Мелис Макенбаевдин кыргыз адабиятына калтырган изи

М.Макенбаев быйыл көзү тирүү болгондо  алтымыш жашка чыкмак. Жазуучу өзүнүн аз жашаган өмүрүндө кыргыз адабияты үчүн опол тоодой эмгек калтырып кеткен. Бирок, эмнегедир акыркы жылдарда  кыргыз сынында,  адабият таануу  илиминде жазуучу жөнүндө  кеп токтоп бараткандай.

1992- жылдан  2002- жылдарга  чейинки он жыл аралыктагы жазуучунун чыгармачылыгына көз салсак – бул жылдар Мелис Макенбаев жараткан он эки роман  кыргыз романдарын сандык жактан гана  көбөйтпөстөн  сапаттык жактан да бийиктикке көтөргөн жылдар экени айкын ачык. СССРдин убагынан бери жетимиш-сексен жылдап жашырылып, жабылып келинген зым тикенектүү дүйнөдөгү орун алган жашоо, андагы жазылбаган мыйзамдар, сырт дүйнөдөгү СССРдин кулашы менен келген  эгемендүүлүк жылдарындагы базар шарты, жумушсуздук, көпчүлүккө  түшүнүксүз болгон. Көрүп-көрбөгөн, билип-билбеген айрым кыйын шарттагы жашоо тууралуу жазылган  ачуу чындыктар –  чыгармаларынын тулкусун түзөт. Элибиз  эгемендүүлүк  алып, эркиндикте бактылуу өмүр сүрүп жатат делген  кооз сөздөрдүн артында чындык чыркырап сыртка чыга албай, эл көнүп жашап кетүүгɵ оор болуп, ( эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары) , аянычтуу жашоо өзгөрө албай, бешиктен бели чыга элек бала мектепти таштап араба айдап, жүздөгөн кыздар жашоодон орун таппай, денесин сатып, дагы бирөөлөр шаардын чоң таштанды ташталчу жеринде  жашоо өткөрүп  жатышы  жана башкалар жөнүндөгү көшөгөнү  ачышы — бул жазуучунун  чыгармачылыгынын чындыкты ачышы.  Жазуучунун  романдары адам жана коом маселесин ар тараптан жаңыча, болгондо да  кыргыз романисттеринин  али колу тие элек темада “кылмыш дүйнөсүнүн” чөлкөмүндө  иликтеген өзгөчө чыгармалардан экенин мойнубузга алышыбыз керек. М. Макенбаев үчүн  өмүрүнүн акыркы он жылы  өзгөчө  эргүү, чыгармачылыгынын  зор  ылдамдык алган  жылдары болгон экен. Он жылда он эки роман жазган. Адабиятка кол тие элек темадагы мынча романы менен келиши кыргыз  адабияты үчүн  да болуп  көрбөгөндөй  толуктоо. Керек болсо  бир жаңы жанрды ачып, СССР убагында  да  сыры ачылбаган, түрмө темасын, ал жактагы  өзүнчө жашоонун  бар экенин жазып калтырып  кетти. Бир чети чынында, романдарында кемчиликтер жок эмес. Бир беткейлик орун алып кеткен кездери көп эле кезигет. Алсак, укук коргоо кызматкерлерин такыр эле калыс эмес, теңсиз деп сүрөттөйт. “Баатырлар эмнеден өлөт” деген   романын окусаң,  кээде  көркөмдүк  жок, жөн  эле  публицистикалык  чыгарма  окуп бараткандай болосуң. Бирок, кандай болгон күндө да  жалпысынан  адабиятка  чоң эмгек калтырды. Убагында, М.Макенбаевдин  китептери колдон  түшпөй окулуп  келген. Бүгүн   болсо  эч кимден жашыруун  эмес, деги эле азыр ким китеп окуйт? Маалымат таратуу, өзгөчө “технологиялык  бум” күн санап темп алган маалыматташуу шартында көркөм чыгармага жаштардын көңүлүн бурдуруу, аларды этектен тартып китеп окутуу кыйынга турууда. Өзгөчө жаш муунду китепке үңүлтүүнүн бирден-бир жолу  жогорку деңгээлде жазылган детективдик чыгарма. Мына ушул жагынан алып караганда  М.Макенбаевдин чыгармалары  олуттуу  мааниге ээ. Азыр  минтип этектен тартып  китеп окута  албай  калган  кезде  да кайрадан эле  М.Макенбаевдин  детектив жаатындагы бул романдары өтө керек . Детектив демекчи, жазуучу өзүнүн берген бир интервьюсунда:  “Менин  романдарым  детектив жанрына жатпайт, алар  бестселлер деген адабий жанырга кирет. Эркинирээк  эссе сыяктуу жазасың. Дүйнөлүк адабиятта да ушуну колдонот.  Окуялар курч сүрөттөлөт”, – деген эле жазуучу.

 

Мира Сыдыкбаева,  ф.и.к. КМЮАнын доценти: “Мелис Макенбаев кайталангыс талант”

Жазуучунун чыгармаларын окуп отуруп, кыргызда деги кайталангыс таланттар  кезек-кезеги  менен  келип тураарына  дагы бир жолу таў бересиң. Чынында эле  М.Макенбаев  кайталангыс талант. Анын  чыгармаларынан  чындыктын үнү  угулуп турат. Өмүрүнүн  кыскасын сезгенсиген  жазуучу өтө тездик  менен талбай  иштеп, кыргыз  окурманына  өзүнүн он эки романын калтырып  кетти. Турмушта жолуккан адам мүнөздөрү, темир тор артындагы жашоо, андагы адамдар, кол тийгиз кылып түзүп алышкан мыйзамдар, адамдарга жасалган мамиле, укук  коргоо  кызматкерлеринин чектен  чыккан  жоруктары, ал жакта  өзүн  алып жүрүүсү, эне тилин түрмө тилине которуусу  деги эле жай турмушта жашоо кечирип  жаткан  карапайым  адамдын түшүнүгүндө жок  нерселер менен тааныштырды.

Жашоосунда  М.Макенбаев тагдырын өзү  жараткандай. Мелис жарык дүйнөгө келген кезде атасы жаш болгон экен. Ал бала тарбиялаганды үйрөнгөн  кезге чейин эле “мен чоңоюп, көчөдөн тарбия  алып калыптырмын” деп эскергени бар. Үйүнөн качып, көчө балдарына кошулуп,  күн кечирген күндөрү көп болгон. Андай  жашоого  Мелис өтө эле эрте келгендей. Дагы бир эскерүүсүндө түн ичинде коркуп ыйлаган күндөрүм  да болгон дейт. Демек, эрте эле өз алдынча жашагысы келген. Өзүнүн мүнөзүн айтканда ал: “Эч кимге баш ийген эмесмин. Керек болсо атама да баш ийчү эмесмин” дегени бар. Ошентип, тоң моюн Мелис, эки жолу түрмөгө отурат. Биринчисинде жети жарым ай, экинчисинде үч жыл. Экинчи кесилген кезде жазуучу отуз жети жаш курагы экен. Бул жаш өтө жаш кез эмес, токтолуп  эле  калган  курак. Бирок, эмнегедир ушул жашында  кесилген. Кыркка чыкканда түрмөдөн чыгып, элүүгө толо электе дүйнөдөн  өткөн.

Жазуучунун чыгармачылыгы гүлдөп турган  убагында (жылда бир романын берип турганда)  айрым  жазуучулар   “тыйып койбойсуңарбы” деп чыгармаларына каршы болушкан. Ошондо жазуучу  өз күчү менен конференция  уюштуруп, ошол конференцияда адабиятчылар Л.Үкүбаева, И.Абдувалиевдер  чыгармачылыгына оң бааларын беришип, ал эми О.Султанов: “М.Макенбаевдин келиши  менен адабиятка жаңылык кирди,”- деген. Ошондон кийин жазуучунун чыгармачылыгында  даңгыр жол. Жазуучунун өмүр баяны да өзүнчө кызык окуялар менен коштолгон. Ал  1954-жылы 15-октябрда  Рыбачы шаарында төрөлгөн. Мектепти ошол шаарда окуган. 8-классты аяктаган соң  Чуйков атындагы сүрөтчүлөр окуу жайына келип кирет. Бирок, аны толук аяктаган эмес. Кийин 1972- жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетине кирип, аны 1977- жылы аяктаган. 1978-1980-жылдары “Ленинчил жаш” гезитинде кабарчы болуп иштеген. 1980-жылы жазуучунун биринчи повести  “Балалык” деген ат менен, үзүндүлөрү “Ала-Тоо” журналына  жарыяланган. Бул повести үчүн Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон.  Кийин ал бир топ жыл ар кайсы жерде жүрүп түркүн иштерди жасаган. Сокмо согуп, шыбакчы да болгон. Тапкан акчасына кийим алганды жакшы көрчү  дешет. Бирок, тез эле купайке кийип келип калчу. Көрсө  аны көчөдө жүргөн селсаяктарга берип же жерде томолонуп жаткан бирөөнүн үстүнө жаап койчу дейт.    Бардык эле адамдарда арман болбой койбойт эмеспи, Макенбаевдердин үй-бүлөсүндө  да чоң арманы  баласынын, бир тууганынын  кайткыс сапар тартып бара жаткан акыркы мүнөттөрүндө, акыркы сааттарында  кашында эч кимиси болбой калышканы. Акыркы сөзүн укпай калышканы. М.Макенбаев өзүнүн көзү тирүү кезинде иниси Таалайга  “Шамал түнөгөн  шаар” аттуу романынын  кол жазма боюнча жазылганын берген. Ал романын ошол боюнча  сактап келген экен. Эми кудай буюрса жакын арада бул тогуз томдон турган романынын үзүндүлөрүн “Ала-Тоо” журналына  жарыялайбыз  деп турушкан. Бирок, “Ала-Тоо” журналынын редактору  басууга каршы болуп койгон .

1987- жылы  белгисиз  бирөөдөн жүрөгүнө жарат алат.  Ошол жаратынын кесепетинен  2002-жылы 21-апрелде  дүйнө салат. “Эч кимге зыяны жок, керек болсо балага да “жок” деп айта албаган, жакшы адамдар барда жашагым келет” деген сөздү көп айткан, баладай далдаңдап сүйүнгөн, эркин учкусу келген асыл адам кайткыс жолго эртелеп сапар тартты. Эң өкүнүчтүүсү, дагы канча сонун чыгармалар жазылбай калды.

Каныбек уулу Ардакбек, «Де-факто», 24.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.