптуу катчыга: –Жаз, тезинен сөгүш жаза сал! -деди. Жооптуу катчы сөгүш жазчу «книгасын» такай ала жүрчү эле, барактай салып: -Мунун сөгүшү бар экен, жакында эле бериптирбиз, -деп шаабайы сууй түштү. –Дагы бирди жаз! -деди Мусаев.

–Законго ылайык келбейт го?-деп кетенчиктеди жооптуу катчы.

–Келет. Эки сөгүштү катары менен жаз, эсине жакшылап келсин! Анан «сөгүш берилди» деген кагаз даярдап, мага берип кой, Кочкорго барганда Сакыбаевдин катынына берип койгудай болоюн, маселеси катуу каралды деп? -деди да кийинки маселеге өтүп кетти. Планерка бүтүп, чыгып баратканыбызда:

–Шайлообек, коё турчу?- деп мени токтотуп алып: –Октябрь майрамы жакындап келатканын билесиңби? Энесин урайын, сөгүшүңдү ошондо алып салам, -деп койду. Чын эле агездеги чоңдор кызматкерлерине берилген сөгүштөрдү майрамдардын алдында алып таштап, майрам өткөндөн кийин кайра «сөгүп» коюп «жата» берчү.

***

Ошондон көп өтпөй Кочкор тараптан келип калган кимдир бирөөнөн Сакыбаевдин бээси эгиз кулун тууганын угуп алып, «Кыргыздар дүйнөсү» дегенге маалымдап жибердим. Демейдегидей эле планерка өтүп жаткан.
–Дүйшеев, бу сен оңбогурсуң го дейм ыя?-деп калды Дүйшөнбай, колундагы «Нарын правдасынын» жаңы санын калдайтып ачып алган калыбында. Ал өз гезитин окуганды, өзгөчө өзү жазгандарын аябай жакшы көрчү:

–Сакыбаевдин катыны «кабарчыңыздын катыгын берип коюңуз Дүйшөнбай Мусаевич!» деп кат менен сени согуп атса, сен кайра бу менин сүйүп окуган рубрикама анын бээсин мактап жазганың кандай? Болду, болду, козу бышары менен командировка ал, Сакыбаевдин короосуна барып, бир козусун жедирип келейин,- деп чечекейи чеч боло түштү.

«СЕЙРЕК ТАЛАНТТАРДЫ БАЙКАБАЙТ ЭКЕНСИҢЕР»

Дагы бир жолу гезитибиздин адабият бөлүмүн тейлеген Аскарбек Мамбетов деген жигитти тургузду.

–Сен адабиятта сейрек кездешкен, айылдык чыгаан таланттарды такыр эле байкабайт экенсиң. Көрө албастыгың деле жоктой көрүндүң эле, билбейм эмне болуп атканыңды. Байкадыңбы, акыркы жылдары Кочкор өрөөнүндө бир жаркын талант пайда болду. Азыр Кочкордун эли бүт эле ошону кеп кылып жүрөт. Эми ал түгөнгүрдүн тилинин тикенин айтпа. Бу Нарын чөлкөмүндө Нинакандан кийинки эле ошолбу деп ойлоп калдым. Эл айтып атса ишенбей коё албайт экенсиң да. Ме, карап көрчү? Талант уялчаак болот эмеспи, бечара, мага жолуккандан уялып, бирөөлөр аркылуу келди деп угуп, ошондо да өзү даап бере албай, самоор кайнатып жүргөн келинден берип жибериптир, – деп ак баракка машинкаланган калың кол жазманы Аскарбекке сунду. Кудай кылбасын, анан көп өтпөйле сандан-санга Мусаев деген ат менен ырлар, тамсилдер жайнап чыга баштады. Көрсө Мусаев мактаган «айылдык акын» Кочкордун бир совхозунун көп тираждуу гезитинин редактору болуп иштеп жүргөн Дүйшөнбайдын карачечекей бир тууган иниси экен.

«КЕЛ, БАШЫҢДЫ ЖАЗЫП БЕРЕЙИН?»

Дагы бир жолу планеркада олтурабыз. Дүйшөнбайдын кара телефону «чыр» дей түштү. Алды. Анан угуп туруп:

–И, кайран эр… Мени кой… Өзүң кандай? Кечээ өлөсүң десек болбой сого бердиң эле, оңбой калыптырсыңбы? Анан дегеле адамдан башкача ичет экенсиң, өлөр-тирилериңе карабай. Акыркысын алба, жантасилим болосуң, дагы баягыдай партбилетиңди жоготуп ийип атууга кетесиң деп жакшы эле айттым эле го. Кел эми, башыңды жазып берейин?-деп трубканы койду да бизге:

–Облустун прокурору,- деп койду. Тышка чыкканда эстеп алып күлүп атсак, редакциянын алдына кара «Волга» келип токтоп, ичинен жакасына прокурордун петлицасын тагынган салык курсак, узун бойлуу, жоон кара киши айткан саламыбызга алик албай кирип кетти. «Баш жазганы баратасың да» деп ойлодук.

«КИМИБИЗ МУРДА САЛАМ БЕРЕР ЭКЕНБИЗ?»

Мусаев ушак-айың болуп кетеби, сөз болуп кетеби деп такыр сактанчу эмес. Дейм дегенин деп, айтам дегенин айта берчү. Күндөгүдөй обком тарапка кеткен. Келип эле планеркага чакырды. Чакырды да: –Жанагы жембаштыкка окшогон кара немеңер бар экен, салам береби десем тим эле кытай сүткорундай кырданат, мен да салам бербей кырданып атам, кимибиз мурда салам берер экенбиз? – деп калды.

– Ким, ким? – деп сурап жиберишти орунбасарлары.

– Жанагы шаардын биринчиси? –деди. Үн-сөз дебей туруп калышты. О, ал кезде кудай кылбасын, партиянын арааны жүрүп турган кези. Нарын шааркомунун 1-секретары Жуман Акималиевдин арааны андан эки эссе жүрүп, анын атын укканда ыйлаган бала сооронуп, Матендин атын уккандай эле нарындык чоңдордун сийдиги булут айланып кетчү. Эшикке чыкканда «бу Мусаев дегениң өлө албай жүргөн неме го» дегендер да болду. Таң калгандар да болду. Жүрө-жүрө унутуп да калдык. Мусаев унутпаптыр. Дагы бир планеркада өзү баштады: –Эй, гезитте ар барбы, чыга берет, аны коё туруп бери карабайсыңарбы, баягы немеңер өзү салам берип калыптыр, болду-болбоду менин каяктан келгенимди укса керек,-деди. Көрсө шааркомдун 1-секретары ага өзү салам берген экен.

«БИЛГЕНИҢЕРДИ КЫЛЫП АЛГЫЛА!»

Көп өтпөй отпускага чыгып, эс алып келди. Адаттагыдай планеркага кирдик. Үстөлдө маңдай-тескей эки орунбасары, жанында жооптуу катчысы. Көзүбүзгө редактордун оң жак, сол жагына жыйылып коюлган каттар урунду. Оң тарабындагы каттардын бийиктиги Мусаевдин олтурган бою менен тең болуп турат. –Каттарды карап чыктым,- деп баштады сөзүн, -мына бул менин боюм менен тең болуп турган каттардын баары жалаң Кочкордон, менин Родинамдан келген экен. Дүйшөнбай өзү келгенде чыгарып алсын деп атайылап алдыма жыйып койгонуңар көрүнүп турат. Мына ушунун бирин калтырбай чыгартам, жарабагандарын так өзүңөргө жаратып туруп чыгартам. Билгениңерди кылып алгыла! – деп кат маселесин бүттү да, жооптуу катчыга кайрылып:

–Мен жокто мына бул экөө кандай иштеди? -деди орун басарлары Мамбеталиев менен Эсенкановду көрсөтүп.

–Жакшы эле,-деди.

–Ичип итчилик кылгын жокпу?

–Жок,-деди Сагын Жуматаев эрдин жаланып.

Мамбеталиев Сулайман 1-орунбасар болучу. Бир караганда атактуу киноактёр Леоновго түспөлдөшө түшкөн акылдуу киши эле, иччү эмес.

–Эми мунусуна айла жок. Чоң философ, наркта жок илимпоз эмеспи,-деди Эсенканов жакты жаңсап, ал эми мына мунуң, «ичпейм, ичпейм» деп коюп, шампан көргөзүп койсоң, тим эле шампалаңдап түбүнө түшүп кетчү эле,-деди Мамбеталиевди карап. Анан дубалды бойлой олтурган биз жакка көзүн таштап:

–Карасаңар тигилерди, жалаң бир катарга тизилип алышканын жоголуп кетчүдөй,-деди. Чын эле сүйлөшүп алгансып, редакцияда иштеген ат-башылыктардын баары бир катарга отуруп калган экенбиз.

(Уландысы бар)

Шайлобек Дүйшеев, “Де-Факто”, 11.08.2014-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Ш.Дүйшеев. Агындылар

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.