Т.Бакчиев: “7 күнү-түнү манас айтуу мааракесинде 300 карга бир жол менен 3 топ болуп келишти”

Ушул жылдын 18-сентябрынан 25-сентябрга чейин залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына арналган маараке болуп өттү. Ал ысык-көлдүк манасчылардын демилгеси жана Тоң районунун Ак-Өлөң, Кара-Шаар, Оттук айылдарынын тургундарынын жардамы менен “Алп манасчы Саякбай” аттуу 7 күнү-түнү тынбай манас айтуу иш-чарасы менен коштолгон.Аталган 7 күндүк мааракеде ар кандай кубулуштар болгондугун манасчылар айтып чыгышты. Иш-чараны башынан аягына чейин кандай өткөндүгүн билүү максатында аталган мааракени уюштуруучуларынын бири, манасчы Талантаалы Бакчиев менен маек курдук:

Талантаалы мырза айтсаңыз сиздер уюштурган иш-чара өз максатына жеттиби?

– Жергиликтүү элдин, Ысык-Көл облусунун калкынын жеке өзүнүн аракети менен маараке өттү. Өкмөттөн бир тыйын бөлүнгөн жок. Бул жерде эл дегенде элден чыккан ишкерлер Ысык-Көл облустук администрация, райондор, Балыкчы шаарынын акимиаты, коомдук уюмдар жигердүү колдоп жатышты. Максатыбызга жеттик деп ойлойбуз. Анткени залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгын белгилөө менен бирге учурдагы манасчылардын деңгээлин көрсөтүп, узак убакытка коштолгон манас айтууну көргөзө алдык.

– Жалпысынан канча манасчы катышты жана эң узак манас айтуу канча саатка созулду?

– Жалпысынан 7 манасчы катышты. Биз манасчыларды атайын тандап алган жокпуз. Өз ыктыярлары менен 7 күн манас айта алам деген манасчылар чыгышты. Мен 7 күндүн ичинде 45 саат 30 мүнөт манас айттым. Ал эми Тилек Асанов 33 саат, Дөөлөтбек Сыдыков 27 саат, Улан Исмаилов 21 саат, Замир Баялиев 18 саат, Зууракан Сыдыкова 7 саат жана Өмүрбек Токтогулов 4 саат манас айтышты. Биз бири-бирибиз менен кезектешип айтып жаттык. Көпчүлүгү күнүнө тынбай 8 сааттан кем эмес манас айтышты. 1 суткада 24 саат болсо бир дагы көз ирмем манас айтуусуз өткөн жок.

– Бул иш-чараны көрүүгө кимдер келип жатышты. 7 күн бою көрүүчүлөр болдубу?

– Ооба, бул иш-чара биз күткөндөн дагы жакшы болду десем жаңылышпайм. Анткени Ысык-Көл жергесинин тургундары, өзгөчө улуу муундун өкүлдөрү, аксакалдар келип бизди коштоп, эргүү менен угуп, биз тынбай манас айтсак, алар бизди тынбай угуп, коштоп жатышты. Ошондой эле жергиликтүү тургундар каада-салтты улап, атайын Саякбай Каралаев атабыздын урматына кан чыгарып, мал союп жатышты. Ал жерде боз үйлөр тигилген жана нукура кыргыз салтын чагылдырган көчмөн турмуш байкалды. Манасчылар манас айтып жатып көздөрүнөн жаш чыкса, келген коноктор дагы ошол учурда жашып, абдан көңүл буруу менен күбө болушту. Негизинен алар нукура кыргыздын жашоосун, тарыхын, маданиятын сагынып калгандай таасир калтырды.

Манас айтуу учурунда кандайдыр бир өзгөчө окуялар болдубу?

– Ооба болду. Чындыгында айлана-чөйрөдө биз күтпөгөн кубулуштар болду. Бирок айрым биздин көзгө көрүнгөн кубулуштарды азырынча айта албайм. Сыр бойдон калуусун каалайм. Убагы келгенде жалпы журтка маалымдайм. Ал эми элдин бардыгына көрүнгөн, байкалган кубулуштарды айта кетсем, 18-сентябрда манас айтуу башталган күнү 300 карга 1 жол менен 3 топ болуп учуп келип, биз отурган аймакка конушту. Алар эч нерсе кылган жок. Бизди карап, угуп анан бир нече сааттан кийин кетишти. Манас айтуунун 6-күнү 8 карга келди, андан кийин 7-күнү 4 карга келди. Булардын сырын ар ким ар кандай түшүндү. Мен болсо сырларды азырынча ачалбайм. Кээ бир манасчылар дагы манас айтып жатып ар түрдүү кубулуштарды байкагандарын айтышты. Убагы келгенде баарын төкпөй-чачпай айтып беребиз.

Маектешкен Рахат Саламатова, “Кыргыз Кабар”, 30.09.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.