Кыргызстанда мобилдик түзүмдөр үчүн «Көчмөндөрдүн алгебрасы» аталышындагы оюн иштелип чыкты

Мобилдик түзүмдөр үчүн Кыргызстанда “Көчмөндөрдүн алгебрасы” (“Алгебра кочевников”) аталышындагы оюн иштелип чыкты. Бул оюн тогуз коргоолдун өзү. Аны “Салт” чыгармачыл бирикмеси иштеп чыккан. Аталган бирикме жаңы технологияларды колдонуу аркылуу кыргыз элинин маданиятын жайылтууну максат кылат.

“Оюндар учурда заманбап адамдын убакытты өткөрүүсүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калды, ошондуктан аларды колдонуу – кыргыз маданиятын жайылтууга жакшы шарт түзөт”, – дейт бирикменин өкүлү Камиля Гареева.

«Тогуз коргоол» – Орто азия көчмөндөрүнүн байыркы интеллектуалдуу оюну болуп эсептелет. Ал акыл эсти өстүргөнгө, бош убакытты пайда менен өткөргөнгө өбөлгө түзчү.

Оюнду Google marketтен төмөнкү дарек боюнча көчүрүп алсаңыздар болот.

“Салт” бирикмесинин Фейсбуктагы баракчасындагы маалыматка ишенсек, учурда кезектеги оюндун үстүндө иш жүрүп жатат. Ал Ордо оюну болмокчу.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.