Жүрөктөрдүн өзгөрүүсүн каалаган…

Бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында орусиялык “Виктор” рок-группасынын “Виктор Цой биз менен” аттуу концерти өттү.

Виктор Цойдун балалыгы жана чыгармачылыкта жылдызы жанган учуру ал жашаган доор догмага айланып, анын айынан акырындап урап бараткан мезгилге туш болду. Кийинки муун үчүн кандайдыр бир өзгөрүүлөр керек болуп турган. Бул учурда жаралган Виктор Цойдун “Биз өзгөрүүлөрду күтөбүз” аттуу ырынын кайрыгы:

Жүрөгүбүз өзгөрүүнү талап кылат,
Көздөрүбүз өзгөрүүнү талап кылат,
Күлкүбүз менен көз жашыбызга,
Кан тамырыбызга өзгөрүү керек,
Биз өзгөрүүнү күтүп жатабыз, – деген маанидеги саптары жаштардын көңүлүнө кыт куйгандай уюп калды. Ошол эле учурда ал адамзатты рухий эркиндикке чакырган мындан башка да бир нече ырлары менен андагы союздук республикаларда, анын ичинде Кыргызстанда да өз күйөрмандарын тапты.

Цойдун ырларындагы сырдуу дал келүүлөр

Виктор Цойдун жергиликтүү күйөрмандарынын бири, жаш акын Эркинбек Шейшенбек уулу. Ал ырчынын жогоруда сөз болгон “Биз өзгөрүүлөрдү күтөбүз” ырынан алган таасири тууралуу буларды айтты:

Бул ыр убагында аябай дүңгүрөгөн. Жаштардын согуп турган жүрөгүнүн дабышына айланган. Анын ар бир ыры адамдын ички жан дүйнөсүн, рухий сезимдерин ойготуп, түйшөлтүп, аң-сезимде төңкөрүш жасады десек болот. Цой рок-музыка аркылуу коомдун жан дүйнөсүнө төңкөрүш жасаган улуу акын, улуу музыкант.

Эркинбек Шейшенбек уулу жүрөгүнө орноп калган Виктор Цойдун айрым саптарына жана ошол саптардын мазмуну менен турмушта болгон окуялардын сырдуу дал келүүлөрүнө да токтоло кетти.

– “Я объявляю свой дом без ядерной зоны” деп ырдаган экен. Ыр андан ары менин короом, андан ары шаарым, андан ары бүт Жер шары ядролук куралдарга тыюу салынган аймак болушу керек деген мааниде уланат. Бул ырды Атомдук электр станциялардын курулушуна каршы ырдап чыккан экен. Таң калычтуусу, ыр жаңы ырдалган кезде эл анчалык маани берген эмес. Журналистер Цойдон “Бул ырды эмнеге ырдап жатасың?” дегенде ал “Атомдук станцияларга каршы чыгып жатам, алар кайсы бир учурда жарылып кетиши мүмкүн” деп жооп берет. Андан кийин бир жума өтпөй эле Чернобылда кырсык болгон.

Эркинбек Шейшенбек уулу муну менен кошо Виктор Цой негизи эле жалпы адамзаттык маселени, анын көйгөйүн, тагдырын, жан дүйнөсүн ырдаганын, ал кайсы улуттун, кайсы бир мамлекеттин эмес ар бир жүрөгү бар инсандын ырчысы экенин белгиледи.

Ошол кездеги тарбия менен калыптанган коом үчүн Виктор Цойдун “Кан группасы” аттуу ырындагы “Мага баасы кымбат жеңишти кереги жок” деген саптары элге сиңиши кыйын эле. Бирок Ооган согушунда жүргөн советтик жоокерлер бул ырды өздөрүнүн гимни катары кабыл алган, Цой каза болгондо курдашы каза болгондой аза күтүшкөн. Автор аталган ырында адамдын жашоодогу жеңилбес жоокердик касиетин айтып, баатырлыкка шыктантып, ошол эле учурда бирөөнүн көкүрөгүн тепсеп, максатка жетүү жеңиш эмес экенин айткан.

Жүрөктөрдү ысыткан ырчы

Виктор Цойдун атасы казакстандык корей болгон. Цой өзүнүн 28 жылдык өмүрүндө рок-музыканы искусствонун бийик деңгээлине алып чыгуу менен бирге миллиондогон адамдын кумирине айланган ырчы.

Бишкектик музыкант Ринат Эсенбеков бала кезинен Виктор Цойду идеал тутуп, ал кийингендей кийинип, ал баскандай басып, ал ырдагандай ырдап келет. Өзү түзгөн “Ноябрь” тобу Цойдун ырларын мыкты ырдагандардын катарында. Ринат Эсенбеков “Виктор Цойго келбетим, үнүм менен эле окшобой пикирлеш, санаалаш катары да окшошмун” дейт экен.

Мен анын ар бир ырын ырдап, жеке турмушун, чыгармачылыгын изилдеп келем. Айрымдар Виктор Цой баңги болгон деп айтып келишет. Мен ага кошулбайм. Ал Брюс Лини кумир тутуп, спорт менен машыккан. Ырындагы ойлорду карасаңыз аябай терең. Мындай адамдын маңзатка азгырылышы мүмкүн эмес.

Ринат Эсенбеков Виктор Цойдун чыгармалары бүгүн деле актуалдуу экенин айтып, ал рок-музыканын өлбөгөн жылдызына айланганына токтолду.

Улуттук эстрада өкүлү Бакыт Мамаевдин айтымында, учурда Виктор Цойдун күйөрмандары мурдагы союздук республикаларда эле эмес, Кореяда да, Европада да бар. Ал кайсы бир улуттун же муундун эмес, жалпы рок-музыка күйөрмандарынын жана жалпы эле коомчулуктун сүйүктүү ырчысына айланган:

Акча берип, президент же депутат болгонго болот экен. Бирок талантты сатып алганга болбойт тура. Виктор Цой кайталангыс талант. Аны тууроого, кайта жаратууга болбойт. Биз деле жанталашып ырчы болуп жүрөбүз. Бирок Цойдун деңгээлинде ырдоого, ал ойлонгон ойду ойлонууга мүмкүн эмес. Андыктан Виктор бардык жагынан төп келген тубаса талант болгон деп айтаар элем. Ал бүтүндөй бир муундун аң-сезимин өзгөрттү. Ташка айланган жүрөктөрдү козгоду, ысытты.

Буга улай Бакыт Мамаев Виктор Цой мыкты актер болгонун да кошумчалады.

Виктор Цой 1962-жылы төрөлүп, 1990-жылы каза болгон.

Зайырбек Ажыматов, “Азаттык”, 06.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.