Жыргалбек Касаболотов. “КЫРГЫЗ УУЛУНА”

Тагдырың бар, Теңирдин колундагы,
Ташый турган жүгүң көп, жонуңдагы.
Айланайын ак калпак кыргыз уулу!
Азгырыктан сак болгун, жолуңдагы.

Бүлбүлдөгөн чырактай Чыңгызы бар
Бүт дүйнөнүн бир гана кыргызы бар.
Баркыңды бил! Алдыңды, артыңды бил!
Баары сени кул гана кылгысы бар.

Ар ким келип, билгенин үйрөтүүдө.
Айдап барып, араба сүйрөтүүүдө.
Башы бүтүн, мээси жок калышкандар
Башкалардын тилинде сүйлөшүүдө.

Өзөгүнөн далайлар адашууда.
Өз элине өзгөдөй карашууда.
Чойгулашып ар кимдин ордосуна
Чоочундардын таламын талашууда.

“Окутам” деп, жан-дилин ороп алмай,
“Оздурам” деп, тымызын тоноп алмай.
Мекен туусун бөлөккө арнагандар
Мээлеп турат мелтиреп, Жоломандай.

Алтыныңды акыры казып тынаар,
Аты-жөнүн башкача жазып тынаар
Жүлүнүңө жакындап жүзүн буруп,
Жүрөгүңө көз артат, азыткылар.

Чыгыш жактан чындыгың орноп турсун.
Чыйырыңды тукумуң жолдоп турсун.
Абыкелер “арбак” деп теңсинбеген
Айкөл Манас артыңда колдоп турсун!

Ташыркатпай мине кет, кула атыңды,
Таштабастан кармай чык, мурасыңды.
Сени көрүп, ууртунан жылмайгандар
Сезип турат, тымызын кубатыңды.

Таңшып турган кара күү жарчың болоор,
Ташты көзөп из салчу тамчың болоор.
Тайгак кечүү, тар жолдо таянганың –
Табылгы сап, кырк өрүм камчың болоор…
29.08.2014

Жыргалбек Касаболотовдун башка ырлары.
Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.