Биринчи жетекчи

Кыргызстандын туңгуч жетекчиси Иманалы Айдарбеков атындагы тарыхый- маданий борбор курулмакчы. Бул тууралуу И.Айдарбеков атындагы коомдук фонддун президенти, медицина илимдеринин доктору Зифаргүл Айдарбекова көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин 130 жылдыгына арналган маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, фонд өлкөбүздө азырынча болбогон, абдан ири социалдык- маданий, тарыхый борбор курууну болжоп жатат. Буга чейин Бишкекте И.Айдарбековдун эстелиги ачылган.

Маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Элмира Жумалиева: “И.Айдарбеков Кыргызстандын туңгуч жетекчиси, Кара- Кыргыз автономдуу облусунун революциялык комитетинин төрагасы болгон”, – деп белгилеп, 21- октябрды Кыргызстанды негиздөөчүлөр күнү, Кыргызстандын туңгуч жетекчисинин күнү катары белгилөөнү мыйзамдык жактан бекемдөөнүн зарылдыгы тууралуу пикирин айтты.

Иманалы Айдарбеков атындагы коомдук фонддун кеңешчиси Малик Ниязалиевдин билдиришинче, борбор тарыхый- маданий мурастарды жана социалдык- агартуучулук маанини чагылдырган курулмалар комплексин, билим берүү комплексин, дүйнөлүк стандарттагы спорттук шаарча жана парк зоналарын ичине камтыйт. Борбор Бишкектин жогору жагында орун алган Байтик айыл аймагында курулат.

Кыргызстандын туңгуч жетекчисинин 130 жылдыгына карата “Биринчи” деген китеп жарык көргөнү да ушул жыйында маалымдалды. Анын бет ачарында китептин автору тарых илимдеринин доктору, профессор З.Курманов: “Биз бул адамдардын тажрыйбасын үйрөнүшүбүз жана аны жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодо пайдаланышыбыз керек. Алар Кыргыз мамлекетин түзүү идеясы үчүн жашаган, күрөшкөн жана өмүрүн арнашкан”, – деп белгиледи. Китеп Санкт- Петербург шаарынан басылып чыккан.

Фонддун жетекчиси З.Айдарбекова бул иштерге колдоо көрсөткөн Президент А.Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрага- сы А.Жээнбековго, Премьер- министр Ж.Оторбаевге жана ЖКнын депутаттары Э.Жумалиевага, К.Иманалиевге, А.Са- сыкбаевага ыраазычылык билдирди.

Айта кетсек, октябрдан тарта И.Ай­дарбеков атындагы борборду курууга каражат топтоо боюнча марафон- бир айлык башталат.

Бермет МАТКЕРИМОВА, “Кыргыз Туусу”, 26.09.2014- ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.