Кыргыздардын IX-X кк. тарых булактарында чагылдырылышы

X кылымдагы араб картасы
X кылымдагы араб картасы

Бул макала Бишкек шаарында өткөн Улуу Кыргыз Кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз кагандыгы түрк цивилизациясынын алкагында: кыргызтаануу маселелери» аттуу эл аралык илимий конференциянын алкагында даярдалган.

Араб адабиятындагы байыркы кыргыз уруулары жөнүндөгү эң алгачкы эскертүүлөрдү биз географ Ибн Хордадбехтен (IХ к.) кездештиребиз, анда алар тууралуу тогуз-гуздардын кошуналарын санап жатканда, болгондо да «хырхыздардын жанында түргөштөр, азкиштер, кыпчактар да айтылат».

Ал-Истахри боюнча («Китаб масалик ал-мамалик») кыргыздар «тогуз-гуздардын, кимактардын, хазлажилердин океандары менен жерлеринин аралыгында» жашаган. Анын эле башка жеринен биз Итил (сыягы Иртыш) дарыясы «мага маалим болгондой хырхыздардан (жеринен) агып баштайт» деген сөздү кезиктиребиз. Фарсы котормосуна ылайык «Ал эми Итил дарыясы кыргыз чектеринен агып чыгып, андан ары булгарларга жетип, буртастар ченде деңизге куят» деп айтылат.

Ал-Истахри боюнча («Китаб масалик ал-мамалик») «Кимактар өлкөсү гуздар, хырхыздар аралыгы менен саклабдардын ары жагындагы аймактан орун алган хазлажилердин жеринен түндүктө жатат». Тогуз-гуздар тууралуу болсо, «алар тибет, хазлажи, хырхыз жерлери менен Син дөөлөтүнүн ортосунан орун алган» деп айтылат. Ушул маалыматтардан улам батыштагы, түштүк-батыштагы кыргыздардын жашаган чеги Чыгыш Казакстанда, Алтайдын түштүгүндө, Жуңгариянын түндүк тарабында болгон десе ылайык. Болжолу, жалпы жонунан алар «батыш» кыргыз уруулары сыяктанат.

Ал-Истахринин («Китаб масалик ал-мамалик») «Хорасан жөнүндөгү» бабында «Хорасандан Бамиан чегине чейин, Ваххан өлкөсүнө кире бериштеги Банжхирге чукул жерге чейин созулган, анан бирок Мавераннахрда тарамдалып көптөгөн, түрк (өлкөсунун) ичиндеги хырхыздарга жакын Илак менен Шашага чейинки тоолор жөнүндө айтылат. Бул тоолордун баш-аягына чейин күмүш, алтын кендери бар, алардын эн, бай казынасы хырхыз байбактысына жакын, ал (кендер) Фергана жана Шаша тараптан Мавераннахрга чейин жетет». Фарс котормосуна караганда, «Гур тоолору Хорасандын чегинде жатат. Ал Бамиан, Панжихр жана Мавераннахр чегинен Ички Туркстанга, Чачага жана хырхыздарга чейин созулуп жатат». Балким, кыргыздардын бу тобу Таласка жакын жерде, же ошо тегеректе жашаган.

Ал-Истахринин («Китаб масалик ал-мамалик») фарсча котормосунда: «Таразбултүрктөр менен мусулмандардын ортосундагы чек жана тегерете Тараз деп аталган сепил менен курчалган. Ислам ошол жерлерге чейин жетип, андан ары харлухтарга тараган. Бул (ошол эле мезгилде) Чачанын да чеги» деп айтылат. Сыягы, кыргыздар ошол карлуктардын арасында же тегерек-четинде болгон болуу керек. Кыргызардын бул тобун шарттуу түрдө «таластыктар» деп атаса болот. Болжолу, таластыктар «батыш» кыргыздардан бөлүнүп чыккан бөлүгү деп айтсак болот(Т.А.). Бирок кыргыздардын бул тобу бул жака качан жана кантип келгени белгисиз. Аларга белгилүү байыркы түрк талас руна жазмалары тиешелүү болгону ошондон. Аларда Отуг оглан деген сөз айкашы көп кездешет (төрт талас жазмаларында катталган).

Ошондой эле бул жазмаларда Айыр-Там-Ой капчыгайындагы бейит белгилериндеги төбөл сөөктөрү алып жүрүүчү жогорку наам болуп эсептелген чор(о) даражалары көп кездешет. Бул даражада көп кездешкен сөз карабелгиси. Чор көптөгөн байыркы түрк этнонимдеринде кездешет: Бек-Чор, Кули-Чор, Кара-Чор, Моюн-Чор, Оглан-Чор, Кумар-Чор ж.б. Кара-Чор, Чоро кыргыз этнонимдеринде да кездешет. «Чоро» деген сөз айкөлдүн жанжөкөрү катары «Манас» эпосунда колдонулат. Кырк чоро – «негизги эпикалык баатырдын жөкөрү катары: «үйдө жүрсөң бир чоро, жоого чыксаң миң, чоро» деп дайыма айтылат» «Таластык» кыргыздар, болжолу, кийинчерээк кыргыз элиндеги уруу топторунун он, канатынын курамына кирген «отуз уул» болуш керек.

Ал-Истахринин («Китаб масалик ал-мамалик») Мавераннахр деген бабында «Усрушан, Фергана, Илак, Шелжи, Лабандан кыргыздарга чейинки кендердин баары негизги кырка тоо менен ага ыктаган тоолордо жатат» деп айтылат.Бирок фарсы котормосунда: «Бул тоолордун негизги кыркасынын каршы тарабында ээн талаа (жайгашкан); ал Усрушандын Фергана менен Илак чегинен хырхыздарга чейин созулуп жатат, ушунун баары бул тоолор (негизги) кыркасынын жанында».Сыягы, бул жерде жогоруда айтылган «таластык» кыргыздар тууралуу сөз болуп жаткан болуу керек. Ошондуктан ал-Истахринин эмгегинин түп нускасы «фарсыча жазылган» деген божомол туура сыяктуу.

X кылымдагы «Худуд ал-аалам» деген ээси белгисиз эмгектин «Алардагы тоолор жана кендер тууралуу сөз» деген бабында: « Дагы бир тоо Ысык-Көл деңизине жакын жердеги тогуз-гуздардын чегинен тарта көтөрүлүп отуруп, тухси (аймагынын) акырына жана халлуг чегине чейин созулат да, анан имерилип кетет; анын бир өңүрү кыргыз урууларынын бирине кирип барат. Аны Тулас тоосу деп аташат. Ал тоолордо кундуз, (ошондой эле) көптөгөн сур тыйынчычкандар жана малардар бар. Ал эми хырхыздар тараптан созулган кырка тоодо тоотекелер, бугу мүйүз эликтер, сур тыйынчычкандар жана кундуздар бар». Сыягы, мында жогоруда айтылган «таластык» кыргыздар тууралуу кеп болуп жатса керек. Ал айтылган тоолор чыгыштан батышка созулуп жатат дегени ошо турушунда гана эмес, алиги «Китаб худуд ал-аалам-мин ал-машрик ила-л-магриб» («Дүйнөнүн чыгыштан батышка созулган чектери тууралуу китеп») деген өз атындагы окшоштуктан да билинип турат.

«Худуд ал-ааламдагы» «Тухсилердин аймагы менен шаарлары тууралуу сөз» деген бапта айтылгандай: «Алардан (б.а. тухсилерден) чыгышка чигилдердин чеги, түштуккө – халлухтар жана токойлуу тоолор, андан батышкакыргыздар тобу, түндүгүнө – чигилдер жайгашкан…»

Балким, бул маалыматтарда «таластык» кыргыздар айтылып жатса керек. Кыргыздар карлуктар сыяктуу эле Алтайдан ооп келишкен. Алтай байыркы кезде Тулас, Тулес (балким, Талас) да айтылганы маалим. Ошондуктан «таластык» кыргыздар жашап калган Талас өрөөнү дал ошолор (карлуктар) тарабынан Талас (Тулас, Тулес), а балким, (Алтайдагы?) мекенин эстеп жүрөлү деп Талас (Тулас, Тулес) этап калган болуу керек. Ошерде жайгашкан Тараз (Талас) (азыркы Жамбыл, Олуя-Ата) шаарынын аты да ошондон улам аталып калышы ыктымал.

«Худуд ал-ааламдын» «Тогуз-гуздардын аймагы жана шаарлары тууралуу сөз» деген бабында: «анын (б.а. тогуз-гуздардын) чыгышында – Чин өлкөсү, түштүгүндө – Тибет бөлүгү жана халлухтар бөлүгү, анын батышындахырхыздардын кээ бир бөлүгү, түндүгүндө да хырхыздар, (алар) анын бардык чектерин бойлото жайгашкан» деп айтылат. Бул маалыматтардагы тогуз-гуздар аймагынын батышындагы кыргыздардын кээ бир бөлүгү тууралуу эскертүүсү да кызыгууну туудурат. Сыягы, «батыш» кыргыздарынын бул тобу Борбордук Теңир-Тоодо же же ошо тегерекке жакын жашаган болуу керек. Аларды шарттуу түрдө «теңиртоолук, тяньшандык» кыргыздар деп атаса болчудай. 840-жылы кыргыздар ошондо Борбордук Азияны каратып турган Уйгур каганатын талкалап, ошол жерлерди бийлей баштаган. Ошондуктан «батыш» кыргыздарынын бир бөлүгү Теңир-Тоонун жогоруда айтылган аймактарына аралашып кетиши мүмкүн.

«Худуд ал-ааламдын» «Йагма аймагы жана анын шаарлары тууралуу сөз» деген бабында: «Кашгар Чинистан аймагына карайт, бирок Йагма, Тибет, хырхыздар жана Чин аралыктарында жайгашкан» деп айтылган. Сыягы, биерде «Теңир-Тоо» кыргыздары жөнүндо кеп болуп жаткан өңдүү.

«Худуд ал-ааламдын» «Халлухтар аймагы жана анын шаарлары тууралуу сөз» деген бабында: «Пенчул халлухтар жашаган жерлерде (жайгашкан), байыркы заманда анын башкаруучусу тогуз-гуздардан болгон, эми аларды хырхыздар башкарат» деп айтылат. В.В.Бартольддун пикири боюнча жогоруда айтылган Пенчул «азыркы Аксунун ордунда болгон». Пенчул шаары Аксунун ордунда, же ошо тегеректе болуп, аны «теңиртоо» кыргыздары бийлеп турган болуу керек. Муну, өз кезегинде, Менчул шаары «азыркы Аксунун ордунда», же таза болбосо Борбордук Теңир-Тоонун тегерегине жакын болгон ой тастыктап турат. Самани Наср 11 ибн Ахмеддин (913-942-ж.) кансарайында кызмат кылган Абу Дулаф деген араб акыны «тениртоолуктар» Кытай элчилигине жооп кылып, «ошо ынгайлуу учурдан пайдаланып, түрк жана кытай өлкөлөрүнө каттоо үчүн аларга «кошулган» Абу Дулаф кайтып келери менен ал саякаты тууралуу «Рисале» (жылбаян) жазган, ал бизге « кийинки георгаф жазуучулар аркылуу гана жеткен…».

Ушу маалыматтарга ылайык Абу Дулаф карлуктар менен тогуз-гуздардын ортосунда жайгашкан кыргыздарга барган. Анда бу кыргыздар таруу, күрүч, «төөнүкүнөн башка бардык этти» жешет; алардын өз мечити жана өз жазмасы бар; алар акылдуу жана кыраакы; шамды өчүрүшпөйт, өзү өчкөнчө тим коёт. Алар табынганда айта турган кырааттуу сөзү бар. Желеги жашыл. Табынган маалда түштүктү карап турушат. Планеталардан Сатурн менен Чолпон жылдызга табынышат; Марсты карантүндөн кабар берген жылдыз катары карашат. Жырткыч айбандар көп. Түндө жарык чыгарчу ташы болгондуктан, жарык жандырбай эле жүрө берет ошол таштардан өзүлөрү гана буюм жасай алат. Падышасы алардын жыргалчылыгы үчүн кам көргөндүктөн, ага баш ийишет; ал бар жерде кырктан ашкан адам гана отура алат». Абу Дулаф ээрчиген элчилик Кытайга Фергана жана Чыгыш Түркстан аркылуу кыска Түштүк жолу менен барган болуу керек. Ошондуктан Абу Дулаф Борбордук Теңир-Тоодо жашаган «теңиртоолук» кыргыздарга тийип өткөн болушу эп.

Абу Дулаф башка урууларга (болгондо да карлуктар менен чигилдерге) тиешелүү маалыматтарды жаңылып, жогоруда айтылган маалыматтары «батыш» кыргыздарынын ушул тобуна толук таандык болушу мумкүн болсо да, аларды (же алардын айрымдарын) «теңиртоолук» кыргыздар деп жазып коюшу ыктымал.

Ал-Истахринин («Китаб масалик ал-мамалик») Мавераннахр деген бабында, сыягы, «тениртоолук» кыргыздар жөнүндө эскертилип: « Анда (Мавераннахрда) мускус (жыпар мончок) бар, аларга (Мавераннахрдын элине) Тибеттен жана хырхыздардан жеткирилип турат». Бул маалымат «теңиртоолук» кыргыздар тууралуу болушу мүмкүн. Алар жөнүндө бир жеринде кыргыздарды чигилдер менен йагмага кошуп эскерген Махмуд Кашгариде да айтылып жүрөт. Ибн Хаукалдын картасында кыргыздардын жери карлуктардын жери менен тыкыс бириккен. Бул «теңиртоолук» кыргыздардын жери болушу мүмкүн.

«Таластык» жана «теңиртоолук» кыргыздар тууралуу Махмуд Кашгари да айткан, ал бир учурда кыргыздарды таза түрк тилинде сүйлөгөн уруулардын курамына, башкасында кыргыздарды түрктөрдүн өзүнө кошот.

«Худуд аль-ааламдын» «Тоолор жана андагы кендер тууралуу сөз» деген бабында: «Дагы бир тоо кимактардын чеги менен кыргыздардын жери башталган аралыктын түндүк тарабында (жайгашкан). Ал кимактардын чегинен башталып, чыгыш тарапка созулуп отуруп, хыргыздардын чегине чейин, андан ары имерилип барып, түндүк тарапка, аалам чеги жеткен жерге чейин жапыздап барат. Түндүк жакта бул тоону кимактар «Кандаурбаг» деп аташат.Бул маалыматтарда, сыягы, Ал-Истахри айткандай, Чыгыш Казакстандагы, Алтайдын түштүгүндөгү, Жуңгариянын түндүгүндөгү кыргыздар жөнүндө кеп болуп жатса керек. Болжолу, «батыш» кыргыздарына кирген бул кыргыздар тобун шарттуу түрдө «иртыштыктар» десе болчудай. Бул эмгектин башка бир жеринде Рас деп аталган дарыя жөнүндө кеп болот. «(Ал) түндүк жагы менен гуздар өлкөсүн аралап агат». Ал чоң (дарыя), бирок киргилт жана каңырсып турат. Ал кимактар менен хырхыздардын чегиндеги тоодон башталат да, гуздарды жарып отуп, Хазар деңизине куят» Бул жерде, кыязы, «иртыш» кыргыздары жөнүндө айтылып, андагы маалыматтар боюнча Жуңгариянын түндүгүндө жайгашышы ыктымал. Кимак уруулары Обь, Алтай, Иртыш ченде жашаган кыргыздарды багындырап, алардын бир тобун Эне-Сай менен Жуңгариянын түндүгунө сүрүп таштаган болуу керек.

Бул абал ал-Идрисинин («Нузхат ал-муштак фи-хтирак ал-афак», Х11 к.) маалыматтары менен да бекемделет. Анда: «Хирхир өлкөсүнүн бардык шаарлары аралыгы үч мархалды түзгөн бир аймакка топтолгон. Анын төрт чоң шаары сепил, түркүктөр менен курчалып, тырышчаак, тайманбас, эржүрөк кишилер жашайт, алар кошуналары менен дайыма чыр чыгарууга даяр кимак канынын, согушчул төбөлдөрүнүн кыйкымчыл аракеттеринен дайыма сак болууга мажбур».

Бул маалыматтар Х11 кылымдын биринчи жарымына караганда андан мурдагы мезгилге таандык сыяктуу. Бул маалыматтардасыягы, «батыш» да, «чыгыш» да кыргыздары тууралуу айтылгандай. Алсак, ал-Идрисиде «Бул өлкөдө (кыргыздарда) көптөгөн жылкы, бука, кочкор багышат. Жылкыларынын мойну мыртык, аябай семиз. Аларды союп жеш үчүн семиртишет. Букаларды оор жүктөрдү тартуучу унаа катары колдонушат. Аялдар ар кандай тирилик иштерин аткарып, эркетери жер айдап, чөп чабышат. Аялдары эркектердей эле шамдагай, карылуу, тайманбас. Хирхирлер маркумду өрттөшүп, күлүн Манхазга (дарыя) чачып жиберет, бул суудан өтө алыс жашагандар күлүн чогултуп, шамалга сапырат» Хирхир (Кыргыз) өлкөсү тууралуу «ал саякатчылар барып туруучу берекелүү жер» деп айтылат. Бул өлкө сууга мол. Анда Син чеги тараптан агып келүүчү ар кандай суулар көп.

Ал суулардын эң чоңу – Манхаз деп аталган дарыя. Анын суусу мол жана шар агат. Ал кылымдын биринчи жарымына Караганда андан мурдагы мезгилге таандык сыяктуу. Бул маалыматтарда таштан ташка урунуп, шаркырап агат да, башка суулардай жай аккан жери сейрек. Алардын (хирхирлердин) бул сууларында тегирмен бар, анда күрүч, буудай жана башка дан өсүмдүктөрүнөн ун тартышып, нан жасашат, же букулу бойдон бышырып жешет. Бул суунун жээгинде гүлдүү дарарктар өсөт. Анда аш-шатрун деген балык бар, ал Нил менен Египетте жашаган ас-санкур деген балык сыяктуу жыныс мүчөсүнө жагымдуу таасир этет; балыктын сеегу аз, эти килкилдек, балыктардыкына окшош жыты жок дешет».

Кимак уруулары Алтай, Иртыш, Обь тегерегинде жашаган «чыгыш» кыргыздарын басып алып, бир тобун Эне-Сай тарапка сүрүп таштаган болуу керек. «Батыш» кыргыздарынын калганы Жуңгариянын түндүгүнө көчүп кетиши ыктымал. Кимак уруулары кыргыздардын бир бөлүгүн гана басып алууга алы жетсе да, балким, «батыш» кыргыздарын басып алып, калганы Жуңгариянын түндүгүн мекендеп калышы ыктымал.

«Худуд ал-ааламдын» «Кимактардын аймагы жана шаарлары тууралуу сөз» деген бабында: «Кимактарга тиешелуу Каркар(а) кан деген аймакта жашагандар (өз) салт-санаасы боюнча хырхыздарды элестетет» деп айтылган. Биерде кеп кимактардын карамагына кабылган же мурдатан болгон кыргыздар жөнүндө болуп жатат. Бул аймак (б.а. Каркар(а) кан) Иртыштын түштүк жагында болушу мүмкүн.

«Худуд ал-ааламдын» «Челдер жана талаалар тууралуу сөзүндө»: «Дагы бир талаа бар, ал Чиндин түндүгундө жайгашкан; анын чыгышында — Чыгыш океан (алабы), түштүгүндө – Чинанын чет ээликтери, батышындаКуча дарыясы, түндүгүндө – тогуз-гуздар менен хырхыздар» деп айтылат. Бул маалыматта Жуңгариянын түндүгундө жашаган «иртыш» кыргыздары тууралуу айтылып жатышы мүмкүн. Алар жөнүндө, сыягы, бул эмгектин башка баптарында да айтылган өңдүү. Алсак, «Тогуз-гуздардын аймагы жана шаарлары тууралуу сөздө»: «Тогуз-гуздардан түндүктө ээн талаа бар, (ал) тогуз-гуздар менен хырхыздардын ортосунда кимак аймактарына чейин созулуп жатат» деп айтылат. «Иртыш» кыргыздары тууралуу, болжолу, Аль-Идрисиде (Х11 кылымдын биринчи жарымы) эскертилип, анын картасында кимактар тогуз-гуздар менен хырхыздардын тундүгүндө жайгашкан.Кыязы, Махмуд Кашгари (Х1 к.) түндүк уруулары деп ушу кыргыздарды айткан болуу керек.

Махмуд Кашгаринин картасында «Аты белгисиз тоонун түштүгундө жайгашкан аймакка таандык түрктөрдүн ичинен көптөгөн кишилер» деген жазуу бар. Сыягы, биерде Түштүк Алтай айтылып жатса керек. Бул тоонун чыгыш тарабында ээн талаа, түштүгундө – уйгурлар өлкөсү, батышында — кырка тоолор. «Иртыш» кыргыздары негизинен кимак (кыпчак)-кыргыз уруулары болуп эсептелген ушу «түрктөрдун ичинен көптөгон кишилердин» арасына кошулса керек. Баса, ошол «түрктордүн ичинен көптөгөн кишилердин» арасында «иртыш» кыргыздары болуп калышын жогоруда Махмуд Кашгари түндук урууларынын арасындагы кыргыздар болушу мүмкун деп эскерткени ырастап тургансыйт. Ошо акыркыларын ал жогоруда айткан картасында «түрктөрдүн ичинен көптөгөн кишилер» деп да белгилеши ыктымал.

«Худуд ал-ааламдын» «Чигилдер аймагы тууралуу сөз» деген бабында: «Бул аймак (б.а. чигилдер) (эли теги боюнча халлухдарга кирет) элинин көптүгү менен айырмаланат; анын чыгыш жана түштүгүндө халлухдардын, батышында тухсилердин, түндүгүндө хырхыздардын чеги жатат. Халлухтардын жана хырхыздардын аймагынан алганын чигилдерден да алып турат». Акырында «Кимактардын аймагы жана шаарлары тууралуу сөздө»: «Бул аймак (б.а. кимактардын): түштүгүндө – Артуш дарыясы жана Иртыш дарыясы, батышында — кыпчактардын кээ бир бөлүгү жана түндүк өлкөлөрүнүн бир ээн жаткан жерлери, түндүгүндө – түндүктүн эл жашай албай турган жери болгон аймак болуп саналат».

«Худуд ал-ааламдын» «Хырхыз аймагы тууралуу сөзүндө»: анын (б.а. Хырхыздын) чыгышында — Чин, жана Чыгыш океаны аталган деңиз, түштүгүндө тогуз-гуздардын жана халлухтардын жарым-жартылай чеги, батышында – кимактар жайгашкан чек, (түндүгүндө) – түндүктүн эл жашабаган өлкөлөрү бар деп айтылган. Бул аймактын айлана-тегерегинде таптакыр эл жок, ал эми түндүктүн эл жашабаган өлкөлөрүндө сууктун каарынан адам чыдап жашай албайт. Бул аймактан көптөгөн жыпар мончок жана аң тери, ак терек, халаж дарагы жана бычакка сап жасалуучу хуту (балким, бугу) мүйүзү алынат. Алардын башчысын Кыргыз-каган деп аташат. Бул кишилер жүрүм-туруму боюнча жапайы айбандарга окшош; (алардын) кебетеси борбогой, чачы суюк, (алар) адилетсиз жана ырайымсыз, согушчул жана чыр-чатакчыл келишет: айлана-тегерегинде жашаган бардык эл менен каршылашып, согушуп турат». Балким, бул маалыматтар кыргыздар Алтай, Иртыш жана Обь аймактарында жашап, али кимактар багынтып, сүрүп чыга элек кезге таандык болушу мүмкүн.

Андан ары «Худуд ал-ааламдын» «Хырхыз аймагы тууралуу сөзүндө»: алардын байгерчилиги (негизги белгилери) – хырхыз арабалары, койлору, уйлары жана жылкылары. Алар суу, кургак чеп, (ачык) аба ырайы жана жашыл ыраң чөп издеп көчүп жүрүшөт. Отко табынып, маркумдарды өрттөшөт. Боз үйлөр менен чатырларда жашап, аңчылык кылып, балык улашат». Ал-Идрисиникиндей эле бул маалыматтарда да, кыязы, «батыш» да, «чыгыш» да кыргыздары тууралуу айтылса керек.

«Худуд ал-ааламдагы» кыргыздар тууралуу кээ бир маалыматтар кабар жеткиргендердин колдон-колго өткөргөндө өзгөрүшүнөн улам алар жөнүндөгү болор-болбос кабарлардын негизинде топтолгон болуу керек. Ошондой эле «Худуд аль-ааламдагы» айрым кабарлар башка, андан мурдагы булактардан алынган маалыматтарга негизделген болушу ыктымал.

Ал-Идрисинин (Х11 кылымдын биринчи жарымы) картасында хирхирлер (кыргыздар) батышта – кимак жерлери менен, чыгышта деңиз менен чектешжашаганы көрсөтүлүп турат. Биерде «батыш» жана «чыгыш» кыргыздары бирге, же жалан, «иртыш» кыргыздары гана болушу мүмкүн.

Мухаммед ибн Нажиб Бекрандын (Х111 кылымдын башы) «Жахан-намесинин» «Кээ бир жейхундар менен дарыялар тууралуу» бабында кыргыздар жөнүндө: «Атил — бул сөз хазар шаарынын атын билдирет, анын ортосунан деңизди көздөй кеткен жейхун өтөт; ал жейхун деген аттын да өзү. Анын башаты хырхыздарга жакын жерден башталып, ал кимактар менен түркмөн уруулары (жашаган) жерди кесип өтүп, булгарларды, орус чектерин көздөй агып, Атил же Жамлих деп аталган хазар шаарыны жарып өтүп, Абескун деңизине куят…» деп айтылат. Бул маалыматтар көп жагынан ал-Истахринин («Китаб масалик аль-мамалик») «Хазарн деңизи тууралуу» (араб тексти) жана «Хазар тактысы жөнүндө эскерме» (фарсы тексти) баптарындагы кабарларга үндөшүп турат.

«Жахан-намедеги» «Белгилүү тоолор тууралуу» бапта кыргыздар жөнүндө төмөнкүдөй айтылат: «Чоң, тоо Гарчистан жана Гур чектеринен башталып, Бамиан менен Банжхирди айланып өтүп, Вахан шаарына жетет. Анын (аты) түшүнүксүз. Ал тоо Тибеттин сырт тарабында калып, анын чоң, кыркасы Түркстанга, хырхыздарга чейин кирип барып, Чина чегине чейин созулуп жатат. Ал эми башкасы (кыркасы) Хатлан тарапка имерилип, Ферганадан өтөт да, анан Усруша шаарынын (жанындагы) Жалил-и Буттемге жетет. Ошентип отуруп Букардын чегине чейин жетет. Бул тоонун атын биз укканыбыз жок, балким, ал аралап өткөн жердин тушунда ошол аймактын (атынан) атала берсе керек.

Усрушадан Ферганага чейин созулуп хырхыздарга жеткен талаа бул тоонун капталында жайгашкан. Бул тоодо көптөгөн кендер, айрыкча Усрушанын чегине келгенде, ал тоолор Буттем деп аталып, (анда) алтын жана күмүш кендери, темир, жез…» бар.

Бул кабар ал-Истахринин («Китаб масалик ал-мамалик») эмгегиндеги маалыматтар менен үндөшүп турат.

Т.Арзыбаев, тарых жана маданий мурас институтунун илимий кызматкери,
“Баракелде”, 13.06.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.