Этно бийлердин батлы өтөт

karajorgo

18-сентябрь күнү саат 17:00 -19:00 го чейин Бишкек Паркта бийчилер, көрүнүктүү маданият ишмерлер, эстрада ырчы, журналисттер жана активисттердин катышуусунда “Бий battle” өтөт. Анын максаты “Кыргыз эл бий” сынагына катышып жаткан топтор, өз ара тар чөйрөдө жарышуу менен даярдыгын көрсөтүшөт. “Бий батлга” Кытайлык Манасчы Жусуп Мамайдын чебереси Тургунаалы, “Санжыра”, ”Жаз”, ”Назик”, “Эксклюзив”, “Кара жорго №1”, “Салимар” жана башка белгилүү бий топтору катышат. Жана ошондой эле кыргыз бийине кызыккандар да катышса болот. Каалоочулар үчүн мастер – класс өткөрүлөт. Кыргызда “Кара жоргодон” башка да жыйырмадан ашуун (Ийин, сынма, талма, жалын бий, шалкылдама, так теке ж.б.) кыргыз бийлери бар экенин элге жеткирүү менен кыргыз бий маданиятын жаштарга жайылтуу аракетин пландайт.

Жеңүүчүлөрдү көрүүчүлөр жана калыстар аныктап, планшеттер берилет. Каалоочулар да келип катышса болот. Кирүү акысыз.

“Марал FM”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.