«Кечирим сурашым керек эле баарыңардан:/ дегеле көз жарып калганым үчүн кең дүйнөгө…»

Алым ТоктомушевӨткөндө жаздык, эскердик. Алыке менен 15 жылдай чогуу иштептирбиз. Жакшы көргөн, сыйлаган кишисинин көзү өтүп кетсе эле, «кабыргам сынып эле келатат, сынып эле келатат, кабырга деле калбай калды көрүнөт» деп калчу. Алыке эми өзү биздин кабыргабызды сындырып кетпедиби. Азыр Алыкенин китеби даярдалып жатат. Архивин аңтарып, күндө алдына жайып олтурган досубуз Олжобай Шакир телефон чалып: «Баягы темир тордун артында олтурганда жазган ырларын таап алдым. «Асабага» чыгарбайлыбы?» дейт. «Сөзсүз чыгарабыз да» дедик. Алыкени эстедик. «Кечирим сурашым керек эле баарыңардан: дегеле көз жарып калганым үчүн кең дүйнөгө…» деген саптарын окуп алып оор үшкүрдүк… Мынакей ошол ырлары…
«Асабачылар»

Алым ТОКТОМУШЕВ

ЖАШОО

Коргошундай оор басырык абийирлер менен
денелердин ортосунда күрөштөн,
адамгерчилик балласттары
төрөлбөсө эгерде…
Тартынбастан бердим сага (тартуум
ушу түбөлүккө)
ачарчылык, түрмө жана согушту…
21.12.70-ж.

 

ТЕРЕЗЕ ЦИКЛИНЕН

ТЕРЕЗЕЛЕРДИН ЫРЫ

Тагдыр бизге таш ыргытпа!
Таш ыргытпа бу түбөлүк.
Таш ыргытсаң, талкаланып,
Таптырбайбыз күкүмдөлүп…

Жарык тийсе жарыкпыз биз,
Караңгыда караңгыбыз.
Боёкторго карандыбыз.
Тагдыр бизге таш ыргытпа!
Талмалуубуз, аяндуубуз!

Тагдыр бизге таш ыргытпа…
7.12.70-ж.

 

ТЕРЕЗЕНИН ТҮБҮНДӨГҮ ДУХТАР

Санжыралар бекип калган.
Сан бакыттар кетип калган.
Жашыл өрттөр күйүп-жанган.
Жапжаш туулар желге ыргалган.

Бирдиктердин бирдигибиз!

Ыйык жылдар кашкаланган.
Ыйык жарлар наздап алган.
Кыйын күндөр таш жалаган.
Кызык жолдор тасмаланган.

Бирдиктердин бирдигибиз!
10.12.70-ж.

 

ТӨРӨЛГӨН КҮН

Кечирим сурашым керек эле
баарыңардан,
сөздөр менен уңгусунда Прометей
азабы бар,
ыргагында ый-муңу бар Верлендин!
(Эгоисттик, мансапкорлук,
деспоттук иштериме
же качандыр бир жаш кызды
кордогонум үчүн эмес,
бирок, кечирим сурашым керек эле
баарыңардан:
дегеле көз жарып калганым үчүн кең
дүйнөгө…)
1-январь, 71-ж.

 

12-КОЛОНИЯ

Бул жерде түндөр узун, күндөр кыска…
селт этем сары жалбырак «шырп» деп учса…
Бул жерди бир жымжырттык сагаалаган
эч жан жок сени аяган…
Бул жерде түндөр узун, күндөр кыска…
Жаратылыш каткан бойдон
кунарсыз бир сүрөттөрдөй
илинүү көңүлдөрдө…
Сезесиң антсе дагы
бир сындырым нан менен сага берген
суу шыбырын
чөп бактысын…
Айтыпсың:
экөөбүз тайраңдачу мейкиндикке
сыя албай жүргөнүңдү…
саргарып жатканыңды өткөндү
эстеп…
китептин кыздарындай көзжаш
төгүп…
узатып жатканыңды ушул күздү…
Эх, деги, зор бакытың ушул сенин:
кайгырып, шаттана алган учуруңда…
Жазыпсың:
Эркиндиктин ЭРКИН гана сөзү менен…
чаалыгып-чарчаганың ушул күздөн,
бу дагы ЭРКИНДИКтин ырыскысы…
Айтыпсың:
коркоруңду дендин эмес,
духтардын чабыттаган өлүмүнөн…
Айтыпсың:
духум эмес, жатканымды түрмөдө
мен.
…А бирок түндөр узун… күндөр кыска…
селт этем, сары жалбырак «шырт»
деп учса…
21.01.71-ж.

 

ЖАШОО

Ишенем актыгыма өзүм гана,
так ошол ишеничте кете берем
чаржайыт көп ойлордун бири сыңар…
Билемин «жалп!» деп өчөм,
билемин «жалп» деп өчөт чындык
мендей
эртеңки чындыктардын жашашы үчүн
ошентип, азырынча кош-мур айтам
эртеңки күнү жолугууга ак жүз менен!
30.03.71-ж.

 

КАРДА КАЛГАН ЧЫЙЫРЧЫК

Турмушта жапа чеккен маанайдай
жаз!
Дүлөй-дүлөй жүрүп шамал
апрелде жаады кар,
өрүкзарлар чыйрыккан жылдыздардай
дирилдейт тагдыр күтүп,
не бир шойкум.
Короодо — карт теректин бутагында
оронуп жашыл өмүргө
магдырап көшүгөн жаңы дүйнө,
сага салам берип келген чыйырчык
чырылдайт,
кудайга үнү жетип-жетпей,
күтүнгөнсүп бир аян,
түшүнгөнсүп азыр араң доюрлукту…
Ишенчээк байкушум-ай,
камындың неге мынча быйыл эрте?
Азгырдыбы максатың — жаз?!
күтүнгөнүң…
Ишенчээк байкушум, ай!
Үшүбө…үшүбөгүн…
Жаныңы кайсы жаннат жай кыларын
сен эмес, табият да өзү билбейт,
бирок сен күткөн дүйнө
көөлгүп, түш-өңүңдө келээри чын.
Үшүбө, үшүбөгүн!
чыйырчыгым!
22-апрель, 71-ж.

 

* * *

Сен келесиң, бороон күндө келесиң,
Боздоп, ыйлап шамал тыткан элесиң.
Так өчөрдө таттуу үмүтүм үзүлүп
Талыкшыган таңды күткөн терезем.

Таалайымда сени дайым көрүш бар,
Тагдырыма жааган күнү көбүк кар.
Ошондуктан жашоо, тирлик дегениң —
Мен үчүн бир ала дүмбүл өрүкзар.

Бу дүйнөдө баш чайкабай барам тим,
Бакытымды баскан күнү каран түн!
Мезгилинде беймаанисиз мерт болуу —
Мен үчүн бир улуу күнгө карантин.
9.06.71-ж.

 

«РЫЦАРЛАР» ЦИКЛИНЕН ЖЕ МҮРЗӨДӨГҮ ЖАЗУУ

I
Тааныгысы келген анын
дүйнөлүк салгылаштын
таржымалын,
дүйнөлүк кылычтардын жалаңдашын,
ойлордун чабыттарын.
Сүйгөн ал жылдыздын жанбай турган
жерлерде жанышын,
сүйгөн ал сүйүүлөрдүн кыйырсызын…

II
О аны тоодон кулап өлдү дешти
(сүйчү эле бийиктикти, эсил кайран).
О аны өлдү дешти
ойношчул бир аялдын коюнунда
(бу маркум талгак эле күндөй сүйүүгө).
Өлдү дешти жер кепеде
(дүйнөнүн чатырында мерт болууну эңсеген эле).

III
Ал өлдү:
чабыттоодо деми солгун,
ойготпогун!
Жан досу сапар-жолдун.
Дүйнөнүн тынчтыгына кепил болуп
маркумдун оо, дүйнөсүн берген кудай!
15.06.71-ж.

 

* * *

Саргарып каттар жазып жетимсиреп,
сен мага төрөлдүң не экинчи ирет?

Качанкы коңгуроолор кагып мээде,
ачылдың кайра эмнеге алиппедей.

Санаасыз сан жыргалга кеттиң коштоп,
өмүр шо — өтүп кетмей өткүн окшоп.

Тоскоолсуз. Турмуш дагы. Дубал дагы.
О не деген сүрөт бу — дубалдагы!

Жалбарып каттар жазып жетимсиреп
сен мага төрөлдүң не экинчи ирет…

Дүйнөнү тааныш таттуу, таныш таттуу.
Жакшы эле ошол кезиң табышмактуу…
17.02.72-ж.

“Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 30.10.2014-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий