Алмаз Кулматов: “Бардык иш кагаздары мамлекеттик тилде жазылышын ишке ашырышыбыз керек”

kulmatov23- сентябрда кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын берилип, мыйзамдын кабыл алынганына 25 жыл болду. Ал эми Кыргыз Республикасындагы 2014- 2020- жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасында камтылган маселелер туурасында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Алмаз Кулматов бизди кызыктырган төмөнкү суроолорго жооп берди.

– Алгач жаңы тил саясатын өнүктүрүү боюнча улуттук программасы тууралу кыскача токтоло кетсеңиз?

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасында Кыргыз тили катардагы окуунун куралы катары эмес, бардык предметтерди окуунун каражатына жетишүү маселеси катары камтылган.Мамлекеттик тилди ыкчам үйрөтүү методикасы иштелип чыкты. Мамлекеттик жумуштун өзүнчө методикасы, бала бакчада окутуунун методикасы, билим берүү тармагынын методикасы сыяктуу өз- өзүнчө окутуу болушу керек. Ал эми айылжергесиндеги мектептерде ошол сыяктуу эле Оштогу өзбек мектептеринде, орус мектептеринде окутуу методикасы башка болуусу зарыл.

– Ал методика кандай иштейт?

Мисалы катары айта кетсек, англис тил курсун тез аранын ичинде дегенде эле үч айда толук өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ага жок дегенде эле саатына 1500 сом төлөп кирет . Ошол сыяктуу эле бизде дагы 3 айдын ичинде мамлекеттик тилди өздөштүрүп кетүү үчүн, курстардын тармагы ачышыбыз керек.

– Эгерде бул методика ишке ашса, 3 айдын ичинде толук ишке кирет деп ишенсек болобу?

Методиканы ишке киргизүү үчүн болгон аракеттер жумшалат. Негизи эле курстардын 3 айлыгы, 6 айлык сыяктуу түрлөрү бар. Грамматикасын терең изилдеп үйрөнгүм келет дегендер жок эмес. Ал эми мамлекеттик чиновниктер, муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди тереңден изилдеп билиши керек. Алар мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билүүсү зарыл. Бирок азыр мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагылар тилди толук өздөштүрө албагандыктан адам укуктарын бузуп жатышат.

– 2012- 2014 мамлекеттик тил системасы ишке кирди. Эми элдин баары кыргызча сүйлөп башташабы?

Албетте, кудай буюрса элдин баары кыргыз тилинде сүйлөп башташат. Бардык мамлекеттик органдар бул ишти колдон алат. Биз алдыга карай умтулушубуз керек.

– Бул багытта дагы кандай иштер аткарылат?

25 жыл бою ишке ашпай келе жаткан нерсени биз ишке ашырышыбыз керек. Бардык иш кагаздар мамлекеттик тилде жазылышы керек.Мамлекеттик тилди улут аралык катнаштын тилине айлантышыбыз керек. Мамлекеттик тилди ишке ашыруу, бул биздин муундун маңдайына жазган иш деп айтсак болот. Биз 1990- жылдарга кайрылып, кайра мыйзам кабыл ала албайбыз. Биз болгону кабыл алынган мыйзамды ишке ашырышыбыз керек.

– Жалпысынан канча каражат бөлүндү?

Бүгүнкү күндө 497 млн сом каралды. Ал азырынча бөлүнө элек. Буюрса ал сумма китептерди чыгарууга жана жогорку окуу жайларына бөлүнөт. Кадр кызматына жумшалат. Тагыраагы, мамлекеттик муниципалдык кызматка келе тургандарды  окутууга жумшалат.

– Бул улуттук программаны иштеп чыгуу боюнча бөлүнгөн каражат жетпей калат деген коркунуч жокпу?

Эгерде атайын каралган көлөмдү акча жетпей калса биз андан коркпойбуз. Себеби, биздин Президентибиз А.Атамбаев эгер каржы маселеси жетпей кала турган болсо, биз ага эки эсе, үч эсе кошуп берүүгө даярбыз деп билдирген.

Маектешкен Минара Ибраева, “Кыргыз Кабар”, 25.09.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.