Ч.Субакожоева: “Жусуп Мамайдын вариантындагы 8 том канча нуска менен чыккандыгы экономикалык сыр”

j_mamay

Жусуп Мамайдын көзү тирүүсүндө өз оозунан маалымат алып, Жусуп Мамай вариантындагы “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Кененим”, “Сейит”, “Асылбача-Бекбача”, “Сомбилек”, “Чигитей” 8 томдугунун басылып чыгуусуна себеп болгон коомдук ишмер Чолпон Субакожоеванын эмгеги зор. Аталган 8 том тууралуу Чолпон эже кененирээк айтып берет.

– “Манастын” 8 урпагын камтыган залкар манасчы Жусуп Мамайдын варианты тууралуу айтып берсеңиз?

Залкар манасчы Жусуп Мамай 8 бөлүктүү Манастын толук нускасын айта ала турган дүйнөдөгү бирден-бир манасчы болуп, 230 миң саптан ашуун эпосту жатка айта билген. “Манасты” Жусуп Мамайдын айтуусунда баштан-аяк бир жылдан ашуун убакыт кетет. Бул вариант Кытайда жашаган бардык улуттардын фольклорунда эң көлөмдүү чыгарма болуп эсептелет. Жусуп Мамайдын вариантында “Манас” эпосунун биринчи бөлүмү 5 миң ыр саптан туруп, төмөнкүдөй окуяларды камтыйт. Анда кыргыз элинин келип чыгышы, Алоокенин кыргыздарга кол салышы, Манастын бала чагы, Манастын алгачкы эрдиктери, Манастын хан болуп көтөрүлүшү, Көкөтөйдүн ашы, аштын салтанаты, Алмамбеттин аңгемеси, Чоң казат, Чоң согуш, Акыркы согуш, Коңурбай менен Манастын акыркы тирешүүсү жана Манас баатырдын дүйнөдөн кайтышы менен окуя жыйынтыкталат.

– “Семетей”, “Сейтек” бөлүмдөрү тууралуу айтып берсеңиз? Анда кайсы окуялар камтылган?

“Семетей” бөлүмү 37 миң ыр саптан турат. Манас өлгөндөн кийин уулу Семетейдин ата жолун улап, сырткы душман калмактар менен болгон согуштагы эрдиктери айтылат. Канчоронун өз элине чыккынчылык кылып, Семетейди өлтүрүп, кыргыз элин кайрадан калмактарга каратып бергени сүрөттөлөт. Үчүнчү бөлүм “Сейтек”. Көлөмү 25 миң ыр сабынан турат. Мында Сейтектин ичтен чыккан чыккынчыларды жазалашы, сырткы душманды кууп чыгуудагы эрдиктери, кыргыз элин кайрадан боштондукка жеткирген баатырдыгы баяндалат.

– Буга чейин “Манастын” үчилтиги тууралуу гана окуп, угуп келгенбиз. Азыркы 8 томдун жаңы ысымдары тууралуу көбү биле беришпейт.

Төртүнчү бөлүк “Кененим” 34 миң ыр сабынан турат. Бул бөлүктө Кененимдин ички жана сырткы чапкынчылардын жолун бууп, зулум баскынчыларды жазалап, кыргыз элине бейпил турмуш куруу үчүн жасаган аракеттери баяндалат.

Бешинчи бөлүк “Сейит”, 11 миң ыр сабынан турат. Бул бөлүктө Кененимдин уулу Сейиттин жети баштуу желмогуз менен согушканы, аларды жок кылган эрдиктери сүрөттөлөт. Сейит 22 жашында дүйнөдөн кайтат. Аялы Кылжике эгиз уул төрөп аттарын Асылбача, Бекбача коет.

Алтынчы бөлүктө Асылбача, Бекбачалардын абалы жөнүндө айтылат. Көлөмү 30 миң ыр сабынан турат. Асылбача эртерээк каза болуп, Бекбача ата-бабасынын жолун жолдоп, калмактардын үстөмдүгүнө каршы күрөштү улантат.

Жетинчи бөлүк “Сомбилек” 11 миң ыр саптан турат. Ал калмактардын, тангуттардын атактуу баатырларын жеңип, бөтөн эл баскынчыларын кууп чыкканда көрсөткөн эрдиктери сүрөттөлөт.

Сегизинчи бөлүк “Чигитей” 12 миң ыр саптан турат. Анын негизин сырткы душмандар – калмактар менен болгон күрөшү баяндалат.

Жусуп Мамайдын 8 томдугу канча нуска менен чыкты?

– Басылма канча нуска менен чыккандыгы экономикалык сыр болуп саналат. Анткени бул китептердин басылып чыгуусуна себеп болгон кыргыз жигиттери өздөрүн эл алдында пиар кылгылары келбейт. Бир нускасын Президентибиз Алмазбек Атамбаевге арнаганбыз. Ошондой эле, Жогорку Кеңешке, 7 областтын губернаторлоруна жана Кыргызстандын ЖОЖдоруна, Жазуучулар союзуна, Улуттук китепканага, КР Президентинин алдындагы “Мурас” жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондуна берилди. Мындан сырткары шаардагы китеп дүкөндөрүндө сатылат. Ошондой эле, окурмандардын суроо-талабына ылайык электрондук вариантын дагы иштеп чыгуу аракетиндебиз

Маектешкен Рахат Саламатова, “Кыргыз Кабар”, 18.11.2014-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.