Күздү сүйүп, күздө узаган акын…

Айрыкча күз тууралуу төгүлүп-чачылып ыр жазган акын быйыл, 12-сентябрда күз күнүндө 63 жаш кураганда бул дүйнө менен коштошуп кетти.

Акын Айгүл Узакова «Жылдыздуу күз», «Кеч жарык», «Түнкү асман», «Жүрөгүм менен сүйлөшүү» аттуу ыр жыйнактарынын, «Шамал, шамал бузба чачымды», «Сагынган жанмын сага окшош» ж.б көптөгөн обондуу ырлардын автору.

* * *

Өрттөдүм дебе, жаз менен келип жалынга,
Жаныңда турсам жайдары мүнөз көрүнүп.
Сен ала келген көлүмдүн ысык демидир,
Сан ойго бүгүн ээ бербей турсам төгүлүп.

Мезгилди күткөм маанайы күздөй кыялкеч,
Муңайым жанган үмүттөн түзүп бир элес.
Убайым жеген күндөрдү тапсам бир паска,
Мендеги шоктук анчейин жаштык деле эмес.

Келгиндер өтсө көк ирим жээкке таң менен,
Сагынчың төгүп, толкунга бол дейм жан жолдош.
Түйшүктүү өмүр, түндүгүм алыс  болбосо,
Мен деле көлдү сагынган жанмын сага окшош.

Рыспай Абдыкадыров өзүнүн чыгармачылыгында  Айгүл Узакованын «Уктатпачы мени жазгы жаан», «Сагынган жанмын сага окшош», «Өгөйү болдум сүйүүнүн», «Болсо керек жумшак сагыныч» деген бир нече ырына кайрылган. Ушундан уламбы, кээ бир окурмандар обончу менен акындын жеке мамилесине кызыгып келишет. Бирок акын Бактыгүл Чотурованын айтымында, Рыспай Абдыкадыров менен Айгүл Узакованын ортосунда болгону чыгармачылык байланыш гана болгон:

– Айгүл Узакова эже өзү бала кыял эле. Ал мага Рыспай Абдыкадыров өзүн теңтушсунтуп, эркелетип “кейбирим” деп коер эле деп айтканы эсимде. Экөөсүнүн ортосунда андан башка ашыкча мамиле болгон эмес.

Бактыгүл Чотурованын айтканын акындын шакирттеринин бири Бурул Карагулова да ырастайт.

– Айгүл Узакованын махабат ырлары, “Сиз жана Күз”, “Сиз жана Жаз” деген ыр түрмөктөрү таптакыр башка адамга арналган. Биз аны эң сонун билебиз. Бирок атын айтпай эле коеюн. Негизи эле биз Айгүл Узакованын артында калган ырлары кандай экенин гана айтканыбыз оң. Анын жеке тагдыры тууралуу аны-муну айтып кереги жок.

 

 

“…бузбачы эми шамал чачымды”

1951-жылы Ысык-Көлдүн боюндагы Бостери айлында жарык дүйнөгө келген акын 1976-жылы КМУнун филология факультетин аяктаган соң өмүр бою басма тармагында – Кыргыз совет энциклопедиясында, «Мектеп», «Бийиктик» басмаларында редактор болуп иштеген экен. Окурмандарга ал акын катары болгону «Жылдыздуу күз», «Кеч жарык», «Түнкү асман», «Жүрөгүм менен сүйлөшүү» аттуу жупкадай төрт ыр жыйнак калтырган. Адабиятчы Абдыкерим Муратовдун пикиринде, Айгүл Узакова чыгармаларды аз жазды, бирок жүрөктөрдү дирилдетип, сезимдерди козгоп жазды.

Айгүл Узакова көп убактысын басманын түйшүктөрүнө жумшады. Чыгармачылыкка аз убакыт бөлдү. Бирок аз жазса да, кыргыз поэзиясына өз изин калтырып кетти. Мисалы, “Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү, бүгүн түнү түшүңө кирсем экен”,- дейт. Ушундай акылга келбеген сүрөттөр менен жакшынакай бир ойлорду айтып койгон учурлары көп. Ошол эле учурда анын ырдын ыргагын жана үндөштүк кубулуштарын укмуш өздөштүрүп алганын байкоого болот. Мисалы, эмне үчүн Рыспай Абдыкадыров, Каныкей Эралиева, азыркылардан Түмөнбай Колдошев Айгүл Узакованын тексттерине кайрылып жатат? Себеби, тексттин автору поэзиядагы ачыктыкты, музыкалуулукту таба билген.

Муратовдун баамында, Айгүл акын «Сен жана Жаз», «Сиз жана Күз» ырлар түрмөктөрү жана “Көңүл учат алып шаштымды, жолугууга өтө шаштымбы, кымбатыма алдым жасанып, бузбачы эми шамал чачымды”, дегендей мөлтүр поэтикалык табылгалары менен кыргыз поэзиясында түбөлүк кала берет.

“Дыбыратпа тереземди күзгү жаан”

* * *

…Күнгө жакын көчүп кеттим чыгышка,
Күйүп бүткөн жарты өмүрдү жүктөнүп,
Кыйбас кездин калды кымбат барагы,
Кыйгачталган тагдыр менен бүктөлүп.

Кыйналсам да кыйбас жаштан бөлүнүп,
Күткөн үмүт сени жаман дебейин,
Жаз жадырап кирип келсе бир күнү,
Жаштыгы жок жашаганга көнөйүн…,
– деген сезим дирилдеткен ырларды жазган акын Айгүл Узакованын чыгармачылык чыйыры өткөн кылымдын 70-жылдары Беганас Сартов жетектеген “Тоо жылдыздары” адабий ийриминен башталган. Шакирттеринин бири Бурулкан Карагулованын айтымында, Узакова кыздар поэзиясына жан дүйнөсүнөн агып чыккан назик да, кумарлуу да, сезимтал да, өкүнүч менен кайгы аралашкан лирикалары менен келип, өзүнөн кийинки акын кыздарга махабат темасын жазууга жол ачкан:

– Ал биринчи жолу сүйүү темасындагы ырларга балталап жол ачты десемби, же кандай тилде айтсам, айтор биз жаштар анын ырларын окугандан кийин бул темада эркин жазууга бел байлаганбыз.Чынында ошол кездерде бул тема кыздар поэзиясында жашыруун тема эле. Бизге анын “Сиз  жана Күз” деген ыр түрмөгү өтө таасир эткен. Ошондон кийин биз жашырган ырларыбызды уялбай эле китеп кылып чыгарууга аракет кыла баштаганбыз.

Кеп оролунда Бурулкан Карагулова Айгүл Узакованын жазган ырлары өзүнүн ырга калп айта албаганы менен башкалардыкынан айырмаланып, ошонусу менен окурмандарды өзүнө тартып турарын айтат. Ал жалгыздыкты, түгөйсүз армандуу сүйүүнү кенедей да сыр жашырбаган ачыктык менен, ошол эле кезде кыздарга мүнөздүү уяңдык менен да айтып берген.

Дыбыратпа тереземди күзгү жаан,
Чуркап чыкчу кездерим алыс калган.
Мезгил деген агызып зор дайрага,
Анан…
Мен аны күтпөй калганым качан.

Дыбыратпа эшигимди күзгү жаан,
Дабышыңдан тааныган учур калган.
Шарактаган жактардан кайрый албай,
Анан…
Жалгыздыка үйүр алганым качан.

Дыбыратпа тереземди күзгү жаан,
Тамчыларың неге шок тынчыбаган.
Тыңшап тыңшап бейоопа дыбырыңды,
Анан…
Тынып бүткөн сезимди кымтыланам.

Жамыратпа санааларды күзгү жаан,
Жаза баскан күндөмүн алда качан.
Жан кейиткен ырыңды токтотпосоң,
Анда сенден аша көз жашты буркуратам.

 

Жалгыздык, өксүк жана сүйүү

Өзүнүн жалгыздыгын, өксүккө жабыккан жеке тагдырын жазуу аркылуу адамзатты ойлонууга, тирүүлүктүн, махабаттын баркын билүүгө чакырган акын Айгүл Узакова көзү тирүүсүндө журналисттерге берген маектеринин биринде мындайча кеп салган экен:

Эгер чынын айтсам,  мен эч кимди сүйгөн жокмун, мени эч ким сүйгөн жок. Сүйүүгө ээ болуш үчүн кыз кылыгы менен болуш керек экен. А мени атам кичинемден “Айгүл билет, Айгүл сүйлөсүн” деп койсо өзүм же эркек баладай болбой, же кыз баладай болбой сүйүүдөн алыс болуп калдым. 

Демек, анда Айгүл Узакованын сүйүү ырларын кыялдан, чыныгы көксөөдөн жаралган ырлар деп айтсак болчудай.

Ушундан улам чыгармачыл инсандардын жеке тагдырына байланыштуу бир икая эске келет. Дүйнөлүк бир улуу сүрөтчү өмүр бою деңиздерди, тоодой толкундарды тартыптыр. Эл аны деңиздер курчаган аймакта жашайт го деп ойлошчу экен. Бирок кийинчерээк күйөрмандары анын өмүр бою бир тамчы сууга зар болгон чөлдө жашап, деңизди таптакыр көрбөгөнүн билип, таң калган. Көрсө ал улуу сүрөтчү ошол кыялдары менен жашаган экен.

Буга улай Кыргыз эл акыны Төлөгөн Мамеевдин айтымында, Айгүл Узакованынын ырларын окугандардын көбү ал өз башынан өткөн сүйүүлөрүн ырдап жатат деп түшүнүшү мүмкүн, а чындыгында Узакова өзүнүн жеке күйүтүн эмес, махабаттын таза экенин ырдаган:

Кээ бир кыздар жыйырма жашында жигити кетип калса эле ыйлап, өзүнүн жеке тагдырын ырдап жүрүп азыр сексен-токсонго чыккан акын болуп калышты. Ал эми Айгүл Узакова дүйнөдө сүйүүдөн башка адамгерчилик да бар экенин ырдап өттү.

Мамеевдин ою боюнча биз сөз кылып жаткан автор өз ырларына сүйүүдөн да кымбат баалуулуктарды ката билген.

Акындын муундашы, жогорку окуу жайда чогуу окуган курсташы, Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Нурмамбетовдун пикиринде, тескерисинче Узакова өзүнүн тагдырын жазуу менен жаңы табылгаларды жарата алган:

Мен Айгүлдүн көзү өткөндө анын китебин карап турсам, мындай бир ыры бар экен:

Айга да чайдым, Күнгө да чайдым,
Аз да болсоң арыбасын жан ырым.
Кадырыңды билгендердин жүрөгүнөн түнөк тап,
Меникинен жакшы болсун тагдырың, – дейт. Менимче, ал өзүнүн ырларына көкүрөктөн сызылып чыккан өксүгүн да салган. Өзүнүн тагдырын, махабатын ырдаган. 

 

“Мени да кеп кылышаар сага кийин”

Акынды жакындан билген курбуларынын айтымында, ал өзүнүн жалгыз уулу Нурдинди тирек кылып, аны жалгыз өстүрүп, аял катары тайкы болуп калган тагдыры үчүн ичинен сызып, кадимки жетишип-жетишпеген карапайым турмушта жашады.

Курдаштарынын бири Жаңыл Бердигулова Узакованын жеке адамдык сапаты тууралуу айтып отурду:

Айгүл деген кыргыз кыздарынын ичинен эң таланттуу, эң жөнөкөй, эң асыл аял эле. Ал мыкты талант болуу менен бирге эле мыкты аял болчу. Мен азырга чейин анын каза болгонуна ишене албай турам. Биз аны баалай албай калгандайбыз.

Акын Сирень Сарбалаева да бизге Айгүл Узаковага качан, кантип жолугуп калганын эскерди:

Мен поэзия кечесинен кийин атайын барып жолуктум. Ага чейин ырларын окуп, таасирленип жүрчүмүн. Айгүл эже аял катары да мыкты экен. Анда чыныгы кыргыз аялдарына тиешелүү назиктик, мээримдүүлүк бар эле.

Муну менен бирге Сирень Сарбалаева Айгүл Узакова «Нурдинге» деген ырында уулуна эле эмес эле баарыбызга керээзин айтса керек дейт:

…Тегиңди теңине албас теңтуш чыкса,
Телмирип, жер карабай бийик болгун.
Тектүүнүн бир жаманы болгонуңча,
Акыл-эс, билимиңди бийик койгун!

Байлыгың башың менен ченелерин,
Каралдым, эмитеден билип койгун.
Мени да кеп кылышаар сага кийин,
Турмуш – бул өйдө төмөн кызык чийин.

Тагдырым сенде жана ырларымда,
Калганын сезип, баалап, өзүң билгин…

Зайырбек Ажыматов, «Азаттык», 06.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.