Майрамбек ТОЙЧИЕВ (ШААМЕРЧЕМ)

1963-жылдын 7-ноябрында Тажикстандагы Тоолуу Бадахшандын Мургаб районунда туулган. 1989-жылы Тажик политехникалык институтун “автомобиль жолдору” адистиги боюнча бүтүргөндөн кийин жол куруу-түзөтүү тармагында иштеп, 2005-жылы “Тажикстандын ардактуу жолчусу” төшбелгиси менен сыйланган. 2007-2011-ж.ж. Мургаб районунун төрагасы (акими) жана Тажикстан парламентинин мүчөсү болгон.

Ыр жазууга мектептен эле кызыгып, “Бар бол, Сарыкол!” (1999, Ош), “Кулжанаама” (2004, Ош) аттуу ырлар жана котормолор жыйнактарынын автору. Хафиздин отуздай газалын, Пушкиндин “Анжело” поэмасы менен бир нече ырын, Фросттун, Есениндин, Тютчевдин, Ахматованын, Цветаеванын жана азыркы бир катар тажик акындарынын ырларынан кыргызчалап, жыйнактарда, гезиттерде, сайттарда жарыялаган. Бир нече чыгармасы тажикчеге которулуп, мезгилдүү басма сөздө, альманах-антологияларда жарык көргөн. Тарых, математика, орус тили боюнча окуулуктарды кыргызчалаган. 2011-жылы Сарыкол уз-чеберлеринин кол өнөрчүлүгү боюнча төрт тилде басылган каталог-китептин тажикче версиясы да анын калемине таандык. Кыргыз жана тажик тилдерин салыштырма изилдөө жаатындагы илимий макалалары жана “Тажик тили” деген колдонмо китеби (2015) жарык көргөн.

2007-жылы Тажикстандын (№357), ал эми 2008-жылы Кыргызстандын (№472) Жазуучулар Союздарына мүчө болуп кабыл алынган.

Учурда Тажикстан билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы кыргызтилдүү мектептер үчүн окуу китептерин даярдоо боюнча жумушчу топту жетектейт.

Котормолор

Марина ЦВЕТАЕВА

* * *

Идешь, на меня похожий,
Глаза устремляя вниз.
Я их опускала – тоже!
Прохожий, остановись!

Прочти – слепоты куриной
И маков набрав букет –
Что звали меня Мариной
И сколько мне было лет.

Не думай, что здесь – могила,
Что я появлюсь, грозя…
Я слишком сама любила
Смеяться, когда нельзя!

И кровь приливала к коже,
И кудри мои вились…
Я тоже была, прохожий!
Прохожий, остановись!

Сорви себе стебель дикий
И ягоду ему вслед:
Кладбищенской земляники
Крупнее и слаще нет.

Но только не стой угрюмо,
Главу опустив на грудь.
Легко обо мне подумай,
Легко обо мне забудь.

Как луч тебя освещает!
Ты весь в золотой пыли…
– И пусть тебя не смущает
Мой голос из-под земли.
Коктебель, 3 мая 1913

* * *

Көздөрүңдү албай жерден
Басканың маа окшоду.
Өзүм дагы ошентчү элем
О жолоочу, токточу!

Кызгалдактын десте тергин
Окучу анан бүшүркөп:
Мен “Марина” экендигим
“Балан жашка кирген…” – деп.

Кооптонбо көрүстөндөн,
Басат, – дебе, – басырык!
Күлгөндү мен жакшы көргөм,
Күлбөс жерде каткырып…

Кызыл жүздүү кыз болчумун
Көкүлдөрүм шок болчу…
Мен да болгом, о жолоочум!
О жолоочум, токточу!

Гүл – жапайы. Үз атайы,
Даамдап көр жемишин;
Көрүстөндүн кулпунайы
Эң ири да эң ширин

Тура бербе муңдуу бирок
Башың салып ыргала,
Мен жөнүндө бир аз ойлоп,
Унутуп кой жөн гана…

Күн шооласы ороп сени
Алтындаптыр, карачы!
– Жер астынан келген эми
доошума таң калбачы!…
Көктөбөл, 3-май, 1913-жыл.

Роберт ФРОСТ (Robert Frost)

THE AIM WAS SONG

Before man to blow to right
The wind once blew itself untaught,
And did its loudest day and night
In any rough place where it caught.

Man came to tell it what was wrong:
It hadn’t found the place to blow;
It blew too hard — the aim was song.
And listen — how it ought to go!

He took a little in his mouth,
And held it long enough for north
To be converted into south,
And then by measure blew it forth.

By measure. It was word and note,
The wind the wind had meant to be –
A little through the lips and throat.
The aim was song — the wind could see.

ЫР ЖАНА ШАМАЛ

Адам демин ичине кере алды эле
Шамал демин озунуп бүрктү сыртка:
Жапан жел бүлүк салып теребелге
Аркырап жортту күн-түн ойдо, кырда.

Айтты Адам каталыгын Шамалга анда
“Пайдасыз коротулду албуут желиң.
Ичке дем алуудагы максат -ЫРДА
Эмесе тыңда ырдын эмне экенин…”

Деди да оозго бир аз демин жыйып
Далысы тосуп түндүк- Шамал жакты
Паанага – түштүк жакка жүзүн буруп
Ашыкпай өлчөм менен дем агытты…

Сөз кыналган бу керемет обон эле
(Эрин менен өңгөчтөн чыккан сызып
Шамалдын бир бүркүмү болсо деле.)
Түшүндү ыр максатын Шамал угуп…

A QUESTION

A voice said, Look me in the stars
And tell me truly, men of earth,
If all the soul-and-body scars
Were not too much to pay for birth.

СУРОО

Суроо салып жылдыздан мындай дешти:
“Жооп берчи, эй, Жердеги алыс адам-
Туулбай койгон деги жакшы эмеспи
Туулуп мынча азапка тушуккандан?”

THE PASTURE

I’m going out to clean the pasture spring;
I’ll only stop to rake the leaves away
(And wait to watch the water clear, I may):
I sha’n’t be gone long. – You come too.

I’m going out to fetch the little calf
That’s standing by the mother. It’s so young,
It totters when she licks it with her tongue.
I sha’n’t be gone long. – You come too.

ЖАЙЛОО

Тазалап коёюнчу булак көзүн
чөп-чарды ширеп калган шилеп салып
(саамга тунуктуктан кубат алып).
Көпкө мен кармалбаймын. – Сен да келчи.

Кийирип коёюнчу торпокту да
болгондур энесин ээмп. Кечээ туулган,
жаласа кулай жаздап турат араң.
Көпкө мен кармалбаймын. – Сен да келчи.

A MINOR BIRD

I have wished a bird would fly away,
And not sing by my house all day;

Have clapped my hands at him from the door
When it seemed as if I could bear no more.

The fault must partly have been in me.
The bird was not to blame for his key.

And of course there must be something wrong
In wanting to silence any song.

АРМАНДУУ ЧЫМЧЫК

Үй жанында чымчык тынбай безелеп…
“Муң чакырбай учуп кетсе кана!..” деп.

Кол чапкылайм эшигимден ага улам-
Ый ширеген ырын чыдап угалбайм.

Муң чакырган, балким, – өзүм… А бирок
чымчык муңду менден көрөөр түрү жок.

Акырында улутунам ынанып:
Ыр жеримей – жосунсуз иш, бул анык…

COME IN

As I came to the edge of the woods,
Thrush music-hark!
Now if it was dusk outside,
Inside it was dark.

Too dark in the woods for a bird
By sleight of wing
To better its perch for the night,
Though it still could sing.

The last of the light of the sun
That had died in the west
Still lived for one song more
In a thrush’s breast.

Far in the pillared dark
Thrush music went-
Almost like a call to come in
To the dark and lament.

But no, I was out for stars:
I would not come in.
1 meant not even if asked,
And I hadn’t been.

КИРЧИ!

Мынакей, мен токойго жетип калдым,
ободо чымчык ыры!
Токойдун сыртында азыр күүгүм талаш,
ичинде капкараңгы…

Каптаган караңгыда көзгө сайгыс
эптелбейт салт конолго.
А чымчык болчу дале ыкластуу
эргип бир ыр созгонго.

Бүгүндүн эң акыркы күн шооласы
Батышта житти түнгө.
А бирок жарыгы бар да бир ырдык
Чымчыктын көөдөнүндө.

Түркүктүү каран түндүн тереңинен
шойкондуу ырдайт чымчык.
Ал мени түнгө, ээнге, касыретке
“Кирчи!” деп чакыргансыйт.

А менин жылдыздарда иштерим көп!
Токойдо жумушум жок-
Кирбесмин чакырса да атымды айтып.
Айтпады эч ким бирок…

THE DUST OF SNOW

The way a crow
Shook down on me
The dust of snow
From a hemlock tree

Has given my heart
A change of mood
And saved some part
Of a day I had rued.

ОЮНКАРАК КАРГА

Өтүп жатсам каргажан
Сынап мендей билбести
Өзү конгон дарактан
Кар жаадырып ийбеспи!

Келген өңдүү бала чак
Кар салышчу моюнга
Өчүп дилде кара так
Күлкү толду коюнга!

A TIME TO TALK

When a friend calls to me from the road
And slows his horse to a meaning walk,
I don’t stand still and look around
On all the hills I haven’t hoed,
And shout from where I am, What is it?
No, not as there is a time to talk.
I thrust my hoe in the mellow ground,
Blade-end up and five feet tall,
And plod: I go up to the stone wall
For a friendly visit.

БААРЛАШУУ МААЛЫ

Теңтуш мага үн салса тизгин тартып
тээ жол жактан баарлашуу ниетинде
туруп калбайм каранып, терим аарчып,
дың адырда кетменге өбөк артып,
кыйкырбайм турган жерден: “Эмне болду?
Колум бош эмес эле ушул ченде…”
Кетменим сайып коём алчылантып,
сергилең топуракка сабы менен.
Анан шашпай, чарчаңкы түшүп келем
утурлай теңтушумду…

Александр ПУШКИН

Я ВАС ЛЮБИЛ…

Я вас любил: любовь ещё, быть может,
В душе моей угасла не совсем;
Но пусть она вас больше не тревожит;
Я не хочу печалить вас ничем.

Я вас любил безмолвно, безнадёжно;
То робостью, то ревностью томим;
Я вас любил так искренно, так нежно,
Как дай вам бог любимой быть другим.

СҮЙГӨМ СИЗДИ…

Сүйгөм сизди: сүйүүм балким, дагы эле
өчүп калбай, жүрөктө тур кызыл чок;
Бирок эми бүлүк салбайт ал сизге;
Эми сизди мен алагды кылгым жок.

Сүйгөм сизди арсар үмүт, ичимден;
Кээде сестенч, кээде кызганч басса да
чын берилип өзүңүздү сүйдү элем,
эми мендей сүйө алса экен башка да!..

ПАМЯТНИК

Я памятник себе воздвиг нерукотворный,
К нему не зарастёт народная тропа,
Вознёсся он выше непокорною главой
Выше Александрийского столпа,

Нет весь я не умру – душа в заветной лире
Мой прах переживёт – и тленья убежит
Славен буду я – доколе в подлунном мире
Жив будет хоть один пиит.

Слух обо мне пройдёт по всей Руси великой,
И назовёт меня всяк сущий в ней язык,
И гордый внук славян, и финн и ныне дикой
Тунгуз и друг степей калмык.

И долго буду тем любезен я народу,
Что чувства добрые я лирой пробуждал,
Что в мой жестокий век восславил я Свободу
И милость к падшим призывал.

Велению божию, о муза, будь послушна,
Обиды не страшась , не требуя венца,
Хвалу и клевету приемли равнодушно,
И не оспоривай глупца.

АЙКЕЛ

Тургуздум айкелимди – киши үзүлбөйт,
Колунан келбейт андай түк эч кимдин;
Бийиктиги – калпагың жерге түшөт,
Улуктугу- шоона эшпейт Искендериң…

Жок, өлбөйм эч, кан-жаным кооз ырда,
Житибейт да чирибейт эч арбагым .
Өчпөйт менин атагым калганда да
Жер үстүндө тикендей сыңар акын.

Дүңгүрөп улуу Орус кыйырлары,
Жаңырат менин ысмым не бир калкта;
Дымактуу славян уулу, финдер дагы,
Даңкташат жапан туңгуз, чөл калмак да.

Даңкташат узак жылдар ырларымды,
Ак пейил, аруу ойлор ойготконум,
Байкушка ырдан колум сунганымды,
Азаттык күүлөрүмдү катаал доордун.

Моюн сун, о ырпери, бу- тагдырың
Сөккөнгө калтаарыба, так талашпа,
Мактоого, жалаага да алынбагын,
Акмакка теңелбегин, араздашпа.

ЦВЕТОК

Цветок засохший, безуханный,
забытый в книге вижу я;
И вот уже мечтою странной
Душа наполнилась моя:

Где цвёл? когда? какой весною?
И долго ль цвёл? И сорван кем,
Чужой, знакомой ли рукою?
И положен сюда зачем?

На память нежного свиданья,
Или разлуки роковой,
Иль одинокого гулянья
В тиши полей, в тени лесной?

И жив ли тот, и та жива ли?
И нынче где их уголок?
Или уже они увяли
Как сей неведомый цветок?

ТАБЫШМАКТУУ ГҮЛ

Катырылган гүлдү көрүп
Калтырылган китептен
Ажайып бир ойлор келип
Кыялдарга баттым мен:

Кайда, качан, эмнеге
Гүл китепке түштү экен?
Жатпы, өзбү- кай пенде
Кайсы жаздан үздү экен?

Учурашуу белгисидир?
Ажырашуу арманыбы?
Же кыялкеч жалгыздап бир
Шибер, бакка барганыбы?

Бозой кайда? Кыз кайда?
Тапты бекен таалай – бак?
Соолдубу же алар да
Ушул сырдуу гүл сымак?..

Анна АХМАТОВА

СЕРОГЛАЗЫЙ КОРОЛЬ

Слава тебе, безысходная боль!
Умер вчера сероглазый король.

Вечер осенний был душен и ал,
Муж мой, вернувшись, спокойно сказал:

«Знаешь, с охоты его принесли,
Тело у старого дуба нашли.

Жаль королеву. Такой молодой!
За ночь одну она стала седой».

Трубку свою на камине нашел
И на работу ночную ушел.

Дочку мою я сейчас разбужу,
В серые глазки ее погляжу.

А за окном шелестят тополя:
«Нет на земле твоего короля…»
1910 год.

ЧЕКИР КӨЗ ШАА*

Кайран гана дабаасыз арманым-аа!..
Кечээ набыт болуптур чекир көз шаа.

Күздүн кызгылт кечи эле тер жыттуу, үп
Күйөөм минтти тек гана үйгө келип:

“Ууда жүргөн жеринен апкелишти
Картаң дубдун түбүнөн таап келишти…

Шаа жаш болчу. Каныша байкуш-ай-е!
Чачы агарып кетти дейт, бир түндө эле…”

Чылымын очок жактан тапты дагы
Кайрадан түнкү ишине кетип калды.

А мен эми кызымды ойготоюн,
Анын чекир көзүн тиктеп ойнотоюн.

Терезеден шуулдап теректер маа
Термелишет: “ Жашооңдо жок эми шаа!..”

* Күл түстүү бозгуч каректин фонунда (айдыңында?) чечекей абдан даана ЧЕКИТ болуп,“баса белгиленип” кишинин көңүлүн дароо өзүнө бурат… Балким “ЧЕКИР” деген “ЧЕГҮҮ” этишине байланыштуудур. Түштүк говорлорунда (мисалы Сарыкол кыргыздарында) мунун “ЧЕКИЛ” варианты да иштетилет. Кыргызда, дегеле борбор азиялыктарда мындай көздүүлөр сейрек учурайт. Мындай көздөр өзгөчө европалыктарга мүнөздүү экени белгилүү. Чыгармадан аңгыл-сак(..? англо-саксон) фольклорунун серпини байкалат, балким ал кайсы бир европалык уламыштын таасири астында жазылгандыр.

Сергей ЕСЕНИН

ШАГАНЭ

Шаганэ ты моя, Шаганэ!
Потому что я с севера, что ли,
Я готов рассказать тебе поле,
Про волнистую рожь при луне.
Шаганэ ты моя, Шаганэ.

Потому что я с севера, что ли,
Что луна там огромней в сто раз,
Как бы ни был красив Шираз,
Он не лучше рязанских раздолий.
Потому что я с севера, что ли?

Я готов рассказать тебе поле,
Эти волосы взял я у ржи,
Если хочешь, на палец вяжи —
Я нисколько не чувствую боли.
Я готов рассказать тебе поле.

Про волнистую рожь при луне
По кудрям ты моим догадайся.
Дорогая, шути, улыбайся,
Не буди только память во мне
Про волнистую рожь при луне.

Шаганэ ты моя, Шаганэ!
Там, на севере, девушка тоже,
На тебя она страшно похожа,
Может, думает обо мне…
Шаганэ ты моя, Шаганэ!

ШАГАНЕ

Шаганем – ай,  менин Шаганем!
Түндүк жактан болгонум үчүн белем,
Кара буудай талаасын айтып берем,
Ай нурунда шамалга эркелеген.
Шаганем – ай, менин Шаганем.

Түндүк жактан болгонум үчүн белем
Жүз эсе чоң айдыңы андагы Айдын,
Канча көркөм болсо да бу Ширазың
Рязандын мейкинине боло албайт тең.
Түндүк жактан болгонум үчүн белем?

Кара буудай талаасын айтып берем,
Ушу тармал чач ээси – ошол буудай,
оймок кылып ойной бер каалагандай-
тарткылай бер, оорусун такыр сезбейм.
Кара буудай талаасын айтып берем.

Ай нурунда шамалга эркелеген
Тармал чачтан талаамды билип алгын,
Жылмай, дагы эркеле, бирок жаным
Кара буудай талаасын эстетпе сен
Ай нурунда шамалга эркелеген.

Шаганем – ай, менин Шаганем!
Тээ түндүктү жердеген дагы бир кыз,
Эркелиги өзүңдөн айрып алгыс,
Ойлоп мени санааркап жүрөт го дейм…
Шаганем – ай, менин Шаганем!

Гулназар КЕЛДИ (КЕЛДИЕВ)

КУМУРСКА

Дан артынган кумурска
жеркампадан дубалда тик өөдө карай барат жылып,
Тээ Сулайман доорунан чыккансып…
Мен – бекерчи, ал – жапаакеч эмгекчи,
оор жүктүү жылып барат,
астанамдан көздөгөнү – асман тарап
караңгынын түпкүрүнөн
күн желеси көктү көздөй тарткандай,
көөдөнүмдө жүрөк лак-лак
Кумурскадан көз алууга күч калбай
күбүрөдүм : “О жараткан!
Бу карыптын сапары – оор, зор сапар,
күч берегөр, жеткирегөр, колдойгөр!…”
Ал аңгыча,
Кумурска
жарым жолдон оонап түштү, бетаалай!
Күн төбөдөн орго кулап түшкөнсүп
караңгылык каптай түштү көзүмдү,
касыреттен кабыргам чарт сөгүлдү!
Турпатымды ыза ширеп,

Кумурска эмей
өзүм кулап кыялымдын сересинен
ылайда калгансыдым…
Мен көзүмдү араң ачтым , күч менен-
О Жараткан,
кайра дагы баратыптыр жүк менен:
оор жүктүү жылып барат,
астанамдан көздөгөнү – асман тарап,
караңгынын түпкүрүнөн
күнжелеси көктү көздөй тарткандай…

Эси-дартым ээрчип аны жылып жатты,
сабырымдын чаңырыгы бугуп жатты,
парасатым терге айланып,
чачтарымдын талы сайын чыгып жатты…
Шыбырадым: “ О, Жараткан!
Бу карыптын сапары – зор…”
Жалынч-келмем жармы чыгып оозуман
жарым жолдон кайра дагы оонап түштү
кайран кумурскам.

…Кечке таяп, түн жыттанган кез эле,
а кумурска убаракеч – коногум.
Шорго бүткөн бу шордуунун мээнети
маанайымды арман болуп ээледи,
көөдөнүмдү көөдөй союл камчылап,
көз жаш эмес жүрөктөн кан тамчылап…
Ташынган кургурум – ай!
Ах, кыярган кыялым менин!..

МАС БОЛГОНДОГУ ЫР

Жашоо кайда, башка кайда, мен кайда?
Арманымды кимге айтам?
Башкалар соо мен гана масмын,
Башкалар өөдө мен гана пасмын,
Кудай урсун, мен гана масмын!
Өзүмө кой менин мастык ырымды,
Арманым соо, аны билген соолор жок
соолор жоктон мен масмын,
достор жоктон мен масмын!

Жаракат алсам ыракат алаар сен болсоң,
Балекет тапсам берекет табаар сен болсоң,
Бир жыргап алчы!
Бир жыргап алчы!
Не дейин эми?
Масмын,
тазмын,
азмын,
жыласмын
Ушунчалык масмын – ов, масмын,
Кудай урсун, масмын, мен масмын!..

МААНАЙ

Жаз кулпунат…А бирок
бөрткөн гүлдү туурабады жүрөгүм
музчеңгелде кала берип бул ирет…
Кыялыма кыз илеби серпилген жок
ырдаса да ырчы куш ышкын ырын.
О Жанегем!
Картайыпмын!
Да эч кимдин чатагы жок бул муң менен…

* * *

Уктап жаткан эл ойгонду дооштон
Те чекеде,
Те шаардын таң сөгүлчү жагында
Чоочун доош коңгуроолуу кербен өтүп баратты…
Не кербен бу?
Чала уйку топ
(дүүлүктүрмө собол козгоп)
кан жолдогу чаңга жете келишти.
Эй! Не кербен бу?

Зарыкты үн:
“Напси тоёр жүк артынган кербенби?”
Жалооруду дагы бир үн:
“Көңүл кушу, жан ырааты келгенби?”
Онтоо чыкты өңгөчтөн:
“Балким , бул жүк – азаттык?”
Аң-таң калган чала уйку топ
Сурады бир ооздон:
“Азаттык?”
“Ичмеликпи?”
“Киймеликпи?”
Кайра өңгөчтөн онтоо чыкты:
“ Азаттык. Болгону ушул.”
Аң-таң болгон чала уйку топ
Аң-таң бойдон кайра уйкуга киришти…

ДАРАК СЫРЫ

Бөтөлкөлөр бошогон жерде
бошоткондор той болгон жерде
тамырларым жыйырманчы албуут кылым кыртышында.
Жаш кылымдын жаңы күнү бутактарым кош колдоп
тартып туру бүгүн-түндөн келечекки Жашылдыкка.
Күрөөмдө ойноп каны кошок жыттуу өткөндүн
А башымда аруушоокум үмүт-ою эртеңдин
Кабыктарым саар-кечтин бөзүнөн,
Мөмөлөрүм жаңы-эскиси аралаш,
Бой-турпатым баш-аяктын өзүнөн
ымыркаймын,
карыямын,
тамандамын,
асмандамын,
жалбырагым желпинип жаңы кылым эпкинине
тартмак мени бейпилдиктин мейкинине
жетмек анан бейпилдиктин мейкинине…
Жаш кылым! Эй, жаш үмүттүн ак бешиги!
Апаат күздө чачылтпачы бариктерим,
Арам бутка басынтпачы данектерим,
Күнөөлөргө кабылтпачы, күнөөлөргө…
Тамырларым жыйырманчы албуут кылым кыртышында
каныма түс берген гүл да ЖЫЙЫРМАНЫН тулкусунда!

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.