“Бир күн оору, – бир күн соо тыңдайсыңбы Алымкан?”

toktogul_komuz

Арзуунун илебиндей калын элдин көкүрөгүнө орноп калган айтылуу Алымкандын айланасында ар кыл талаш – тартыш айтылып жүрөт. Токтогул акын менен Бектемир Эгенчиевдин кимисине ыйгараарын биле албай, Алымкан ырды ар башка жоруп обону менен сөзүнүн авторлорун таппай жүргөндөр мындан көп. Ушул талашты тактоо иретинде окурмандардын талдоосуна төмөнку иликтөөнү сунуш кылууну ылайык таптык.

Токтогул Сатылганов 19-кылымдын аягында жана 20 кылымдын башындагы кыргыздын ооз эки музыкалуу практикалык көркөм өнөрүнө чыгармачылык өзгөчө табылгалуу салымын кошкон чыгармачыл талант. Мындай өзгөчөлүгүнө анын :

Токтогул черткен “Жаш кыял”,
Тындасаң боло Алымкан…

-деп Алымканга арнап махабаттуу комуз күүсүн чертип, бийик поэзиялык сөзү менен өз обонун ырдап, бир эле чыгармасындагы айтайын деген оюн бир нече өнөрүн синтездешкен төкмөлүү формасы аркылуу терең мазмундуу жана маанилүү кылып ачыгын мисалга алып караса болот.

-Токтогулдун “Алымкан” аттуу ыры кыргыз маданиятынын өсүү жолунда маанилүү орунду ээлеп келет. Бирок элибиздин сезимине ал кандай түрүндө, кандай жол, шарт менен жеткендиги, кайсындай даражада таасир эткендиги орчундуу маселелердин бири.

“Алымкан” элге негизинен эки гана поэтикалык түрүндө кеңири тараган. Биринчиси – басмага басылган, ар бир куплети төрт саптан турган алты куплеттүү жазма ыры болсо; экинчиси ушул эле саптардын Бектемир Эгинчиев тарабынан обонго салынып ырдалып жүргөн түрү. Ырдын сөз менен жазылган текстин Жоомарт Бөкөнбаев Коргол Досуевдин айтуусунан 1938-жылы жазып алып,1940-жылы Токтогулдун ырлар жыйнагына киргизгени белгилүү. Элибиз ушул гана формаларында жана мазмунунда таанып, билип, колдонуп, маанисин да ошого жараша түшүнүүдө. Натыйжада, автордун аткарылуу түрүнөн жана мүнөзүнөн, формасы менен мазмунунан, ага жараша маанисинен мезгил өткөн сайын алыстап, кабар албай баратканы байкалат.

П.И. Балтин, Ж.Таштемиров, Д.Сулайманов, М.Сырдыбаев, С.Турганбаев, Ш.Үмөталиев сыяктуу окумуштуулар “Алымканды” физиологиялык жактан изилдешкен. Ал эми А.Затаевич, В.Винаградов, Б.Алагушев окумуштуу – фольклорчулар Токтогулдун музыкалык материалдарынын бир тобун жана аларга тиешелүү кошумча маалыматтарын өзүнөн да, башка аткаруучулардан да, билген адамдардан да жыйноо менен бирге кээ бир жагдайларын талдап чыгышкан. Булар өтө баалуу эмгек. Бирок “Алымкан” автордук оригиналы боюнча оозеки музыкалуу – поэтикалык төкмөлүү өнөрдүн негизинде жаралганына маани беришип филологиялык да, музыкалык да аткаруучулук да негизги компоненттеринин биримдигине тереңирээк изилдей алышкан эмес. Ошол себептен Токтогулдун Алымканга карата аткарып жүргөн чыгармасы баштапкы модалдуулугунан ажырап, илимий дагы, практикалык дагы өз баасына ээ боло элек.

А.Затаевич 1928-жылы Токтогулдун аткаруусунан 18 чыгарманы нотага түшүрүп алат. (А.Затаевич. Кыргызские инструментальные пьесы и напевы М. 1971, стр. 163-186). 18 чыгарманын арасынан “Алымкан” аттуу ыры кездешпейт. Кийин аны В.Виноградов эки мезгилде Корголдун аткаруусунан нотага көчүрүп китептерге чыгарат. Андан Корголдун эки вариантта аткарганын көрсө болот. Биринчи көчүрүлгөнү “Алымканга”, экинчисине “Алымкан” деп аталыштарында гана жазылган. Чыгарманын эки вариантта аткарылгандыгын музыкалык, поэзиялык тексттеринин кээ бир фразалык айырмачылыктары да далилдеп турат. Эки мезгилде жазылып алынышына В.Винаградовдун экинчи жолу Корголдон көчүрүп алып тастыктооч түшүнүгүн жазганы да күбө: “Алымкан” (кыздын аты) – лирикалык ыр.Токтогул жаш кезинде чыгарган. Ырында сүйүүгө өтө берилген тынчсыздануусун билдирет. Корголдун аткаруусунда ыр өтө эле көркөм, аптаптуу, назик, кенен созулуп чыгат.

Кээде ырчы тим эле ашынта онтоп, айкыра аткаргандыгы аркылуу сезимдердин бийик поэзиясын, обон кайрыктарынын жалындуу лирикасын жалындуу берет.(В.Винаградов. Музыкальное наследие Токтогула. М. 1961, с.306).

Музыкалуу материалдарды бири бирине салыштырып талдоодон улам Токтогулду жандай көргөн жердеши жана жанында 20 жылдан ашуун үзөңгүлөш кошо жүргөн шакирти, бир чети Токосунун оюн-зоок тамаша чынын бирге бөлүшкөн сырдашы Коргол Досуев “Алымканды” улуу устатынын көзү өткөн соң аны эскерүү, ага урмат сыйын, терең таазим сезимин көрсөтүү максатында ырдап жарыкка чыгарып жүргөнү баамдалат. Анткени, Токосунун көзү тирүүсүндө устаты үй-бүлөлүү болгондуктан ал кездеги элдик адеп-ахлактык тартиби боюнча Токтогул өзү да ошол себептен Алымканына арнаган улуу сезимин жашыруун сыры катары ички жан дуйнөсүнө астейдил сактап, аны кээде гана өз алдынча эргип кыялдана отурганында, кээде сырдашып Корголдун алдында, же арзыган Алымканынын кашында болгондо махабатка арууланган “Жаш кыял күүсүн” чалып, ага улай обонун салып:

Жагалмай канат кашыңдан,
Жайылган кара чачыңдан…

-деп жалындуу поэтикалык саптарын кубулта төгүп өмүрүнүн неченучурун өткөргөнү чындыктай сезилет.

В.Винроградов 1940-жылы Корголдун “Алымканды” аткаруусунан биринчи вариантын Токтогулдун 75 жылдыгына байланыштуу өмүр жолун жана чыгармачылыгын тактоо үчүн түзүлгөн атайын өкмөттүк комиссиясынын тапшырмасы боюна үналгыга (дискографка) жазып алган. Комиссия Токтогулдун мурастарын шакирттеринин кимиси арбын билээрин жана автордук оригиналдыгына жакын аткараарын аныктоо максатын көздөгөн эле. Иштин натыйжасында Корголдун арбын жана даана билээри белгиленет жана оригиналына өтө жакын аткарылаары бааланат. Комиссиянын мүчөсү В.Винагорадов: “Коргол өзүнүн устатынын музыкага өтө кызыгуусун кабыл алган: ал абдан соңуркоо менен коп ойнойт жана көп ырдайт өзүнүн аткаруусуна жандуу темперамент кошот, бир туруп өтө токтоолук, бир туруп кубанычын көрсөтөт. “Алымканды” аябай ынтаа менен жаш жигиттин кыял толгонуусун туурап ырдайт, анын артынан Токтогулдун муңдуу ырларын терең ойлуу, таасирлүү аткарат”-деп жазат. (В.Винаградов. музыкальное наследие Токтогула М.1961.С24.) Бул вариантын В.Винаградов 1952-жылы Москва, Ленинград шаарларындагы мамлекеттик музыкалык басма аркылуу “Токтогул Сатылганов жана кыргыз акындары”(“ Токтогул Сатылганов и кыргызские акыны”) аттуу китебине басып чыгарган. Китепте Корголдун: Алымкан кыздын аты. Токтогулдун жаш кезинде чыгарып өзүнүн сүйгөн кызына арнаган ыры”-деп ырга берген кошумча түшүндүрмөсү бар.В.Винаградов Корголдон ырдын экинчи вариантын 1956-жылы Токтогулдун музыкалуу мурастарын жыйноо учурунда жазып алып 1961-жылы Москва шаарындагы Мамлекеттик музыкалык басмалар чыгаруучу Токтогулдун музыкалык мурастары (Музыкальное наследие Токтогула) деген китебине даярдап кошот. Бул боюнча жасаган өзүнүн аракеттерин окумуштуу төмөнкүчө түшүндүрөт. (түзүүчү Токтогулдун накта аткарган жана ырдаган чыгармаларын гана ушул жыйнакка кирүүгө аракетинин барын жумшады. Чыгармалары атактуу элдик музыканттардын жана ырчылардын катышуусундагы абдан текшерилүүсүнүн жана тандалуусунун натыйжасында жазылды.) андан ары: ”…Токтогулдун ырларындагы тексттеринин (сөздүн тексттери– Т.М.) дээрлиги акындын мурда басылып чыккан жыйнагындагы поэтикалык сапаттары болгондуктан биз аларды толугу менен баспай керектүү үзүндүсун гана алдык, калганына Токтогул Сатылганов,Фрунзе 1956 ТАИ Кыргыз ИА “деген гана көрсөтмө бердик”, – деп да белгилейт (27 бет). Нотадагы обон Токтогулдуку экенин кыргыздын тунгуч компазитору Абдылас Малдыбаев да баса белгилейт. Ал туурасында музыковед Балбай Алагушев өзүнүн “Ырдагы өмүрлөр” деген эмгегинде чакан баян эткен (222-бет). Абдылас Малдыбаев Токтогулдун сөзүн да обонунда пайдаланып “Алымкан” деп жаңыча композициялык ыкмадагы чыгармасын иштеп чыгат, өзү аткарат. Бирок ырдын бул түрүнө композитор белгилүү алты куплеттүү сөзүнүн төрт куплетин гана колдонуп ар бир 4-саптуу куплетине 5-6-саптарды жаңыча сырттан жалгаштырып ыр текстине контаминасиялоону пайдаланат. Токтогулдук “Алымканды” музыкасын композиторлор В.Виноградов, А.Малдыбаев, В.Фере да “Токтогул” аттуу операсында кеңири чагылдырышкан. Сюжети боюнча Токтогул кереметтүү ырын өзү ырдайт. Бирок Токтогул Алымканга карата арзуусун түздөн түз ырдабай либреттолук башка текст боюнча элге махабат жөнүндөгү насыят айтуу маанисиндеги ырын тартуулайт. Ошентип, авторлор тарабынан Токтогулдун образы коомдук идеяны биринчи планга алып чыгуучу катары гана чечилген.

Жогоруда байкалгандай Токтогулдун Алымканга карата ар кандай учурларда ар кандай сөз менен төкмөлүк түрдө ырдап өткөнү кийин фольклордук формада нечен өзгөрүүлөргө дуушар болгон.Төмөнкүдөй сырткы таасирлер “Алымкандын” автордук оригиналдын негизги музыкалык тармактарга бөлгөн.

Кээ бир элдик комузчулар күүнү ырдан бөлүп Токтогулдун “Жаш кыялы ” деп аткарышкан. Андай чыгармалар Кыргыз мамлекеттик телерадио компаниясынын фондусунан жана кыргыз мамлекеттик Бүбүсара Бейшеналиева атындагы көркөм-өнөр институтунун фольклордук кабинетинин жыйнаган материалдарынан жолугат. Ырындагы поэтикалык тексттин Бектемир Эгинчиев 1936-жылы, 20 жаш курагында, Токмок шаарындагы колхоз-совхоз театрында “Токтогул” аттуу пьесанын башкы ролун аткарып жатып анын өз обону бар экенин билбегендигинен ага обон чыгарып ырдай баштайт. Бул окуя жөнүндө музыковед Балбай Алагушев өзүнүн Б.Эгинчиев. Айнагүл (обондор жыйнагы). Мектеп 1969-жыл деген эмгегинде жазат. Ошондон бери ал обону элибиз үчүн классикалык чыгарма болуп калды. Коргол болбосо убагында улуу устатынын “Алымкандын” “Акбакай ” деген өзүнө таандык чыгармага айландырган. Анын да объктивдүү себеби бар. Ал төмөнкүчө. Коргол күндөрдүн биринде жанындагы атчан жолдошу менен бир үйгө түшсө Калыбай байынын жаныда Токтобүбү деген суйкайган сулуу келин отурган болот. Келинге кандай тийишип сүйлөө жагдайын издеп жаткан Корголго келиндин этегиндеги жабылып– жабылбай турган кызыл ашыгындагы ап-аппак жүндөн соглуган байпагы булая көзгө чалдыгат. Ошондо алдыртан, Калыбай байына байкатпайын дегендей, Токосунун Алымканга карата махабаттана ырдап жүрүүсүн туурап “Алымканга” деген ырын баштайт. Андан ары сөздү тексттин ордуна өзүнүн төкмөлүк акындыгынын ыкмасы менен арзуулана күйгөн ырын төгүп кирет. Анын “Ак бакай” деп “Бакайды”– жылкыны кызыл ашыгы жана булайган жүнү (К.Юдахин) кошот. Жол бою жолдошу Корголду мактап кайра – кайра ырдата берет. Окуясын элге айтып аткарып берүүсүн өтүнөт. Коргол “Ак бакайын” аткарган сайын толкундап күйүп бышып, жалын-чокко түшүп угуп көрүүчүлөрүнүн кызыгуусун арттырат. Коргол жеңин ийнине чейин түрүп алып шадылуу колдору менен комузда “Жаш кыял” күүсүнүн кайрыктарын обу жоктонто ойку-кайкы кыймылдары аркылуу ойноп сахналык көрүнүштөрдү жасоо менен кыялдана барып, ырга өтүп андагы “и – и- ий, и –и, и – и – ий” деген күчөтмө обондуу кайрыктарына элире, интимдик жоругуна чейин чыгарып жиберет. Ошондон улам бул чыгарма ошол чөйрөдөгүлөрдүн тамашалуу көңүл ачар, даңазалуу “Ак бакайы” болуп кетет. Мындай маалыматтар 1989 – жылы Токтогулдун 125-жылдыгына байланыштуу Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын Тил жана адабият институнун атайын Токтогул районуна уюштурган экспедиция аркылуу Корголдун замандаштарынан алынган. Академиянын фондусунда ал маалыматтар бар. Даңазалуу Корголдун “Ак бакайын” кийин толугураак формасында жана мазмунунда атактуу Токтосун Тыныбеков маданиятташкан түрүндө элге тартуулаганы белгилуу. Ал эми акыркы жылдары элеттик комузчу Болуш Мадазимов бул ырдан күүнү бөлүп өзүнүн интерпритациясы аркылуу Корголдун “Ак бакайы аттуу” эң уккулуктуу, музыкалык темасы вариацияланган рондо формасында күүнү жаратты. Анысы комузчулук өнөрдүн бийик өздөштүрүлүүсүн түшүндүрөт. Бирок Б.Мадазимовдун улуу Токтогул менен Корголун чыгармасына мындай мамиле жасоосунда кетирип жаткан байкоосуздугу байкалат.

Биринчиден, Б.Мадазимов Корголдуку деп аткарып жүргөн “Ак бакайынын” күүсү Токтогулдун “Алымканындагы” коштогон музыкалык каражаттары экенин түшүнбөйт же түшүнгүсү келбейт.

Экинчиден, Коргол “Ак бакайынын” күү формасында эмес ыр формасында аткарып жүргөнүн Б.Мадазимов эске албайт. Эске алса Токтосун Тыныбековдой болуп “Ак бакайды” ыры менен аткарышы керек эле. Күү формасында черте турган болсо эл черткендей ал музыкалык материалды Токтогулдун Алымканга карата чыгарган “Жаш кыялы” деп атап жүрүүсү абзел. Токтогулдук “Алымкандын” башталышы “Жаш кыял” күүсү экени нотасында окулуп турат. Токтогулдук чыгырмачылык табылгасы кээ бир ырларына колдонгон ушундай ыкмасында, башкача айтканда ал ырдын комузда коштолуусун атайын күү аркылуу баштап анын кульминациясында ырын ырдап терең мазмундуу, маанилуу ой-сезимин, тилегин, максатын угуучу көрүүчүсүнө өзгөчө форма тартуулоосунда. Буга өзүнүн аткарып нотага жаздырып кеткен кездери далил боло алат.

Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү элге кеңири белгилүү болуп кеткен обону аркылуу Корголдун “Ак бакайы” поэтикалык өз сөзү менен Токогулдун күү-обону аркылуу ыр катары элге тартуулануусу ылайыктуу. Ал эми күү болуп чертилсе “Акбакай” делбей Токтогулдун “Жаш кыялы ” деп баштапкы автордук маанисинде аткарылуусу абзел. Токтогулдун “Алымкан” аттуу чыгармасын автордук формасында, мазмунунда жана маанисинде элге кайра жаңыртып “Жаш кыял” күүсү менен коштоп ырын ырдап чыгуу көңүл бураарлык маселе. Токтогулдун, Колголдун өнөрдүк образдарынын чыгармачылык өзгөчөлүктөрүнүн, инсандык даражаларынын негиздери ушунда. Демек, жогорудагы маселелер аныкталган болсо, эки улуу таланттын маданияттагы ээлеген орду мындан дагы даражалуу болоорунда шек жок.

Токтогулдун “Алымканы” кыргыз элинин маданиятындагы сүйүү маданиятынын символу катары колдонулууда. Демек, элдик чыгармачылык буга мамилесин арттыра бермекчи. Ошондон улам “Алымкан” эволюциясы элдик көркөм өнөрдөгү өзүнчө тынымсыз процесс деле болот.

Турганбай Молдогазиев, “Кут билим” (17.04.98),
“Кабар” МА, 13.05.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.