Ырлар

Роберт Рождественский

МОИ ГОДА – МОЁ БОГАТСТВО

Карылыктан чочубаймын жөнү жок,
Ак басса да чачтарымдын бардыгын.
Өткөн жылдар – өмүрүмө жүк болбойт,
Өткөн жылдар – өчпөс менин байлыгым.

Бүтүрсөм деп көп иштерди мен нечен,
Шаштырыпмын далай мезгил агымын.
Акча деле топтобосом эмне экен,
Өткөн жылдар – өмүрдө чоң байлыгым.

Каниет кылып ар бир өткөн күнүмө,
Ичсем дагы берген ачуу дарысын,
Ал күндөрүм бербейм, бербейм эч кимге,
Өткөн жылдар – өчпөс менин байлыгым.

Эгер мага деп айтышса кылымдар:
“Капа болбо, өчтү сенин жарыгың…”,
Балалыктын бактылуу үнү угулар
Өткөн жылдар – өчпөс менин байлыгым.
Которгон Нурлан Кайрыев

 

Бердибек Жамгырчиев

АППАК КАРЫМ

Коюуу чаңда калганда максаттарым,
Күттүм эле өмүрдүн аппак карын.
Эми минтип апапак кыш кечинде,
Жүрөгүмдү жаткансыйт каптап жалын.

Сүйгөнүмдөй назиксиң аппак карым,
Сезем сенде сыйкырдуу аптап барын.
Кайталангыс музага бөлөп жатты,
Сезимдерге себелеп баш бакканың.

Сени көрүп жашоого канып турдум,
Эңсөө күчөп эрээркеп калыптырмын.
Кусалыктан куурулуп турган кезде,
Жан дүйнөнү тазартып жарык кылдың.

Элестетип кебездей түспөлүңдү,
Сезсең керек санааркап күткөнүмдү.
Жапыздыктын жарчысы боло көрбө,
Анткени сен бийиктен түшпөдүңбү…

Аруулукту өзүңдөн жасагансың,
Булганбаган табигый таза жансың.
Аппак бойдон эрибей туруп тургун,
Сени көрүп пенделер тазалансын!

 

Жыргалбек Касаболотов

ЧАБЫТ

«Көгүчкөн дүйнөсү» деп мекенимди,
Көп жылдар үзө бастым этегимди.
Көк асман чакырган соң, кийин билдим,
Көрсө мен… өзүм Бүркүт экенимди.

Чындык деп ишенгеним жалган экен,
Чымчыктын уясына салган экен.
Тебишпей, терген жемди чокуп жүрүп
Текөөрүм жумшак болуп калган экен.

Өйдөлөп, ачык асман үйүм болду.
Өмүрүм – өткөн чакка сыйым болду.
Бүркүттүн Кан Жолуна кайтыш үчүн
Бүтүндөй өзгөрүшүм кыйын болду.

Таптаган мүнүшкөрдүн үндөгүнө
Талпынсам, такмазалап жүрбөгүлө.
«Кайдагы жок нерсени каалаган» деп
Капыстан кайып кетсем күлбөгүлө!

Тартылып тагдырымдын уюлдары,
Талабым тамырымдан туюлганы –
Канатым Көктү гана көксөп жүрөт.
Калганы – бир Кудайдын буюрганы.

 

ЖАРЫК ӨЧКӨНДӨ

«Өчүр» деп элди сүрөшөт,
Өздөрү кайда түнөшөт?
Жайнаган үйдүн жарыгы
«Жалп» эткен бойдон бир өчөт.

Жыйылсак кантет бул үчүн?
Жылуулук жетпей күнү-түн,
Жыйрылып коюп олтурам,
Жылыткыч эле үмүтүм.

Өкүмөт бизди колдойбу?
Өчүрсө баары тоңбойбу?
«Электр өчкөн жатат» деп
Эскертип койсо болбойбу?

Ичтеги бугум төгүлбөй,
Ичимден тынам, сөгүнбөй.
Чыйрыгып турат көп кабат
Чырактан башка көрүнбөй.

«Тергиле» дешип «тезекти»,
Тейиттен качкан кез өттү.
Атасы байдын балдары
Алышкан окшойт кезекти.

Түшүнөөр бекен кырдаалды?
Түңүлүп көбү кур калды.
Жарымы бүтүп, калганы
Жазылбай күткөн ыр калды…
 

Жыпар Исабаева

ЖҮРӨГҮМ ҮШҮДҮ ДЕП…

Балким бул сагынычтын,
Саргайган үзүмү тек…
“Алгачкы жааган карда,
Жүрөгүм үшүдү…” деп,
Санаага салып койдуң,
Жанымды ансыз дагы,
Азабы, түйшүгү көп…

Кеч күздүн жалбырагы,
Дирилдеп турганындай,
Менин да жүрөгүмдү,
Азапка кыйганыңды ай!
Боло албай мурдагымдай,
Солкулдап согот жүрөк,
Сонеттин ыргагындай…
Атантай Акбаров

* * *

Сүйүү мени кылычтай бүлөп турат,
Сүйүү мени кыйшайсам түзөп турат.
Сенден башка эч кимди көрбөй калдым,
Көз ордунда карек жок-жүрөк турат…

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.