Акыйкаттыкты, чындыкты издеп, саясатка аттангам…

“Саясаттан сырткары” программасынын кезектеги коногу КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов болду.

 

«Табият менен бирге өстүм…»

ermatov1Балачак деген өтө бир керемет, кайталангыс. Балачак – ушунчалык баёо, таза. Дүнүйө менен жаңыдан гана таанышып турган убакыт болот экен. Биздин кыргыздарда айтат, бала – бул периште дейт, бала – бул сенин бүт дүнүйөңдүн башаты болуп турган улуу касиеттүү курак болуп эсептелинет экен. Менин балачагым жөнүндө чыгармаларымда абдан көп жаздым. Негизи азыркы күнгө чейин балачагымды кайра-кайра эстеп, кайра-кайра көз алдымда көгүлтүр экран болуп тартыла берет. Себеби менин балачагым алыскы тоолордун арасында, Кадамжай районундагы Пум айылында өткөн. Пум айылы шаардан 30 км алыстыкта, тоолордун арасында турган айыл. Анын төрт тарабын тоолор курчап турат. Ушунчалык таза, кичинекей, анан бак-дарагы көп айыл. Ошол айылдын эң четинде Очок-Таш деген жер бар. Ошол жерде өттү. Себеби биздин үйүбүз айылдан бир-эки км алыстыкта турган үй эле. Ал жерде бир топ үй бар болчу, бирок, балдары жок эле. Алыска барып балдар менен ойноп келчүмүн же болбосо, жалаң табият менен жуурулушуп, табият менен бирге өстүм. Менин балалык чагым – табияттын кошулмасы, жуурундусу, табияттын өзү деп айтсам болот.

 

«Мени ушул деңгээлге көркөм адабият алып келди…»

Мен 1-2-класста кат таанып калдым. Ошондо китеп окууну жактырчу элем. Агам мектеп-интернатында окуучу. Ал китептерди алып келип турчу. Анан анын окубай калган китептерин мен алып окучумун. Үйүбүздө эски жомоктор, эпостор көп болчу. Ушуларды көп окучумун. Мен карап көрсөм балачагымдан көркөм адабиятка кызыгып, жомокторго, көркөм сөзгө кызыгып жүргөндүгүм барып-барып адабиятка алып келди деп эсептеймин. Себеби балачагымда көркөм дүйнөгө кызыкпасам, балким мен бул деңгээлге жетпей калмакмын.

 

«Китепканадагы болгон китепти окуп бүтүргөм…»

Мектепти мен Кызыл-Кыя шаарында 8-классты гана аяктадым. Ошол биздин мектеп-интернатыбыздын китепканасында болгон бардык китептерди окуп бүтүрдүм окшойт. Ошол маалда китепканалар абдан бай болчу. 4-класста эле улуу испан жазуучусу Мигель де Сервантес Сааведранын «Дон Кихотун» окуганмын. Кийин көрсөм бул ЖОЖдордо 4-5-курстарда чет эл адабиятынан окула турган китеп экен. Андан кийин мектеп-интернатында бүтүндөй жаңы чыгып барган китептерди башымды көтөрбөй окудум. Мугалимдердин мамилеси жакшы болчу. Ар дайым Эгемберди кандай китеп окудуң, балдарга айтып бер дей берчү. Ал маалда бизде атайын класстык саат бар болчу. Ошол саатта кээде мени эжейибиз тургузуп, жаңы окуган китепти балдарга айтып бер деп турчу. Ошондо мен Беляевдин, Артур Конан Дойлдун китептерин балдарга айтып берчүмүн. Кээ бирлери ушундай да китеп бар экен деп билип калышчу. Анткени менин классташтарымдын көбү китепканага киришчү эмес эле. Анан ошондо таң калышып, китепти качан окуп бүтүп жатасың деп мага тийишишчү.

 

«Эң биринчи эки сом гонорар алгам…»

Мектепте окуп жүргөн кезимде ырга кызыгып кеттим. 7-класста окуп жүргөнүмдө биринчи ырым Республикалык “Кыргызстан пионери” деген гезитке жарык көргөн. Аны классташтарым көрүп таң калышкан. Эгемберди китепти бекер окубай жүргөн турбайбы деп. Ага чейин бир куплет ырым райондук гезитке чыгып, анда дагы классташтарым бир “дүү” болушкан. Аны дайым эстеп жүрөм. Редакцияга көп эле ырларды жиберип, ырларыңыз жарабай калды деген маанайдагы каттарды көп алып турчумун. Бирок райондук гезитке чыккан биринчи ырым дайым эсимде.

Кадамжай чөп ай, кендери,
Билбеймин кандай жердеги,
Толкутат тоодой жүрөктү,
Талантты козгоп мендеги.

Ошо маалда гонорар төлөп берчү. Бир куплет ырыма 2 сом акча келген. Ал маалда эки сом чоң акча экен. Ошого бир канча бал муздак алып, классташтарым менен бөлүп жегеним эсимде.

 

«Армияда мага өзгөчө шарт түзүлгөн…»

Мен алыскы Забайкалье округунда кызмат кылдым. Чита шаарында 6 ай, 1,5 жыл Монголияда. Абдан туулган жерди сагынуу күчөп, ошол мезгилде жазган ырларым менин биринчи чыккан “Ак дил” деген китебиме кирген. Армияда кызмат өтөп жүргөндө мага чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү. Каалаган маалда, каалаган китебимди алып окуп жүрдүм. Анткени ал жердин да китепканасы чоң экен. Армияда жүрүп орус адабияты менен көбүрөөк таанышып, орус тилдүү адабияттарды окудум. Ошол жерде дүйнөлүк адабият менен кеңири таанышууга мага мүмкүнчүлүк болду.

 

«Жолон Мамытов “Сен сабатсызсың!” дечү…»

Мен армияда кызмат кылып жүргөндө кыргыздын чыгаан акыны Жолон Мамытов Москвадагы бүткүл дүйнөлүк Горький атындагы адабият институтунун эки жылдык курсуна барып, окуп жаткан эле. Мен Жокемдин дарегин таап алып, өзүмдүн ырларымды ага жиберип, ал кишинин кеп кеңештерин угуп турдум. Менин ырларымды окуп, талкуулап, эринбей бир-эки бет кат жазып жиберчү. Ошол каттардын бири азыр эсимде. Айтат эле, “Эгемберди, эгер сен эртеби-кечпи мен окуп жаткан институтка келип окубасаң, анда сен өз курдаштарыңдын арасындагы гана бир жакшы акын болуп каласың. Бирок ошол деңгээлден чыга албайсың. Бул жерге келсең дүйнөлүк адабиятты казып окуйсуң. Дүйнөдө эмне деген керемет, эмне деген улуу агымдар, улуу акындар, улуу дүнүйө бар экенин сезесиң, туясың. Аны туймайынча сен жакшы акын боло албайсың”, – деген ачуу саптарды жазып, “Сен төрт куплет ыр жибериптирсиң. Төрт куплет ырыңдан мен он ката таптым. Сен сабатсызсың!”, деп урушчу. Мен ал ырдын ары жагын, тигил жагын карап катаны издеп, таба алчу эмесмин. Демек, көзүм ачыла элек мезгил болчу. Жолон Мамытовдун колдоосунан улам кийин мен алдыма катуу максат койдум. Эмне болсо дагы мен сөзсүз Мамытов окуп жаткан, бир кезде Чыңгыз Айтматов окуган институтка барып окуйм дедим. Акыры кудай буюруп, ал тилегим ишке ашты.

«Башыман далай куугунттукталган күндөр өткөң…»

Мен Бишкекте “КСДП” фракциясы уюшулганда мүчө болуп киргем. Ага чейин бир дагы партиянын мүчөсү болгон эмес элем. Бир-эки жылдай ишибиз жакшы жүрбөй, бара-бара биздин партия оппозициялык партия болуп, Акаевдин бийлиги абдан күч болуп турган мезгил болчу. Ошол маалда мен Баткен облусуна кетип калдым. Ал жерде партиянын алгачкы топторун түзүп, жаштарды, санаалаштарды партияга өткөрүп, ушундай сындуу иштерди кылып жүрдүм. Абдан чоң саясий компанияларга аралаштым. Ошондо биринчи Акаев менен Атамбаев президенттикке атаандаш болуп чыкканда биздин партияны ушунчалык куугунттуктап, сөз сүйлөтпөй, чогулуштарыбызды өткөрбөй жүргөн күндөрдө ушул партияда быштым. Кийин Бакиевдин учурунда дагы Атамбаев ошондой болду. Биз жакта абдан курч, орчундуу коюлуп, куугунттуктоо өзүнүн апогеясына жетип жаткан учурлар болду. Жада калса менин жаткан үйүмдү төрт-беш милиция түн ичи коруп чыккан учурлар болду. Эртеси бир агитация чыкса, Эрматов каякка кетип жатты экен деп, аркамдан тынымсыз аңдыган учурлар болду. Жада калса бир жерде агитация кылып жатсам, келип алып туруп милициялар кармап кетип, туура эмес агитация жүргүзүп жатасың, туура эмес жерде деп сотко берген күндөр да болгон. Кийин сотто өзүмдү-өзүм бүтүндөй мыйзамдардын негизинде коргоп, чыгып, айып пул төлөп кутулган күндөр өткөн. Ушундай нерселердин баардыгы биздин партиялык уюм жакшы билчү эле. 2010-жылкы шайлоодо республикалык съездде мени партиянын эң алдыңкы тизмесине кошуп, ошонун негизинде депутат болуп келдим.

«Акыйкаттыкты, чындыкты издеп саясатка аттангам…»

Менин чыгармачылыгым менен тааныш болгон адамдар менин бетке түз айткан, чындыкты гана жактаган мүнөзүмдү так, даана билишет. Ошонун негизинде болуп жаткан саясий окуялар, саясий абал менин жан дүйнөмө караманча-каршы туруп алган учур болгон. Анан кийин мен кайсы бир учурда акыйкаттык, чындык, элге кандайдыр бир жакшылык нерселер келеби деген чоң үмүт менен саясатка аралашкам. Бир кезде сен чындык деп жүргөн нерсе калп болуп калышы мүмкүн, сен жаман деп жүргөн нерсе бир күнү ак болуп калышы мүмкүн. Бардыгы мезгилге байланыштуу нерсе. Таяктын эки учу бар дегендей, бардык нерсенин эки жагы бар. Күңгөй-тескейи бар, жакшынын жаманы бар, жамандын жакшысы бар. Бүгүн көңүлүң чөгүп турса ошону менен көңүлүңдү чөктүрүп жүрө берсең болбойт. Эртең бир жакшы күндөр келиши мүмкүн. Ал нерсе сөзсүз жакшы күндөрдү алып келет. Кыскасы мен саясатка оор учурда келгем.

«Максат – кыргыз тил көйгөйүн чечүү…»

Мен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болгон кызматка келип отурам. Менин максатым – президент А.Атамбаев өзүнүн мөөнөтүн бүтүргөнчө Кыргызстанда мамлекеттик тилдин маселесин биротоло чечүү. Ошону ишке ашырууга кандайдыр бир жол ачылды, мүмкүнчүлүк түзүлдү. Себеби, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программа иштелип чыкты. Программа жөн эле кагазда калбаш үчүн анын ишке ашыруунун көрсөткүчүн 120 беттен түзүп чыктык. Мен ойлойм, ошол программаны ишке ашыруу менен биз мамлекеттик тилдин маселесин оң жагына чечебиз.

Диналиана Джунушева, «Марал FM», 21.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.