Кыргыз бийи ден соолукка пайдалуу

kyirgyiz-biyi1

Тургуналы Жусуп Мамай 21 жашта. Даңазасы ааламга тараган кытайлык кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү. Өзү Кытайдын Кызыл-Суу автономдуу облусунун Ак-Чий оданынын Манас айылынан болот. Ошол жакта төрөлүп, өскөн. 7 жашынан бери чоң чоң атасынын (Жусуп Мамайдын) жанында жүрүп, эл алдына чыгып манас айтып келет. Ал эми 13 жашынан тартып бий өнөрүн аркалоодо.

Тургуналы Жусуп Мамай учурда Улуттук университеттин кыргыз филологиясы факультетинде 2-курста окуйт. Окуусунан тышкары маданий иш-чараларга активдүү катышканга аракет кылат. Ата жолун жолдоп, манасчылыкты өркүндөтүү, ошону менен бирге кытайлык кыргыздардын бий өнөрүн кыргызстандыктарга үйрөтүү менен алек. Ал коомчулуктун калың катмарына сиңип, бөбөктөрдөн тартып, кары-картаңдарга чейин кызыгып бийлеген “кара жорго” бийин жана анын бир нече түрлөрүнүн элементтерин өзгөчө аткарат. Учурда “Замана” таңкы каналынан таңкы көнүгүү катары бий кыймылдарын үйрөтүүдө. Биз алгач ата өнөрүн улантып келаткан Тургуналыдан Манас айтууга качан киришкенин сурадык.

– Тургуналы, алп манасчы Жусуп Мамайдын урпагы катары сен да бул өнөрдү аркалап келатасың. Канча жашыңдан тартып Манас айта баштадың?

– Мен телчигип баскандан тартып атамдын (Жусуп Мамайдын) жанында жүрүп чоңойдум. Көзү өткүчө таалим-тарбиясын алдым… Анда 7 жашта элем. Биздин одандагы Кара-Булак деген жерде чоң маараке болуп калды. Атам менен мен да барган элем. Ошондо эл алдына чыгарып, биринчи жолу Манас айттырды. Элдин сүрүбү, же эреркедимби, айтор, бир аз айтып келип, ыйлап жибердим. Кийин атам “али жаш экен, чоңойсун” деп, Манас айттырбай койду. Ошону менен 13 жашка чыкканымда баягы манасчылыкты кайра уланттым. Бирок, баягыдай сүрдөө жок. Атамдын вариантынан чоң-чоң үзүндүлөрдү жаттап, айтып чыктым. Ошондон бери Манас оозумдан түшө элек.

– Манасты жаттап айтасыңбы?

– Атам кырк чоронун сүрөттөлүшүн аябай күчтүү сыпаттоо, эргүү менен кыргыздын жалпак тилинде айтып берчү. Семетейдин Таласка келгенин жана Алманбеттин арманын да мыкты айттар эле. Мен чоңойгондо атам сексенден ашып, 90го таяп калган. Мурункусундай албууттанып айтпаса дагы, жорго сөздөр менен саптарды кыналыштыра, көркөмдөп, төгүп айта билчү. Улам эс тарта баштаган сайын атамдын айткан Манасына кунт кое угуп, анан өз алдымча Манас китептерди көп окуп жүрүп, жаттабай айтканга үйрөнө баштадым. Манасчылар Манас айтып жатканда кандайдыр бир касиеттер аркылуу саптар биринин артынан бири куюлушуп келип, окуяны ыр түрүндө айттыраарына ишенем. Мурда мен Манасты жаттап айтсам, кийинчерээк өзүм айта баштадым. Бирок, ар бир жолу айтканда бири-бирине окшобой калышы мүмкүн. Мааниси боюнча окуя мурдагысындай эле сүрөттөлүп жатканы менен айрым саптар калып калышы мүмкүн. Мындай дал келбестик бардык эле манасчыларда бар.

– Манасчылыктан сырткары бий өнөрүн да мыкты өздөштүрөт экенсиң. Бийлегенди кайдан үйрөндүң?

– Абам кайда барса, ошол жакка мен да ээрчип барчумун дебедимби. Нечендеген чоң маараке, той-топурларга барганда кары-жашы дебей ата-бабадан бери келаткан бийлерди катыра бийлегендерин көп көрүп жүрдүм. “Жылкы бий”, “жалын бий”, “талма бий”, “жинди бий” ж.б. кыргыз бийлерин жоон топ эл бийлегенде отургандар кубаттап колдошоор эле. Ошондо менде да бул бийлерге кызыгуум арта баштады. Анткени, бул бий кыймылдарынын мүнөзү кыргыздын каада-салттарына төп келип, айкалышып турат. Манасчылыктан сырткары кыргыздын нукура бийлерин өздөштүрсөм ашык болбос деген бүтүмгө келдим.

– Бий жагынан сабак алдыңбы?

– Ооба, Ак-Суу шаарындагы Маданият окуу жайынын бий бөлүмүндө 4 жыл окуп, дипломго ээ болгом. Жалаң эле кыргыз бийлерин эле эмес, башка улуттардын бийлерин да үйрөнүп чыктым. Бирок, эмнегедир өзүмдүн жан дүйнөм, кызыгуум кыргыз бийлерине жакыныраак. Себеби, биринчиден, өзүм кыргызмын, экинчиден, кыргыз бийлеринин ар бир кыймыл-аракеттери, кынаптаганы өзүнчө маанини туюндуруп, салттарын, менталитетин айтып турат. Ошол себептен да кыргыз бийлерин жакшы аткарып, ал тургай түрлөрүн иштеп чыктым. Бий да ата-бабаларыбыздын мурасы. Негизи эле, ата салтын улантуу баланын парзы деп билем.

Кыргызстанга келген алгачкы жылы Нооруз майрамында Манас айылында “талма бий” менен “жалын бийди” бийледим. Ошондо андагылар абдан таң калышып, шатыра-шатман кол чабышып, кайра суранышты. Отургандардын көбүнө жаккандыктан, “бийиң кыргыз жыттанып турат экен, бул өнөрүңдү калтырба, улант. Колуңдан келсе, жаштарга үйрөт” деген кеңештерин беришти.

– Азыр жаш балдардан тартып, улуу мундун өкүлдөрүнө чейин “кара жорго” бийин бийлешет. Өзүң айткандай, ар бир бий өз ыргагына жараша элементтери менен бийлениши керек болсо, “кара жорго” бийи кандай бийлениши керек?

– Маселен, кыргыздар абалтан отту тегеренип, ага сыйынып келишкен. Баш кошкондорду да бири-бирине оттой ысык болушсун деп, отту тегерентишкен. Андан сырткары, “оттой жигит экен”, “отко киргизүү” ж.б. сөздөр бекеринен чыкпаган. Ой-чабыт ошол жактан келет. От жалындап күйөт эмеспи. “Жалын бий” дегеним ушундан. “Талма бий”, “жинди бийлер” да ошол сыяктуу эрежелери, элементтери менен бийлениши керек. Ал эми “кара жорго” бийинде жорго минип бараткандагыдай бийлеш керек. Ошол балдардан тартып, кары-картаңдарга чейинки курактагылар кызыгып бийлеп жаткан “кара жорго” бийинин музыкасын коюп берсе да, “талма бий”, “жалын бийдин” же, “бий мергендин” музыкасын коюп берсе да ошондой эле кыймылдар менен бийленип жатат. Бул туура эмес. Ар бир бий турмуштук элементтери менен бири экинчисинен айырмаланып, түрүнө шайкеш келиши абзел.

– “Кара жорго” бийи кыргыздардыкы дешсе, ошол эле учурда казак элинин бийи деп айтылып келет. Сенин оюңча, кайсы элге таандык?

– Мен кыргыз бийинин түрлөрүн элементтерине жараша айырмалап бөлүп келем. Бирок, кыргызга же, казакка таандык экенин билбейм. Менимче, жалпы көчмөн калкка таандык болсо керек.

– Кыргыз бийинин адамдын ден соолугуна абдан пайдасы бар экендиги айтылып жүрөт. Канчалык пайдасы бар?

– Албетте, жогоруда айтканымдай кыргыз бийлеринин түрлөрүнө жараша адамдын дене-бою, муун-муундары кыймылга келип турат. Ошондуктан, ден соолукка пайдалуу дейбиз. Маселен, кыргыздар ат жалында чоңойгон калкпыз. “Ат минип, белим жакшы болуп калды” дегендерин угуп жүрөбүз. Анткени, атка мингенде, аны чаптырганда адамдын далысы, ийини, омурткалары кыймылдап, камчы айландырганда, тизгин тартканда, колдор, манжалар ичке карай ийилип, кыймылга келет эмеспи.

Кыргыз бийлеринин ден соолукка пайдалуу экендигин бардык улуттар билип калышыптыр. Былтыр Сейтек борборунда атайын бий курсун өтүп жүрдүм. Таң калганым корей, орус улутундагылар көп келип бийлешчү. Азыркы учурда “Замана” таңкы каналынан бий кыймылдарын үйрөтүп жатам. Жаш өзгөчөлүктөрүнө карабай, көпчүлүк үйрөнүүнү каалашаарын байкадым.

Динар Турдугулова, «Эркин тоо», 18.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.