Эгемендүүлүктүн “Манасы” жана эпосту жан дүйнөсүндө жатка айткан Самар агай

samar_musaev

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин маданий мурастарыбызга карата түп-тамырынан бери жаңыча көз карашта мамиле жасоо маселеси биринчилерден болуп күн тартибине коюлду. Чыңгыз Айтматов белгилегендей, “Кыргыз рухунун туу чокусу” болуп эсептелген “Манас” эпосу совет мезгилинде да өтө жакшы камкордук кылынгандыгына карабастан, сөз кылууга тыюу салынган өзүнүн айрым проблемалары чүмбөттөлүп кала берген. Ал мезгилде советтик идеологияга жат деп саясый ката эсептелген “панисламизм”, “пантүркизм” маселелери эле. Ошондуктан, Союз учурунда жарык көргөн варианттар саясый цензурадан өтүп, окурмандарга сунуш кылынып келген.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында, 1992-жылы Илимдер академиясында Адабият жана искусство таануу институту өз алдынча уюшулуп, анын алгачкы директору болуп шайланып, алгачкы демилгелүү ишимди “Манас” эпосунан баштадым. Мен өтө урматтаган залкар манастаануучулар Самар Мусаев, Раиса Кыдырбаева, Эсеналы Абдылдаев, Кеңеш Кырбашев, Райкул Сарыпбеков, Айнек Жайнакова менен кеңешип, Окумуштуулар кеңешинде “Манас” эпосу боюнча үч багыт жана жооптуулар белгиленди: 1) “Манас” эпосунун Сагымбай Орозбаковдун вариантынын академиялык басылышын даярдоо (Самар Мусаев); 2) “Манас” эпосунун Саякбай Каралаевдин вариантынын академиялык басылышын даярдоо (Айнек Жайнакова); 3) “Манас” эпосунун академиялык басылышын орус тилинде даярдоо (Раиса Кыдырбаева).

Ал гана эмес, сагымбайтаануу жана саякбайтаануу топтору түзүлүп, агайлар менен эжелер эпос­тун тексттерин кайрадан түзүү иштерине шымаланып киришишти. Алардын алдында мындай милдеттер коюлган эле: Биринчиден, совет мезгилинде жарык көргөн тексттерди түп нуска менен салыштырып, андагы калтырылып кеткен окуяларды, эпизоддорду калыбына келтирүү; Экинчиден, ал мезгилде оңдолгон саптарды, жер-суу аттарын ж.б. кайрадан түзөтүү; Үчүнчүдөн, пантүркизм, панисламизм деген түшүнүктөрдү ордуна жайгаштыруу; Төртүнчүдөн, ар бир манасчынын өзүнүн өзгөчөлүгүн көрсөтүүдө эпоско кошкон туруктуу, салттуу окуялардан тышкары сюжеттерди да ылайыгына карап киргизүү ж.б.

Мына ушундай милдеттерди орундатуу мезгилдин талабы эле, анткени кылымдап келе жаткан “Манас” эпосунун түпкү маңызы менен кеңири таанышууга мүмкүн эмес болчу. Манастаануучулардын алдында жоопкерчиликтүү милдетти ишке ашыруу үчүн буга чейин үлгү кылуучу академиялык басылыштар жок эле.

Ошентсе да манастаануучуларга “Манас” эпосунун академиялык басылыштарын даярдоодо үлгү көрсөтүүчү, кеңеш берүүчү, ишеничтүү, тажрыйбалуу адисибиз бар болчу – ал Самар Мусаевич Мусаев эле.

Быйыл Самар Мусаевич 90 жашка чыкмак. Эми гана Самар агайдын жана биздин максатыбыз орундалып, Самар Мусаев тексттерди араб арибинен, түп нускадан окуп, түзүп, даярдаган улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун “Манас” эпосунун академиялык басылышы 9 китеп болуп жарыкка 2014-жылы, август айында чыккандыгын окурмандарга сүйүнчүлөйм. Аттиң, Самар агай кечээ, 1992-жылы алдыга койгон максаты бүгүн, жыйырма эки жылдан кийин гана орундалып, өмүр бою иштеген ишин бир колуна алып, көрбөй калганы кандай гана өкүнүчтүү! Самар Мусаевдин “Манаска” жасаган көптөгөн жалпы эмгеги жана өзгөчө Сагымбай Орозбаковдун академиялык басылышы кыргыз маданиятына кошкон чоң, түбөлүк салымы, эстелиги болуп эсептелет. “Манас” барда Самар Мусаев бар, анын жаркын элеси кыргыз тарыхында өлбөс-өчпөс болуп жазылуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Бүгүн Египеттин пирамидасы сыяктуу “Манас” руханий дүйнөбүздүн 9 китебин колума кармап, Самар агайдын жаркын элесине таазим этип, жыйырма эки жылдын ичинде машакат менен жарык көргөн унутулгус күндөрдү эскерүү адамдык парзым деп эсептейм.

Мен Самар агайды 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүп жатып, мамлекеттик экзаменден көрдүм. Агай төрага экен. Менин “Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы салыштыруулар жана метафоралар” деген дипломдук ишимди (жетекчим Самак Давлетов) жактырып, “Эл агартуу” журналына жарыялоого сунуш кылган эле. Азыр ойлосом, балким, ошол илимий бата менин илимий жолум болгондур. Кийин Самар агай менен Илимдер академиясында бир жамаатта иштешип калдым.

Самар Мусаев менен институт түзүлгөн 1992-жылдан баштап тыгыз иштедик. “Манас” эпосунун академиялык басылмасын даярдоодо агайга жардам берүүчүлөрдүн тажрыйбасынын аздыгы, кээде жалкоолугу көп оорчулук чектирди. Биринчи томду ыйлап-сыктап жатып чыгардык. Ошентип, иш уланып кетти. “Манастын” экинчи тому чыгарда Самар агайга: “Биринчи томдон Чыңгыз агайдын аты-жөнүн чийип салышып, чыгып кетпеди беле?! Эми редколлегияга Чыңгыз Айтматовду кошуп койсок кандай болот?”, – дедим. Агай ойлонуп калды. Көптү көргөн адам бийликке каршы чыгуу эмне менен бүтөрүн алдын ала сезип тургандай. Нары ойлондук, бери ойлондук, анан Окумуштуулар кеңешинин күн тартибине ачык маселе кылып коюп көрүүнү чечтик. Самар агай экөөбүздүн негизги мүнөздөмөбүз мындайча болду: “Чыңгыз Айтматов “Манас” эпосунун пропагандисти, бир топ макалаларды жазган, чыгармаларына пайдаланган. С.Орозбаковдун 4 томдук, С.Каралаевдин 5 томдук “Манас” эпосунун варианттары жарык көргөндө баш редактор болгон. Анан азыр анын аты-жөнү жазылбаса кандай болот?!” Окумуштуулар кеңеши бир добуштан сунушту жактырып, Чыңгыз Айтматовдун ысымын редколлегиянын мүчөлүгүнө киргиздик. Самар агай күн-түн дебей иштеп жатты. Даярдаган текстти мага алып келет, мен дароо Асыл эжеге жеткирем, же болбосо жолдошу Кеңеш Кырбашевден берип жиберем. Экинчи том көп узабай эле жарыкка чыкты. Сүйүнгөнүбүздү айтпа! Биринчиден, китептин редколлегиясында Чыңгыз Айтматовдун ысымы бар. Экинчиден, алгачкы нус­касын Президент А.Акаевге өз колубуз менен тапшырган элек. Бирок кубанганыбыз, сүйүнгөнүбүз убактылуу экендигин мезгил көрсөттү. “Айтматовдун ысымын биз менен макулдашпай кошуп койгонсуңар” – деген доо­маттар коюлду. Анан “каражат жетишпейт” деген шылтоо менен Адабият жана искусствотаануу институтун жаап, мени директорлуктан алып коюшту. Ошону менен бирге Самар Мусаев, Эсеналы Абдылдаев, Кеңеш Кырбашевдер – “алтымыш жаштан өткөндөр менен контракт түзүшү керек” – деген шылтоо менен чыгармачылык “ссылкага” (үйлөрүнө) жиберилген. Үч айда бир айлык алып турушкан. Булар Ч.Айтматовго, С.Мусаевге жана мага каршылаштар экендиги дароо эле билинди. Ошол мезгилде журналист Кубан Мамбеталиевдин “Республика” гезитине “Академиядагы амбициялар” деген макаласы жарык көргөн.

Бирок, “Манас” эпосунун академиялык басылышы токтоп калган жок. Китептин даяр­далышына кам көрүп, Самар агайга колдон келишинче моралдык колдоо көрсөтүп жүрдүм. 1995-жылы “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” деген наамга татыктуу болгон. Биздин сунуш боюнча ал кишиден тышкары, Батма Кебековага, Кеңеш Кырбашевге, Айнек Жайнаковага “Эмгек сиңирген ишмер” деген наам ыйгаруу жөнүндө Президенттин Жарлыгы чыкты.

Агай эмгектенип жатты. Эмгек өргүүдө болсом да, агай менен жолугушуп жүрдүм. Самар агай Чыңгыз Айтматов менен сөзсүз жолугушуу керектигин менин алдыма тапшырма кылды. Оюбуз орундалып Чыңгыз агай менен манастаануучулар жолугушуп, Адабият жана искусствотаануу институтун кайрадан калыбына келтирүү маселесин койдук. Самар Мусаев редколлегияга байланыштуу окуяларды ишенимдүү кылып дагы бир жолу айтып берди. Мен Чыңгыз агайды мурда кабардар кылган элем. Ч.Айтматов Президентке айтмак болду. 1995-жылы 25-августта “Манас” эпосунун 1000 жылдыгында мурдагы институттун ордуна “Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борборун” түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Филармониядагы чоң салтанаттан Президенттин докладынан уктук. Самар Мусаев болуп кайрадан кубанганыбызды айтпа! “Балдар – деди Самар агай, – эми биз жалкоолонбой эмгектенишибиз керек. Өтө жооптуу болуп калдык.” Иш процесси катуу кызыды. 3-4-5-томдорун коомчулукка жеткирдик. Бир күнү 6-томдон кийин агай келип, “Тексттерди өзүм эле даярдабасам болбой калды, балдарга ишенсек (өзүнөн беш-алты жаш кичүү К.Кырбашев, Э.Абдылдаевди да ушинтип койчу) болбойт, – деди”. “Агай, өзүңүз жалгыз кыйналасыз го” – десем, “Бул ишти мен бүтүрүп кетпесем, ким бүтүрөт, өмүрүмдөгү эң кымбат нерсе болуп жатпайбы”, – деди. Тексттерди улам басып туруу үчүн машинистка сурады, мен макул болуп тажрыйбалуу Асыл Курманалиеваны, кийин Жылдыз Медералиеваны кошуп бердим. 5-6-7-8-9-томдор даярдалып, бирок “Манас” эпосунун 1000 жылдыгынан кийин каражат табылбай, жарык көрбөй чаң басып, жатып калды. Самар Мусаев экөөбүз ээрчишип алып барбаган жерибиз, кайрылбаган катыбыз калган жок: Президентке, премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге, Финансы, Маданият, Билим берүү министрликтерине, “Манас” университетине, “Манас” банкына, “Манас” аэропортуна ж.б. Жооп жок. Бир күнү Самар агайга айттым: “Менин үч бөлмөлүү квартирам бар, ошону күрөөгө коёлу” – десем, “Ой, Мелис, бала эле турбайсыңбы, сен үйүңдөн айрыласың” – деп койду. Дагы бир күнү кайра кайрылдым: “Агай, “Манастын” тексттерин Ак үйдүн алдына алып баралы, журналисттерди чакыралы, анан чиновниктерге “Манастын” эч кимге кереги жок болсо өрттөйлү – деп көрбөйлүбү”, – десем, чочуп кетти. “Эч нерсе чыкпайт, болгону камаласың” – деп койду. Көрсө, Самар агай экөөбүз “Манас” деп айтып койгон кишилерге эле колдойт деп бара бериппиз.

Бирок Самар Мусаев “Манас” акыры чыгарына ишенген, көзү жеткен. Ошондуктан ал кайра-кайра тексттерди жана илимий комментарийлерди тактап, толуктоонун үстүндө иштеген. Түп нуска кандай кагазга жазылган, кандай сыя колдонулган, кайсы саптарды, сөздөрдү катчы туура эмес жазып койгон ж.б. кыбыр эткендин баарына көңүл бурган.

Сагымбай Орозбаковдун вариантында башка манасчылардан айырмаланган туруктуу сюжеттен тышкары окуялар көбүрөөк кездешет. “Айган канга каршы жүрүш” Саякбайда кездешпейт. Эпостогу “орус темасын” –Түндүккө жортуулду, тексттеги Ленин ж.б. инсандарды, өзүнө таандык саптарды кандайча берүү жөнүндө өтө көп талаш болгондугу азыр да эсимде. Ошондо буларды сөзсүз берүү керек экендигин Самар агай өтө далилдеп, Окумуштуулар кеңешинде ынандырган. “Албетте, башка манасчыларда кездешпеген окуяларды манасчынын кошуп жибергени жалпы массалык нускада чыккан китептерге берүүнүн зарылдыгы жок. Бирок Сагымбайдан жазып алган тексттерди академиялык басылышта бербесек, мурда жарык көргөн тексттерден айырмасы болбой калат, бул изилдөөчүлөр үчүн керек. Окурмандарга түшүндүрүү сөзүн жазабыз”, – деп көшөрүп болбой койгон эле. “Талаштан тактык жаралат” дегендей, акыры “Манас” эпосунун туруктуу сюжетинен четтеп кеткен окуяларды жана саптарды академиялык басылыштын аягына тиркеме катары берели деген чечим кабыл алынган болчу. Академиялык басылыштын бирден-бир талабы – түп нускада кандай болсо өзгөртпөй берүү болуп саналат. Ошону менен бирге илимий түшүндүрмөлөр менен кеңири жабдылат. Самар Мусаев жетектеген сагымбайтаануу тобу академиялык басылманын биринчи үлгүсүн өздөрүнүн тажрыйбасынын негизинде сунуш кылды. Чынын айтуу керек, жападан жалгыз Самар Мусаев гана Сагымбай Орозбаковдон араб арибинде жазылып алынган түп нусканы окуган окумуштуу болгон. Ал гана эмес, эринбей, ар бир тамгасына үңүлүп, кээде өчүп калган тамгаларды тактап, керек болсо, “Манасты” жатка билген касиетке ээ эле. “Манасты” көкүрөгүндө, жан дүйнөсүндө айткан. Кайсы окуя кайсындан кийин, кайсы сап кайсы саптан кийин келет, ошону менен бирге кайсы манасчыда ал окуя кандайча, кайсы бөлүмдө берилерин такалбай мисал келтирчү. “Манастын” кырк­тан ашуун вариантын окуп-билүү не деген керемет! Самар Мусаев эс-тутуму жактан феноменалдуу касиетке ээ экендигине таң калчубуз.

Анын ооруп жүрүп, акыркы жолу Окумуштуулар кеңешине келип, ондон ашуун керээз-катын мага тапшырып окутканы жамааттын көз алдында.

Жогоруда белгилегендей, 1-5-томдорду Самар агай Э.Абдылдаев, К.Кырбашев, С.Сарыпбеков ж.б. манастаануучуларга жетекчилик кылып, алар менен бирге даярдаса жана өзүнүн жалпы редакциясында өткөрсө, 6-томдон кийин Окумуштуулар кеңешинде текстти, комментарийлерди жалгыз өзү даярдап, түзүү иштерин жүргүзгөндүктөн, жалпы редакциясы өзүнүн өтүнүчү, макулдугу менен мага өткөн эле, анткени, “Манастын” академияда чыккан тексттеринин баарын чыгарууну уюштуруу мага жүктөлгөн.

Самар Мусаевичтин көзү тирүүсүндө Сагымбай Орозбаковдун вариантында “Манас” эпосунун академиялык басылышынын 6 томдугу жарык көргөн. Акыркысы 2006-жылы чыккан. Андан бери 8 жыл өтүп кетиптир. Азыр болсо агайдын керээзин аткарып, Өкмөттүн жардамы менен 7-8-9-китептерин окурмандарга жеткирдик. 183300 сап! “Турар” басмасы сапаттуу кылып басты. Самар Мусаевдин зор эмгегин кыргыз эли эч унутпайт. Тарыхта ал жогоруда айткандай, “Манас” руханий пирамидасын куруп кетти. Самар, Эсенаалы, Кеңеш, Райкул агайлар менен иштешип калганыма сыймыктанам. Сиздер биз үчүн өрнөксүздөр, үлгүсүздөр! Эл сиздерге ыраазы! Эгемендүү мезгилде “Манас” эпосубуз кысылбай, кыскартылбай, оңдолбой, түзөтүлбөй толук элге жетти.

Абдылдажан АКМАТАЛИЕВ, академик,
Кыргыз улуттук илимдер академиясынын вице-президенти,
“Кыргыз туусу”, 26.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.