Кыргыз мамлекетинин тунгуч жетекчиси – Иманалы Айдарбеков

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө бүт акылын, күчүн жумшаган, жүрөгүн орноткон Иманалы Айдарбеков репрессияга дуушар болуп, 1938-жылы 5-ноябрда атууга кеткен.

(1884-1938)

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшү 1924-жылы 14-октябрда Бүткүл россиялык БАК РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялык облусун түзүү жөнүндө чечим кабыл алганы менен байланыштуу. Ага Каракол, Нарын, Пишпек, Ош уезддери, ОлуяАта уездинин Талас өрөөнүндөгү болуштуктары, ошондой эле Анжиян, Кокон, Наманган уезддеринин Фергана өрөөнүндөгү болуштуктары кирген. Облустун убактылуу мамлекеттик башкаруу органы революциялык комитет деп аталган. 1924-жылы 21-октябрда КараКыргыз автономиялуу облусунун Ревкомунун курамы бекитилип, 12-ноябрда ишке киришкен. Ал комитет облусту убактылуу башкарган атайын бийлик органы болуп 1925-жылдын мартына чейин иштеген. Ревкомдун биринчи төрагасы, башкача айтканда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун биринчи өкмөт башчылыгына Иманалы Айдарбеков дайындалган.

Өмүр жолу

Иманалы Айдарбеков 1884-жылы Пишпек уездинде манаптын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы аны билимдүү болсун деп орус-тузем мектебинен окутат. Мектепти бүтүргөн соң, Айдарбеков билимин андан ары тереңдетип, Пишпек айыл чарба мектебинен окуйт да, Пишпек уездинин жетекчисинин жардамчысы жана котормочу болуп эмгек жолун баштайт. Мамлекеттик кызматты аркалап, алган билимин кыргыз элинин пайдасына колдонууга далалат жасап, кийин партиялык жана мамлекеттик ишмер катары калкка таанылат. Албетте, анын саясый ишмердүүлүгүндө карама-каршылыктар күчтүү болгону талашсыз көрүнүш. Себеби ал мезгилде кыргыз эли караңгы болуп, калктын саясатка кызыгуусу болгон эмес, партиялык система тууралуу түшүнүктөр да жок эле. Ошо кездерде Иманалы “Алыш ордо” партиясын түзүүгө катышат. Ата-теги манап болгонуна карабастан, кыргыз элинин эртеңки келечеги үчүн күрөшкөн Иманалы Айдарбеков 1918-жылдын башынан РКП (Б)га мүчөлүккө өтөт. Совет бийлигин чыңдоого баардык күч-кубатын жумшап, Пишпек шаардык уездинин Кеңешинин мүчөсү катары ага төрагалык милдет берилет. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Ревкомунун төрагасы болуп дайындалат. Иманалы Айдарбеков кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө, кыргыз элинин өз алдынча өнүккөн жана гүлдөгөн калк болушуна бүт акылын, күчүн жумшаган жана жүрөгүн орноткон. Бирок, мекен үчүн болгон мындай аракети үчүн аны 1937-жылдагы репрессияга туш кылышып, Кыргыз элине эгемендүүлүктү түптөп берген кыргыздын кыраан уулун 1938-жылдын 5-ноябрында жергиликтүү шаардык абактын алдында атышып, өмүрүн кыйышкан.

Кыргызстандын тарыхын изилдегендер Иманалы Айдарбековду кыргыз элинин тунгуч жетекчиси катары баалаганы бекеринен эмес. Ошентсе да, тунгуч жетекчи жөнүндөгү маалыматтар сейрек кездешип, архивде ал тууралуу кеңири маалыматтар, басма сөздө башкалардыкы сыяктуу эскерүүлөр, баяндоолор болбогондуктан, кыргыз элине жумшаган бүт өмүрлүк эмгеги жалпы коомчулук үчүн белгисиз калган.

И.Айдарбековдун атылышы жана үй-бүлөсүнө жасалган мыкаачылык

1937-жылы Иманалы Айдарбековду камакка алышканда Совет бийлигин орнотууга өзү менен бирге иштешип жан үрөгөн Ишенаалы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов жана башка бекем санаалаш адамдарына каршы үгүттөшүп, “аларды кыргыздын саткынчылары деп жазып бересиң” деп кыйноого алышып, бир жыл бою түрмөдө сабашкан. Эгерде Айдарбеков кордук көргөзгөндөрдүн айткандарына көнсө камактан бошотушаарын билдиришкен. Бирок, Айдарбеков өз өмүрүнөн, өз үй-бүлөсүнөн, жеке керт башынын эркиндигинен кыргыз элинин келечегин жана акыйкатты бийик коюп, “Мен өлсөм ишимди башкалар улап кетет” деген ишенимди карманган.

Өзү менен кошо мамлекетти түптөшкөн кыргыз уулдарын “Эл душмандары” деп жазып бербегени үчүн Айдарбековдун өзүн гана аёосуз кордобостон, үй-бүлөсүнө да мыкаачылык жасашып, 22 жаштагы улуу кызына сабактан чыгып келе жатканда кол салып өлтүрүп кетишкен. Жаш өмүрү кыйылган кыздын сөөгү бир күндөн кийин көчөдөн табылган. Иманалы Айдарбековдун бир туугандарын да өлтүрүшкөн. Кичүү кызы Раф Айдарбекованы болсо жакындары душмандардан коргошуп, Москвага качырышкан. Айдарбековдун жубайы Кичкен Айдарбекова “эл душманынын аялы” деп айыпталып, эч бир ишке алынган эмес. Раф Айдарбекова Москвадагы медициналык институтта окуп, 4-курска келгенде экинчи дүйнөлүк согуш башталып, ал өзүнүн жаш экенине карабай “атамдын кандай адам болгонун өз ишим менен далилдеп берем” деген чечим менен фронтко аттанган. Ок жеген солдаттардын жарааттарын дарылап, алардын өмүрүн сактап, Берлинге чейин жетип, 1941-жылдан 1946-жылга чейин Ата Мекендик согушка катышкан. Апасы кызынын аман-эсен келишин тилеп, күтүп, кызы келгенден кийин 1948-жылы кайтыш болот.

Атанын кызы – Раф Айдарбекова

Раф Айдарбекова согуштан соң атасынын сөөгүн издөөгө киришкен. Ак жеринен атылганын далилдеш үчүн көп аракеттерди жасап, Москвадагы архивдерди каздырып, тийиштүү документтерди чогултат. Көчөгө атын коюу, эстелигин тургузуу маселелерин козгойт. Бирок анын бул үнүн эч ким укпайт. Ал өмүрү өткөнгө чейин Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда сабак берип эмгектенип, медицинанын полковнигине чейин кѳтѳрүлгөн. 1996-жылы Раф Айдарбекова каза болоордо кызы Зифаргүлдү чакырып алып, “Кызым, сен таятаңдын ишин аягына чыгар, бир көчөгө ысымын койдур, эстелигин тургуздур” деп табыштайт.

Учурда бул чоң жоопкерчиликти моюндаган Зифаргүл Айдарбекова 2010-жылы “Иманалы Айдарбеков атындагы фондду” уул-кызы жана башка туугандарынын, башкача айтканда Иманалы Айдарбековдун урпактарынын колдоосу, аракети менен биргеликте ачып, жетектеп, натыйжада алар Өкмөт, Жогорку Кеңеш менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп олтуруп ушул жылдын 30-августунда, мындан эки жума мурун Кыргыз мамлекетинин тунгуч жетекчиси Иманалы Айдарбековго келишимдүү эстелик койдурууга жетишишти. Улуу инсанга арналган аракеттер, коомдук иш-чаралар муну менен албетте токтоп калбайт, быйылкы 130 жылдыгына карата арналган жана дегеле дагы жасалчу, айтылчу маселелер улам күчүнө гана кирүүдө…

Маалыматтар “Иманалы Айдарбеков атындагы фонддон” алынды

 

5-Malik-NМалик НИЯЗАЛИЕВ, Иманалы Айдарбеков атындагы фонддун кеңешчиси: «75 жылга чейин купуя кармалган архив мына эми гана ачылды»

Ѳткөндөрдүн даңкы болбой, тирүүлөрдүн баркы болбойт. Биз өзүбүздүн башатыбыздан үлгү албасак, анда биз туруксуз, оома бойдон жана тамырсыз дарактай кала беребиз. Тилекке каршы, биз азыр ошондойбуз. Ошондуктан аталарыбыздын жасаган эмгеги гана бизге сергектик, ишеним, алгалатчу күч тартуулайт деп айта алабыз.

Жакында, 30-август күнү борборубуздун так ортосундагы Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин аллеясында Кыргыз мамлекетинин тунгуч жетекчиси Иманалы Айдарбековдун эстелиги ачылды. Анын каражатын толук бойдон өкмөт көтөрдү.

Эстеликтин туруп калышына үч жылдан бери чуркап аракет кылгандардын бири Малик Ниязалиев менен маектешип, кошумча маалыматтарды сурадык.

– Малик агай, фонддун ишин илгерилетүүдѳ салмактуу салымыңыз бар экен, бул иште өзүңүздүн демилгеңиз менен иштеп калдыңызбы?

– Менин чоң атам Ниязалы менен Иманалы бир тууган. Ниязалыдан эки эркек бала тараган. Иманалы чоң атабыздын эки кызы тѳрѳлүп, эркеги жок болгондуктан, бир атадан тараган тукумдары катары, биз анын изин ѳчүрбѳй, бүгүн минтип атабыздын элесин, ысымын кийинки муундарга жеткирүүнүн аракетинде иш кылуудабыз.

– Иманалы Айдарбеков кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн белгилүү адамдардын бири болсо да, буга чейин эстелигин тургузуу сыяктуу алгылыктуу иштер жүрбөй келгендигин кандай түшүнсө болот?

– Иманалы атабыздын эстелиги 56 жылдан кийин араң дегенде тургузулбадыбы. Чынын айтканда, эгемендүүлүктү алган жылдары эле бул иштерди жасап коюу мүмкүн болчу. Биз убагында Акаев, Бакиевдин бийлигине кайрылганбыз, бирок, тилекке каршы бул маселе чечилбей кала берген. Ошол мезгилде бийликтин деңгээли аталарыбыздын улуу эмгегин түшүнүүгө жеткен эмес окшойт, же балким жеке амбициялары көздөрүн тумандатып койгонбу, билбейм. 2012-жылы Зайнидин Курманов Москвага барып, ЖКнын төрагасы Асылбек Шариповичтин кайрылуусу менен архивдерди алып чыккандан кийин баардыгы такталып, тастыкталып ордуна келди.

Архивден чыккан маалыматтар Россия жана СНГнын илимий чөйрөсүнө белгилүү болгондон кийин күчүнө кирди. Ошондон кийин биздин азыркы бийлик толугу менен таанып, тарыхты кайра калыбына келтирүү жана улуу инсанга тиешелүү сый-урмат көргөзүү максатында Жогорку Кеңеш атайын токтом чыгарып, өкмөт эстелик тургузуунун жоопкерчилигин алды. «Ак ийилет, бирок сынбайт» дегендей, Иманалы Айдарбековдун эстелиги эми ордун тапты. Атабыздын архивдерин убагында 75 жылга чейин купуя кармашып (засекреченно), мына эми гана ачылып, буюрса коомчулукка китеп болуп даярдалууда.

– Эстеликти тургузуунун автору ким болду?

– Скульптураны жасоодо Маданият министрлиги конкурс жарыялап, ошонун жыйынтыгында Садабек Ажиев деген скульптор жеңип чыгып эстеликти жасады. Садабек Ажиев буга чейин Ата-Бейиттеги эстеликти, 7-апрель, Чыңгыз Айтматовдун эстелигин жасаган экен. Иманалы Айдарбеков атабыздын образы жакшы түшүрүлдү, ал убактагы аталарыбыз бийлик үчүн эмес, мамлекет куруу үчүн, биздин азыркы эгемендүүлүгүбүз үчүн болгон күрөштө курман болушкан. Эстеликтен ошол жөнөкөй, а бирок чечкиндүү жана тайманбас, адилеттүү образды көрө алабыз. Колундагы кагазы болсо Ленинге жазган каты экен. Ал убакта кыргыздардын саны болгону бир жарым миллион экенин маалымдап, биз өзүнчө улутбуз, биз өз алдынча мамлекеттүүлүккө ээ болгон элбиз деген түшүндүрмө менен кайрылган. Кыргыз АССРи алгачкы түзүлгөн өз алдынча мамлекет катары белгилүү, ал эми казак, өзбек кийин бөлүнбөдүбү. Буга албетте жалгыз эле Айдарбеков эмес, ага катарлаш Абдыкерим Сыдыков, Баялы Исакеев, Жусуп Абдырахманов, Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, Төрөкул Айтматов жана башка чыгаан инсандарыбыз дагы кан-жанын мамлекеттүүлүктүн пайдубалына салышкан эмеспи. Биздин мамлекеттик коомдук ишмерлер дал ушул адамдардын жолун улашы зарыл.

– Жогоруда китеп тууралуу сөз кылып кеттиңиз, ушуга токтолуп өтсөңүз?

Китепти Зайнидин Курманов жазды. Аталышы – «Биринчи» («Первый»). Москвадан басуудан чыгып даяр болуп, азыр ушул учурда Кыргызстанга келишин күтүп жатабыз. Бир нече китеп Президентке, өкмөт башчыга, ЖКнын төрагасына берилди. Китептер толугу менен келсе баардык окуу мекемелерине бекер тараталы деп жатабыз. Жакын арада китептин келишине байланыштуу пресс-конференция да беребиз. Ал эми октябрдын 21инде Улуттук филармонияда чоң эскерүү кечеси болот.

– Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Айбек БАЙЫМБЕТОВ, “Көк асаба, 15.09.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.