Сүрөтчүлөр союзунун юбилейине арналган көргөзмө

Сүрөтчүлөр Кимия Төрөгелдиева менен Гүлназ Бекмырзаева өз чыгармачылыктарынын көргөзмөсүн быйыл 80 жыл толгон Сүрөтчүлөр союзунун  юбилейине арнашты.

IMG_9866

Сүрөтчүлөр союзунун 80 жылдыгына арналган көргөзмө 1-ноябрь күнү Эмен багынын көргөзмө залында өттү. Анда сүрөтчүлөр Кимия Төрөгелдиева менен Гүлназ Бекмырзаеванын эмгектери — панно жана чоподон жасалган буюмдары коюлду.

IMG_9874

Төрөгелдиева сайма сайып, панно жасоо менен көп жылдан бери алектенет — ал Москвада окуп, анда бир канча убакыт жашаган. Айтымында, ал жакта анын эмгектери суроо-талапка ээ болчу. Сүрөтчү анын чыгармачылыгына адамдар  менен жаратылыш дем бере тургандыгын айтат. Анын эмгектеринин негизин пейзаждар түзөт.

IMG_9926

Төрөгелдиеванын айтымында, анын эмгектери Бишкек менен Оштун музейлеринде коюлат. Ошондой эле ал паннолорун жеке коллекциялар үчүн сатып ала тургандыктарын айтты.

IMG_9914

IMG_9903

Гүлназ Бекмырзаева кездеме жана кийиз менен иштейт, бирок анын жакшы көргөн материалы — чопо.

IMG_9873

Ал Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстанда кызыл, сары жана ак чопонун запастарынын көп болгонуна карабастан өлкөдө чопо менен алектенүү анча жакшы таралбагандыгын айтып өкүндү.

IMG_9894

Бекмырзаеванын өзү Hope Academy жеке мектебинде жаш студенттерди чопо менен иштөөгө үйрөтөт.

IMG_99071

Ал чопо боюнча альбом чыгарууну каалайт — учурда сүрөтчү  өзүнүн эмгеги үчүн материал чогултуп, иштеп чыгуу менен алектенүүдө.

IMG_9937

«Гүлназ — бул тар чөйрө менен гана чектелбестен, түрдүү өлкөлөрдүн адамдарын Кыргызстандын маданияты менен таанышуусуна жардам берүү менен коомго кызмат кылган артисттин үлгүсү», — деди Бекмырзаева иштеген мектептин директору Рэндалл Гвин.

Kloop, 04.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.