Аалам. Акын. Кыргыздар!

ch_jetigenОоба, кубанычтуу күн. Биз көптөн күткөн, эңсеген күн. Эмнеге? Шайлообек агай айтпадыбы, «биздин убакта мындай жыйнактарга кошула албай кала берчүбүз» – деди го?. Ушул жерде отурган акындарга аралашып мен да бир саамга такшалып калган акын боло калдым, кыялымда. Анткени, менин да эки ырым бул жыйнактын бетинен орун алып отурат. Чынында акын болуш кайда? Поэзия түпкүрү түгөнбөгөн, мухиттей чалкыган өзүнчө бир кенен аалам эмеспи. Мен азыр жээгин да бойлой элекмин.

Кой, көп кыялданбай кеп төркүнүн бүгүнкү ачылыш аземге кыскача токтолойун. Башталды. Келчүлөрдү күтүп, кадимки кыргыз адаты менен бир топ кечигип барып баштадык. «Аалам, Акын, Кыргыздар». Мына ушундай аталыш менен «Фейсбук» социалдык тармагындагы «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобун негиздеген Көч башысы, учурда Финляндия өлкөсүнүн борбору Келсинки шаарында жашап жана иштеп жүргөн эркин журналист Асыран Айдаралиев агайыбыздын жана Италия өлкөсүндө жашаган, айтылуу акын Байдылда Сарногоев атабыздын кызы Гүлсана Сарногоева эжекебиздин демилгелери менен туптуура 52 жаш- карысы аралаш акын калемгерлердин ыр жыйнагы жарык көрдү.

Кирип келген Мамлекеттик тил майрамынын урматына, Эне тилдин урматына арналган бул жыйнактын ачылыш аземи, айтылуу инсандардын жана китепке ырлары кирген акындардын катышуусу менен бүгүн Алыкул Осмонов атындагы борбордук Улуттук китепканада болуп өттү. Жакшы кеп, жакшы ойлорун ортого салып Жогорку Кеңештин депутаты Урмат айым Аманбаева, Кыргыз эл акыны Шайлообек агабыз Дүйшеев, Акыйкатчы институтунан атайын өкүл, Италиядан ат арытып келген Гүлсана эжекебиз жана башка бир топ кадырлуу адамдар жакшы тилектерин каалоолорун бөлүштү. Эне тилдин кадыр баркы бир топ жогору көтөрүлүп эле калды бейм. Баары эле минте бербейт эмеспи.

Турмуштун түмөн түйшүгүнүн аркасы менен аалам кыдырып иш кылып, илим изденип эмгектенип кеткен мекенчил кыргыздардын баштарын бириктирип, атайын топ түзүп, ошонун аркасы менен эне тилди, маданиятты, ата- салтты, бабаларыбыздын адебин бийиктикке тынымсыз үндөп келе жаткан Асыран Токтоналиевич агабыздын эл үчүн кылган үзүрлүү эмгектеринин дагы бир зор жемиши экенин кантип танабыз?. Бул китепти жарыкка чыгаруунун бирден бир максаты, сатып акча табуу эмес, аны элге жайылтып, учурдун оомалуу төкмөлүү күндөрүндө өз арабасын өзү түртүп, ушундай катаал заманда да акындык өнөрдү туу кылып кармап келе жаткан жаштардан, кыргыз элинин уучу куру эмес экендигин айгинелеп, алардын жазган ырлары менен өсүп келаткан муунга дем берип, шыгын ойготуу максаты көздөлгөн. Бул китептерди жети обулустагы аймактык жана айылдык китепканаларга белек катары бекер таратып берүү максаты коюлган. Буюрса бул максаттын ишке ашуусу алдыда турган иш. Бул да болсо китеп окуудан калып бараткан кыргыз элинин жан- дүйнөсүн ойготуу, китеп окууга үндөө болуп саналат.

Эне тил майрамыңыздар менен урматуу Көчмөндөр! Жыйнактын чыгуусуна өз салымын ошуп демөөрчүлүк кылган агай эжелерибизге, жана ошондой эле башкы демөөрчү Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаевага өзгөчө ыраазычылык билдиребиз!.

Чолпонбек ЖЕТИГЕН, атайын «Кыргыз Көчү» үчүн
Бишкек шаары, 22.09.2014.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.