Эсентур Кылычев

kylychev

1952-жылы 2-февралда Нарын районундагы Ак-Кыя айылында туулган.

1969-жылы Фрунзе шаарындагы А.С.Пушкин атындагы №5 орто мектебин жана 1975-жылы Санкт-Петербургдагы (мурунку Ленинград) А.А.Жданов атындагы мамлекеттик университетин бүтүргөн.

1975-жылдан «Ала-Тоо» журналында иштейт. Борбордук Азиядагы Америка университетинде, Махмуд Кашгари Барскани атындагы Чыгыш университетинде, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетиндеадабият, журналистика жана котормо теориялары боюнча дарстарды окуп келет.

«Үндөр», «Жашыл шоолалар» аттуу ыр жыйнактарынын автору. К.Чуковский, В.Шукшин, В.Тендряков, И.Милев ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү.

Эсентур Кылычев жана анын чыгармачылыгы тууралуу


 

Ырлар

* * *

Ак кар жааган
алгачкы түн.
Биринчи кыш,
Чогуу тоскон экөөбүз,
Ак кептердей учуп түшкөн
ак карлар.

Ак пейилдер,
Татынакай ак ойлор,
Карлар өңдүү
жүрөктөргө жаап кетти.
Ак сүйүүлөр,
Көтөрүлгөн асманга…
Урмат сага,
алгачкы кар
Биз олтурган ал түнкү.

 

* * *

Көпкөк көлдөн терең,
Талаалардан деңиздей мелмилдеген,
Жерлерден мен көрбөгөн, мен билбеген,
Сулуулардын көздөрүнөн,
Алтын күздөн,
Дайралардан таш агызып күргүштөгөн,
Карылардын насыят сөздөрүнөн…
Шамдардай бой керишкен кайыңдардан,
Балпайта жаап салган калың кардан,
Кыздардын күлкүсүнөн,
Алтындай адамдардан айылдагы…
…таап алдым ушул ырды.
* * *

Булуттары деңиздеги кемелердей,
Бийикте удургушуп көчүп жүрөт.
Ойноок шамал аймалап бетти, колду,
Кыздардын көйнөктөрүн дирилдетет.
Кайыңдар, жүздөрү аппак ак кайыңдар,
Кызганып сүйүүлөрүн жоготчудай,
Боз улан, сен арыраак кетчи дешет.

Мен жүрөм махабат жоготуп,
Бийиктен булутча көрө албайм.
Шамалча өбө албайм, өбө албайм.
Кайыңча ак сүйүү бере албайм.
Сен да изде жүрөккө ишенич толтурбай,
Мен ансыз таба албайм, таба албайм.

 

* * *

Ээндикке кусаланып,
Жүрөгүм тең жарылат көтөрө албай:
Сүйүүнү, сагынычты, сүйүүнү, сагынычты.
Көргүм келип токойлордун ак шамын ак кайыңын,
Таралам түгүн болуп шамал менен.
Жылаңач аскаларда жылдыз уктайт
Түшүндө селт этип Күндү көрүп.
Мен барам кызыл атка камчы шыбап,
Тоолордо, кыпкызыл аскаларда
Жүрөгүмдө буурул чач апам турат,
Жыттаган алкымымдан аттанаарда
Күндө кирет түшүмө тоолук кыз ак периште,
Ак шайы — ак жоолугун желбиретип…
Талааларда тулпарлар оюн салат,
Жер чапчып, ай-асманга түйүлүшүп.
Көз алдымда бир саамга токой жымжырт,
Чарк урган далбасалуу бийи бүтүп.
Кайыңдар бирден чубайт жоолук булгап,
Жай гана ийилишип.
Жүрөгүмдө чоң толкун улуу толкун,
Сүйүүдөн, сагынычтан сүйүүдөн, сагынычтан.

 

* * *

Экөөбүз бөлүнүштүк:
Сен алыска, мен алыска
Жаркыным, кайда жүрдүң, кайда болдуң?..
Кусалык дан байлады жүрөгүмдө.
Ал түнү деңиз да сууп,
Олтурдум муздак деңиз боюнда күтүп сени.
Тиктеп толкун чыбырын ай ойногон,
Сезимиме карлар жаап боройлогон.

Түшүнөм түштөй болуп,
Гүл ачат мандалактар бажырайып.
Балыкчы ууга чыгат чакан торун жайып алып.
А анан сен дагы кайрыласың
Өзүң сүйгөн жоолугуңду салып алып.
…Жаркыным, сүйүүчү элем деги кандай.


Котормолор

Сюлли Прюдом,
Нобель сыйлыгынын лауреаты. (Франция)

КУДАЙ БОЛУП КАЛГАНЫМДА

Эдем болмок, бейиш болмок чын эле,
Эгер кудай болуп калсам анда жер.
Көздүн жашы сүйүнүчтөн чубурмак,
Улук кудай болуп калсам мен эгер.

Эгер кудай болгонумда токойдо,
Жемиштерин төгүп турмак эне Жер.
Эмгек, мээнет кубанычты коштомок,
Эгем кудай болуп калсам мен эгер.

Эгер кудай болуп калсам анда эле,
Түштөгүдөй жымжырт болуп теребел.
Олтурмаксың сен бейиштин төрүндө,
Кудай болуп калганымда мен эгер.
1900-жылдын 28-декабрь түнү

 

302

Каны качкан топодой бопбоз болуп,
Сүйүктүүмдү шум ажал алып кетти.
Коштошподум, кантейин коштошподум,
Алыс кеттиң, кайрылгыс алыс кеттиң.

Кездешүүлөр жок эми болбойт дагы,
Эки дүйнө, эки жан табышмакпы?
Сезимимде сагыныч ойнойт дагы,
Көз алдымда элесиң табышмактуу.

Өттү баары сүрөттөй, өттү баары,
Токтот эми курулай эзгениңди.
Бирок неге, неликтен кудай каары,
Жаппай ачык коюшкан көздөрүңдү.

 

СЫНГАН ВАЗА

Вазаңды гүл салынган,
Бетинде күн чагылган.
Байкоостон алдың уруп,
Бир азы калды сынып.
Жарака кетти дагы,
Суусу агып гүл чүрүштү.
Бүтүндү бүлдүрүштү,
Ким сактайт аттиң аны.

Сезимге бүлүк салдың,
Жүрөктү тилип салдың.
Билбедиң, билип салдың,
Мен эми күйүп калдым.
Тирүүмүн, тирүү эмесмин,
Чачырап сынып барат,
Сүрөтү бир элестин.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.