Кыргыздар. Eнисей кыргыздары X кылымдан кийин

Сүрөт Уикипедиядан алынды
Сүрөт Уикипедиядан алынды

Кыргыздар өзүлөрүнүн көпкө созулбаган кубаттуулугун жоготкондон кийин беш кылымдан ашыгыраак өзүлөрүнүн алгачкы мекени Енисейде Саян кырка тоосунун түндүк тарабында гана турушкандыгы эскерилет. Ал мезгилде кыргыздардын башка эл менен кандай карым-катышта болгондугу жөнүндө Чыңгыз-хандын империясынын түзүлүшүнө байланыштуу окуялар жөнүндөгү маалыматтардан тышкары дээрлик эч кандай маалымат жок.

Балким, кыргыздардын начарлашынан алардын эски душмандары, Кара-Кожо менен Бешбалык шаарлары кирген аймакты ээлеп турган уйгурлар пайдаланып кетишсе керек. 981- жана 984-жылдардын аралыгында аларга кытай элчиси Ван Янь-дэ (кытайлардан эмес, улуттук Сун сулалеси башкарганТүштүк Кытайдан) келип кеткен; ал ошол мезгилде уйгурларга баш ийген элдердин ичинде ягмалар жана карлуктар менен кошо кыргыздарды да атап кеткен. Пельо ошол эле үч элдин Ауфиде чогуу аталгандыгын белгилеген, ошондой болсо да ал жерде ягмалар менен карлуктар кыргыздардын батыш тарабында жашашат деп гана айтылган; ушул эле жерде кимактар кыргыздардын түндүк тарабындагы коңшусу катары айтылат, ушундан Ауфи бир кыйла мурдагы мезгилдер жөнүндөгү китептердин маалыматтарынын таасиринде болгондугу көрүнүп турат. Пельо келтирген тексттен Ван Янь-дэде Енисей кыргыздарынын уйгурларга баш ийгендиги тууралуу айтылары байкалбайт, бизге Туманскийдин кол жазмасынан маалым болгон кыргыздардын Чыгыш Түркстандагы ийгиликтеринин жоюлушу жөнүндө сөз болуп жатышы толук ыктымал.

Кыргыздар кийинки жолу перс тарыхчысы Жувейнинин (XIII к.) Түндүк Кытайдагы Ляо сулалесин (916—1125) талкалаган жана жаңы Цзинь сулалесин (1125—1234) негиздеген манчжур элдеринин бири чжурчжэндер кытайлардын мамлекетин басып алгандан кийин алардын бир бөлүгү батышка журт которгондугу тууралуу баянында эскерилет. Батышка ооп кеткен кытайлар кеңири аймакты ээлеген «Батыш Ляо» деп аталган мамлекетти негиздей алышкан; мусулман даректеринде бул мамлекеттин башкаруучулары анын негиздөөчүсүнөн баштап гурхан титулун алып жүрүшөт. Кытайлардын батышка журт которушу жана алардын Орто Азиянын батыш бөлүгүндөгү басып алуулары жөнүндө кытайлардын да, мусулмандардын да көптөгөн чыгармаларында айтылат, бирок кытайлар, же аларды мусулмандар атагандай кара-кытайлар менен кыргыздардын ортосундагы кагылыштар жөнүндө Жувейниде гана айтылат.

Жувейнинин баянындагы бир маалымат боюнча, гурхан өзүнүн өлкөсүнөн 80 кишиден гана турган отряд, башка бир маалымат боюнча көп аскер менен чыккан. Кара-кытайлар кыргыздардын чегине келип, ошол тушта жашаган урууларды чаап кетип турушкан; беркилер аларга ошондой эле кол салуулар менен жооп беришкен; кара-кытайлар андан ары батышка кетүүгө аргасыз болушкан жана Эмилге б.а. азыркы Чугучак турган аймакка келишип, шаар курушкан; Жувейнинин тушунда бул шаардын урандылары гана калган. Бул жерде аларга көптөгөн түрктөр жана башка элдер бириккен; алар 40 000 түтүнгө жеткен; алар баары бир Эмилде туруп кала алышкан эмес жана андан ары кетүүгө аргасыз болушкан. Алар мусулмандардын Баласагун шаарына (Чүй дарыясынын боюндагы) келишип, ал жерде жергиликтүү хандын ага кас көчмөндөргө каршы күрөшүнө көмөктөшкөн, бирок кийин анын өзүн тактыдан түшүрүп, шаарды ээлеп алышкан. Баласагун кара-кытайлардын кеңири мамлекетинин борбору болуп калган, ал мамлекеттин чек арасы Жувейнинин текстинде анчалык так эмес аныкталган; андагы географиялык аталыштардын так айтылышын берүү мүмкүн эмес; Кем дарыясынын боюндагы жерлер гурхандар мамлекетинин түндүктөгү чеги деп аталган болуу керек, ал жөнүндө төмөндө сөз болот. Кара-кытайлар Баласагундан кийин Кашкар менен Хотанды алышкан, андан кийин мурунку көрсөткөн каршылыктары үчүн кыргыздардан өч алуу максатында аларга аскерлерин жиберип, Бешбалыкты алышкан, андан кийин аскерлерин Фергана менен Мавераннахрга б.а. Түркстанга жөнөткөн. Жувейнинин баянында хронологиялык даталар жок; анда эскерилген айрым окуялардын даталарын башка даректерден табууга болот. Кара-кытайлардын Ферганага жана ага канатташ жерлерге жасаган биринчи жортуулунун мезгили тагыраак белгилүү; хижранын 531-ж. рамазан айында (1137-ж. май—июнь) Хожендде алардын Самаркан ханынын аскерлеринин үстүнөн болгон жеңиши жөнүндө сөз болуп жатат. Демек, алар кыргыздарга ушул мезгилден мурдараак кол салган. Кытай даректери боюнча кытайлардын батышка журт которушу алардын мамлекети биротоло кулаганга чейин эле, чжурчжэндер Пекинди алгандан (1120-ж.) кийин башталган. Келгиндердин башында сулалесинин кытайлар Даши деп аташкан мүчөсү турган; бул ысым кээде Ляо сулалесинин падышаларынын ата-тегин билдирген Елюй деген ысымга кошулуп айтылат, ошондуктан батыш Ляо мамлекетинин[4] негиздөөчүсү кытай даректеринде Елюй Даши аталат. Пекин багындыргандан кийин Да-ши согушуп жатып туткунга түшкөн, бирок кийин чжурчжэндерди андан аркы жортуулдарында коштоп жүргөндүктөн ага кечирим берилген. Бул 1121-ж. болгон; мындан көп өтпөй Да-ши белгисиз жакка качып кеткен; 1124-ж. чжурчжэндерге ал түндүктөгү кайсы бир өлкөдө падыша болуп жарыялангандыгы жана анын падышалыгы түндүк жана түштүк эки бөлүктөн тургандыгы жөнүндө кабар жеткен. Да-шинин түндүктөгү өлкөлөрдөгү ийгиликтери тууралуу 1129-ж. Чыгыш Моңголиядан тагыраак маалыматтар алынган; 1130-ж. Кара-Кожодогу уйгурлар Да-шини жактоочулардын бирин туткунга алышып, аны чжурчжэндерге өткөрүп беришкен; ошол эле уйгурлар 1144-ж. чжурчжэндерге салыгын алып келишкен жана Дашинин дүйнөдөн кайткандыгын, бирок анын эли аларга (уйгурларга) жакын жашаарын кабарлашкан.

Синолог Бретшнейдер Цзинь сулалесинин тарыхынан (Цзинь-ши) алган бул маалыматтар Ляо сулалесинин тарыхында (Дяо-ши) да, ошондой эле мусулман даректеринде да аздыр-көптүр ырасталат. Мусулман даректеринде биринчи гурхандын өлгөн күнү хижранын 537-ж. рамазан айына (1143-ж., январь—февраль) туура келет. Маркварттын далили боюнча Елюй Да-ши падыша болуп 1124-ж. 21-февралда жарыяланган. Жувейнинин баянынан улам кара-кытайлардын мындай күч алышы алардын Эмилде кыргыздар менен 1121- жылдан кийин жана 1124-жылга чейин өткөн кагылыштарынан кийин жүргөн деп жыйынтык чыгарууга болот. Жувейнинин айтканына караганда кыргыздардан өч алуу үчүн жасалган жортуул, сыягы уйгурлардын Цзинь-шиде айтылган иш-аракеттерине, өзгөчө 1130-жылкы окуяларга байланыштуу болсо керек. Жувейни кыргыздарга жасалган жортуул жөнүндөгү баянга байланыштуу кара-кытайлар Бешбалыкты, кыргыздардын шаарын эмес, уйгурлардын шаарын алгандыгы тууралуу гана айтат. Кыязы, уйгурлардын аймагында болуп жаткан окуяларга кыргыздар аздыр-көптүр катышса керек, бирок алардын эмне үчүн катышкандыгы Жувейниде айтылбайт. Ошондой эле батыш Ляо сулалесинин же анын каршылашы Цзинь сулалесинин бийлиги качандыр бир кезде кыргыздардын аймагына, б. а. Енисейдин алабына жеткенин ырастаган ишенимдүү маалымат да жок. XII кылымда уйгурлар бирде Ляо сулалесине, бирде Цзинь сулалесине баш ийип турушкан; 1209-ж. алардын Чыңгыз-ханга баш ийиши гурханга каршы көтөрүлүшкө жана анын өкүлүнүн өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу болгон; ошону менен бирге Чыңгыз-хандын кыргыздарды баш ийдирип алгандыгы жөнүндөгү баянда да бул элдин кара-кытайларга же чжурчжэндерге карата тигиндей же мындай мамилеси жөнүндө эч нерсе айтылбайт.

XII кылымдын аягы жана XIII кылымдын башында кыргыздар өлкөсүнүн абалы жөнүндө маалыматтарды биз Рашид ад-динден (Рашид ад-диндин чыгармасынын бул бөлүгүн Березин которуп, басып чыгаргандыгы белгилүү) жана кытайлардын «Юань сулалесинин (моңголдор негиздеген сулале кытайларда ушундай аталат) тарыхынан» (Юань-ши) таба алабыз. Юанъ-шинин маалыматтарын көптөгөн синологдор, айрыкча Шотт, Бретшнейдер, Палладий ж.б. келтирет. Рашид ад-дин боюнча бир падышалыкты түзгөн Кыргыз жана Кем-Кемжиют деген эки аймак болгон. Кыргыздар өлкөсүнүн кайсы бөлүгүн Кем-Кемжиют өлкөсү түзөрүн Рашид ад-дин айтпайт; бул боюнча Юань-шиде карама-каршы маалыматтар берилет; Кянчжоу аймагы кыргыздар өлкөсүнөн түштүк-чыгышты карай жана ошол эле учурда Кем дарыясынан, б.а. Енисейден батышты көздөй жайгаштырылат. Рашид ад-диндин 1218-жылкы моңголдордун жортуулу жөнүндөгү баянында Кем-Кемжиют деп кыргыздар өлкөсүндөгү ошол учурда тоңуп калган дарыя атал ат. 1223-ж. кытайлык дербиш Чан-чунь Алтайдагы бир жерде болуп, Кянькяньчжоу өлкөсү ошол жерден түндүк-батышты карай 1000ден ашык лиге (500 верста) созулат деп уккан. Эмнеси болсо да Кем-Кемжиют өлкөсү кыргыздардын аймагынын түштүк бөлүгүн, түштүк-чыгыш жагын эмес, чынында түштүк-батыш бөлүгүн түзгөн.

Рашид ад-дин боюнча кыргыздардын ээлигинин чеги түндүк-чыгышта жана чыгышта Ангара менен Селенга, түштүгүндө наймандардын (Батыш Моңголиядагы эң күчтүү эл) ээлиги болгон Селенгадан Иртышка чейин жеткен, кури, баргут, түмөт жана байлук элдеринин Баргужин-Тукум өлкөсүндөгү (жердин жана Баргузин суусунун аталышында сакталып калган) Байкалга жакын жерлердеги ээлиги болгон.

Юань-шиде Кяньчжоу менен Ангарадан тышкары кыргыздар өлкөсүнө бай- ланыштуу дагы үч аймак— Усы, Ханьхэна, Йиланьчжоу (чжоу деген сөз кытайча жалпысынан ‘дубан’ дегенди түшүндүрөт) эскерилет. Усы аймагы кыргыздардын чыгыш тарабында жана Кянь (Кем, Енисей) дарыясынан түндүк тарапта жайгашып, башка бир дарыянын атынан аталган; кыязы, бул жерде Ус дарыясы айтылып жатса керек. Андан ары чыгышыраак Кем дарыясы агып өткөн жана тоо аркылуу эки өткөөлү бар Ханьхэна аймагы ээлеген; кышкысын бул жерде лыжачан жүрүшкөн. Ииланьчжоу аймагы жөнүндө ал чоң жыландын атынан аталгандыгы гана айтылат (түркчө йилан же илан — ‘жылан’), бул аймак ээлеген жер жакшы аныкталган эмес.

Юань-шиде кыргыздардын кырк кыздан тарагандыгы жөнүндөгү кыргыз деген аталыштын кырк жана кыз дегенден келип чыкканына негизделген уламыш эскерилген. Юань-шиде кыргыздар өтө аз сандагы эл катары баяндалат; алар болгону 9000 түтүнгө гана жеткен делет, бул чындыкка туура келе койбойт[11]. Маданиятынын өнүгүү деңгээли боюнча өлкө, кыязы, улуу кыргыз мамлекети дооруна караганда жогору турган, ушундан улам бул мезгилде маданияттуу элдер менен алакасы үзгүлтүккө учураган эмес деген жыйынтык чыгарууга болот. Рашид ад-диндин айтымында кыргыздар өлкөсүндө көчмөндөр көп болгон, ошондой эле көп шаарлар жана кыштактар бар эле. Юань-ши боюнча кыргыздар мыкты дыйкандардан болбогону менен буудай эгилген жерлери болгон. Кянькяньчжоу өлкөсү жөнүндө Чан-чунь ал жакта «мыкты темир казып алынат жана тыйын чычкандар көп; ал жакта буудай да эгишет; көптөгөн кытай кол өнөрчүлөрү жашайт, алар жибек кездемелерди, кымкап жана түр салынган кездемелерди токушат» деп айткан. Акыркы маалымат өзгөчө көңүл бурарлык: бир кезде кыргыздар өлкөсүнө алынып келүүчү кездемелер эми ушул өлкөнүн өзүндө, жергиликтүү эл өзү токубаса да, жасала баштагандыгы көрүнөт. Моңголдор бул жерлерде дыйканчылыкты жайылтууга Чыңгыз-хандын тушунда эле көмөктөшүшкөн; Чан-чунь 1221-ж. эле Алтайда, ушул тоолордон түндүк тарапта христиан динин туткан уйгур Чаңгай моңголдордун тапшырмасы боюнча курган шаар жана анда эгин салынуучу кампалар бар экендигин уккаң. Кыязы, согуштун кесепетинен Кытайдан эгин алынып келинбей калганда Моңголия кунардуу Минуса (Миң-Суу) аймагынан эгин тартып келүүгө муктаж болсо керек.

Чыңгыз-хандын жогорулашына жана анын өз атаандаштары менен күрөшүнө байланыштуу XII кылымдын акыры жана XIII кылымдын башындагы окуялар кыргыздардын тагдырына да таасирин тийгизген. 1199-ж. (кой жылы) наймандар Чыңгыз-хан жана анын ошол учурдагы союздашы кераит Ван-хан (кераиттер да моңгол эли, наймандардын чыгыштагы коңшулары болгон) тарабынан талкаланып, Кем-Кемжиют өлкөсүнө качышкан. Чыңгыз-хандын наймандарды биротоло жеңиши (кераиттерди ал мурда эле талкалаган жана алар түштүккө качышкан) жана Чыңгыз-хандын бүткүл Моңголиянын башчысы болуп жарыяланышы 1206-ж. болгон. Наймандардын жана алардын союздашы меркиттердин негизги массасы батышка, Иртыштын ары жагына качып кетишкен, бирок мергиттердин акими Тухта-бики жазында (сыягы, 1207-ж.) Кем дарыясына жетип, ал аркылуу (ал убакта дарыя тоңуп турса керек) бир нече күндө кыргыздардын (Килигистер) өлкөсүнө барган жана «алардын беш уруусун бүт каратып алган» деген кабар (Юань-шиде) бар. Ушундай айтылганы менен мергиттер, кыязы, кыргыздардын өлкөсү аркылуу гана өткөн, бирок ал жерде калышкан эмес; Чыңгыз-хан ошол эле 1207-ж. (коён жылы) кыргыздардын баш ийип берүүсүн талап кылып элчи жиберген. Бул убакта кыргыздарда каган болбой калган; кыргыз башкаруучулары инал титулун алып жүрүшкөн; кээ бир түрк элдеринде тактын мурасчысы ушундай аталган ; эмнеси болсо да инал титулу каган титулунан төмөн турган. Мындай болгондо Рашид ад-диндин сөзү анча түшүнүктүү эмес (текстте сөз калып калган), кыязы эки кыргыз иналы — Еди-инал жана Уруе-инал болгон. Чыңгыз-хан экөөнө тең элчи жиберген, экөө тең баш ийип берүүгө макул болуп, жооп катары экөө бирге элчилерин жөнөткөн. Кыргыз элчилери бир баянга караганда экөө, башка бир баян боюнча үчөө болгон; алар чекир көздүү шумкар алып барышкан (сыягы, эки инал биригип, бир шумкар тартууласа керек). Юань-шидеги маалымат боюнча кыргыздар өлкөсүндө ак жана кара шумкарлар болгон.

Ошентип, кыргыздар моңголдорго адегенде согушпастан эле багынып берген; бирок 1218-ж. (барс жылы) акыры алардын ортосунда согуш чыккан. Бул мезгилде Байкалда жашаган элдер, түмөттөр жана байлуктар моңголдорго каршы көтөрүлгөн; алар кыргыздардын коңшусу болгондуктан, Чыңгыз-хан бул көтөрүлүштү басуу үчүн кыргыздардан аскер талап кылган; кыргыздар бул талапты аткармак түгүл, моңголдорго каршы чыгышкан. Кыргыздарга каршы Чыңгыз-хандын улуу уулу Жучу-хан баштаган аскерлер жөнөтүлгөн. Моңголдордун алдыңкы аскерлеринин башчысы Бука кыргыздарды кууп таштап, сегизинчи дарыя аркылуу (сөз ойроттор жериндеги сегиз өзөндүн бири жөнүндө болуп жатса керек) кайтып кеткен; андан кийин Жучу өзү келип, тоңуп турган Кем-Кемжиют (Енисей) дарыясынан өтүп, кыргыздарды багындырган жана кайра кайткан.

Моңголдордун кыргыздарды багындыргандыгы жөнүндө башка баян моңголдордун XIII кылымга таандык баатырдык эпосу— «Моңголдордун ыйык тарыхында» (кытайча Юань-чао би-ши; орусчага Палладий которгон) бар. Бул даректе Жучу 1207-ж. жортуул жасаган деп айтылат жана кыргыздардын баш ийип бериши ушул жортуулга байланыштырылат. Бул баянда Жучу ойроттордун өлкөсү аркылуу өтүп, аларды баш ийдирген; ал кыргыздардын өлкөсүнө келгенде «алардын башкаруучусу Еди-инал да баш ийип, Жучуга ак шумкар, ак боз ат жана кара киш терилерин тартуулаган». Токойлуу жерде жашаган башка элдерди багындыргандан кийин Жучу кыргыз түмөн башыларын (он миң адамдын башчыларын) жана миң башыларын, токойдо жашаган элдин ошончо төрөлөрүн, ошондой эле шумкар, ат жана киш терилерин алып атасына кайткан.

Жучу-хан Тянь-Шань кыргыздарынын эсинде да сакталып калган. Жучу жөнүндө уламыш мүмкүн алардын качандыр бир кезде Енисейде болгондугун билгизген жалгыз дарек болушу мүмкүн, ал жөнүндө элдин эсинде эч кандай эскерүүлөр калган эмес[16]; Радлов уккан уламышка караганда кыргыздарда хан болгон эмес; ошондуктан алар улуу хандан (б.а. Чыңгыз-хандан) баласы Жучуну хандыкка берүүнү өтүнүшкөн; Жучу ал убакта жаш бала болуп, жолдо келатканда куландын үйүрүнө туш келип, алар аны алып кетишкен. «Аксак кулан Жучу-хан» кыргыздардын биринчи жана акыркы ханы болгон. Жучунун ысымына байланыштуу <бул жөнүндө> эскерүү, балким, эчак эле унутулган түрк кошокторунун бизге жеткен жаңырыгы болушу мүмкүн, анда уулу Жучу өлгөндө Чыңгыз-хан: «Кулунунан айрылган куландай (мергендер кубалап) баламдан айрылдым, тобунан калган өрдөктөй эр жүрөк уулумдан айрылдым»,— деп күйүтүн билдирген имиш.

Белгилүү болгондой кыргыздар моңгол жортуулдарына таптакыр катышкан эмес жана моңголдордун мамлекетинин батыш бөлүгүн ээлеген Жучу тукуму башкарган мамлекеттин курамына кирген эмес. Моңголия жана Кытай менен бирге кыргыздардын өлкөсү Чыңгыз-хандын кенже уулу Тулуйдун ээлигинин курамына кирген, Тулуй атасынын боз үйүн (ордосун) мураска алууга тийиш болучу, ал эми Чыңгыз-хандын көзү тирүүсүндө эле батышта каратылып алынган жерлерди анын улуу үч уулу башкарып турган. Тулуй 1233-ж. өлгөн; андан кийин анын жериндеги жогорку бийлик анын жесири 1252-ж. өлгөн Сурхуктанинин (кераит ханышасы, христиан динин туткан) колуна өткөн.

XVII кылымда жазган Хива ханы Абулгазинин баяндалышы боюнча уламышка өтө окшош, кайсы даректен алынгандыгы белгисиз, бирок мүмкүн түбүндө чындык жаткан аңгемесине караганда Сурхуктани үч бекти миң адамдан турган отряды менен кемелерге салып Ангарага көптөгөн чоң дарыялар кошулуп, деңизге куйган жердеги (кыязы, Ангаранын куймасы деп чаташтырып алган Енисейдин чаты жөнүндө сөз болуп жатса керек) өлкөгө жиберген имиш. Ал жерде көптөгөн айыл-кыштактар курчаган Алакчин деген чоң шаар болгон[18], жалаң ала түстөгү ирдүү жылкылары бар көчмөндөр жашаган. Шаарга жакын жерде күмүш кендери болгон, идиштери менен эмеректери бүт күмүштөн жасалган. Бектерге мүмкүн болсо Алакчинди талап-тоноп келүү, эгерде мүмкүнчүлүк болбосо ал жөнүндө кабар алып келүү тапшырылган. Бир топ мезгилден кийин 300 гана адам кайтып келген; алар Алакчин жөнүндө айтылгандардын баары чын экендигин ырасташкан; алар ал жерден көп күмүш алып келатышканын, бирок кийин агымга каршы жогору сүзө албай коюшкандыктан, кемелерин таштап салгандыктарын айтып келишкен; көп адамдарынан ажырагандыгын климаттын жамандыгы жана ысыктыгы (!) менен түшүндүрүшкөн.

Жылкынын түсүнө карата ала деген сөз, албетте, кытайдын бота деген сөзүнө туура келет. Эки сөз тең XIV кылымдагы кытай компилятору Ма Дуань-линде эскерилген, бирок бул падышалыкка каршы моңголдордун жортуулу жөнүндө Ма Дуань-линь эч нерсе айтпайт. Эгер моңголдор чынында эле Енисейдин чатына чейин жеткен болсо, анда бул жортуул кыргыздардын жардамы жана катышуусу менен гана ишке ашмак.

1251-ж. Тулуйдун улуу уулу Мункэ-хандын такка олтурушуна байланыштуу козголоңдор жөнүндөгү Жувейнинин аңгемесинде дагы кыргыздар айты- лып кетет; аскерлерин туш тарапка, анын ичинде Муги-нойон[20] баш болгон 20000 адамдан турган колдун Кыргыз жана Кем-Кемжиют аймагына жиберилгендиги жөнүндө айтылат. Мункэден кийин такка анын бир тууганы Хубилай отуруп, ал бүт Кытай аймагына моңголдордун үстөмдүгүн биринчи жолу бекем орноткон. Юанъ-ши боюнча Хубилай 1270-ж. кытай Лю Хао-лини кыргыздар өлкөсүнө аким кылып дайындаган, ал Йиланьчжоуда жашап, Кытайдан кол өнөрчүлөрдү алдыртып, жергиликтүү маданиятты көтөрүүгө көмөктөшкөн; ошентип биз байкагандай, моңголдордун тушунда кыргыз- дардын өлкөсүндөгү 1223-ж. эле Чан-чунь уккан кытай өнөр жайы андан ары өнүккөн. Хубилайдын бийлиги жөнүндө сөз болгондо дагы ал 1293-ж., б. а. өлөрүнөн бир жыл мурда кыргыздардын бир бөлүгүн Маньчжуриядагы Наянь аймагына көчүргөндүгү айтылат.

Моңголдор мамлекетинин доорунда кыргыздардын түштүк-батыш жакка, азыр алар жашап жаткан өлкөнү көздөй көчүрүлгөндүгү жөнүндө маалымат болсо бир кыйла кызыгууну туудурар эле, бирок бул жөнүндө эч нерсе жок. Риттер жана ага окшоп Радлов 1259-ж. Орто Азия аркылуу өткөн кытай Чан Дэ Тянь-Шандагы кыргыздар жөнүндө айткандыгын ырасташкан; бирок Чан Дэде мындай маалымат жок. Чан Дэ кара-кытайлар өлкөсүнө (б.а. Чүй боюна) келгенге чейин кышкысын чанага ат чегишкен Ма-а аймагы аркылуу өткөн жана ушуга байланыштуу мындай дейт: «Кыргыздар бул максатта аттардын ордуна иттерди пайдаланат деп айтышат». Ушундан улам Чан Дэ кыргыздар жөнүндө алыскы түндүктө жашаган кайсы бир эл катары гана укканы, өзү аларды көрбөгөнү жана алардын өлкөсү аркылуу өтпөгөнү көрүнүп турат.

XIII кылымдагы европалык саякатчылардын ичинен «кергис» эли жөнүндө Плано Карпини (124б-ж.) эскерет, бирок бул аталыш кыргыздарга эмес, черкестерге тиешелүү болуш керек; «кергистерге» каршы аракеттер тууралуу Түштүк Россиядагы жана мусулмандардын аймактарына чектеш жерлердеги иш-чаралар жөнүндөгү аңгемеде айтылат. Башка бир саякатчы Рубруктун (1253—1254-ж) «Керкис» эли жана өлкөсү жөнүндө айткандары кыргыздарга көбүрөөк тиешелүү. Бул өлкө «түндүк жактагы жана токойлору көп» өлкөлөрдүн катарына киргизилет; башка бир жерде түндүктөгү элдердин ичинен «бир дагы шаары жок» «мал баккан керкис аттуу эл» эскерилет, ошол эле жерде лыжа тепкен «оренгайлар», б.а. Рашид ад-динде кыргыздардын чыгыш тарабындагы коңшулары кури, баргут жана түмөт элдери менен кошо айтылып кеткен урянхайлар аталат. Кыязы, Рубрук кыргыздардын жапайылыгы жөнүндө апыртылган каңшаар укса керек; эмнеси болсо да, анда келтирилген маалыматтар Енисей кыргыздарына гана тиешелүү болушу мүмкүн; кыргыздардын бул мезгилде түштүгүрөөк жактарда жашагандыгы жөнүндө биз андан эч кандай маалыматтарды кезиктире албайбыз.

Кыргыздардын арасында кытай материалдык маданиятынын ийгиликтери жөнүндө маалыматтар болгону менен, моңгол империясынын доорунда жана андан мурда эле Моңголия менен Кытайда чоң ийгиликтерге жетишкен динди үгүттөөнүн кыргыздарга таркагандыгы тууралуу эч кандай маалымат жок. Чыңгыз-хандын жортуулуна чейин эле Моңголиянын негизги элдеринде— наймандарда, кераиттерде жана мергиттерде христиан дини таркаган; ошол эле учурда Чыңгыз-хандын мергит аялынын бир тууганынын ысымы мусулманча Жемал-кожо болгон, б. а. анын мусулман болгондугу чындыкка жакыныраак. Кыргыздардын бул элдер менен коңшу болгондугуна карабастан аларга христиан дини же мусулман дини таркагандыгы жөнүндө эч маалымат жок.

Кыязы, XIV жана XV кылымдагы авторлор кыргыздар жөнүндө дегеле айтышпаса керек; мен Улугбек жөнүндө менин «Искендердин аноними» деген изилдөөмдө айтылган XV кылымдагы автору белгисиз тарыхый чыгармадан кыргыздар жөнүндө кокусунан эскертүүнү гана кезиктирип калдым. Анда Сыр- Дарыянын төмөнкү агымы чөлкөмдөгү аймакта бийлик кылып турган (XIV кылымда) Жучу тукумунун чыгыш канатынын хандарынын бири жөнүндө айтылат; ал өз хандыгынан куулуп, эки жарым жыл кыргыздардын өлкөсүндө жана Алтайда тентип жүргөн. Кыргыздар өлкөсү менен катар Алтай тууралуу эскерилиши кеп Енисей кыргыздары жөнүндө болуп жатат деп ойлоого мажбурлайт.

Эң алгач XVI кылымда гана кыргыздар азыркы жашап жаткан жеринде эскерилет, анын үстүнө биз көргөндөй алар бул жакка кандайча жана качан келишкендиги жөнүндө эч кандай маалымат жок.

bizdin.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.