Жашоо сабактары

«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан»

Бийик адам

Адамда пастык болсо жашоо оордойт
Адам улам-улам жүктүү болот
Тереңге жетпей туруп чечим кылсаң
Башкага залакасы тийип чыгат
Менсинбе, мергенде сен көп атпагын
Өлчөмдү бил, жашоону бил, баркын бил
Ыйда сен чөгөрүлүп жатпагының
Күчтүү бол, бийик болгун, ченемди бил
Акыйкат ак сөздү сен какпагын
Акылдуу адамды сен барктагын
Бекерден бозо ичип жатпагын
Мээнетти бил, анын баасын бил
Эмгекти сыйла, эмгекти жебе
Ниетиңди кара, ниетиңди сакта
Ниетиңди бак, туурала
Өлбөс адам болбойт, аны билгин
Өлбөстүккө жеткизчү – эмгегиң
Талап койгун сен жакшыга
Талапты кой сен жаманга
Ашынба, ачууланба, сабырдуу бол
Сабырды тут, сабырдуулукка чакыр, үйрөт
Ашкере мактанба, жөнү жок ыйлаба
Ыраазы болгун Кудайга
Милдетти бил, аны аткар, үйрөт, талыкпа
Багытты тап, аны сама, бурулба
Акыл кыска, нуска бирок

буга жетиш үчүн чоң күч, кубат, эмгек талап кылынат. Канчалык адам бийиктеген сайын анын арманы, азабы, түйшүгү көбөйөт. Бирок да анын жашоосу нускалуу, өрнөктүү, даңктуу, баалуу болот.

 

Бийиктеген адамдын арманы, азабы, түйшүгү эмнеде?

Арманы – адам бийиктегенде ага чейинки туура эместиктер, катачылыктар, кемчиликтер так, даана көрүнө баштайт, ошондон улам арман болот.

Азабы – тууралыкта болууга тоскоолдуктар көп болот, кээ бирөөсүн билип туруп туура жасай албайт, элдерге түшүндүрүп айтсаң көбү кабыл албайт, ошондуктан азап тартып кыйналат.

Түйшүгү – ошол бийиктикке дагы башка адамдарды жеткирүүдө туураны айтсаң, кабыл албай түйшөлтөт. Бийиктикке чыкканда сабырдуу бол, түтө бил, күтө бил.

Сулуулук адамда болсун

Сулуулук сөздө болсун, иште болсун

Акылды алгын адам, Асылды чачкын адам

Бийиктегин күнүгө, тиленгиниң күнүгө!

 

Бактылуу адамдын белгиси

Бактылуу адам – көңүлү ток адам. Бактылуу адам – көйгөйү аз адам. Бактылуу адам – капасыз адам.

Бакытка жетчү жолдор:

  1. Ой-толгоо туруктуу, ак, таза, туура болсун
  2. Тилеги кенен, бийик, таза, туура болсун
  3. Ак санаага бай болсун.

Бакытка баруу жолдору:

1.Кудайдан кечирим суроо: туура эмес ишине, туура эмес тилегине, туура эмес оюна, туура эмес көңүлүнө (карасанатайлык, көралбастык, бут тосуу, ич күйдүлүк, ушак, жалаа жапкандык ж.б.у.с. көңүлдөр.

2.Кудайдан жакшы нерсени сураш керек: Кудай, өзүң колдоп, адаштырба.

3.Ишенич.

 

Адамдын келечеги

Келечек адамды өтө көп кызыктырат

Келечек адамды суктандырат

Келечекке адам өзү жол чабат.

Келечегим кенен болсун десең:

1. Ой-толгоону өзгөрткүн: Оюң дайыма бийикте болсун. Алды жакты коркпостон кара, үмүттүү кара, ишенимдүү кара. Ой толгооң дайым жакшыда болсун. Өткөн кыйынчылыкты, жамандыкты көп эстебе.

2. Сезимди бак: Адамдарды жамандаба, алардын жүгүн алба. Адамды күнөөлөбө, анын жүгүн тартпа. Көңүлүңдү өйдөлөткөндү бил, кайгыга алдырба.

3. Акыйкат жашоону тааны, ага баа берип, ошону менен суктан. Башка адамдардын жетишкендиктерин иликте, баала (чын жүрөктөн), каала, суктан.

Таразаны тең карма (бааны туура берүү негизи). Адамдардын жетишкендиктерин иликтеп тыянак чыгар. Ошол тыянактан өзүңө сабак ал.

Жаман нерсени өтө көп үңүлүп изилдебе (булар: адат, оору, ыпыластык, кемчилдик ж.б.у.с.).

Суктанаарлык нерсени көбүрөөк оюңа салып, андан ырахат алганды үйрөн.

Эгер ушул талаптарды адам аткара баштаса келечеги кеңейет, максаты бийик болот, жетишкендиктери арбыйт. Ойдун тереңдигин адам изилдеп бүтпөйт. Ойду жакшыда кармаганды үйрөнгүлө. Бул сабакты башкаларга көбүрөөк үйрөткүлө.

 

Көңүл

Көңүл – бул, адамды өйдөлөтчү, ылдыйлатчу, сакайтчу, ооруга чалдыктырчу, өстүрчү, өлтүрчү күч. Көңүлдүн бийиктиги адамга ылдамдык, бийик сапат, тездик берет. Тездик менен ылдамдыкты айырмалагыла.

Көңүлдүн пастыгы адамга илдет, санаа, коркунуч, запкы берет. Адамдын көңүлү ток болгон учурда адамга келечек кең. Адамдын көңүлү ач болгон учурда келечек коогалаңдуу. Көңүл адамга кубат берет. Кайгы адамга запкы берет.

Көңүл адамга негиз берет: ой толгоого, сапарга, ишке, билимге, жашоого жана башка негиздерге. Көңүл чаппаса, каалабаса, көңүлдө болбосо – көп иш негиздүү болбой калат, аягына жетпей калат. Бүтсө да кынтыктуу болуп калат. Көңүл менен жасаган иш ажарлуу болот.

Көңүл бурбай акылды укса – эс тутумда калбайт. Көңүл бөлүп уккан акыл, сөз, аныктама адамга таасирин берет. Акылдуу адам айтса – анын үнүндө, келбетинде кубат болот.

Санаа тарткан адамдын көңүлү уюбайт. Санаадан арылыш керек. Көйгөйлүү болуп туруп санааны жок кылып, көңүлдү көтөрсө, бурса, уютса болот.

 

Адамга бул жашоодо эмне керек, эмне кыйнайт?

Адамга бул жашоодо эмне керек?

Биринчи деңгээлде:

1. Ишеним

2. Көңүл

3. Асылдануу

Ишеним – Кудайга, келечекке, тамырга, муунга, билимге, жасаган ишке, кадыр-баркка ж.б.

Көңүл – өсүүгө, кыймылга, максат коюуга, тамырды таанууга, билимге, ден соолукка, кубатка ж.б.у.с. көп нерсеге тиешелүү.

Асылдануу – мезгилдин талабына жараша. Өзгөчө азыркы учурда адамдар асылданбаса, чоң сыноо күтөт. Бул – Кудайды таануу, даңазалоо, сыйынуу, адам өзү туура нукта, жолдо, багытта болуу, руханий жан дүйнөнү тазалоо ж.б.у.с.

Экинчи деңгээлде:

Сүйүү, өсүү, мээрим

Үчүнчү деңгээлде:

Кыймыл, максат, мамиле

 

Адамды бул жашоодо эмне кыйнайт?

Биринчи деңгээлде:

1. Жоготуу – акылды, сүйүүнү, мамилени, асылдыкты, ден соолукту, билимди, ж.б.у.с. Өзгөчө асылдуулукту, баалуулукту жоготкондо адам катуу кыйналат.

2. Азгырык. Адамды жаратканда чоң нерселерди берген, бирок азгырык күч адаштырган. Көп адамдарды азгырык адаштырып чоң жоготууларга дуушар болушкан.

3. Жан дүйнөнүн адашуусу – ишенимин башкага берип койгондук. Ишеним, күч-кубат Кудайдан эмес, азгырыктан болгондо.

Экинчи деңгээлде:

Адашуу, пастык, биримдик болбосо.

Үчүнчү деңгээлде:

Арман, адашкан акыл, туура эмес ой, өзүн өзү таппай калганы, билимсиздик.

Адашуу эки түрдүү болот:

1.Өзүнүн адашуусу

  1. Адашкан жолго түшүү.

«Бакдѳѳлѳт» коомунун байланышуу телефондору: 0771 144-820; 0552 853-555

«Көк асаба», 12.02.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.