60 жыл бою “айгай” салган аялдын сөөгү

“Тарых музеинде биздин өтүп кеткен энелерибиздин биринин сөөгү жатат. Мени түйшөлткөнү – ошол энебиздин жылаңач сөөгүн бизге келген чет элдиктер да, өзүбүз да кирип-чыгып тиктейбиз. Ак көз, кара көз кадалабыз, карайбыз. Адамдын көзү жаман, кыйнап коюп атабыз. Арбак ыраазы болмоюн, тирүүнүн иши оңолбойт деп коет”, – деген оюн “Асман плюс” гезитине билдирген эмгек ардагери Абакир Кожалиев.

Музей кызматкерлеринин маалыматы боюнча, энебиз 1960-жылы азыркы Баткен облусунун Карамык айылынын көрүстөндөрүнүн биринен казылып алынып келинген экен. Жанында дагы бир эркек кишинин сөөгү чыккан. Окумуштуулар изилдесе 5-кылымга таандык болуп чыгыптыр. Жашы болсо 27лерде экен. Эркек кишинин сөөгү үбөлөнүп кеткенине байланыштуу экспонаттан алынып ташталган.

“Эмнеге аялдын сөөгү сакталып калган?” деген кабарчынын суроосуна аксакал: “Кеп ушунда болуп жатпайбы. Тигил эркек киши деле арча табытта жаткан да. Демек, тегин аял эмес, эл сактаган, эл деген, Кудайды тааныган, Кудайга жаккан адам болгон. Бир хандын, бир жакшынын кызы болгон. Негизи Кудайга жаккан адамдын сөөгү нурданып, күнү бүгүнкүдөй болот. Тирүүсүндө жүзүнөн нур тамган болот. Мындай адамдардын тилеги да. каргышы да түз тиет”, – дейт. Далил катары аялды биринчи болуп казган орус археологу 3 айга жетпей каза болуптур, артынан баласы да өлүп кетиптир.

“Эми бул энебизге келсек, ак кепиндеп кайра ордуна апарып көмсөк, бу да бир ишибиздин оңуна жылышына себеп болуп кетээр беле”, -деген ойдо аксакал карыя.

«Кабар ордо», 18.09.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.