“Айтматов” академиясынын жаӊы академиктери аныкталат

2014-жылдын 11-октябрында Ч. Айтматов негиздеген “Диалог Евразия” платформасы жана Коомдук Айтматов академиясы биргеликте жаӊы академиктерди аныктап, аларга дипломдорун тапшыруу аземин уюштурат.

Коомдук Айтматов академиясынын президиуму 2014-жылдын 1-августундагы чечими менен кыргыз адабиятын, маданиятын өнүктүрүүгө, бүткүл дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын коомчулукка кеңири жайылтууга кошкон зор салымы жана жигердүү чыгармачылык иштери үчүн Кыргыз эл жазуучулары Бексултан Жакиев, Өскөн Даникеев, Мар Байжиев, Казат Акматовдор Айтматов академиясынын ардактуу академиги болуп шайланышат.

Ошондой эле Түрк дүйнөсүнүн жана кыргыз-азербайжан адабий, маданий байланышын чыңдоодогу ролу, бүткүл дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын кеңири жайылтууга кошкон салымы жана жигердүү чыгармачылык иштери үчүн коомдук ишмер жана жазуучу Гидаят Худуш  Оруджев, филология илимдеринин кандидаты Андашев Дилдебек Айтматов  Академиясынын академиктери болуп шайланмакчы.

Иш-чарада Ч. Айтматов чыгармачылык дүйнөсү жана эл аралык диалогго кошкон салымы тууралуу видео тасмалар көрсөтүлөт. Жаӊы белгиленген академиктер тааныштырылып, Айтматов академиясынын академиктерине, диплом, төш белги жана жазуучунун элеси түшүрүлгөн статуеткалар тапшырылмакчы. Бир катар илимпоз окумуштуулар куттуктоо сөзүнө чыгышат. Жыйындын соӊунда аземдин катышуучуларына “Диалог Евразия” платформасынын баалуу китептери жана журналдары тапшырылат жана концерттик программа тартууланат.

Белгилей кетсек, коомдук Айтматов Академиясынын уставы юстиция министрлигинен бекитилген. Уставдын  негизинде “Ардактуу академик”, “анык мүчөсү” деген наамдар адистиктер боюнча шайланып келет.

 

Күнү: 11-октябрь, 2014-жыл.

Сааты: 11:00

Дареги: Бишкек шаары, М. Горкий көчөсү (совет көч. кесилиши), “Vefa” соода борбору, 4-кабат, конференц-залы.

Тел.: 0312 596531, 0555 666332

Айтматов академиясынын президенти академик Абдылдажан Акаматалиев

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.