Шылдыңдалган кыргыз ысымдары

metrika

«Жамандын коногу бийлейт»,- кыргыз макалы

Кыргыз көп нерсеге теңеле бербеген өтө түпкүлүгүнөн сабырдуу калк… деп мактагым келет. Бирок ушунчалык сабырдуу, ушунчалык да коймаарек улут болобу айланайын деп жер тепкилеп ийгиң келген учурлар көп. Гүл короодогу майда отоо чөптөрдү жаңы чыкканда жулуп салбаганыбыз үчүн, бүгүн КЫРГЫЗ ТИЛ айдыңы, эң жөнөкөй кыргыз аттарынын айдыңы чырмоок- тикен өңдөнгөн чиринди сөздөргө толуп, ал ата- бабалардан биздин балдарга тамырлап кетти. Кыргыздын аты бузулуп, шылдыңдалып жазылып аткан күнү да, андан кийин да, азыр да эч ким үндөбөй келет. Өкүнгөнүбүз…

Маселен буга кандай карайсыз?

Өмүрбек- Омурбек же Омарбек, Төлөгөн- Тологон, Өмүрсейит -Умерсейит, Өктөм-Октом, Үмүт-Умут, Гүлбүбү- Гулбубу, Күмүшбек- Кумушбек, Талканов- Толканов, Жуматай – Джуматай, Жамийла – Джамилия, Дүйшө – Дюше, Асанкожо – Асанкоджо, Элмурат- Эльмурат, Гүлнур – Гульнур, Миргүл- Миргуля, Ысмайыл-Исмаил, Бөкөнбай – Бокомбай, Төрөбай – Турабай жана башка… жана башка. Бул чети гана.

Эгер бул аттар сизге жакса, кечиресиз. Бирок кыргыздын керемет ысымдарын өзү билемдик менен өзүнүн тантык тилине салган тили буруу ушул тармактын кызматкерлерин улут алдында адамгерчилик жообуна тартканга болоор бекен?!

Аргасыз акын агам Шайлообек Дүйшеевдин:

«Кайдыгерлик деген эме,
Кашайтты көзүбүздү,
Айттырбай сөзүбүздү…»
,- деген сабы эске келет. Жакынынын кызматтан алынганына күйүп- бышып жол тосуп алган кыргыздар, атаңгөрү ай, улуттук намыс сөз болоордо жол тосуп, талап коё албай жатканын айтуунун кереги барбы, дейм да? Дегеним, азыр мен же сиз эле баш көтөрүп, мен Умерсейитов эмес, Өмүрсейитовмун, деп өзгөртө албайт экенбиз. Документ деген документ экен. Ал үчүн сиздин чоң атаңыз, атаңыз, атаңыздын туугандары айтор баары күбөлүгүн өзгөртүш керек экен. Жок, өзүм өзгөрөм десеңиз сиз алды качкын… арты жетим болосуз. Баары Умерсейиттин балдары, сиз кайдагы бир Өмүрсейиттин баласысыз, дегендей. Машакат… көп иш. Тажаткан бюрократтык баскычтар. Моюн жарбербейт.

Бул кайдан чыкты?

Бул маселени сөз кылууга аргасыз кылган каарманым Керээз да бүгүн баласынын аты- жөнүн кыргызча жаздыра албай жүрөт. Кайын атасынын Төлөгөн деген сонун аты бар, күбөлүгүндө Тологон болуп жазылып калган. Көзү өтүп кеткен кайын атасын сыйлап Төлөгөнов Акылбек Асылбекович… деп жаздырайын десе болбойт экен. Ал үчүн жанагыдай тэээ… атамзамандан берки документтин баарын оңдоо керек. Айла жок, ачуусун ичке каттып уулун ТОЛОГОНОВ боюнча калтырды.

Эми эмне дейсиз сиз?

Албетте сиз эмне дейсиз, мен билбей турам. Бирок менин айтайын дегеним ушул. Калганы ошол кездин, андан кийинки доордун, азыркы доордун журт жакшыларынын абийириндедир. Кудайдын ыйык китебинде айтылат го, «балдар АТА- МЕКЕНИ үчүн да жооп берет»,- деп. Ал эми андан ары барактап олтурсаң, «кызматчы өз ишине гана жооп берген болсо, жетекчи болгон адам кол алдындагы баардык адам үчүн жооп берет»,- деп кошумчаланып өтөт. Демек мамлекеттин жетекчиси болгондор, болгусу келгендер улут алдындагы жооп берүүлөрдү да эстеп, даяр болууну ойлой жүрсө го. Аттиң…

Жазгүл Жамангулова, «Саресеп», 08.04.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.