Максат Жангазиев: “Өзүм ыраазы боло тургандай ыр жаза элекмин”

Адам өзүнө өзү ыраазы болгон учурда мээнети токтоп калат.

“Улут уюткусу” программасынын бул жолку чыгарылышында “Жаңы толкун” адабий клубунун мүчөсү, жаштар арасында төбөсү көрүнүп калган жаш калемгер Максат Жангазиевдин ушул жылдын май айында жарык көргөн “Жүрөк үнү” деген аталыштагы алгачкы ыр жыйнагынын негизинде поэзия дүйнөсүнө кайрылып, жеке чыгармачылыгы тууралуу анын калемдештери, “Жаңы толкун” адабий клубунун мүчөлөрү Мелис Маматжанов жана Садырбек Турдубек уулу менен бирге маек курдук.

– Китеп эмне себептен “Жүрөк үнү” деп аталып калган?

– Эң алгач китептин аталышын дароо тандай алган жокпуз. Ар кандай аттар сунушталды. Алардын арасынан “Таң менен сырдашуу” же “Сүйүүгө өмүр тилейли” деп аталып калышы да мүмкүн эле. Эгер мындай аталышта болсо, бир гана багытта болуп калмак. Бул китеп тематикасы боюнча төрт бөлүмдөн турат: Мекен, сүйүү, аруу дүйнө, дин тууралуу ырлар кирген. Мына ушул ырлардын баардыгы жүрөгүмдүн жалыны менен анын тереңинен чыккан жан дүйнөмдүн жаңырыгы болгондуктан, китепти“Жүрөк үнү” деп атоону туура таптым. Жыйнакка акыркы эки-үч жылда жазылган ырларым кирди. Бул “менин китебим!” деп мактана турган даражада эмес, жөн гана поэзияга кадам таштап, чыгармачылыкка киришүүм деп билем. Ушул кезге чейин өзүм ыраазы боло тургандай ыр жаза элекмин. Анткени адам баласы өзүнө өзү ыраазы болгон учурда анын мээнети токтоп калат деп айтылат. Ошондуктан өзүмө ыраазы болбогондугума шүгүр кылып, ар дайым мээнет кылуунун үстүндөмүн.

– Канча жашыңыздан калем кармап ыр жазып жүрөсүз?

– Мектепте 5-6-класс окуп жүргөн кездерде кыргыз тил жана адабияты сабагынан берген эжейим акын болгондуктан, менин чыгармачылыгыма таасири чоң болду. Эсимде, биринчи жолу ал жаздырган дилбаянды суранып ыр түрүндө жазганым жакшы баага, мактоого арзыган. Ошол күндөн баштап поэзия дүйнөсүнө аралашып калдым.

Китепке кирген ырлар кимдердин сынынан өттү?

– Китеп чыгарарда биринчи кезекте өзүңдүн абийириңен өткөрүш керек деп ойлойм. Себеби адам бирөөнү алдай алса дагы, өзүн эч качан алдай албайт. Бул жерде өзүң уяла турган жана ошол эле учурда сыймыктанчу нерселер болот. Ал эми ырларымды чыгармачылыкта жол көрсөтүп, кеп-кеңешин айтып жүргөн Бактыгүл Чотурова, Эрлан Жумагазиев жана Зайырбек Ажыматов сыяктуу эже-агаларымдын сынынан өткөрдүм. Алар мага китепти чыгаргандан соң артка жол жок экендигин айтып келишет. Акындык жол – бул өз жашооңду, жан дүйнөңдү кыл көпүрөдөн өткөрүү менен барабар. Анткени анын турмушу ыр, ыры турмуш чындыгы болууга тийиш. Муну мен мойнума илинген чоң жоопкерчилик деп эсептейм жана ар дайым өмүрлүү ырларды жаратканга аракет кылам.

Каныкей Бозгунова, “Марал радиосу”, 08.09.2014-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Максат Жангазиев: “Өзүм ыраазы боло тургандай ыр жаза элекмин”

  • 20.10.2015 at 01:43
    Permalink

    Чыгармачылык ийгилик, калеминиз курчуй берсин , дайыма алдыга кадамыныз жылсын!

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.