Куйругун жазалаган түлкү

(жомок)

Түлкү талаада жойлоп жүрсө, ит ээрчиткен аңчылар көрүп калат. Алар тайгандарын агытып, түлкүгө кое беришет. Түлкү буту-бутуна тийбей качып отуруп тайгандан кутулбасын билгенден кийин жакын арадагы ийинге кире качат. Ошентип, тайгандар оозунан жулдурган бөрүдөй болуп, аңкайып сыртта туруп калышат.

Ийиндин түп жагына жетип, бир аз эс алган соң түлкү:

– Көзүм, көзүм, сен эмнени көрдүң,-деп көзүнүн сурайт. Анда көзү:

– Мен болгон окуянын баардыгын көрүп турдум. Тайгандар жакындап келе жатканын, ушул жерде ийин бар экенин көрдүм,-дейт.

Түлкү:

– Кулагым, кулагым сен эмнени уктуң?- деп сурайт. Анда кулагы:

– Аңчылардын кууп келе жатканын, иттердин арылдаган үнүн угуп, сага алардын жер жарган дабышын билгиздим,- деп жооп берет.

Андан кийин түлкү:

– Мурдум, мурдум, сен эмне кылдың?- деп сураса, анда мурду:

– Мен коңурсуган жаман жыттуу иттердин жакындап калганын сезип, сага билгиздим, – деп жооп берет.

Түлкү:

– Буттарым, буттарым, силер эмне кыддыңар?- деп сураса, бут-тары:

– Биз күчүбүздүн келишинче тез чуркап, иттерге жеткирбей, сени ушул ийинге алып келдик,-дешип жапырт жооп беришет. Алардын жоопторуна маашырланган түлкү:

– Куйругум, куйругум булар мага минтип жардам берди, сен эмне кылдың?- деп сураса, куйругу:

– Мен тайгандар келе жатканда коркконумдан эч айламды табалбай сенин эки арткы бутуңа жашынып калдым – дейт.

Ошондо түлкү ачуусу келип:

-Сен менин буттарыма жолтоо кылып, тез чуркатпай кармап жаткан турбайсыңбы. Иттер кармап алсын деген арам ойдо экенсиң го! Мен сени иттерге салып берейин, акеңди гана таанытайын,- деп ачууланып куйругун ийиндин сыртына булактатып, боортоктоп жатып калды. Ийиндин оозунда аңдып турган иттер сүйүнгөн бойдон түлкүнү куйруктан тиштеп чыгарып, талап киришти.

Ошентип, куйругун жазалайм деген кем акыл түлкү өзү кырсыкка учурап өлүптүр.

Соц тармактар:

One thought on “Куйругун жазалаган түлкү

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.