Шайлообек Дүйшеев: “Сөздүн кереметин эми түшүнө баштадым”

“Поэзия жаштыктын гана иши, анткени сезимиң акылга баш ийбей жүрөгүңдүн элегинен өткөрүп жазасың. Акырындык менен жашың өткөн сайын ырыңдын маңызы супсак, табы жок болуп элдин жүрөгүнө жетпей калат. Мындан улам азыр мен кара сөз түрүндө гана жазып калдым”,-деп өзүнүн чыгармачылыгы менен ой бөлүшкөн кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев менен маектештик.

– Сиздин чыгармачылык сапарыңыз 38 жашыңызда башталыптыр ошол кездеги ырларыңыз менен учурдагы ырларыңыздын айырмачылыгы тууралуу айтып өтсөңүз?

– Чыгармачылыкты кеч эле баштап, аз эле жыл иштептирмин. Мен азыр ыр жазбай калдым, ыр деген жаштыктын иши. Анткени ал убакта акылга караганда сезим күчтүү болуп калат. Мисалы, акыл деген аттын үстүндөгү киши болсо, ал эми сезим деген ала качып бараткан тизгини, чылбыры жок атты элестетсең болот. Сезим деген акылга баш ийбейт. Бирөөнү сүйсөң дагы сезим менен сүйөсүң, жазганда да сезим оргуштап, күчтүү болгондо ыр күчтүү чыгат. Анан акырындык менен жашың улгайган сайын сезим өчүп отуруп, акылга алмашат. Ошондо минген атың ооздукталат, анан атты каалаган жагыңа буруп, ал жакка кеткенге болбойт деп өзүң башкарып каласың. Ошо сыяктуу сезим токтогон жерде ырды токтотуп койсо деле болот. Себеби акылга өткөндөн кийин ыр жакшы чыкпай ырың кургак болуп калат. Бул билинбегени менен адабиятчылар, сынчылар да аныктай албаган нерсе. “Кээде акындарды жүз жашка чейин ыр жазып жүрөт” деп мактап жүрөбүз ал кургак ырлар. Ал ырларда от да, тап да жок. Ал ыр окуган кишини өзүнө тарта албайт. Азыр мага бирөөлөр ыр жазып бер десе татынакай, уйкашы менен жазып берем. Бирок, жүрөгүңдүн элегинен чыкпагандан кийин ыр маңыздуу чыкпай калат. Мен азыр кара сөз менен иштеп жатам. Сөздүн кереметин эми түшүнө баштадым. Ырда туура сөздүн гүлүн тандайсың, поэзия ансыз болбойт, сөз, уйкаштык баары төп келиши керек. Бирок, бөлмөнүн төрт бурчунда камалып калгандай болуп каласың. Андан алыс чыга албайсың, андан чыгууга да жол бербейт, рифма, уйкаштык ошол төрт бурчтуктун ичинде өз оюңду айтышың керек, поэзиянын касиеттүүлүгү ошондо. Бир эле сап менен көп ойлорду жазасың. Мисалы мен мынтип жаздым “алманы жечү курт жатат, алмадай жердин ичинде ааламды жечү журт жатат”. Бул үч саптуу ырда бир топ ойлор айтылган. Прозада эркин каалаган жагыңа кетсең болот. Кыргыз тилинин күчүн прозада колдонсо болот. Өзүнүн чеберчилигин, мүмкүнчүлүгүн кара сөз аркылуу каалагандай ачып бересиң. Кара сөздүн улуулугу ушунда, жазуучулук күчүңдү, чеберчилигиңди кара сөздө гана сынайсың. Поэзияны бардык эле адамдар түшүнө бербейт экен. Ал эми кара сөз кенедей баладан тартып, чоңдорго чейин ылайыкташкан.

“Агындылар” китебиңизди жазышыңызга эмне түрткү болду?

– Бул китепти окугун ар бир адам, андан өзүнүн тагдырын издейт. Өзүнүкүнө окшош адамдык сапатты, өзүнүн туулуп өскөн айылынын окшош жагын табат. Агындылардагы айыл өздөрүнүн айылында дагы бар экендигин, китептеги кишилер алардын айылында да жашаарын кадимкидей элестетип, кошо жашап, кошо жүрүп турат. Себеби бул кыргыздын нагыз турмушу, жашырылбаган, болгонун болгондой жазылган. Китеп роман да, повесть да, аңгемелердин жыйындысы да, мемуар да эмес, окуганга жеңил, ойлонто турган чыгарма. Мында мен өзүмдүн ачык кемчилигимди, жаман-жакшы жактарымдын бардыгын жашырбай ачык жазганмын. Мында ойдон, ойлоп чыгарылган каармандар эмес, жасалма тагдырлар эмес, бул болгон турмуш, өзүбүздүн согуштан азыркы мезгилге чейинки кыргыз турмушу чагылдырылат. Учурда китеп Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына кеңири тарай элек.

– Уйгур тилине которулуп калдыбы?

– Азыр Кытайга алып кеткен, азырынча жооп келе элек. Орус тилине да которобуз деп жатышат. Менин оюмча которулбай эле койгону оң, анткени мында кыргыздын психологиясы, кыргыздын кемпирлеринин бири-бирине мамилеси, жанагы кыргыз Талиптин мас болуп көчөнү чаңдатып чаап өткөнү орустарга, уйгурларга кызык болобу мен аны элестете албайм. Которулбашын каалар элем, которулбай эле койсун которулганда эле Дүйшеевдин агындыларын күтүп атыптырбы. Чет өлкөгө таанылгандын кереги да жок. Мен кыргызга таанылдымбы, болду, ошол эле жетет.

– Азыркы жаштар китеп окубай эле ыр жазып жатышпайбы, буга сиздин көз карашыңыз кандай?

– Китеп окубай туруп, ыр жазышканы туура эмес. Азыркылар Сүйүнбай Эралиевди, Чыңгыз Айтматовду, Алыкул Осмоновду окубай калышпадыбы. Бул акын-жазуучулардын ырларынын мыктылыгын түшүнө билип, сөз менен иштөө ыкмасын, стилин бардыгын үйрөнүп, билиши керек. Китеп окуганда сөз байлыгың, жан дүйнөң байыйт. Окубасаң сөз байлыгы жарды болуп калат. Жаштардан сурайм “муну окудуң беле” десем жок “окуган эмесмин” дешет анда окубасаң болбойт деп айтам. Окубай жазылган ырлардын келечеги жок, андан акын болуп чыкпайт. Биз болсо баарын окудук, дүйнөлүк классиктерден тартып, кыргыз акын жазуучуларынын чыгармаларына чейин бардыгын окуп чыктык. Дайыма китепти кучактап, башыбызга жаздап жүрүп чоңойдук. Ошон үчүн бизди китеп адам кылды. Эгерде ошол убакта бүгүнкү заман болгондо, мен эмне болуп чыгаарымды ким билет? Ошондуктан азыркы жаштарга айтаарым жазуучу болом десеңер көркөм адабиятты көбүрөөк окусаңар пайдасын гана табасыңар. Ал эми жаш акындардын ырлары боюнча эч кимисин айта албайм, бир топ жылдан кийин айтса болот, алар өздөрүн-өздөрү айтаар.

Маектешкен: Кубанычбек Маматали Уулу,
ZamanКыргызстан”, (“Кыргыз гезиттер айылы”), 09.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.