К. Басылбеков: “Алыкул өмүрү кыскалыгын билип, “Жолборс терисин жамынган баатырды” 11 айда жазып койгон

2015-жылы Алыкул Осмоновдун туулгандыгына 100 жыл толот. Кыргыз элинин тарыхында миң жылда бир жаралуучу залкар акындын юбилейин тиешелүү мекемелер, Жазуучулар союзу белгилейби жокпу же адаттагыдай көнүмүш иш чараларды өткөрүп кутулуп кетеби, аны учуру келгенде көрө жатарбыз. Ал эми белгилүү чыгыш классиктеринин котормочусу Кубанычбек Басылбеков грузин акыны Шота Руставелинин “Жолбор терисин жамынган баатыр” поэмасын” которуу менен Алыкул бул чыгарманы  кыргызча жазгандыгын далилдөөгө аракет кылууда. Андыктан биз аны менен өзүнүн чыгармачылыгы жана Алыкул тууралуу маектештик.

– Кубанычбек ага, кандайча чыгыш акындарына жакын болуп калгандыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

– Менимче ар бир эле адамдын, өзгөчө өнөр ээлеринин тагдырына анын балалык чагындагы көргөн-билгендери, айлана-чөйрөсү чоң таасир берсе керек. Мен да Кемин районунун Быстровка айылында (азыркы райондун борбору Кемин шаары) орус класста окуп, чоңойгондуктан орус тилин жакшы билип калдым. Ошол эле учурда кыргыз тили менен каада-салтын да унутпай, бирдей өздөштүргөндүктөн, чала кыргыз же чала орус болбой, эки тилди тең бирдей билип чоңойдум. Алгач кыргызча да, орусча да ырларды жазып  жүрдүм. Кийин орто мектепти аяктаган соң борборго келип (ал кезде Фрунзе шаары эле), Ленин атындагы заводдо жумушчу болуп иштеп калдым. Ага чейин бир жылдай музыкалык мектепте окуп, үй-бүлөлүк шарттан улам таштап койгом. Бир чети бул заводдо иштеп калышым чыгармачылыгыма түрткү болду. Анткени ал жерде кыргыз, орус тилдеринде адабий ийримдер бар болчу. Мен орус тилиндеги “Горные зори” аттуу ийримге кирип, орусчаны андан ары терең өздөштүрүүгө шарт түзүлдү.

– Демек, Сиз үчүн кайсы бир окуу жайдан билим алгандан көрө турмуш мектебинин сабагы көбүрөөк билим берген турбайбы?

– Ошондой десем болот. Көп өтпөй аталган заводдун “Тоо жылдызы” аттуу адабий ийримин белгилүү фантаст жазуучу Беганас Сартов жетектеп калып, ал да мени адабиятка, поэзияга жакындатууга түрткү берди. Мен бул ийрим менен 18 жыл кызматташып, Москвадан чоң адабий окуу жайды бүтүп келгендей эле билим алдым деп айта алам. Чындыгында Б. Сартов жетектеген бул адабий ийрим көптөгөн белгилүү кыргыз акын, жазуучуларынын мектеби болгон. Ал кезде республикалык гезит, журналдарга өзүң тууралуу жазылса же чыгармаларыңдын жарык көрүшү космоско учкандай эле чоң жетишкендик болчу. Андыктан адабий ийримдин дубал газетасына же заводдун ведомстволук гезитине ырларыбыз жарыяланса кадимкидей шыктанып, алга умтулуп калчубуз.

– Ал эми чыгыш акындары менен кандайча “достошуп” калдыңыз?

– Ошол заводдо иштеп жүрүп орусча да, кыргызча да ырларды жазып жүрдүм. Бир күн  Омар Хаямдын орусча ырлары колума тийип калып, окуп чыккандан кийин ал саптар бүткүл жан дүйнөмдү чырмап алып, которууну чечтим. Балким, мен Б. Сартовго жолукпай калсам мынчалык поэзияга берилип, котормочу болбой же орто заар деңгээлде гана которуп калсам керек эле. Заводдо иштеген 18 жыл боюу Б. Сартовдун “Тоо жылдызы” адабий ийримине такай катышып жүрдүм. Мен үчүн чыгармачыл жаштар жолугушкан жуманын экинчи күнү кадимкидей майрам болчу. Биз анда ырларыбызды окуп, талкуулап, сын-пикирлерди айтып, адабияттын такшалуу мектебинен өткөн экенбиз. Ошентип 1970-жылдардан тартып бүгүнкү күнгө чейин чыгыш классиктери Омар Хайям, Рудаки, Фирдоуси, Баба Тахир, Насир Хосров, Руми, Саади, Жами жана башка акындардын чыгармаларын кыргыз тилине котордум. Жакында Ирандын Кыргызстандагы элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүктүн демөөрчүлүгү менен Саадинин “Гүлстан” аттуу китеби кыргызча жарык көрдү. Аларга да ыраазычылык билдирем. Мен которгон бул чыгармалардын дээрлик бардыгы китеп болуп чыкты. Ошентсе да аларды бириктирип, “Чыгыш поэзиясынын антологиясы” деген аталышта жыйнак кылып даярдап койдум, көлөмү 1000 бет. Эгер демөөрчү табылса, китеп болуп чыгып калар.

– Кубанычбек ага, Сиздин грузин акыны Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” поэмасын да которуп жаткандыгыңыз белгилүү. Бирок бул чыгарманы  Алыкул Осмонов эбак эле которгон эмес беле…

– Ооба, эл арасында бул чыгарманы Алыкул эркин которгон деген түшүнүк бар. Бирок оригинал менен Алыкулдун жазганын салыштырып көрсөк, ал которбой эле кыргызча жазып чыккандыгына ынанабыз. Анткени андагы муундар менен уйкаштыктар бири-бирине дал келбейт, Алыкулдуку аттама уйкаш.  Мен Николай Заболотскийдин котормосун кылдат окуп чыктым. Шота Руставели бул поэмасын 11 муун, 4 сабын тең уйкаштырып жазса, Алыкулдукунда андай салт сакталган эмес. Автор 14 миң саптан, 60 главадан турган бул чыгармасын канча убакытта жазып бүтүргөндүгүн билбеймин. Бирок Алыкул 11 айда эле жазып койгон экен.

– Эмне үчүн Алыкул мынчалык шашылып жана эркин которду деп ойлойсуз?

– Албетте, Алыкул эң оболу таланттуу акын жана котормочу болгон. Ал мындан тышкары Пушкинди, Шекспирди жана башка дүйнөлүк поэзиянын классиктеринин чыгармаларын которгондугу белгилүү. Биз билгенден Алыкул бир нече ырлары менен көлөмдүү чыгармаларын өзүнө жакпай калгандыктан өрттөп салган. Себеби ал дайыма изденип, бийиктикке умтулган өжөр акын болгон. Анын бул касиетин айрым  замандаштары “түнт, караңгы, эч ким менен сүйлөшпөйт”,- деп да жазышкан. Чындыгында табият Алыкулга чексиз талантты берген менен жетимчиликтин кесепетинен кургак учук илдетине кабылып, турмуштун соккусуна да кабылган. Бир чети сүйгөнү таштап кетип, бир жарым жашар кызы чарчап калган. Бүгүнкү эркектер тагдырында ушундай кыйынчылык болсо ичип кетип же депрессияга кабылып, өзүн жоготуп жиберип жатышпайбы. Ал эми Алыкул кайра турмушундагы тоскоолдуктар менен өжөрлүк менен күрөшүп, чымыркана эмгектенип, өмүрү кыска экендигин билгендиктен, көп эмгектенип, “Жолборс терисин жамынган баатырды” да окуп туруп эле 11 айда кыргызча жазып койгон. Анткени анын түп нускага окшоштуруп которууга убактысы болгон эмес. Эң негизгиси  ага таланты да, дарамети да жеткен.

– Демек, Сиз бул чыгарманы которуу менен Алыкулду кемсинтпей эле кайра көтөрүп жаткан турбайсызбы. Бул эмгегиңизди калемдештериңиз кандай кабыл алууда?

– Сен менин көптөн бери айта албай жүргөн оюмду ачыкка чыгара турган суроо бердиң. Чындыгында бул чыгарманы которуудагы максатым ушул болуп саналат. Анткени жогоруда айтылгандай, Алыкул ушунчалык таланттуу болгондуктан, “Жолборс терисин жамынган баатырды” кыргызча жазып салгандыгын далилдегим келет. Ал эми менин котормом кандай деңгээлде чыгат, ага учурунда окурмандар баа беришер. Алгач мени туура түшүнбөй, “Сен Алыкулдан кыйынсыңбы, аны кемсинтип жатасыңбы?”,-деп жемелегендер, ал тургай мушташканга чейин баргандар да болушту. Бирок кийин маселенин маңызын түшүнгөн соң алар кайра кечирим сурашты. Ал эми С. Жусуев менен Э. Турсуновдор кубатташып, колумду кысышып, гезиттерге да жазышты.

– Албетте, Алыкулдун чыгармаларына толук баа бериле элек. Анткен менен Сиз анын таланты менен эмгекчилдигинин сыры эмнеде деп ойлойсуз?

– Бир чети Алыкулду анын татаал тагдыры акын катары тарбиялады. Балдар үйүндө билим алып, көп окуп, болгондо да кыргыз элинин эпостору менен дастандарын көп окуган. Кийин Шекспир, Пушкин сыяктуу дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын которуп, аларды бүткүл аң-сезимине, акыл-эсине сиңирип, “Толубай сынчы”, “Жеңишбек” жана башка поэмаларын жазууга чоң азык алган. Болгону 35 жыл өмүр сүрүп, өлбөс-өчпөс чыгарма жаратуу эмне деген эрдик. Бир сөз менен айтканда, ал тубаса талант менен эмгекчилдикти айкалыштыра билген.

– Ал эми Сиз которуп жаткан “Жолборс терисин жамынган баатыр” улуу акындын 100 жылдыгына белек болот экен да?

– Ошондой тилегим бар, бирок мындан он жыл мурда баштаган котормонун 60 главасынын болгону 25 главасын араң бүттүм. Анткени жогоруда айткандай, оригиналдагыдай 11 муун жана төрт сабын тең уйкаштыруу өлүп-тирилгендей эле азап экен. Бир сабы эле окшошпой калса, кайра баштан башка сөз издешиң керек. Эгер баш көтөрбөй отурсам, бир жылда калганын деле которуп коём. Тилекке каршы  2 миң сом пенсия алгандыктан, үй-бүлөнү багуу үчүн жер иштетип, мал карап күнүмдүк көр тиричиликке көп убактым короп жатат. Эгер котормонун үстүнөн маталып отурсам, турмушуң токтоп калат экен. Ошондуктан 65ке келип калсам да уялбай эле дербиш болуп, Чүйдүн кыйынмын деген байлары менен бизнесмендерине каражат жагынан жардам сурап кайрылбаган адамым калган жок. Бирок шайлоо менен сөөгү эбак сөпөт болгон бабасын “тирилтип алууга” миллиондорду чачкандар Алыкул менен Шота Руставелини да, “Жолборс терисин жамынган баатыр” менен китептин да баркын билишпейт экен… Жок дегенде кабыл алып “бул эмне?” деп коюшпады. Бир гана бара элегим Т. Сариев менен котормонун баркын билген президентибиз А. Атамбаев калды…

Маектешкен Эмилбек Момунов, “Кабар” МА, 15.05.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.