Амантур Акматалиевдин эмгектери – кыргыз көркөм өнөр салттарындай көөнөрбөс мурастар

amantur

Өмүр жолу, тагдыры улуттук өнөр салаасы менен жуурулушуп кеткен, ошол өнөрдү сактоо, өнүктүрүү жайылтуу ишине өлчөмсүз кызмат өтөп, анын өнүгүшүн аныктоочу факторго айланган инсандар анчейин көп эмес, саналуу гана. Андай тагдыр адам пендесинин «миңден бирине» гана буюруучу бак-дөөлөт.

Элдин эс тутумунда андай адамдар ошол өнөр салаасы менен ажырагыс биримдикте «символ инсандар» катары өзгөчө сыймык менен эскерилип келет.

Биз сөз кылып жаткан Амантур Акматалиев дал ошондой кыргыз тарыхында сейрек кездешүүчү залкарлардын катарында турат. Анын мындай нарк-насилин Сабыр Иптаров:«Кыргыз үчүн кымбат мүлктү «Манасты» сактаган Саякбай, күүнү сактаган Карамолдо, күчтү сактаган Кожомкул, обонду сактаган Муса, сөздү сактаган Кусейин десек, элдик өнөрдү сактаган Амантур дебешке чара жок» – деп эң эле тааамай жана адилет  баалаган. Ырасында эле, Амантур Акматалиев өз эмгектери аркылуу элдик өнөрдү нукура нарк-касиетин табигый абалында таануу, чечмелөө, жалпыга жетимдүү жатык тил менен калктын калың катмарына жайылтууну өнөр тутуп, анын бийик өрнөк-үлгүсүн жаратып кетти. Ал өнөр, Чоюн Өмүралиев белгилгендей «Амантур  өңүт» аттуу жаңы кыргызтаануу өнөр салаасы.

Амантур  Акматалиев ошол маданияттын топурагында өнүп-өскөн, элдин тарых таржымалын, нарк-насилин, адеп-салттарын, көркөм өнөрүн ичтен билген, көркөм сөзгө табиттүү, калеми төшөлгөн инсан катары дербиш сымал кыргыз жерин түрө кыдырып, не бир салтты билген даанышман, нарктуу адамдардын үйүндө түнөп-конуп жүрүп көз жоосун алган көркөм буюмдардын жаралыш өнүгүш тарыхына кулак төшөп, кумдан алтын издегендей ар бир өнөрдөгү улуттук нукуралыктын башаттарына баам салды, ар бир буюмдан улуттук тарыхтын, улуттук психологиянын, улуттук нарктуулуктун уңгуларын таба алды,  утурумдук идеологиялардын таасиринен улам өңчөй кошулмалардан арылтып, чыныгы нукура улуттук маани-маңызга ээ жактарын ачып көрсөтүп элге жеткирүүнү өзүнүн жашоо турмушунун эрежесине, инсандык парзына айландырды.  Демек, кыргыз элдик кол өнөрчүлүк нукура калыбында эң алгач Амантур Акматалиевдин эмгектеринде ар тараптуу жана толук ачыкталды деп айтууга толук негиз бар.

Дегинкиси, Амантур Акматалиевин бүт өмүрү, кесиптик турмушу элет жери, элет эли, айрыкча кол өнөрчүлөр журту менен камыр-жумур байланышта өттү. Издегени элдик өнөр,  адеп-салт болду.

Амантур Акматалиевдин китеп формасындагы мурастарынын жалпы саны 25 ке чамалап барат. Ал эми күндөлүк гезит беттеринде жарыяланган макалаларын, радиотелевидениеде сүйлөгөн сөздөрүнүн аяк-башына жетүү мүмкүн эмес.  Анткени, анын макалалары айрым гезиттерде, радио берүүлөрдө, бир катар жыл бою сандан санга жарыяланып турчу. Балким 300 же 500 жүз деп да ишенимдүү айтууга болот.

Амантур Акматалиевдин мурастары тематикалык жактан элдик адеп-салт, кол өнөрчүлүктүн бардык тармактарын түгөл камтып, өзүнчө эле энциклопедиялык маани-маңызга ээ. Көлөмдүү бөлүгүн кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү жөнүндөгү эмгектер түзөт. Жанрдык жактан алып караганда көп кырдуу. Арасында илимий–таанымдык мааниси жогору басылмалар, очерктер, тигил же бул өнөрдү үйрөнүүчүлөргө арналган окуу куралдар да бар. Анын «Жасалга өнөр чеберлери» (1982), «Көркөм кол өнөрчүлүк» (1984), «Кыргыздын колдонмо-жасалга өнөрү» (1988), «Усталар жана уздар» (1990) өңдүү абройлуу басылмалардан чыккан китептери кол өнөрчүлөрдүн өздүк чыгармачылык ажарын ачуу, калайык-калкка таанытуу максатында жазылган.Мындай таанытуу иштери китептер менен эле чектелген эмес. Амантур Акматалиев ысмы өнөрү менен өз өрөөнүндө оозго алынган эчен-эчен чеберлердин чыгармачылык көргөзмөсүн уюштуруунун демилгечиси болуп, өнөр ээлеринин шыгына шык кошкон ак дилдүү адам болгон. Ар тарабынан таанытылган кол өнөрчүлөрдүн географиясы Республикабыздын бүт аймактарын ичине алган.

Амантур Акматалиевдин элдик кол өнөрчүлүк боюнча жазган эмгектеринин экинчи тобуна аталган өнөрдүн түркүмдөрүн таанытууга арналган “Кыргыздын колдонмо-жасалга өнөрү”, “Кыргыздын кол өнөрчүлүгү” (1996), “Кыргыздын уз усталары” (1997)жана башка китептерин кошууга болот. Бул китептер кыргыздын колдонмо-жасалга өнөрүнүн ар биринин тарых таржымалын, көп кырдуу, көп катмарлуу сырларын эне тилдин каражаттары аркылуу ачыктап, чечмелеген эң алгачкы эмгектердин катарында турат. Аталган эмгектердин уникалдуулугу ушунда – элдик кол өнөрчүлүк боюнча эне тилинде жазылган китептер ага чейин да, андан кийин жазылган эмес. Эмгектердин мазмунуна назар салып олтуруп, анын авторунун баамы менен тарыхый–этнографиялык, фольклордук билимдеринин байлыгына, көп кырдуу кубулуштардан көркөм асыл нарктуулукту ажырата билген аналитикалык ойлом жөндөмү менен көркөм эстетикалык табитине таң калбай коюуга болбойт.

Анын эмгектериндеги кол өнөрчүлүк жөнүндөгү билимдер баяндоо стили менен жазылганына карабастан, ой көркөм өнөр таануу жана этнография илимдеринин эмпирикалык базасын кеңейтүү үчүн баа жеткис мааниге ээ. Алсак, анын китептеринде кыргыздын кол өнөрчүлүгүнө байланыштуу 600дөн ашуун терминге мүнөздөмө берилген. Мында элдик өнөрдүн азыр архаикага айланып кеткен айрым өнөр салаалары туралуу да жетимдүү маалыматтар берилген. Ошондой татаал өнөрдүн бири өрмөкчүлүк болгон. Кыргызда «кыйначу адамыңа өрмөк соктур же төө кайтарт» – деген кеп бар. Китепте «өрүм» формаларынын 30дан ашык түркүмдөрүнө мүнөздөмө берилет жана өрмөк согуунун кылымдап калыптанган эң татаал технологияларын көз алдыбызга келтирет.

Аталган китептер элдик өнөрдүн көп кырдуу кубулуштары жөнүндөгү так маалыматтарга, илимий божомолдорго жана жалпылоолорго бай. Ошону менен бирдикте тигил же бул буюмдарды жасоонун кол өнөрчүлөр тарабынан кабыл алынган чен-өлчөмдөрү өтө деталдуу жана так берилген. Мындай таанымдык масштабы кең жана маалыматтарды камтыган илимий басылмалар азырынча жок.

Амантур Акматалиев элдик кол өнөрчүлүк салттарын жаштарга нукура калыбында өткөрүп берүүнүн жолун чапкан чыныгы элдик педагог болгон.

Мындай максатта ал тарабынан көркөм өнөр окуу жайларынын ар кандай категориялыры үчүн «Элдик оймочулук» (1980), «Саймачылык, элдик кийим кечелер» (1990), «Ат жабдыктар, тери буюмдар» (1990), «Өрмөкчүлүк жана токуучулук» (1990), «Жыгаччылык, жана элдик аваздык аспаптар» (1992), «Кийизчилик, чий чырмакчылык, түймөчүлүк, эшмечилик, куракчылык» (1990), «Зергерчилик, темирчилик, мүйүзчүлүк» (1990) ж.б.у.с.8 окуу куралы даярдалган.

Амантур Акматалиев үчүн 1996-жылы Кыргыз билим берүү институтунун этнопедагогика бөлүмүнө ага илимий кызматкер катары иштей баштаганы илимий-чыгармачылык ишинде олуттуу бурулуш болгон деп ишендире алам.
Этнопедагогика бөлүмү үчүн мындай элдик өнөрдү, адеп-салттарды өмүр бою аздектеп, изилдеп, сактап келе жаткан «калк маданияты жөнүндөгү билимдердин кайнар булагы” “басып жүргөн энциклопедия» сымал инсандын келиши  бөлүм үчүн көктөн издегени жерден табылгандай эле олуттуу окуя болгон. Амантур Акматалиев кырдаалды түшүнүү менен бөлүмгө келген күндөн тартып кол өнөрчүлүккө байланыштуу иликтөө иштеринен биротоло кол үзбөсө да, этнопедагогика бөлүмүнүн милдеттерине ылайык жаш муундарды элдик адептик–этикалык салттардын өрнөгүндө тарбиялоо маселелеринин бир жагын чоюуга баш оту менен киришип кетти. «Карысы бардын ырысы бар», «Кары – үйдүн куту», «Карынын сөзүн капка сал» дегендей, Амантур Акматалиев иштеген жылдар этнопедагогика бөлүмүнө кут-дөөлөт алып келди.

Бөлүмдө иштеген жылдары элдин адеп-салттары боюнча 22 басма табактан турган «Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү» (2000) көлөмдүү эмгегин жарыялады. Бул китеп байыртадан бери калк тарабынан куттуу дөөлөт жашоо мыйзамы катары кастарланып келген каада-салттар, адам мүнөзүнүн өрнөктүү жана өксүк жактары, айыл тарбиясынын эрежелери ж.б. ушул сыяктуу жаш муундарда кыргыз менталитетин, кыргыз пейилин жаратууга өбөлгө болуучу дөөлөттөр жөнүндөгү акылга дыйкан, даанышман кыргыз аксакалынын келечек муундарга калтырган акыркы сабактары болуп калды. Амантур Акматалиевдин жазгандары, айткан кеңештери этнопедагогика боюнча диссертация жазгандардын көпчүлүгү үчүн жандуу факт жана булак катары кызмат кылды. Ал суроо-кеңеш менен кайрылгандарга чын ыклас менен көмөк көрсөтөөр эле. Чын-чынына келгенде, ал өзү жазган кыргыз элине мүнөздүү өрнөктүү сапаттардын көбүн өзүнө сиңирген, оор басырыктуу,топуктуу, калыс, жөнөкөй, мээнеткеч, жапакеч жан эле.

Мындай кишилик жана кесиптик жетишкендиктердин ибараты Амантур Акматалиевге унутулуп бара жаткан улуттук өнөрүбүз менен салттарыбыздын сактоочусу жана алардын кайра жанданып, өрүш алып өнүгүшүнө өлчөмсүз салым кошкон эң биринчи жана тунгуч элдик этнограф деген сыймыктуу наамды алып келди. Ырасында эле,  бүгүнкү күндө кыргыз көркөм жасалга өнөрү менен каада-салттары жөнүндөгү билимдерди Амантур Акматалиевдин эмгектерисиз элестетүүгө болбойт. Кыргыз адабияты деген сөздү эшиткенде эсибизге обол Ч.Айтматов келгендей, кыргыз кол өнөрчүлүгүн, каада – салттарын таануу дегенде эң биринчи пайда болуучу ассоциация бул – Амантур Акматалиев феномени.

Акматали Алимбеков,
Кыргыз–Түрк «Манас» университетинин
педагогика кафедрасынын башчысы, профессор,
«Кыргыз кабар», 19.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.