Бейкут (Төртүнчү макала)

Жогорку Кеңеште эки жылдай иштеген комиссияда «эксперт» атанган «окумуштуулар, түркологдор, илимдин докторлору, кандидаттары жана академиктер» (комиссия төрагасы таркаткан маалыматтарда ушинтип айтылды) «бейкутту» сырткы түзүлүш түспөлүнө карап эле «мите» сөз кылып салышты. Ага кошо «бей» менен башталган жетимиштей сөздү да кусурлуу деп табышты.

Бу сөздөрдүн «кесепет-кесирин» алар кантип аныктай койгонун билбейбиз, бирок биз билген башка бир айныксыз чындык бар: «бейкут» жана «бей» менен башталган ошол жетимиш сөз (иш жүзүндө андан көп) «Манастын» лексикасын түзөт. Эпосто алардын мүрөл үлгүлөрү жолугат. «Жол тостурган балбандар, жатасыңбы бейкабар», «бейпайга калган бул башты, ажыратар шеримсиң», «кошуундун бейкут жатканы, так кырк күнгө толуптур», «мен Каныкей бейтаалай, кардымда кетти арманым», «бейбереке болбо деп, берерди өзүм билейин», «көк жалыңдын Ак кула, бейдаарат киши минбеген»…

Кокус булардын «кара дубасы» болгондо миллион саптан ашык улуу дастанды эбак иритип-чиритип салмак. Бу сөздөр бизге качан, кай заманда киргенин эч ким так айта албайт. Бирок В.Радлов келгенге чейин эле кыргыздарда төл аталымдарга айланып калган экен. Бери эле дегенде анын сөздүгүндө бейтарап, бейбит, бейсабыр, беймаза, бейбак ж.б. айтымдар жайнап жүрөт (Опыт словаря тюркских наречий. СПб. 1888-1911. Т.IV. Часть I-II). Чыгаан түрколог алардын шайтан-шабыры бар экенин дегеле туйган эмес, тес­керисинче, «кара кыргыздардын тили алтай тилине алда канча жуук турарын жана байыркы мүнөзү бар экенин» дароо эле жаздемдебей байкаган. (Кара-киргизы. Из Сибири. Страницы дневника. М. 1989).

Түрк элдерине кирген иранизмдер менен арабизмдерди Лазарь Будагов да ошол эле Радловго жана башка изилдөөчүлөргө кеңири шилтеме жасап, чечмелеп көрсөткөн. Бирок алардын «жин-шайтаны» бар экенин белгилеген эмес (Сравнительный словарь турецко-татарских наречий со включением употребительнейших слов арабских и персидских, СПб., I т.1869; II т. 1871).

Же мына казак туугандарга кайрылсак, «бейқұт» аларда деле бейпилдикти, мамырчылыкты билдирет. Бейкут ысымдуу кишилер четтен чыгат. Мындан тышкары бу сөздөр шинжандык кыргыздар менен казактарда кеңири жайылган. Иши кылып, «бейкутту» жана «бей» менен башталган сөздөрдү бери эле дегенде 15 миллионго чукул казак-кыргыз колдонот.

Парламенттик комиссиядагы «түркологдордун» бири 60-жылдарга чейин кыргызда «бейкут», «бейпил» деген дегеле болгон эмес деп ырастады. Аларды бир ирет К.Юдахин кайсы бир колхозчудан угуп калып, сөздүгүнө киргизе салган экен, ошондон бери алардын бизге кээси тийип, оңбой калыптырбыз. Эгер бу сөздөр улуттук ураан ырдан алынса, анда илимде анык революция башталарына, өлкөнүн ташы дамамат өргө кулап каларына кепил түшкөн «түрколог» азырынча буга «манкуртизм жана баранизм» каскак болуп жатканына жаны кашайат. «Мурда марксизм-ленинизм классиктерине жана генсектердин сөздөрүнө шылтоолоп оозубузду басып келишсе, эми «Манас» менен оозубузду басканга аракет кылып жатышат», – деп жер муштайт ал. «Бейкуттун» этимону кылып «түрколог» тажик-өзбектердеги «бехуш» жана «бехуд» сөздөрүн келтирет, экөө тең эстен тануу, эс-учун жоготуу дегенди билдирет, ошо себептен элүү жылдан бери ушундай абалда келатабыз деп ырастайт (Караңыз: К.Абдыкадыров. АКИpress. Мнение читателей. 26.05. 2011).

Бу эки сөз иран тилинен тараган – bihushi, bihude формасында жолугат. Биринчиси – эсинен тануу, экинчиси – куру бекер, бөөдө дегенди туюнтат (Этимологический словарь иранских языков. М. Восточная литература, 2000-2011; Русско-персидский словарь. М.1986). Экөө тең бизге ушу мааниде кирген. Сагымбай аксакалдын «Манасында»: «Акылыңдан танарсың, бери болсо беш жылга, бехуш болуп каларсың», – дегени бар (2010, 581). Айрым жерде «бөгүш» болуп да айтылат. Билерикке акылынан танганча ашык болуп калган бир калмак бийкеси тууралуу: «Бөгүш болуп Зарың кыз, өлүп кала таштады», – делинет (210). Ал эми Жакып уулуна кыз издеп, тажиктерге барганда Атемир хан анын Манастын атасы экенин билип: «Мейманкана киргизгин, бейкарар адам экен деп, бейгуда сүйлөп салбасын», – деп табыштайт жасоолуна (1111). Мунун «бейкуда», «бейгүда» варианттары да бар. Сагымбай жомокчунун «Манасы» болсо 1922-26-жылдарда жазылган. А кезде Юдахиндин аты-жыты угула элек кез болчу. Андан калса энциклопедиялык масштабдагы сөз корун билген улуу Сагымбай жомокчуга, анын «Манасына» аныңар бизге ким эле дегенчелик кылып текеберленгенге парламенттин комиссиясы тургай машаяктардын жыйыны да мандат бере албайт.

Комиссиядагы экинчи бир «эксперт» да өйдөкү ыспаттарды кайталады. Бир гана «жаңылыгы – «бейкутту» К.Юдахин оң мааниде которуп, ошо сыпатта ал түндүк кыргыздарда кабыл алынып кетиптир да, ал эми туура мааниси түштүк тарапта сакталып калыптыр. Көрсө, ал жакта «бейкут»деп зилзаланы, кыян-селди, эл ичинде ырк кеткен учурду, айтор, ылгый жаманчылыкты атайт экен. Буга кошо улгайган кишилер сыркоолоп, алдан тайганда же көңүлү айнып, кускусу келгенде «бейкут» болуп жатам деп айтышат экен. (Караңыз: Абдинаби Назарбаев. «Жаңы ордо», 05.04. 2013).

Биринчиден, түштүк тарапта минтип болгону Баткен жана ага жуукташ айрым райондордо гана айтат. Аны кезинде биздин дагы бир улуу тилчибиз Жээнбай агай Мукамбаев 70-жылдардын башталышында чыккан сөздүгүндө «бейхут» (өңүнөн азуу) формасында белгилеген. (Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү. Бишкек, 2009). Калган аймактарда ал катталган эмес, жадесе аны эки кылым илгери Кадамжай чөлкөмүндө жашап өткөн улуу жазгыч акын-бабабыз Молло Нияздын лексикасынан да таппайсың. А кишиде адабий тилге кирбеген бейтамиз, бейнава, бейбезат, бейрахбар, бейра, бейиллат өңдүү далай сөздөр жолугат. Орус оторчулугуна жаны кейип: «Бейпилдин журту абакка, жыйылганга күйөмүн», – деп айтканы бар. Ал эми «бейкут» сөзү биздин «эксперт» айткан мааниде бу кишиде ныпым учурабайт (Санат дигарасттар.1993).

Айтмакчы, «эксперттин» кебине ишенсек, «бейпил» сөзү «пилсиз» дегенди билдирет имиш. Демек, баарына ушу жаныбар күнөөлүү болгон окшобойбу: ал бар жерде тынчтык болбойт экен да, ал жок жерде гана калк коога-калбасыз, баракат жашай алат экен. Иш жүзүндө «бейпил» – биф’ал сөзүнөн жасалган, биринчиси – иранча bi (-сыз), экинчиси –арапча -f’al (аракет, кыймыл) дегенди билдирет.

Ар кандай улуттук тилде субдиалекттер болору белгилүү, алар адабий тилге кирбей калат, анткени колдонуу чөйрөсү аймактык диалекттерден да тар келет, бир райондо, кыштакта, атүгүл эки-үч көчөдө, чакан маалада гана айтылат. «Бейкут» сөзү менен байланышкан мындай субдиалекттер казак туугандарда да кезигет. Аларда жалпы адабий тилде бейкүт – бейбит, тыныш (беспечный, беззаботный, спокойный, безмятежный) болуп айтылат. Төңүрек бейқұт жатыр. Ал эми кай бир аймактарда анын эки мааниси катталган.

Мисалы: БЕЙҚҰТ1/БЕЙҒҰТ – хабарсыз, тосын. Бейқұт үйде отыра беретін (Қызыл.орда, Арал). БЕЙҚҰТ2 – мұз сақтайтын орын. Бейқұтты жерден қазып жасайды, цехтің есі кжақ бөлігіне мұзды үйіп қояды (Гур., Тең.). Осыны бұрын балықшылар бейқұт, биқұт деп атаған. Бұл сөздің төркіні орыстың выход деген сөзінен шыққандығы аңғарылады. Орыс тілінде выход сөзі шығатын есікмағынасында да қолданылады, осы выход сөзі биқұт болып аталып кетуі мүмкін. (Қазақ тілінің бір томдық үлкен түсіндірме «Қазақ сөздігі», 2011).

Ушунун сыңарындай Баткен чөлкөмүндөгү «бейхут» тажиктердеги «бехут» (иступления, быть вне себя) дегенден жасалган. Анын жалпы адабий тилдеги «бейкутка» эч кандай тиешеси жок. Бул үчүн биздин «эксперт» өңдөнүп аттуу-баштуу тилчилерди (мисалы, К.Конкобаевди) «улуттук тилди кемсинтип жатат» деп кинелештин кажети жок. Болгону мындай «билермандык» академик А. Зализняк азыркы орустардын мисалында задорновщина, фоменковщина, чудиновщина деп атаган көрүнүштүн кыргызча түрүнө гана кирет (О профессиональной и любительской лингвистике. Наука и жизнь, №1, №2, 2009).

Бу жерде эскерте кетчү дагы бир жагдай бар: иран тилинде улук, мырза, төрө маанисинде «бей»(bey) деген сөз колдонулганын И.Вуллерстен (J.A.Vullers, 1803-1880) берки бардык арабисттер менен иранисттер белгилешкен. Бу сөз аларга түрктөрдөн кирген. Азыркы бир катар тарыхчы-лингвисттер аны байыркы түрктөрдүн bi (фонетикалык түрлөрү: пи, пей, бей, бай, бий) этнониминен чыгарышат (ЭСТЯ: Общетюркские и межтюркские основы на букву»Б». М.1978; И. Мизиев. Шаги к истокам этнической истории Центрального Кавказа. 1986; М.Закиев. Происхождение тюрков и татар. М. 2002; Ю.Дроздов. Тюркскоязычный период европейский истории./Turkic-speaking period of European history/. М.2011).

Енисей доорундагы кыргыз кагандыгында Гйеси Бей, Гюйшабо Бей жана Ами Бей (башка варианты: Цисиби, Цзюйшабоби жана Амиби) деген үч министр болгону белгилүү (Н.Бичурин, Н.Кюнер, Е.Кычанов ж.б). Же мамлюктардын султаны Бейбарсты (англисче –Baybars) алалы. XIV кылымдагы египет тарыхчысы аль-Айни аны кыпчак десе, ан-Нувайринин маалыматында ал елбарлы уруусунан делинет. Айтор, анын түрк болгонун азыр эч ким талашпайт (Монархи. Мусульманский Восток VII-XV, 2004.; Encyclopedia Britannica). Бей-барс болсо бардык жерде барсы (жолборсу) жок деп эмес, кудуреттүү барс, үлкөн барс, барстын төрөсү болуп чечмеленет.

Андай болсо адабий тилдеги «бейкут» кайдан жаралган?

Аны иранча бей (-сыз) менен арапча «кид» (бакыт) дегенден жасалганы тууралуу божомол бар, бирок бу түкшөмөл ынандырарлык эмес. Неге дегенде «кид» эзелки семит тилинде алдоо дегенди билдирет, араптарда жок, бери эле дегенде бакыт,таалай, саадат, ырыскы сыяктуу түшүнүктөрдүн баштапкы формаларында – этимондорунда «кид» таптакыр жолукпайт (В.Борисов. Русско-арабский словарь.М.,1993).

Кептин баары бу жерде флек­тивдүү тилдерде сөз башына жалганып, анын маанисин өзгөрткөн мүчөлөрдө – префикстерде (латынча – praefixus — алдына жалганган). Мисалы, алар ангилис (un, dis, non, in, il, ir, im,re, mis, pre,over ж.б.), орус тилдеринде (без-, бес-, до-, за-, из-,по-, под- , пере-, пре-, при-, про- ж.б.) итапкан чыгат. Иран тилинде үчөө: bi, be, ba. Акыркы экөө кайсыдыр бир сөзгө жалганганда күчөтмө (бизче – менен, кошо, орусча – с, со) маани берет. Булардан бир гана ba биздеги «бакубат» сөзүндө сакталган, калган экөө бей-, бай-, бе- (байкуш –bihosht, бечара – bichara) түрүндө кирген. Ал эми «бейкуттун» курамында иранча bi (-сыз) префикси да, кыргызча «кут» сөзү да жок. Анын жасалыш таржымалы таптакыр башкача.

1966-жылы Алматыда илимдер академиясынын тил институту чыгарган «Қазақ тілінің қысқаша этимологиялық сөздігі» деп аталган китепте (редакторлору: Ысқақов, Сыздықова, Сарыбаев) «бейқұт» сөзү жок. Бирок кай бир казак тилчилери аны араптардын «кот» деген сөзүнөн чыгарышат экен. Бу түпкүлүгүндө туура, болгону ал араптардыкы эмес, фарсылардыкы – hod. Бу сөз «өзү» (орусча – сам, сама, само, сами) дегенди билдирет. Ага be префикси жалганганда – жалгыз, өз алдынча, өзү менен өзү (один, самостоятельно, сам собой) дегенди туюнтат (Караңыз: Этимологический словарь иранских языков. М. Восточная литература, 2000-2011; Русско-персидский словарь. М.1986). Ошо be hod кыргыз менен казакка адегенде «бекот» болуп угулуп, орусча выход – бийкот – бейқұт болуп кеткендей эле, үндөштүк мыйзамы аны бейкот – бейкут кылып өзгөртүп жиберген. Анын баштапкы беқұт формасы казактардын айрым аймактарында сакталып калган (Аймак сөздөрү. Мемлекеттiк тiлдi дамыту институты. www.mtdi.kz).

Муну биздеги таанымал иранисттердин жана арабисттердин бири, БГУнун профессору Валимжан Таңырыков тастыктап жүрөт. Ал көп жылдардан бери эле биздеги бир далай арабизмдер менен иранизмдердин төркүн-жайын сүрүштүрүп, тактап чыккан. Бу киши тээ 60-жылдардан тартып отуз жылдай мусулман өлкөлөрүндө иштеген, СССРдин ошо кездеги аскерий ири төбөлдөрүнө, анын ичинде коргоо министринин биринчи орунбасарына, мындан тышкары Сириянын мурдагы лидери Хафез Асадга англис, орус жана араб тилдеринен тилмеч болуп кызмат кылган. Араптар менен ирандыктардын тилин алар менен тең билбесе, кем билбейт.

Акырында илимде текшерилме деген принцип бар. Ошол усулга салып, «Манастагы» тексттердин маанисин териштирип көрөлү. Мисалы, Сагымбай аксакалдын вариантында: «Кабар салбай кандарга, Текести теңир урганда, бейкут жатып алдырып, киеден кылган аскерин, от күйгүзүп жандырып» (383), – делинет. Ошондо бу Текестин бактысыз жатып алганын, же кускусу келип, эси ооп калганын билдиреби? Боомдогу салгылаш тууралуу: «Асты киши келбес деп, бейкут таштап салыптыр, абакеңиз эр Бакай жүз отуз миң кол менен жайнап чыга калыптыр» (450), – дегени бар. Муну калмактардын сыйкырчысын Бакай бабабыз бактысыз кылып, эстен тандырып таштап салганы демекпизби? Дагы бир жерде калмактын аяры: «Бейкут жатат маңдайда, дуу-ду Култка каныбыз», – деп айтат. Култканын «алтымыш төөгө жүктөгөн алтын, күмүш зары, алты миңдей малы» болот (484). Бу да ошондо калмак аяры ушунча байлыгы бар өз канын бактысыз, же эс-учунан танып, көңүлү айнып жатат деп айтканы болобу? Же болбосо Чоң казатка аттанып чыгып, жуп Бээжинге жапырык жасар маалда кыргыз кошууну тойго бараткандан бетер ток пейил тартып, камырабай отурганына нааразы болгон Алмамбет боз бээни сойдуруп салып, чатырында куш жаздыкта чалкалап жаткан Манаска келгенин алалы. «Алмамбет келди ушунда, арстан Манас баатырдын, бейкут жаткан тушунда» (1664), – деп айтылат бул эпизод. Ошондо муну Манас эс-учун билбей жатканда Алмамбет келген экен деп түшүнө албайбыз да. Ал эми Жусуп Мамайда Энесай доору мындайча сүрөттөлөт: «Керишип кулач жаа тартып, устунга илген жамбы атып, жыргалга батып сайраңдап, бейкут, бейпил тынч жатып, кемпири майга карабай, келини каймак жалабай, кыргыздын толгон кези экен, улагадан агып май» (2004, 6). Муну кантип кыргыздын бактысыз, эстен танып калган доору деп айтканга болсун?!

Жыйынтыктап айтканда, адабий тилдеги «бейкут» сөзүндө тангыч – сыз (bi) мүчөсү да, эзелки алтай тилинен бери келаткан «кут» түшүнүгү да жок. Ал be префикси менен hod сөзүнөн жасалган, баштапкы этимонунда өзүнчө, өз алдынча, өзү менен өзү дегенди билдирген, кийин семантикасы өзгөрүп, тынч, баракат, мамырчылык дегенди туюнтуп калган.

Эсенбай НУРУШЕВ

Р.S. «Бир сөздүн тарыхы» руб­рикасы менен берилген биринчи макала – “Теңир” 23-сентябрда, экинчи макала – “Көкө Теңир” 10-октябрда, үчүнчү макала – “Кут” 28-октябрда жарыяланган.

«Кыргыз туусу», 21.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.