Балерина Эльмира Кабатай кызы: «Балетти чын жүрөгүнөн сүйгөндөрдүн күчү менен театр кармалып турат”

balerina

А.Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисти, балерина Эльмира Кабатай кызы.

-Эльмира балетке кандайча келип калдың, сөздү алгач мына ушундан баштасак?

-Биз анда Нарында жашачубуз. Союз учурунда мугалимдер атайын айылдарды кыдырып балетке шыктуу балдарды тандап кетчү эмес беле. 3-класста окуп жүргөндө мени да жактырышып, хореографиялык окуу жайга алмак болушту. Ошентип 3-классты бүткөндөн кийин 1989-жылы борборго келип, атайын хореографиялык окуу жайда окуп калдым. Ал окуу жайда окуп жүргөндө эле мугалимдерим мага үмүт артышып, ушундан бир нерсе чыгат дешип жакшы көңүл бөлүштү. Ошентип 1997-жылы балет артисти деген адистик алып, окуу жайды бүтүп эле опера жана балет театрына келип иштеп калдым. Кийин театрда иштеп жүрүп консерваторияны бүтүп, балетмейстр адистигине ээ болдум.

-Алгачкы аткарган ролуң кайсы болду?

-Албетте, алгач театрга иштей баштаганда кордебалетте бийледим. Анан көп өтпөй эле алгачкы ролум “Спартак” балетинде башкы ролду ойнодум. Андан кийин “Пахита”, “Баядерка”, “Жизель”, “Саманчынын жолу”, “Лебединое озеро”, “Шахризада” жана башка спектаклдерде башкы ролдорду, дагы башка спектаклдерде экинчи ролдорду аткарып жүрдүм.

-Азыр театрда негизинен өзүбүздөн бүткөндөр иштеп жатат окшойт?

-Ооба, илгери Союз учурунда өзүбүздөн окугандардан тышкары ар башка жерлерден бүтүп келгендер иштешчү экен. Ташкент, Москва, көбүнчө Санкт-Петербургдан бүтүп келишкен. Азыр айлык деле аз, репертуар деле чоң эмес болгондуктан бул жакка иштөөгө кызыгуу деле жок. Андан көрө башка жакка, алыскы жана жакынкы чет өлкөгө барып иштөөгө аракеттенишет.

-Сенде андай каалоо болду беле?

-Албетте, талантыңды өз элине тартуулап, өз жериңде иштөө жакшы. Бирок кээде ар кандай шарттар болуп калат. Чыгармачыл адамдарда атаандашуу, бут тосуу деген көрүнүш бар эмеспи. Ушундан улам мен дагы 2006-2010 жылдар аралыгында Алматада иштеп, үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу кайтып келишке туура келди. Алматынын абасы жакпай, балам ооруду. Азыр кудайга шүгүр, балам 11 жашта.

-Балериналар үчүн балалуу болууга да тоскоолдук болсо керек? Көбүнчө алар бир эле балалуу болушат эмеспи.

-Жардам берген адамың болсо андан көп деле балалуу болууга болот. Балерина болуу жеңил эмес. Дээрлик күн сайын 10 мүнөттүк тыныгууларды кошпогондо, 6-7 саат репетиция кыласың. Жумуштан келгенде дене-боюң ушундай чарчап калат. Үйдөгү жумушту жасап, бала караганга күчүң деле калбайт.

– А театрга көрүүчүлөр кандай келип жатат? Жакында “Саманчынын жолуна” көрүүчүлөр көп эле келип, зал толгондой болду. Дайыма эле ушундай келишеби?

-Азыр жакшы эле келип жатышат. Эгемендиктин алгачкы жылдарында театрга киши деле келбей жымжырт эле болуп калган. Көрүүчүлөрдүн келиши артисттерди аябай шыктандырат. Алардын кол чабууларынан эле сезилет, биз көрүүчүнүн жан-дүйнөсүнө канчалык таасир берип же бербей жатканыбыз. Жакшы кол чабышса кадимкидей сүйүнүп, көкөлөп калабыз.

-Балет өнөрү бизде көрүүчүлөрдүн калың катмарына толук тарабаган искусство деп ойлойм. Бизде балетке массалык кызыгуу жок. Сен үчүн балет деген эмне? Балет сыйкырына кантип кирип кеттиң?

-Балетке менин кызыгуумду музыка тартты деп ойлойм. Кыймыл-аракет менен музыка ыргагын айкалыштырып бийлөө мага кызык болду. Мисалы, “Саманчынын жолу” балет-ораториясынын музыкасын улуу композитор Калый Молдобасанов жазган. Хореографиясын залкар балетмейстр Уран Сарбагышев койгон. Аны учурунда москвалыктарга койгондо ордунан турушуп, кол чаап ыйлашкан экен. Негизи балет тилге, географияга карабай барыга тең түшүнүктүү чексиз жана бийик искусство. Сиз деле дүйнөнүн кайсы жерине барсаңыз да балет спектаклине кирсеңиз котормочусуз эле жан-дүйнөңүз, сезим-туюмуңуз менен берилип көрөсүз, түшүнөсүз. Бизге чет элдиктер келсе да балет көргөнү келишет, ошону менен элдин маданий деңгээлине баа беришет. Биз кыймыл-аракет менен сүйлөп беребиз. Балет бул дене тили десем болот. Бир эле ролду 2-3 балерина ойнойт, образды ар кимиси өз таанымы менен кабыл алат. Кимиси кандай кабыл алса ошого жараша кыймыл-аракетибиз да өзгөчөлөнөт. Ички туюм-баамың образды жаратканга жардам берет. Мисалы, Толгонайдын ролунда болсоң 3 саат сахнада ошол Толгонайдын жашоосун ички сезимиң менен кадимкидей жашооң керек. Аны албетте, кыймыл-аракет, эмоцияң аркылуу балет тилинде ачып беришиң зарыл. Башкача айтканда, кыймыл-аракетиң менен сүйлөшүң керек. Анын образына кире албасаң кыймыл-аракетиң жөнөкөй болуп калат. Мен көп эле башкы ролдорду бийлеп чыктым. Бирок ушу Толгонайдын образы мен үчүн эң кыйын болду. Ооруп да калдым. Толгонай кандай гана кыйынчылыктарды, жоготууларды баштан өткөргөн. Анын баарын сахнада бий менен ачып берүү оңбогондой чеберчиликти талап кылат да. Анан изденип тапкан табылгаңды сахнага чыкканда жоготуп албайын деп коркосуң. Тирүү жанбыз да, спектакль алдында ар кандай себептерден улам маанайың бузулушу же кимдир бирөө капа кылып коюшу мүмкүн. Андай болгон учурда да спектаклге даярданган ички абалыңды кармап, образдан чыгып кетпейин деп тырышасың. Кыскасы, балет мына ушундай татаал жана бийик искусство.

-Жакшы айттыңыз, балет бул бийик искусство. Биз ушул дүйнө элинин байланышы, маданий жакындашуусуна көпүрө болчу тилсиз, чексиз искусствого кандай кам көрүп жатабыз? Мамлекеттен балетке көңүл бөлүү кандай?

– Азыр эмне дебейли каражат тартыш дейбиз. Эгемендик жылдарында дайым эле каражат тартыштыгын баштан өткөрүп келүүдөбүз. Ошол себептүү го, мамлекеттен жетиштүү көңүл бөлүү жок. Башканы айтпаганда деле костюмдар 40-50 жылдан бери жаңыланган жок. Жетишинче эскиргендиктен өз каражатыбызга тиктирип алууга туура келет. Кездемелерин да өзүбүз издеп табабыз. Спектаклге кийчү костюмдардан тышкары машыгып-репитиция кылуучу кийимдерди да өзүбүз тиктиребиз. Топчу, шурулар үзүлсө же башка нерсе болобу баары өз мойнубузда. Биздин эле театрда ушундай болуш керек деп ойлойм. Негизи мындай болбошу керек эле. Азыр балетти чын жүрөгү менен сүйгөн артисттер гана калды окшойт. Башкалар айлыгы аз, балетке жакшы көңүл бөлүнбөйт деп кетип калышкан. Чынында балетти сүйүп, андан ажырай албаган адамдардын күчү менен театр кармалып турат деп ойлойм. Балет артисттери бутунун учу менен басып бийлеп жүрүп, карыганда көпчүлүгү сөөк-муун ооруларына чалдыгышат. Ошого карабай өз кесибинин ысык-суугуна чындап күйгөн фанаттар гана театрда иштеп калышты.

-Балет артисттеринде өздөрүнчө концерт коюп, каражат табуу мүмкүнчүлүгү да жок. Ал эми мамлекеттик деңгээлдеги же чет элдик конокторго байланыштуу маданий иш-чараларга силерди чакырышабы? Муну сураганым андай жерлерде өнөрүңөрдү көрсөтүү өз кезегинде балетти жайылтууга жардам болмок беле дейм да.

-Жакында эле эне тилибиз – мамлекеттик тилдин 25 жылдыгына байланыштуу концерттик программага катышып, “Чолпон” балетинен Айдайдын вариациясын бийлеп бердим. Бирок ушул программага балеттен үзүндү көрсөтүү талаш-тартыш менен араң киргизилгенин угуп, капа болдум. Балет десе эле биздин айрым маданий чөйрө чиновниктери жактырбай, алар чечинип алып, жылаңачтанып бийлешет деп уккусу келбейт экен. Башка эмес, маданият чөйрөсүнүн өкүлү ушинтип жатса, эмне дейсиң. Бул бүгүн биздин балетке болгон мамилебизди көрсөтүп турбайбы. “Чолпон” балетинде өзү узун көйнөктөр менен эле бийлейбиз. Барып бийлеп бердим. Көрүүчүлөр да жакшы кабыл алышты. Биринчи жолу мындай иш-чарада балет көргөзүлдү дешти. Балетке ушундай мамиле болуп жатканы көңүл чөктүрсө да ага элдин кызыгуусу болуп, кол чабышканына шыктанасың.

-Мен билгенден сен ойногон ролдордун көпчүлүгүн убагында Бүбүсара Бейшеналиева ойноптур. Ал ойногон ролдорду аткарууда өзүңдү кандай сезесиң?

-Бүбүсара Бейшеналиевадай улуу балерина ойногон ролдорду аткаруу мен үчүн бакыт дагы, жоопкерчилик дагы. Ага окшошкум келет, анын кыймылын дал өзүндөй, көздөрүн да ошондой кылгым келет. Анын каармандарынын образын дал ошондой ачып берсем, ага окшоп залды бүт өзүмө багындырып алсам деген сезимдерге кабылам. Дагы бир атактуу балеринабыз Айсулуу Токомбаеванын костюмдары мага чак келет. Аны кийгенде да аябай толкунданам. Бүбүсара эженин костюмдарын кездештире албадым, жок болуп кеткен окшойт. Бүбүсара эжелер кийип бийлеген костюмдар андан кийин бир аз жаңырган. Бирок андан бери деле 50 жылдай болуп кетти окшойт. Албетте, мен алардын талантынын алдында таазим этем. Алар бийлеген ыйык сахнада бийлегеним үчүн кудайга ыраазымын. Бүбүсара Бейшеналиевалардын учурунда зал жык-жыйма толчу экен. Өкмөттө, жогорку кызматтарда иштеген адамдар өздөрү баш болуп келишчү тура. Албетте, бул алардын талантына таазим кылгандык болсо, экинчи жагынан азыр турмуш баалуулуктары өзгөрдү, интернет дегендей мүмкүнчүлүктөр да көп. Ошентсе да бизди көрөйүн, эстетикалык рахат алып, эс алып кетейин деп келген көрүүчүлөрүбүз ошол кездегидей залга толбосо да биз аларга болгон талантыбызды көрсөтүп, ыраазы кылгыбыз келет. Алар сүйүнсө, кол чапса көрүүчүлөргө рахат тартуулай алдым деп кубанып калабыз.

-Театрдын репертуарында көбүнчө канча жылдан бери коюлуп келген спектаклдер басымдуулук кылат. Репертуарды жаңыртып жаңы спектаклдерди коюу планы барбы?

-Жаңы спектаклди коюш үчүн каражат керек. Азыр бизде Талант Осмонов деген жаш, таланттуу балетмейстр бар. Ал өзү да балет артисти. Ал акыркы 3-4 жыл ичинде 4 жаңы спектакль койду. Дагы 2 спектакль коюлат деди. Ал театр жетекчилиги менен биргелешип, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен каражат маселесин чечүүгө аракет кылып жатат. Балетмейстр ушунчалык оор профессия, ага оңой менен ушундай таланттар келе беришпейт. Улуу муундардан Уран Сарбагышев, Нурдин Тугелов агайлар залкар балетмейстрлер болушкан. Менде кыргыз балетинин ошол кездердегидей жылдызы жанган мезгили келет деген ишенич бар.

-15-октябрь – бүткүл дүйнөдө балеттин туулган күнү катары кабыл алынган экен. Силер бул күндү майрамдайсыңарбы? Же болбосо кыргыз балетинин пайда болгон күнүн аныктап, ал күн балет артисттеринин профессионалдык майрамы болуп белгиленсе, бий өнөрүнүн ээлерине көңүл буруунун аргасы болмок беле деген ой келет экен.

-Бизде кесиптик күн деген жок. Атүгүл театрлар күнүндө деле бизге көңүл бөлгөн киши жок. Бул күнү башка театрлар эске алынышы мүмкүн, алар менен кошо биздин артисттерге деле бир нерсе ыйгарып койсо, “атын атаса, куту сүйүнөт” дегендей баарыбызга демөөр болмок. Биз көп учурларда эле унутта калабыз. Ошого карабастан ар кимибиз балет өнөрүн аздектеп, бул өзүбүз үчүн да руханий азык катары жан-дүйнөбүз менен ажырагыс болгондуктан сахнада бийлеп, көрүүчүлөр менен көрүшүп, ошого каниет кылып иштеп жатабыз. Туура айтасыз, улуттук балеттин жаралган күнүн балет артисттеринин күнү катары белгилеп алсак, жакшы эле болмок. Алыс барбай эле Казакстанда дал ушул балет артисттери үчүн Президенттин атайын сыйлыгы бар.

Бегим Турдалиева, «Эркин тоо», 17.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.