ЮНЕСКОдо Кыргызстан менен Казакстандын «Кыргыз жана казак боз үйлөрүн даярдоонун салттуу эрежелери» биринчи биргелешкен наамы каралат

YUNESKO1

ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-квартирасында 24-28-ноябрга чейин, материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча ЮНЕСКОнун Өкмөттөр аралык комитетинин 9-отуруму өтөт. Анда Кыргызстан менен Казакстандын биринчи биргелешкен «Кыргыз жана казак боз үйлөрүн даярдоонун салттуу эрежелери» наамы каралат. Кыргызстан аталган наамдын демилгечиси болуп саналат. ЮНЕСКО боюнча казак тарап менен кыргыз тараптын өкүлдөрүнүн 2012-жылдагы жолугушуусунда эки номинация: «Кыргыз жана казак боз үйлөрүн даярдоонун салттуу эрежелери» жана «Айтыш, Айтыс — импровизация искусствосу» номинациялары даярдалган (кароо 2016-жылга пландалган).

24-ноябрда баштала турган Комитеттин 9-отурумунун жүрүшүндө, 46 номинация каралат. Алардын катарында, Армениядан «Лаваш даярдоо боюнча салттуу эреже», Казакстандан «Домбра күү казак салттуу искусствосу», Япониядан «Кол кагазын жасоонун салттуу жолу» сыяктуу бир катар наамдар каралат.

Материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча ЮНЕСКОнун Өкмөттөр аралык комитетинин 9-отурумуна Кыргызстандан төмөнкү курамдагы расмий делегация катышат:

– ЮНЕСКО боюнча Кыргызстандын Улуттук комиссиясынын жетекчисинин орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты, Карганбек Самаков;

– Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков;

– Жогорку Кеңештин депутаты Эсенгул Исаков;

– ЮНЕСКО боюнча Кыргызстандын Улуттук комиссиясынын жоопту катчысы Элнура Корчуева;

– ЮНЕСКОго караштуу Кыргызстандын туруктуу өкүлү Асеин Исаев;

– «КАКСА-kg» фондунун жетекчиси, материалдык эмес маданий мурастар боюнча Өкмөттөр аралык Комитеттин Конвенциясынын Кыргызстандан серепчиси Динара Чочунбаева;

– «Айгине» маданий-иликтөө борборунун жетекчиси, материалдык эмес маданий мурастар боюнча Өкмөттөр аралык Комитеттин Конвенциясынын Кыргызстандан серепчиси Гүлнара Айтпаева.

Баракелде

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.