Таластагы «Манас Ордо» тарыхый комплекси

Талас облусунун Манас районундагы Кароол Чокусунун этегинде, Манастын күмбөзүнүн жанында кыргыз улуттук «Манас Ордо» тарыхый комплекси жайгашкан. Комплекстин жалпы аянты 225 гектар. Өкмөттүн алдындагы «Манас Ордо» улуттук комплексинин башкы директору Ормош Чоюнбековдун айтымында, комплекстин конструкциялык объектиси улуттук колоритте курулган. Комплекчүст 1976-жылы курулуп баштаган. Манастын күмбөзүнүн аймагында адабий-этнографиялык музей түзүлгөн. 1990-жылы аны «Манас» мамлекеттик музей-коругу кылып кайра түзүшкөн. 1995-жылы ЮНЕСКОнун эгидасында Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийинки алгачкы жылдарда биринчи болуп «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы кеңейтилген масштабда белгиленди.

1996-жылы «Манас» музей-коругу «Манас Ордо» облустук комплекси болуп кайра түзүлгөн. Акыры ал 2001-жылы кезектеги кайра түзүүдөн өтүп, Кыргыз Республикасынын алдындагы «Манас Ордо» улуттук комплекси макамын алган.

«Манас Ордо» комплекси жана Манастын күмбөзү — кыргыз маданиятынынруханий баалуу энчиси болуп саналат. Комплекстин негизги объектиси болуп Манастын күмбөзү эсептелет.

«Турмуш»

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.