Манасчы Шапак Ырысменде уулу

Шапак Ырысменде уулу 1863-жылы Кочкор өрөөнүндөгү Шамшы айылында жарык дүйнөгө келген. Насили Сарыбагыш уруусундагы Чоңчарык уругунан. Атасы Ырысменде сөзмөр, жомокчу, комузчу, ыңгайы келгенде жамактатып ырдап койчу жайы бар, өз мезгилиндеги өнөр адамдарына жакын адам болуптур. Казан аштуу, өз оокатына тың, мал-жандуу адам болгондуктан үйүнөн комузчулар, төкмө акындар, ошол мезгилдеги өнөрлүү адамдар көп келишчү экен. Комуз күүлөрүн, төкмө акындардын ырларын, санжыраларын уккан Шапактын келечекте чоң манасчы болуп чыгышына тийешелүү деңгээлде таасири тийсе керек. Шапак жаш кезинен эле айылдагы бала окуткан молдолордон кат таанып, аптийек, куран, сополдияр деген диний китептерди окуганга жарап калат.

Шапактын манасчы болуп калышына залкар манасчы Балыктын ( Бекмурат Кумар уулу, болжол менен 1793-ж. туулган) таасири чоң болуптур. Балык солтонун белгилүү манабы Байтиктин чакыруусу менен Таластан Чүйгө көчүп келет. Кийин Байтиктин көзү өткөндө Кочкорго туугандарына көчүп барат. Бул убакта Шапак тестиер болуп калган бала экен. Анын уулу Найманбай менен теңтуш болгондуктан аны менен мамилеси жакшы болуптур. Найманбай Шапакты жамакчылыкка үндөйт. Шапак ага болбойт. Манасчылыкты беттеп туруп алат. 26 жашка келгенде Сагымбай менен таанышып, аны менен көп жерде чогуу болуп, бирге жүрүп, эл кыдырып, “манасты” айтып, бирин-бири толуктап турушкан. Жакшы санаалаштыктын белгиси катары 14 козуга сатып алган жорго көк быштысын Сагымбайга мингизет. Сагымбай менен Нарында жүргөндө Акылбек манасчыга жолугуп, анын “Чоң казатын” көп жолу угушат.Акылбектен Сейтекти үйрөнөт.

1916-жылы болгон Үркүндө Шапак эл менен кошо Кытайдын Үч-Турпан деген жерине барган. Ал жактагы кыргыздарга “манасты” айтып берип жүрүп, жашоосун тың өткөргөн. Манасчылыктан түшкөн кирешени качкындар менен тең бөлүшүп, жармач адамдарга көп жардамы тийген. Бул мезгилде Шапак манасчы катары эл-журтуна тааныла баштайт. Ошондон баштап анын атагы чыгып, баркы көтөрүлө берген. 1917-жылы эли-журтуна кайткан. Кыргызстандын көп жерлеринде, казак элинде болуп, “Манас”, “Семетейди” айткан.

“Чоң казаттарда бирге аралашып кеткендей болом”

Шапак “Чоң казатты” айтып, эс алып отурганда суроо бергендерге мындай деп жооп бериптир: “Шапак, сен бу Манасты канчага айтып жана канча күндө бүтүрөөр элең ?” деп адамдардын суроо бергенине: “Саяктын манаптары Көкүмбай менен Курман бир жылдары мени Манас айттырып угууга жайлоого алып кетишти.

Анда күн сайын мага Манасты айттырып турушту. Мен жайлоо бүтүп, эл кыштоосуна тараганга чейин Манасты айттым. Бул үч айдын жүзү. Ошол айтышта өзүмдүн баамымда Манастын үчтөн бирин айттым го деп эсеп кыламын”, – деп жооп бердим.

Манасты жаттап алып айтуу эч мүмкүн эмес. Жаттап алып айтса көп болсо бир күн айтаар, ал эми үч ай бою айта албайт да. Манасчыда тубаса талант, ашкан жөндөм болбосо, ички дүйнө кубатын бириктирген күч же кудурет болбосо алыска узап кете алабы. Мисалы, мен Манасты айта баштаганымда эле Манас жана анын кырк чоросу көз алдыман чубап өтө баштайт. Мен аны ошол тейинде эле айтып киремин. Өзүм да ошол чоң казаттарга бирге аралашып кеткендей болом. Мына, Манасчынын Манасчылыгы ушул жерде көрүнөт. Балким, бул Манас айтууга өтө берилгендиктен, ошондой аруу күч пайда болгондуктан келип чыккан туңгуюк сыр, көрүнүштүр.

Манасты кантип баштаган

Шапак Манас бабабыздын касиетине абдан ишенген. Жаш кезинде, уйку-соонун ортосунда Манасты кырк чоросу менен көргөн. Алар “Мындан ары Манасты калтырбай айтып жүргүн, оомийин” деп батасын беришкен. Ошондон баштап акырындык менен Манасты айта баштаган.

Ал жөнүндө манасчы өзү мындай деп айтып берген экен:

“…Кыйшайып жаттым.Уйку-соонун ортосундамын. Ошондо кырк атчан киши келип эле үйдүн капшытына кыркалай токтой-токтой калышты.Баары аттан жерге жапырт түшөөрү менен үйгө кирип келишти.Сүрдүү адамдар. Бир аксакалы туруп эле мага минтип калды: “Мобул баарыбыздан бою ашып турган зор киши Манас деген баатыр болот. Булар анын кырк чоросу. Сага бата бергени келдик. Сен мындан ары көздөй Манасты айтып жүргүн. Айтып жүрөсүңбү?” деди. “Айтып жүрөйүн” дедим мен чочулаган түрдө. “Кана, баштап айтып көрчү, угалык” деди. Мен малдаш урунуп олтура калып күпүлдөтө айтып кирдим. Бир кезекте “токто эми” деди. Токтодум. Баары: “Мындан ары көздөй Манасты калтырбай айтып жүргүн,оомийин!” деп мага бата беришти. Анан алар эшикке чыгыша аттарын шатыр эттире минишип, ошол замат көздөн кайым болушту…”

Кийин элдин да батасын алган. Жаңыдан Манасты айтып жүргөндө элден уялып, Чүй тарапка качып кетип, ошол жактан Манасын айтмакчы болот. Аны билип калган туугандары эки жигитти тың аттарга мингизип жиберип, Шамшынын белинен карматып калышат. Ал жөнүндө манасчы мындай дептир:

– Ошентип, алар мени таякемдикине кайрадан алып келишти.Таякем бээ сойдуруп таштады. Ар кайсы айылдагы аксакалдардын бардыгын тең чакырттырды. Баарын үйгө отургузуп, аларга минтип айтты:”Мобул менин жээним, муну Манастын арбагы колдоптур. Манас айтууну бул жерден уялып, Чүй өрөөнүнө барып, андагы тааныбаган адамдарга Манасты ээн-эркин айтмакчы экен. Андыктан Манасты айттырайын, силерди Манасты угуп турсун деп мында чакырттырганым ошол болду”, дегенде, баары: “Кудайдын бул жакшылыгы, Манастын арбагы колдосун. Кана анда, балам, Манасты айтчы, биз угалык” дегенде мен Манасты айтып кирген экенмин. Айта баштаганымда жалган түш убагы эле, ошондон токтобой кечке айтып, түндө таң атканча айтыптырмын. Элдердин көбү уктап, айрымдары гана уктабай угуп турушуптур. Чоң шашкеде гана: “балам, эми токтот, чоң ыраазыбыз”дешти аксакалдар. Тамак ичишти эл. Чай ичишти. Баары мага:-“Оо балам, Манастын арбагы колдосун, мындан ары көздөй уялбастан, тартынбастан Манасты айта бергин” деп бата беришти. Мына ошондон тартып, мен Манасчы болуп калдым”.

Кырсыктардан кутулган экен

Манас айтуу менен Шапак “байлатма жинди” ооруларды айыктырган учурлары болуптур.Өзү да айрым кырсыктардан аман-эсен кутулган экен.

Шапак 26 жаш курагында жакын агаларынын койлорун Анжиянга айдап барып, соодасын кылып кайта келе жатканда, минген бээси баспай калат. Жанындагы жолдоштору ” сен арттан келээрсиң” деп күтпөй кете беришет. Соң-Көл жакка аша турган белге чыгып калганда күн кечкирип, күүгүм кире баштайт. Астындагы минген бээси калчылдап коркуп, эки жакты элеңдеп карап, бүжүрөп баса албай калат. Капталдагы зоока таштардын арасынан кышылдаган чөөлөр чыгышат. Алар тегеректеп, Шапакка асыла турган болот. Айласы кеткен Шапак ширенке чагып,чөөлөрдү качырганга аракет кылат. Ощол замат аркы беттен бир катуу кыйкырган үн чыгат. Үндөн корккон чөөлөр төмөн качышат. Жарк журк этип, капталдан таштар кулайт. Ошол үндү укканда Шапак эс ала түшөт. Эки жагын караса көзүнө эч нерсе көрүнбөйт. Шапак атын оттотуп, өзү бир аз эс алып олтурат. Аттардын келе жаткан дүбүртү угулат. Байкаса жүрөгү дүкүлдөп жаткан экен. Эс алган соң, Шапак белди ашып, Соң Көл тарапка түшөт. Айыл тараптан жылтылдаган отторду көрүп, иттин үнү угулганда гана биротоло санаасы тынчып, жолун улантат.

Шапактын уулу Момуш

Шапактын уулу Момуш да “манасты” айткан. Ал атасынан манасты айтуунун көп ыкмаларын үйрөнгөн. Кеч болсо да тил жана адабият институтунун “Манас” секторунда “Манас” жана “Семетей” бөлүмдөрүнөн ” Чоң казат”, “Семетейдин балалык чагы”, “Алмамбет менен Чубактын чатагы” жазылып алынган.

Ал киши сөзмөр, макал ылакаптарды жакшы билген.

Академиянын Тил жана адабият институтунун кызматкерлери тарабынан бир топ фольклордук материалдар жазылып алынган. Момуш 1902-жылы Кочкордун Кара-Ой деген жеринде туулган. Ал төрт уулдун кенжеси болгон.Ал өзү туулуп өскөн айылында эмгектенип, колхозго кошкон салымы, ак эмгегинин үзүрүн көрүп, “Эмгек Кызыл Туу” ордени баш болгон орден, медалдарга татыктуу болгон.

Быйылкы жылы Шапак уулу Момуштун айтуусунда “Манас, Семетей” китеби жарык көрдү.

Шапактын ата-теги жана урпактары

Шапактын ата-теги Сарыбагыш уруусундагы Чоңчарык уругунан.Түпкү аталарынын бири Тукур. Ал киши кыргызга белгилүү болгон Үчүкө, Түлкү, кан Кудаяндын атасы Сарсейит бий менен бир тууган болгон. Тукурдун баласы Олжотай.

Ал кишинин буту аябай чоң болгондуктан “Чоңчарык” аталып калыптыр. Чоңчарык ичинен Аргынбай, Бирке, Аксакал, Карагул болуп төрт атага бөлүнөт. Карагулдан Качыке, Качыкеден Норус, Норустан Ырысменде, Ырысмендеден Шапак.

Шапактын беш эркек баласы болгон. Улуу байбичеси Каличадан Ысмайыл, Ыймаш, Ысак, Момуш. Кичүү аялы Айтжандан Молдокул. Алымбүбү, Айымбүбү деген эки кызы болгон.

Кочкор районундагы “Кара-Суу” айылындагы орто мектепке жана ошол айылдагы бир көчөгө Шапак Ырысменде уулунун аты берилген.

Шапак Ырысменде уулу 1956-жылы 93 жаш курагында Кочкор районундагы “Кара-Суу” колхозунда дүйнөдөн өткөн.

Бактыбек МАКСҮТОВ, “Айкөл Манас баяны” фондунун төрагасы,
“Аруу дүйнө” (“Кыргыз гезиттер айылы”) 30.06.2014,

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.