Цветаевадан…

Марина Цветаеванын айтылуу “Мне нравится, что вы больны не мной” деп башталган ыры бар. Ал ырдын жазылганына (3 мая 1915) эмдиги жылы 100 жыл болот экен . Бул ырга Таривердиев сонун обон жазып, Алла Пугачева жеткире ырдаган, журогунду орттоп жиберет. Бир адамды сүйүп калып, бирок сүйүүңдүн жоопсуз экенин билгенде ичиң ачышып, аргасыздан ырдай турган ыр сыяктуу. Бул ырды кыргызча котордум эле, окуп коюңуздар!

 

* * *
Кандай жакшы, оорубайсыз мен үчүн,
Кандай жакшы, мен да сиз деп оорубайм,
Анан дагы… айланганы күнү-түн
Жердин шары аңтарылбай огунан.
Кандай жакшы, шайыр жүрүү сүрдөбөй,
Жагалданбайм жагынсам деп жасалма.
Жалын кылып илебиңиз өрттөбөй,
Жашоодогу жай жүргөнүм жакшы да.

Кандай жакшы, албай мени капарга
Кучагыңыз сүйүп турса башканы,
Оттой күйүп кызганбастан андайда
Кандай жакшы таап турганым аргамды.
Жактырамын: менин назик атымды
Эрте-кечпи эстеп деле койбойсуз.
Кандай жакшы, кошпой эки тагдырды,
Эки жакта эки өмүрдү өтөйбүз.

Ыраазымын жүрөккө алып колумду,
Ай алдында сыр чечишип жүрбөстөн,
Каалап менин түнүмдүн тынч болушун,
Сизге рахмат, мага көңүл бөлбөстөн,
Билбей туруп мени катуу сүйүпсүз,
Арнап мага таттуу уйкулуу таңдарым.
Мейли, мен деп оорубастан жүрүңүз,
Мейли, менин сиз деп күйбөй калганым.

Которгон Нурлан Кайрыев

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.