Көкө мерен

(уламыш)

Илгери-илгери өткөн бир замандарда ушул азыркы Нарын турган жер учу кыйры көрүнбөгөн чытырман түнт токой болуп, анда не бир түркүн жан жаныбарлар күн кечиришип, не бир сонун түмөн түрлүү канаттуу куштар безеленип сайрап турчу дешет. Мына ошол ажайып бейиш бакты мекендеп, аңчылыкты кесип туткан кыргыздардын моңол деген уруусунан Көкө аттуу ары балбан, ары көзгө атар мерген чыгыптыр. Ал ата кесибин улантып, мергенчилик менен күн кечирип жатканда, өзүнүн жериндеги азырак элди кара тумоо, чечек, сынга, мерес сыяктуу дабаасыз дарт каптап, жумурай журттун шаштысын, тынчын алат.

Ошондой дарттын зардабынанбы же жоокерчилик замандагы уруулар ор тосунда тезтез болуп туруучу кандуу кагьшыпгууларданбы, айтор, эл абдан кыйналат, бирок ырыстуу ынтымакчылыктан, касиеттүү кайрымдуулуктан кайтышпайт, бирибирине кол кабыш кылып, журт уюткусу бөлүнбөйт. Ошондой күндөрдүн биринде Көкө мерген аң уулоого барат, бирок көзүнө эч нерсе чалдыкпай, колуна мүдүр нерсе урунбай, ойдутоону бүт кыдырып, арыпачып келе жатса, алдынан бир бугу ойт берип чыга калат. Мерген анын соңунан түшүп кубалап, жаасын тартып калат, кийикжаралан ганына карабай карагай аралап качып олтурат.

Баатыр из кубалап артынан барса, кийик бир асканын түбүнө ташка жыгачтан жөлөп, үстүн карагай, арчанын бутактары менен жаап жасалган жарты алачыктын жанына токтойт. Аңгыча жарты алачыктан тери шым, кемсел, башына малакай кийген бир байбиче чыгып, ага аралдуу кийикти көрсөтүп: Мен кайберендин ээси болом. Сен «элимди багам» деп, кайберендерди эсепсиз кырып тукумкурут кылдың, кайбе рендердин учугу уланбас болду. Касиеттүү кайберен эненин каргышына калдың. Мындан ары өзүң кырган кайберендерге жем бол, — деп батасын берип, көздөн кайым болот. Ошондо элин багам деп аңчылык кылып, бирок табияттын мыйзамын бузуп, кайберендерди ашыкча бүлгүнгө учураткан Көкө мерген чөпкө айланып, жараланган кийик болсо, аны жеп сакайып кетет. Упгундан улам бул чөптү эл Көкө Мерген деп жүрүп, бара бара көкөмерен атанып, жабыркаган жарааттарга шыпаа, дабаасыз дарттарга дабаа болуучу чөп чай катары бааланып, колдонулуп келет. Көкөмерен гүлүнүн көк болгону Көкө мергендин көк мьштыгынын көк экенин билгизет имиш.

Соц тармактар:

One thought on “Көкө мерен

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.