Сезит… жөнүндө сөз

Кыргыз тилинде көптөгөн курандылар (сөз жасоочу мүчөлөр) бар экени белгилүү : чы (уйчу, саанчы, төлгөчү…), -ан (кыраан, чыгаан, жылаан…), -ым ( сезим, түзүм, билим…) ж.б.у.с Ал эми кыргыз тилине тектеш алтай жана шор тилдеринде «–ыт» курандысы аркылуу да көптөгөн атоочтор түзүлөт экен:

Чыгыт – выход (Ойротско-русский словарь. Н.А.Баскаков,Т.М. Тощаков-1947. 182-бет)

Шыгыт – выход, Келит –приход, Öлÿт — мор (. Н.П. Дыренкова “Грамматика шорского языка” 1941. 29-бет.)

“-ыт” курандысы кыргыз тилине да жат эмес : жайыт, багыт, чабыт, тоют, сыйыт, күйүт, өлөт ( “өлөт алгыр!” дегендеги “өлөт”- шор тилиндеги öлÿт-түн дал өзү, өзгөргөн түрү…) д.у.с…

Демек “-ыт” курандысын пайдаланып жаңы сөздөрдү жасоо аркылуу кыргыз тилиндеги далай термин көйгөйлөрүн чечип алса болчудай ,”-ыт” менен аяктаган кыргыз сөздөрү ары ийкемдүү ары жатык келет. Маселен:

Сиңит – удобоваримость
Сезит – нерв
Соют – вскрытие тела
Сайыт – инекция
Кесит – операция (хирургическая)
Салыт – инвестиция
Чыгыт — экспорт
Кирит – импорт
Чийит – схема
Берит — грант
Болут – сюжет, фабула
Коют — постановка
Жазыт – сценарий
Жоют — отмена
Созут – отсрочка
Турут – принцип
Кысыт – санкция
Жүрүт — процесс
ж.б.у.с.

Мындай сөздөр толук кандуу негиздик (грамм.) касиеттерге ээ болгондуктан өз кезегинде ар түрдүү уланды мүчөлөр менен жалгашууга даяр :

Сезиттүү — нервный
Сезитмен – невролог
Сезиткер – невропатолог
Соютман – паталогоанатом
Кеситмен — хирург
Салытман – инвестор
Чыгытман – экспортёр
Киритмен – импортёр
Беритмен – донор
Болутман – режиссёр
Коютман – постановщик
Жазытман – сценарист
ж.б.у.с…

Шаамерчем, Сөз таануу, “Азаттык”

Соц тармактар:

Добавить комментарий