«Алдаяр өрүмү»

kamchy

Камчы өрүмү, татаал өрүмдүн түрү. (Илгери Ысык-Көлдүн «Чоң өрүктү» дегенинде Алдаяр аттуу адам ат жабдыктарынын чебери чыгат. Айрыкча анын татаал өрүмдөрүнө калк куштарланып, аны «Алдаяр өрүмү» деп аташат). Мында экиден тал көк сегиз кыр болуп түшөт. Бул «калмак өрүмгө» окшойт. Өрүм он көктөн турса, ал бештен эки жакка бөлүнөт да, бирден көтөрүлүп, бирден басылат да, он тал тең бөлүнүп, экиден көтөрүлүп, бирден басылат. Өрүмчүлөр жыйырма төрт көктүн ар бир үч талын бир тал менен бастырып өрөт. Эгер тилинген көк жоонурак келсе, үч талды экиден бастырып өрүү, эң эле сыйда көрүнөт. Демек, тал көктөр ичке жана көп болсо, муну үчтөн бастырат. Ал эми камчыдан жетимиш см. көктүн өрүмү (түшүнү) кырк смге барабар. Өрүмчүлөр көктүн узун-туурасын так өлчөп тилишет. Эгер өрүмдү отуз алты тал көк аркылуу жүзөгө ашырса, көк канчалык ипичке тилинсе да, түшкүн (өрүмү) ошончо жоон көрүнөт.

«Айбат», 25.08.2014

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.